Казахские песни Узбекские песни

Айым Айылчиева.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Айым Айылчиева

  • Турам тыңшап селейип үн катпастан, Дирилдеткен кусалык добушуңду. Чертким келди менин да ушул күүнү, Бирок корком албаймын комузумду. Кайырма: Жок, жок менин уккум келет башкача үндү, Жазгырбас жарыгына ишеничтүү. Жок, жок менин сезгим келет дүйнөдөгү, Сагынычтын саргайбас албуут күчүн. Коштоор элем мукамдуу батына албайм, Үнсүз, тилсиз кысылат эт жүрөгүм. Кимсиң деги бейтааныш күндүр – түндүр, Сагынычтан, кусадан алсыраган.
  • Жүрөсүңөр жашап-иштеп алыста Чоло тийбейт ай өткөрбөй барышка Ак эмгекти актайын деп уулуңар Билим үчүн түшкөн узак жарышка Ойлоорсуңар санаа тартып, камыгып Садагалап, караанымдан кагылып Силер мени самагандай жол карап Мен да жүрөм өзүңөрдү сагынып Силер анда, мен күнчүлүк алысмын Заманамдан калбай келет жарышкым Алпештеген энем менен атакем Экөөңөргө өмүр бою карызмын