Казахские песни Узбекские песни

Айтурган Эрмекова.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Айтурган Эрмекова

  • Ты уже давно солнцем опаленный, В паутине дней растерял себя. Ты уже давно счастьем обделенный, Золото души даришь мне любя. Припев: Золотой, золотой — я зову тебя ласково, Ты ночами ясными приходи за мной. А под этой луной нам уже не захочется Больше одиночества — золотой, золотой! Научи меня быть твоею пленной, Украшая ночь золотом оков. Научи меня к тайне сокровенной Подобрать ключи в круговерти снов.
  • Ашык болуп калдым го мен бир өзүңө ашык болуп Мен жаныңа жыламын гүлдөй болуп Билсен жалгызым Жүрөгүмдө жашап калдың жаным менин жүрогүмдө Сезимимди сага болгон сен өчүрбө Эми өчүрбө Кайырма: Байланып калдым өзүңө Карай албайм сенин кап кара көзүңө Жүрөгүм тандап өзүңдү Арбалып барам мен сүйүүп сүйүү Карай берем көзүмдү албай мен өзүңө карай берем Сезимдерим толкуп ташып сага деген Баратат жаным Тагдырымды байлайын мен түбөлүкө сени менен Бактым болчу таалайымдан мага келген Менин берекем
  • Кыштын аппак кары менен Жылдын соңку айы менен Жаңы жыл да кирип келет Жаңы күндүн таңы менен Кубанычты шаңы менен Күлкү оюндун шаңы менен Тилек айтып олтурабыз Дасторкондо баары кенен Кайырма: Жаңы жыл жаңы жыл Суктангыдай айдагы Адамдары жайдары Аяз ата аяз кыз Жаңы жыл жаңы жыл Жаңы жылдын байрагы Жүрөктөрдү сүйүнткөн Жан дүйнөнүн майрамы Жаңы жылым күлүп келет Бөбөк алат күтүп белек Жаңы демди тартуулаган Баардыгына үмүт берет Жаңы жылым жакшы жыл бол Жан дүйнөгө жарык нур бол Максатына жетип баары Бүгүнкүдөй майрам ыр бол
  • Жалындаган жаштык кезде Ойно бийле Чер жазылып бул ыр менен Бийле бийле Сезимдерим толкуп турган Жаш баладай Колду бийик көтөрүп Бул кечеде Кайырма: Кыймылда кыймылда Четте турба Кыймылда кыймылда Бул өмүр кыска Кыймылда кыймылда Жандуу бийлеп Кыймылда кыймылда Өмүр алдыда Өмүр өтүп кайра келбейт Ал артына Баратабыз жолду улап Биз талпына Шаңга бөлөнүп жашайлы Биз кайгырбастан Жашоо деген керемет Жыргап жаша
  • Жаным неге неге дебей Жанды сезимдерге термей келгенсиң Сен келгенсиң Таңым асылжан сендей Бактым жүрөгүмдү ээлей Жеңгенсиң Элегенсиң элегенсиң Менин сүйүүм Солубайт бир өзүңдүн жаныңдан Менин сүйүүм Гүл ачат жалгыз сенин багыңда Менин сүйүүм Күнөөлү эмес билсең таарынба Менин сүйүүм Суранам жалган сөзгө багынба Сүйдүм жалгыз сени гана Сүйүү арнаймын бир сага Жарык күндөй болуп мага Жаным сен толуктала нурдана Менин күнүм менин сүйүүм
  • Ашыгым келчи жаныма Сен деген сезим багымда Билемин келбейт экениң Келем деген убада Айтасыз баарын элге эле Таарынам кээде эркелеп Өмүрдө сүйүп арнаган Жүрөгүмдү сизге эле Кайырма Жазба дейбиз чалба дейбиз Бир бирибизге эркелеп Бактыбызга багыбызга Сен бар жашоо керемет Жагымдуу сонун мүнөзүң Биринчи жазды күтөсүң Жолуккан ар бир учурда Кылыктанып күлөсүң Сезимдер тунук деңиздей Сүйүүгө келдик кечикпей Сагыныч тоодой а бирок Бир бирибизге билгизбей
  • Кайырма: Төкчү, төкчү жазгы жамгыр, Сүйгөнүмдүн арманын Нөшөрүңө дирилдеген, Жалбырактар ыйласын Жакшы көрөм, жаздын жытын, Кызгалдактар аңкыган. Делебелди козгоп келет, Жаз жамгыры тамчыга. Кайырма: Төкчү, төкчү жазгы жамгыр, Сүйгөнүмдүн арманын Нөшөрүңө дирилдеген, Жалбырактар ыйласын Көргөнсүймүн элесиңди, Ак куу сымал учкансыйт Жоогазындай кош көздөрүң, Мага карап тургансыйт. Сырдуу бакта басчу элек, Кыялдарга чөмүлүп. Сагындырат ошол күндөр Ак жамгырдай төгүлүп. Сүйөм десең жүрөк туйлап. Мен бактылуу сезилип Кайтып кетти ошондогу Махабаттым бөлүнүп
  • Жараткандын белеги Биздин үйдүн эркеси Кызым кызым ардагым Апасынын тиреги Кайырма: Эрке кызым Айдай кызым Агарган ак таңдай кызым Ак бата алып элиңден Турмуш жолго барасың Күндөй кызым гүлдөй кызым Жанып турган ай жылдызым Барган жерден бак айтып Бактылуу бол жан кызым Жашоодогу чырагым Бойго жетип чынарым Сени узатып жатабыз Турмуш жолго кымбатым
  • Дүйнө жүзүн кыдырта албадым ата Бир жылда беш кашына бара албадым Жашоо турмуш билимдин аркасына Жарым айга жаныңа кала албадым Убакыт шар билгизбей картайтууда Сагындырып далайды саргайтууда Дүйнө жүзүн айлантып келсем деген Кыялдагы максатым кайтчудай Кайырма: Бакытына балдарды ташыбаган Ата болбойт кубанып жашыбаган Башкалардын билбеймин атакесин А меники чынында асыл адам Өмүр өтүп мезгилин камчылады Үйүбүздүн ырдайын шам чырагын Канча жакын келсем да асыл ата Жакшы көрөм дей албай тартынамын Эл деп эмгек кылдыңыз айтылбаган Эрке кыздын сыймыгы жаркыраган Канча камат кылсам да ата сизге Бир күн кылган ишиңе арзыбаган
  • Көлөкөлөп көңүл ачарым, Берекем деп жарпым жазарым. Бал татыган балдыр тили бар, Балам бактым, балам базарым. Алдей ай, бөпөм ай, Балам бактым, балам базарым. Көңүл төтө кылган медерим, Көзүмдөгү эки карегим. Канттан таттуу, гүлдөн жыты артык, Кандан чыккан асыл данегим. Алдей ай, бөпөм ай, Кагылайын орун басарым. Самаганда жетер кулачым, Сагынганда жыттаар кубатым. Башкаларга эч бир алмашпас, Бар байлыгым, мүлкүм, мурасым. Алдей ай, бөпөм ай, Бар байлыгым, мүлкүм, мурасым.