Казахские песни Узбекские песни

Кыз бурак тобу.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Кыз бурак тобу

  • Армансыз жашоо болбойт бул жалганда, Деп айткан сөзүн эстейм акылмандын. Оо, кайран жаштык күндөр өтүп жатат, Кантейин мен жете албадым, армандамын. Кайырма: Оо, жаштык күн кайда, Биз өткөргөн түн кайда? Махабатка кумар канбай, Биз сунушкан гүл кайда? Тоо жаңырта обон созгон, Мага тааныш үн кайда? Кайда-кайда, гүл кайда? Мага тааныш үн кайда? Тоо жаңырта обон созгон, Мага тааныш үн кайда? Күйдүрүп күндөн-күнгө ачыласың, Жомоктогу пери сымал азгырасың. Өзүңсүз кайра күндөр өтүп жатат, А мен арман дайрасында агыламын. Кайырма: Жүрчү, жаным, кетеличи тээ алыска, Колду шилтеп, ушак сөз, кур намыска. Эң бактылуу күндөр, балким, алдыдадыр, Жетеличи бизди күткөн чоң бакытка.
  • Жаныңа бара албастан, Ыраактан карап турдум. Баштагы күндөрдү эстеп, Башымды чайкап турдум. Кайырма: Сен аны, сен аны, Сен аны сезген жоксуң, Сен аны билген жоксуң. Жок нерсем табылгандай, Жарааттан арылгандай. Жан дүйнөм балкып турду, Ошол кез кайрылгандай. Кайырма: Жакындап баргым келди, Жакшы сөз айткым келди. Жаныңда жарым мүнөт, Бир болуп кайткым келди. Кайырма: Карааның менден узап, Жүрөктү чырмап, тузап. Артыңдан кала бердим, Арманда жүрөк сыздап.
  • Сүйгөнүңө ишенгенмин, ишенгенмин берилип, Кызганчу элем башкалардан, башкалардан теригип. Көрбөй калсам бир мүнөткө, бир мүнөткө өзүңдү, Бүткүл жашоом токтогондой, токтогондой сезилип. Кайырма: Эркелетип саамайымдан сылаган, Күндөрдү эңсейм менден алыс узаган. Өзүңдү эңсейм, арман, ай, аттиң, арман, Чыкчу күнүм бар бекен бир кумардан? Махабаттын жазын билбей, жазын билбей өмүрүм, Тетир баскан караңгыдай, караңгыдай көңүлүм. Миң мертебе суроо салам, суроо салам өзүмө, Чын-жалганын билбей айткан сөзүңдүн. Кайырма: Азап салып койсоң деле, койсоң деле башыма, Ал күндөрдү эстейм дайым, эңсейм дайым сагына. Мен сүйүүмдүн жоготсом да, жоготсом да ачкычын, Ыраазымын бир өзүңдүн, бир өзүңдүн барына.
  • Бажырайган жаздын күнүндөй, Баргансызбы Ошко бир жолу? Башын ийип назик жүгүнөт, Мажүрүм тал Оштун символу. Көктөн келген көрктүү убакта, Көргөнсүзбү Ошту бир жолу? Кырк өрүм чач кыздай кылактайт, Мажүрүм тал Оштун символу. Күн нуруна назик таранып, Кылыктанат кыздай миң жолу. Көлөкөсүн сылайт эрте-кеч, Мажүрүм тал Оштун символу. Сагынамын Ошту ар дайым, Сагынамын жапкан ак нанын. Ак-Буурага турат жанашып, Сулайман Тоо Оштун символу.
  • Айланчыктап сени көргөн кезимден, Ай-жылдызды карачумун көзүңдөн. Ал ансайын ала качып карегиң, Атаганат ошондогу көз ирмем. Кайырма: Жылдар өтөт, жылдыз өчөт Жаштык өтөт, жалын өчөт, Жалгыз гана, сен өчпөйсүң сезимден. Эгер эркем чыгарбасаң эсиңден, Эреркегем эргүү алып өзүңдөн. Элесимде элесиңе эркелеп, Эми минтип эт жүрөгүм эзилген. Кайырма: Болочоктун бак-таалайы сезилген, Бото көзүм бой эргиткен сөзүңдөн. Боздогонум билсе билер бир гана, Ботосунан ажыраган боз инген
  • Сени мага жолуктурду жылдыздуу асман Журогумду толуктурду махабат астан Экобузду болуптурду бул дуйно жалган Кандай жансын коз отунду байкабай калган Кандай жансын коз отунду байкабай калган. Припев: Сырга айланган, ырга айланган Жан, жан, жан жолуктун кайдан Акылдан алдын, азапка салдын Жан, жан, жан жолуктун кайдан Акылдан алдын, азапка салдын. 2 куплет: Сага деген армандарым айтылбай калды Сени тиктеп конул черим жазылбай калды Сезимдерге чокту салдын бей таныш кийгип Сарсанада калган кунум арылбай калды Сарсанада калган кунум арылбай калды. Припев: Сырга айланган, ырга айланган Жан, жан, жан жолуктун кайдан Акылдан алдын, азапка салдын Жан, жан, жан жолуктун кайдан Акылдан алдын, азапка салдын.
