Казахские песни Узбекские песни

Гульназ Чыныбек кызы.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Гульназ Чыныбек кызы

  • Түшүмдөгү жигит Неге салдың жүрөгүмө Үзүлбөгөн үмүт Мага карап күлүп Жодураган көздөрүңөс Суктансам дейм сүйүп Кайырма: Кыялдан издеп элесиңди Кыдырдым мен далайды Күтүсүз кирип келесиңби Күтүп келем таалайды Сүйөмүн сүйөмүн десең Жүрөгүмдө жүрөгүмдө сен Сенин да жүрөгүң мени менен Бир болобуз самайлы Күтүлбөгөн сезим Тилек кылып мен өзүмө Жашап жүргөн кезим Тагдыр болсо насип Жолугармын бир өзүңө Күндөй жарык чачып
  • Күн дагы бүркөлдү Адамдын кабагындай Турмушуң үзүлөр Алманын сабагындай Кыргызым ыйлаба Күн тиер сага да. Намыстуу эр чыгат Буйруса бактыңа Кайырма: Ыйлаба кыргызым Бөксөрбөйт ырысың Азап күндөн алып чыгат Буйруса уул-кызың Базарда көр турмуш Кыйналдың сен бир укмуш Күдөрүң үзбөчү Болоор чоң бурулуш Кайырма: Ыйлаба кыргызым Кемибейт ырысың Азап күндөн алып чыгат Буйруса уул-кызың Демиңе дем берем Мукамдуу ыр менен Тирүүлүк өңүмдө Жашаймын эл менен Элимдин ырысын Кемиткен адамдар Оо дүйнөгө барганда Бир кудай жазалаар Тийбечи суранам Элимдин нанына Убалы кыргыздын Уктатпайт сени да
  • Бар дүйнөнүн баарынан качып Баратамын өзүңө шашып Тосуп алчы кучагың ачып Апа сени көргөнү келдим Бүтпөйт экен тирүүлүктө иш Көздү жумуп ачкыча күз кыш Мээримиңе миң ирет алкыш Апа сени көргөнү келдим Апа..Апа..Апа…сени көргөнү келдим Бул өмүрдө баарысы жалган Жүз каалоонун токсону арман Менде убакыт сенде жок дарман Апа сени көргөнү келдим Түйшүк тартпа керек эмес чай Өзүң барда көңүлдө жаз жай Кызың чексиз бактылуу да бай Апа сени көргөнү келдим Апа..Апа..Апа…сени көргөнү келдим Жолум тосуп кел кызым дейсиң Жакшыларга эл болгун дейсиң Акылманым көлдөй го пейилиң Апа сени көргөнү келдим Сен гүлзарым сенсиң жакыным Күндө келүү парзым асылым Башымды ийип таазим кыламын Апа сени көргөнү келдим Апа..Апа..Апа…сени көргөнү келдим Апа..Апа..Апоу…сени көргөнү келдим
  • Арбалып арзууларга багынып Ансайын көргүм келет сагынып Ар качан карайм сенин жолуңду Алдымдан чыгабы деп жаңылып Ай асманда, жарык чачканда Мен сага барам сүйүүм толкуп ташканда Жаз көктөмдө, жарык өчкөндө Жолуккум келет сиз менен жамгыр төккөндө. Жолугуп айткым келди бар сырды Жоругу мени өндөн азгырды Шылтоолоп койгом анда жөн эле Келе бер күто бербей жамгырды Ак жамгыр төгүп жатты тамчылап Сезимдер сени көздөй талпынат Баратам кол чатырдын астында Бул күндү күткөм менда канча убак
  • Айыл менен калаа, Көчө менен талаа. Сени издедим, сени гана. Айыл менен калаа Галактикада да Издетпей табылып калсаң гана. Сен жоксун, жоксун Табалбадым сени, Сен жоксун, жоксун Издебейсиң мени. Сен жоксун, жоксун Бар болсоң кайдасын? Сен кимсиң, жүрөсүң кайда? Кайырма: Бишкек-Чүйдө жок, жок, Ош-Баткенде жок, жок Сени издедим, үмүттү үзбөдүм. Ыссык-Көлдө жок, жок, Жалал-Абадда жок, жок, Сени издедим, үмүттү үзбөдүм. Кыргыз бекен өзү? Сыйкыр бекен сөзү? Түшөт деги качан мага көзү? Мейли таз болсо да Акчасы аз болсо да Эр жигиттин көркү акылында. Сен жоксун, жоксун Табалбадым сени, Сен жоксун, жоксун Издебейсиң мени. Сен жоксун, жоксун Бар болсоң кайдасың? Сен кимсин, жүрөсүң кайда? Кайырма: Бишкек-Чүйдө жок, жок, Ош-Баткенде жок, жок Сени издедим, үмүттү үзбөдүм. Ыссык-Колдо жок, жок, Жалал-Абадда жок, жок, Сени издедим, үмүттү үзбөдүм. Анда барам жок, жок, Мында барам жок, жок, Сени издедим, үмүттү үзбөдүм . Бишкек жок жок Чүй Баткен Ош жок жок Талас Нарын Ыссык-Көлдө жок жок
  • Чыныгы жүздөр менен Чыры жок сөздөр менен Жаркырап күлүп турган Жайнаган көздөр менен Жолуксак кандай жакшы Жолуккан кандай жакшы Жолуккан кандай жакшы Сагынган жүрөк менен Эң жакшы тилек менен Кучактап бекем кысып Кубаттуу билек менен Көрүшкөн кандай жакшы Жолуккан кандай жакшы Жолуксак кандай жакшы Амандык болсун дешет Бөксөлөр толсун дешет Байырлап башыбызга Бак дөөлөт консун дешет Бар болсок кандай жакшы Бар болгон кандай жакшы Бар болсок кандай жакшы Өйдөдө өбөк болуп Ылдыйда жөлөк болуп Туугандар жай турмушта Жакшылык себеп болуп Жолуксак кандай жакшы Жолуккан кандай жакшы Жолуксак кандай жакшы Жолуккан кандай жакшы Жолуксак кандай жакшы