Казахские песни Узбекские песни

Гулсун Мамашева.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Гулсун Мамашева

  • Көрктөнүп чакан аймагы, Талаасы кийген сайманы Токчулук жыттуу айлымдын, Түгөнгүс эмгек каймагы. Жароокер тоолук курбумдун, Жолунан тостум жайдары. Жүрөктүн кылы чертиле, Кучагым жайсам селкиме. Каректер отсуз чагылат Моймолжуп каштар серпиле. Эрке жел бетти аймалайт, Кусабы сүйүү шертине. Курбуга курбу кымбат да, Кубаныч кошуп сырдашса. Сыр түйүнүн чечип отуруп, Сезбеппиз эбак күн батса, Жыргалы белем сезимге, Жылдыздар көзүн ымдашса. Түбөлүк кеткис эсимен, Түнт бактуу кыштак четинен. Жаңыдан чыккан ай нуру, Шыкаалайт бизди секиден. Аңдыса деле алтын ай. Антыбыз эбак бекиген.
  • Кыялдын чертип кылдарын, Кыйнайсың неге, жыргалым. Отурсам-турсам тынчытпай санаа, Оюма түшөт мурдагың. Жабыгып жапа чекпейин, Жанар тоо болуп кетпейин. Аясаң ая тезирээк мени, Алоолоп барып өчпөйүн. Аралап жаштык бульварын, Айтышып сүйүү ырларын. Жүрөктү арнап, жүрөккө дайым, Жүрөлү келчи жыргалым
  • Өзүңдү көп ичинен издеп жүрөм, Өзүңө көңүлүмдү түздөп жүрөм. Түшүмдө апкаарыбай сен деп сүйлөп, Өңүмдө жолукканда сиз деп жүрөм. Сыртыңдан көзүм түшүп суктанамын, Сөз кылса кыздар сени кызганамын. Айылыма келер бекен бастырып деп, Азаптуу айлуу түндө уктабадым. Сен менен колтукташып көл бойлосом, Ак чабак балык болуп көлдө ойносом. Асылып чарчасаң да моюнуңа, Таарынчым таркамайын тим койбосом.
  • Бул турмуш деңиз тура кенебеген, Жакшылык, жамандыгын ченебеген. Экөөбүз бирге баскан жашыл жолдор, Бөлүнбөй кете берет деген элем. Бул турмуш дарак тура, мөмөлөгөн, Мөмөсүн эсиргендер тебелеген. Тымызын, кош айтышып жатканымда, Мен сени унутам го деген элем. Тагдырдын тайгак жолун жаза бастым, Сүйүүсүз, бирок бир күн жашабасмын. Кайрылбай кайкып өткөн, кайып куштай, Куш менен кыска өмүрлүү, махабатым.
  • Көркүң көздү талдырган, Көгүчкөн сенсиң ойлосом. Көктөн бир сызып качырган, Көк шумкар болуп койбосом. Көңүлдө толуп кир калат, Көрүшпөйбүз дегенсип, дегенсип Күдөрүм үзүп койбосоң. Жактырса бир күн түшөр деп, Жашылдан жибек жайдым тор. Жаштыктын сырын билер деп, Жактырып сизге сундум кол. Жалындаган жүрөктү, Жаа менен тоссоң өзүң бил, өзүң бил. Жароокер жигит, эсен бол. Акыры бир күн түшөр деп, Ак жибектен жайдым тор. Албырган жүрөк сүйүүсүн, Алар деп эстеп сундум кол. Айтсаңчы ачык жообуңду, Албасаң колум тартайын, тартайын. Айтылуу жигит, эсен болот!
  • Бүркөк асман жарк дегенсипчагылган Байкоосуздан жалыныңа кабылгам. Бүт эркимди курчап алып махабат, Жалгыз сенин элесиңди жамынгам. Азыр мен да ойлоп сени жатамын, Ошол күндөр жаралгансып канымдан. Жымыңдашып жанып-өчүп чырактар, Али эсимде бирге отурчу убактар. Жүрөктөрдүн кагышканын тыңшашчу, Алыс калды алма жыттуу курактар. Чертчү эле го түгөнбөгөн күүлөрүн, Миң кайталап музыкалуу булактар. Таппай такыр махабаттын айласын, Сагындым го жолукчу күн ай башын. Мурункудай күтүп жүрөм азыр да, Булбул куштун тереземден сайрашын. Ар убакта жолукчу элек бакчадан, Айтчы деги, асылкечим, кайдасың?
  • Санаалуу көңүл ачылып, Саргарган кайгы басылып. Жүрөк бир балкып, жүз жарып, Кызыл туу бийик асылып. Айкалышып жыргалга, Алга карай талпынып, Жарк эткен Жаңы жылда, Барбы эсиңде, Жибекчач? Жүрөктүн назик тамыры, Сүйүүнүн ысык жалына. Көңүлдө гүлдөй бүр байлап, Жаштарга гана тийип жарыгы. Кызга жигит теңтуш деп, Кыя тиктеп бардыгы, Даңкын сүрөп чыгарган да, Элиң сендик, Жибекчач.
  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Тососуң жолумду, Кармайсың колумду, Жактыра бербеймин, Жайдарым мунуңду. Алмалуу бак менен, Аралап келем мен. Аптыгып чыгасың, Алдымдан дагы сен. Жайдарым, Ардагым, Күйүгөсүң, алды жактан жолугуп, Сөз айтасың, теңтуш курбу бололук. Бир жигит жылмаят, Уялам жер карап. Көнүшүп басканда, Көчөнү шаң кылат. Эки жаш чоң кубат, Курбулар чогулат. Жүрөктөр кубанат, Шаттык ыр уланат. Жаштык ыр, Шаттык ыр, Көңүлдү кандай сонун жыргатат, Топ жаштар жыргал менен баратат.
  • Мезгилдин гүлү жазгы убак, Өмүрдүн гүлү жаш курак. Жаштыгың өтүп кеткен соң, Жаш кезин кимдер сагынбайт. Билинбей өткөн турбайбы, Сезилбей кеткен турбайбы Алтындай болгон жаш курак. Сүйүүнүн гүлүн аралап, Гүлдөгөн экен жаш курак. Кыярып бара жатабыз, Чачтарга кирип ак бубак. Мезгилдер алга шашылат, Алыстап бизден жаш курак. Чачтарга кирдиң ак бубак. Мезгилдин гүлү жазгы убак, Өмүрдүн гүлү жаш курак. Жаштыгың өтүп кеткен соң, Жаш кезин кимдер сагынбайт. Билинбей өткөн турбайбы, Сезилбей кеткен турбайбы Алтындай болгон жаш курак. Мезгилдер алга шашылат, Алыстап бизден жаш курак. Чачтарга кирдиң ак бубак.