  • Бардыгы жалган тура бул дүйнөдө, Турмушта да, сүйүүдө да, үй-бүлөдө. А мен болсо жалындап күйүптүрмүн, Ишенип, ишенип, ишенип мен өзүңдү сүйүптүрмүн. Мейли күл, мейли шылдың кылсаң дагы, Жактырбай терс бурулуп кетсең дагы, Унутпачы, ал кездерди эстей жүргүн. Бул ырды, бул ырды, бул ырды, Сени сүйгөн бир кыз жазды. Кош эми кош болгунуң, бактылуу бол, Каалаймын чын жүрөктөн сага ак жол. Сүйбөгөнгө сүйкөнбөгүн деген сөз бар, Мага да, мага да, мага да табылар го өмүрлүк жар. А мен болсо жалындап күйүптүрмүн, Ишенип, ишенип, ишенип мен өзүңдү сүйүптүрмүн.
  • Ат жалында шамалдай ойнобосо, Ала-Тоого жүрөгүн толгобосо, Ата Журттун эртеңин ойлобосо, Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын. Кылыч болуп душманга чабылбаса, Сен дегенде селдей каптап агылбаса, Жерин коргоп жарагын тагынбаса, Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын. Бабалардын салтына багынбаса, Кырк чилтенге сыйынып жалынбаса, Имерилип тоолорун сагынбаса, Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын. Калпак кийип башына эрденбесе, Калк ишине билек түрүп шерденбесе, Жети атасын сурасаң, «билбейм» десе, Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын. Кыздарынын намысын коргобосо, Абийир үчүн чеп болуп орнобосо, Энесинин көз жашын ойлобосо, Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын. Бири сымал көктө толгон жылдыздын, Бири өңдүү сууда сүзгөн кундуздун, Эл ичинде баш калкалап күн көрсө, Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын.
  • Жалгыз ак куу көрдүм өзөн четинде, Жалгызсырап суз өткөөлдүн бетинде. Күз келгенде бөтөн куштар топтолду, Үйүрү менен жылуу жакка кетүүгө. Кайырма: Аянычтуу аппак куунун калганы, Айсыз түндө азап күүсүн чалганы. Дүнүйөдө жалгыз калмай экен го, Ак куулардын арманы. Кыш келгенче кайра учуп кетерде, Жабыркабай өз тобуна жетерде. Ким ойлоптур сулуулардын өмүрдөн, Жалгыз өтөр деп.
  • Кошулушуп эки жаш, жуп болуптур, жар-жар, Кубанышып эл-журту, кут конуптур, эй, жар-жар. Толкуп келген мейманга той баштайбыз, жар-жар, Болушунча аянбай, бой таштайбыз, эй, жар-жар. Алтын ордо, гүл бакча, калаалуу бол, жар-жар, Аркаңардан ээрчиген балалуу бол, эй, жар-жар. Ак элечек колго алып, ырдап жүргүн, жар-жар, Жакшы менен жаманды ылгап жүргүн, эй, жар-жар. Ырыс алды – ынтымак, билип жүргүн, жар-жар, Ата-энеңе башыңды ийип жүргүн, эй, жар-жар. Ак булуттан себилген кар болгула, жар-жар, Дайым ушул жашоодо бар болгула, эй, жар-жар.
  • Жарык дүйнө, жашоо берген энекем, Баскан жолуң бийик, ашуу бел экен. Жан кейиткен азаптарга чыдаган, Кайрат күчүн аска-зоого тең экен. Балаң үчүн төккөн ысык мээримиң, Айтып бүткүс баатырдыкка тең экен. Сен мен үчүн жарык чачкан шооласың, Өмүрдөгү түгөнбөгөн берекем… Жарык дүйнө, жашоо берген энекем, Баскан жолуң бийик, ашуу бел экен. Жан кейиткен азаптарга чыдаган, Кайрат күчүн аска-зоого тең экен.
