Казахские песни Узбекские песни

Старинные азербайджанские песни.
Страница 4

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Старинные

  • Мейли досум бактылуу бол, жан досум, Теңир сенин бактыңды ачып колдосун. Жакшылыка, жамандыкта ар күнү, Дайыма жанымда, жанымда дайыма Ар дайым бирге болгонсуң. Сапар тартсам алыска мени узатып, Оюм жетпей акылым келбей баш катып Келечек мага жарык болуп туюлуп, Жарык заман ырлары, жарык заман жыргалы Сырлары мага угулуп. Ыраазымын сендей досум бар болгонуна, Дос, душмандар сен мен үчүн арданганыңа. Жакшы достор эзелтеден жакшы жүрүшкөн. Жакшылык менен жамандыкта, Жаман күн менен азаттыкта. Кыйын күндө бирге журушкөн. Жарты нанды теңге бөлүшкөн. Үй-бүлөлүү бололу балабыз келсин, Аяш ата, аяш апа батасын берсин. Конок болуп, конок тосуп бактылуу бүлө. Чакырайын сени, чакырсаңчы мени, Конок болсом сенин үйүңдө Ак кой союп кан дос бололу, Достук күндү белгилеп коелу. Кудай өмүрдү токсон жаш берсин. Белгилейли сенин, белгилесек менин Токсон жашта торколуу тойду. Келчи досум кан дос бололу Бүгүнкү күндү белгилеп коелу Келчи достор чын дос бололу.
  • Мен сени сүйгөн элем, Мен сен деп жүргөн элем. Ишенбей ак сүйүүмө, Ишендиң жалган сөзгө. Сагынарым, мен сени сагынамын Сагыныч ашып барат, Көңүлдө калып барат. Алтыным, бара албайм, Ишенбейм, сүйүү жалган. Жан бирге боло албайм, Өзүңдү сүйүп калган. Жаштыктын махабат, Махабат доорун сүрдүм. Жашоодо армансыз ойноп- күлгүн, Жашоодо армансыз бирге жүргүн. Кош болгун, кош дей албайм, жаным, сени, Кош бол деп колум сунсам колуң берчи. Аяздуу аппак карлуу айлуу түндө, Бетиңден чачың сүртүп өпкөнүмдө. Ыйладым, кош, балалык, Кош болгун деп. Ыйладым биз бактылуу болорбуз деп. Элестеп ошол күндү бактылуу күн, Эсептеп ошол түндү баш кошкон күн. Ишенбей бирге жүргөн түндөр жалган, Ишенбейм бактылуу күн артта калган. Аттиң, ай, сүйөм деген сөздөр жалган, Арман, арман… Келсе колдон жашаар элем кайра баштан.
  • Сүйүп келген сүйүнүчтүү ушул күн, Келди го деп биз эстеген айлуу түн. Кучактайын кучагыма бек кысып, Сүрдөнөмүн сенден, сүрдөнөсүң менден, Кучактасам денем ысып. Кайырма: Эмне болот эми, аядың, Эх, Нуриза, сүйүү баянын. Алтын тишиң мага жаркырайт, Ырдайынчы ырларым арнап. Эмне болот эми аядың, Карындашым, сүйүү баянын. Акактай тишиң мага жаркырайт, Ырдайынчы ырларым арнап. Жолугуу күн белгилеп башка түнгө, Эсте калар күн болсун деп жаш өмүрдө. Кел, сүрөтчү, тарт сүрөттү сүйгөнүмө, Бактылуулар табышкан деп, Достор айтсын сүрөтүңдө. Кайырма: Эмне болот эми, аядың, Эх, Нуриза, сүйүү баянын. Алтын тишиң мага жаркырайт, Ырдайынчы ырларым арнап. Эмне болот эми, аядың, Карындашым, сүйүү баянын. Акактай тишиң мага жаркырайт, Ырдайынчы ырларым арнап. Жашап келем чын сүйүүм калат.
  • Чын эле мен көздөрүңдү сүйүп калдымбы? Жүрөгүмдөн ырлар жаздымбы? Балким, сен да мени дайым сүйүп жүрөрсүң, Уялып сен күтүп жүрөсүң. Кайырма: Кел, кел, алтыным, жаныма, Кел, кел, жүрөгүм кыйнаба. Кыйнабачы, сен мени кыйнаба, Алдабачы, сен мени алдаба. Күн да келер экөөбүз жолугар, Түн да келер экөөбүз отурар. Сени менен бул жашоодо бирге болсом деймин, Ак сүйүүмдү бирге өткөрсөм деймин. Суктанамын сенин сулуу, сулуу келбетиңе. Кызганамын сени жигиттерден. Кайырма:
  • Айзирегим сен, ай перим белең? Өз ата-энем күткөн жаш келин белең? Келин болосуңбу биздин айылга? Алып кетем сени, кетебиз жайында. Ойлонбо, жаным, баарысы болот, Кудайым берген ырыскы болот. Айдай аппак жүзүңдөн сүйдүрүп койчу, Өмүрлүк жарым түбөлүк болчу. Ойлонбо, жаным, баарысы болот, Кудайым берген ырыскы болот. Айдай аппак жүзүңдөн сүйдүрүп койчу. Өмүрлүк жарым түбөлүк болчу. Айзирегим сен, ай перим белең? Өз ата-энем күткөн жаш келин белең? Келин болосуңбу биздин айылга? Алып кетем сени, кетебиз жайында. Куттуктайм сени Жаңы жыл менен, Жүрөктө болгон жаңы ырым менен. Куттуктайм сени Жаңы жыл менен, Көңүлдө болгон көктөм ыр менен.
  • Эстей берем унута албай элесиң, А сен, апа, түбөлүк сыз жердесиң. Куса болуп бейитиңе келгенде, Кайрат кыл деп жүрөккө дем бересиң. Алтын апам, кымбат элең биз үчүн, Асыл элең ага-тууган, эл үчүн. Балдарым деп төккөн эне мээримиң, Бакыт эле, ырыс эле биз үчүн. Алтын апа, кеттиң неге эртелеп? Баса албадың небереңди жетелеп. Кайгы басып, боздоп ыйлап буркурап, Кала берди балдарың бой жете элек. Урмат көрүп жашаар кезде ачылып, Апакебай, сенден калдык айрылып. Балдарым деп айткан насаат сөздөрүң, Унутпастан биз эстейбиз кайгырып. Укта, апа, гүл кучактап уктагын, Биз ыйлайбыз, бирок аны укпагын. Периштелер гүлзарынан узаткан, Атыр жыттуу бейиш гүлүн жыттагын.
  • Жан дүйнөмө бүлүк салып чырайы, Неге мынча сулуу болуп жаралды? Аппак жүздүү, кара каштуу, олоң чач, Кымбат болду мага сенин карааның. Эстеликке түшөлүчү сүрөткө, Убактыңыз болор бекен мүнөткө? Уялыңкы, аяр тиктеп турганы, Эңсөө менен үмүт чачат жүрөккө. Коюу, калың, кара чачтары, Кой көз, чийме, кара каштары. Оймок ооз, аппак жүздүү секелек, Жарашат го турпатына басканы. Жан дүйнөмө жагып турат жамалы, Жанып-күйүп бир көрүүнү самадым. Жашасам да бул өмүрдө отуз жыл, Жаным, сендей сулуу көрө албадым.
  • Жай күтүп, жай келбесең күзгө калып, Күз күтүп, күз келбесең кышка барып. Ошентип он эки айым өтүп кетмек, Ошентип ар бир күнүм кайталанып. Койсо эгер тагдыр сага жолуктурбай, Таарынбай кыйгач түшкөн жолго ушундай. Ктмөкмүн келбесең да өмүр бою, Майдандан жарын күткөн колуктудай. Мен сени жаштар өткөн жолдон күтөм, Мен сени жаштар жүргөн тойдон күтөм. Күтөмүн эң акыркы түңүлүүдөн, Күтөмүн маңдай жарган сүйүнүчтөн.
  • Алоолоп желбиреген кызыл желек, Атабыз эр Манастан келген белек. Эл ичин бузгандарга каар төгүп, Эмгекти сүйгөндөргө тынчтык берем. Жаркылдап келечеке байрак болуп Жеңиштен, жеңиштерге алып келем. Алоолоп желбиреген кызыл желек, Атабыз эр Манастан келген белек. Асмандан тийип турган жарык күндөй Ааламга акыйкаттын нурун себем. Ар дайым адилеттин себесиндей Алсызга кубат берем, шаңга бөлөп. Алоолоп желбиреген кызыл желек, Атабыз эр Манастан калган белек. Элимди эркиндиктин жолу менен Ээрчитип алга карай бара берем. Элимди ынтымактын жолу менен, Ээрчитип алга карай бара берем. Элимди биримдиктин жолу менен Жеңиштен жеништерге алып келем.