Казахские песни Узбекские песни

Алмаз Шадаев.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Алмаз Шадаев

  • Канча сулуу көрсө дагы көздөр Көзүм артып ойлорумду бөлбөдүм Издегеним бир өзүңдөн табылып Сенден бөлөк кызды жакшы көрбөдүм Кайырма: Жүрөгүңдү жүрөгүңдү Мага ачып башкаларга жабып койчу Сырт жагына сырт жагына Мүмкүн эмес кирүүгө деп жазып койчу Кызганамын басканыңды көйкөлүп Бир ой турат жүрөгүмдү өйкөлүп Ишеничтүү жүрөр эле менчилеп Кулагыңа салып койсом сөйкөнү
  • Айрылып кеттиң алыска, Таштап мени бул азапка, Сага күйгөн бул кайгыма ишенбедиң, Жалгандан сен мага күйүпсүң, Жалыны жок муздак суйупсун. Азыпты үйүп жүрөгүмдө ачуу дарт болдуң, Кетипсиң үнсүз көз алдымдан сен, Неге мени мынча кыйнайсың . Чын сүйүүбүздү ызаа кылба, Кайрылып келбей мени капа кылба, Үмүттөрүмдү шамалга учуруп, Мени мынча азапка салба, Сенсиз бул өткөн үмүт ойду, Жүрөктүн ызаасы унутпай койду, Болду жанымды мени кыйнаба жүрөгүм ыйда муң зарда, Дартым азап дарт болуп калды. Тагдыр мени күйүткө салды. Сенсиз арман жалгыз жаткан.. Таңдарым аткан .. Ишенбей сагынычта жүрдүм . Келетдеп кубанычта күттүм, Үмүт үзалбай тереземден мен жол карап жүрдүм. Айрылып кеттиң алыска….
  • Кечээ тиккен дарагым, мөмө берет дедиңби, Жерге көмгөн данегим өнө берет дедиңби. Мына ушинтип базарым өтө берет дедиңби Айтканымдын баарын эп көрүп Бул бечара жүрө берет дедиңби Үй-бүлөсүн ал кечип тентип кетти дейсиңби, Мени чанып башканы ээрчип кетти дейсиңби, Күйүтүнө чыдабай ичип кетти дейсиңби, Эми, эми мага баары бир Жоктугума шүгүр дейсиңби Кеч түшүнүп аттиң дейсиңби Байчечекей чилдеде гүлдөй берет дедиңби Ырыскысын кудайым үзбөй берет дедиңби Акыл айтсам мен сага сүйлөй берет дедиңби Айтканымдын баарын эп көрүп Бул селсаяк түтө берет дедиңби, Үй-бүлөсүн ал кечип тентип кетти дейсиңби, Мени чанып башканы ээрчип кетти дейсиңби, Күйүтүнө чыдабай ичип кетти дейсиңби, Эми, эми мага баары бир Куйрук эмес буйрук жейсиңби Кеч түшүнүп аттиң дейсиңби Кемибестен ырыскым толо берет дедиңби, Бакыт кушу күндө эле коно берет дедиңби. Эмне кылсам мен булга боло берет дедиңби Айтканымдын баарын эп көрүп Бул бечара жүрө берет дедиңби Көнө берет дедиңби Үй-бүлөсүн ал кечип тентип кетти дейсиңби, Мени чанып башканы ээрчип кетти дейсиңби, Күйүтүнө чыдабай ичип кетти дейсиңби, Эми, эми мага баары бир Жоктугума шүгүр дейсиңби Кеч түшүнүп аттиң дейсиңби
  • Жарашып сенин мүнөзүң Жылмайып мага күлөсүң Үмүттүн шамын өчүрбөй жүрөсүң Байлык эмес сүйүү мен үчүн Айтчы кандай сүйүү сен үчүн Жүрөгүң ай ким үчүн Жаным эй жаным эй Эй жаным эээй Жүрөлү ар дайым эгиздей Жүрөктө махабат кылдары Калбасын ай чертилбей Айтайын сага жан сырым Жашоодо болчу жалгызым Мен деле сендей жанмын го Ашыгым Канаты жок калар күйүтүм Жылдыздырдай жанган үмүтүм Жайнаса ай мен үчүн
  • Коңшулаш айылдан кезиккен, Коңгуроо үнүңдү эшиткем. Корооңо кире албай коштошуп, Кол булгап калчу элем эшиктен. Агымын турмуштун кече элек, Анда сен кыз элең секелек. Кош булак өңдөнүп экөөбүз, Кошулуп бир аксак дечү элек. Кош булак өңдөнүп экөөбүз, Кошулуп бир аксак дечү элек. Фаридам, Фаридам... Фаридам, Фаридам... Фаридам, Фаридам... Фаридам, Фаридам... Аттиң, ай, өкүнөм эмгиче, Адырдан гүл терип бергиче. Алтыным, башкага кеттиң сен, Алыстан кайрылып келгиче, Алтыным, башкага кеттиң сен, Алыстан кайрылып келгиче, Азапка бактысын байлаган. Армансыз жашоодо барбы адам? Жоготкон күндөрдү, ай, эстедим. Неге сен жолуктуң кайрадан? Жоготкон күндөрдү, ай, эстедим. Неге сен жолуктуң кайрадан? Фаридам, Фаридам... Фаридам, Фаридам... Фаридам, Фаридам... Фаридам, Фаридам... Балбылдап көздөрүң карагат, Басчу элең жүрөктү, ай, жаралап. Бактылуу боло көр, кош эми, Балалык ак сүйүүм аманат. Бактылуу боло көр, кош эми, Балалык ак сүйүүм аманат. Фаридам, Фаридам... Фаридам, Фаридам... Фаридам, Фаридам... Фаридам, Фаридам... Фаридам, Фаридам... Фаридам, Фаридам... Фаридам, Фаридам... Фаридам, Фаридам...