  • Тоолор, бийик тоолорум, Зоолор, көрктүү зоолорум. Мен сени алыстан сагынып келемин, Эңсеп бир кең, сүйкүм элесиң. Кайырма: Сени унутпаймын, көпкөк тоолор, Эңсеп бир кең сенин демиң, Элесиңе кумар канбайт, тоолорум менин. Көркөмүңдү эстеп, бийик зоолор, Шаркыратма сууну бойлоп жүргөн кезим, Түшөт эске балалык кездер. Жазда абаң жыпжылуу, Таңда көркүң супсулуу. Куштарың мукамдуу кубулжуп сайраган, Гүлдөрү жоодурап жайнаган.
  • Кайдасың жан эркем кайдасың? Издеп таппадым. Күтүүдөн таңдар да кечте өзүңсүз, Аябай чарчадым. Күндөрүм айларга алмашты, Жылга алмашты. Кайырма: Жалынам сага, Түшүмө кирдиң ар убак. Сагынып күткөн махабат, Каректен ысык жаш тамат. Окшобос болду, Өзүңө такыр башкалар. Оболоп учкан турналар, Сүйүүмдөн кабар айта бар. Кайдасың жан эркем кайдасың? Кай жерде жүрөсүң? Капалуу көңүлүм жабыркаганым, Сен качан билесиң? Күйүттүү от салдың сезимге, Келчи тезирээк. Кайырма: Жалынам сага, Түшүмө кирдиң ар убак. Сагынып күткөн махабат, Каректен ысык жаш тамат. Окшобос болду, Өзүңө такыр башкалар. Оболоп учкан турналар, Сүйүүмдөн кабар айта бар.
  • Ала качып, ала качып, Аргымактар арыш керет. Азанатып, азанатып, Азаматтар намыска бек. Шамдай жанып алышып, Шамал менен жарышып, Жүзүн сүртүп булутка, Жүрөгү — от, каны ысык. Ала-Тоону бел кылып, Ата Журтту дем кылып. Абалтадан шок болот, Алоолонгон от болот. А болбосо жок болот, Кыргызымдын жигиттери! Дүңгүрөтүп, дүңгүрөтүп, Жердин үстүн тулпар келет. Дүркүрөтүп, дүркүрөтүп, Дүйнө жүзүн шумкар келет. Кымыңдашат кыргыздар, Жымыңдашат жылдыздар. Ал анткени алардын, Арасында Чыңгыз бар. Аалам кезет жомоктой, Ак калпагын жоготпой. Акыл-эсин камчылап, Аккуладай алкынат. Ай-жылдызга талпынат, Кыргызымдын жигиттери! Учту мына, учту мына, Айчүрөкпү же ак куубу? Шукшурула, шукшурула, Жигит шумкар сыяктуубу? Закымдады кыз улам, Жакындады боз улан. Ана жетти, жетти, жетти, Бек кучактап кетти, кетти, кетти. Ак сүйүүгө бек болот, Ак достукка чеп болот. Кызыл гүлүң соолбосун, Кыдыр болуп жолдошуң, Кыраан Манас колдосун, Кыргызымдын жигиттери!
  • Бажырайган жаздын күнүндөй, Баргансызбы Ошко бир жолу? Башын ийип назик жүгүнөт, Мажүрүм тал Оштун символу. Көктөн келген көрктүү убакта, Көргөнсүзбү Ошту бир жолу? Кырк өрүм чач кыздай кылактайт, Мажүрүм тал Оштун символу. Күн нуруна назик таранып, Кылыктанат кыздай миң жолу. Көлөкөсүн сылайт эрте-кеч, Мажүрүм тал Оштун символу. Сагынамын Ошту ар дайым, Сагынамын жапкан ак нанын. Ак-Буурага турат жанашып, Сулайман Тоо Оштун символу.
  • Күндөрдүн биринде чочуп, тайсалдап, Биз окуган класска кирди практикант Топ кыздар чурулдап, азил сөз чубап, Кызартып агайды, ар нерсе сурайт. Кайырма: Эх, практикант агай чууну салдыңыз, Кыздардын жүрөгүн ээлеп алдыңыз. Эх, практикант агай чууну салдыңыз, Кыздардын жүрөгүн ээлеп алдыңыз. Төртпү же беш жашпы бизден улуураак, Сүрдөнүп сөзүнөн улам адашат. Ансайын шок кыздар сүйгөнүн сурап, Агайдын шаштысын кетирген убак. Кайырма: Жагымдуу сөздөрү, назик күлкүсү, Дүрбөтүп сезимге салды бүлүктү. Кыздарды кызганып, балдар күйүктү, Агайга тийишип араң жүрүштү.