Казахские песни Узбекские песни

Нуркыз Кожонова.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Нуркыз Кожонова

  • Жаныбызда болмок чоң бакыт. Жакшы күндөн калдык адашып. Жарашыктуу түгөй дедиртпей, Жашым акты күлкү талашып. Кайырма: Болмок эле бизде чоң сүйүү. Болбой калды жүрөк түшүнүү. Бар болгону болду ортодо, Боз жаздыкка көз жаш түшүрүү. Ортобузда болмок жакшылык. Орду толгус өкүт шаштырып. Коюу терең ынак боло албай, Ойдогудай өтпөй жашчылык. Кайырма:
  • Элестетип күндөр, бирге жүргөн түндөр, Куса болуп эске алам бүгүн. Каздар учкан көлдөр, кереметтүү жерлер, Өзгөрбөптүр баарын көргөнмүн. Кайырма: Биз асманга карап, жылдыздарды санап, Жүрчү элек го алыс күндөрдү самап, Бара берем деймин, алыс болсо мейли, Аман жүрсүн досторум деймин. Көп ойлоном күндө, уктай албай түндө, Бакыт-дөөлөт баары болсо дейм. Элге кубат досу, эмгек-өмүр тоосу, Кыйындыктан коркпоюн дейм. Кайырма: Кулпурсачы талаа, кулпурсачы калаа, Гүл бакчада куштар сайрасын. Эңсеп айткан тилек, сезимдер да түнүк, Армандардан көңүл калбасын. Кайырма: Көктөмдө күнүм деп, cагындым бүгүн деп, Жаштыкта жолугуп жыргал сүрөлү. Бар өмүрүм менин белек кылса мейли, Аман жүрсүн досторум деймин.
  • Канча убак мезгил өттү учуп эми, Жебе жылып өткөн сайын эстейм сени. Кайдигерсиң кандай айла кылсам дагы, Жок дегенде көңүл бөлүп укчу мени. Кайырма: Ук мени, сага болгон сезим барда, Бул күндөр өтүп кетет, келбейт кайра. Болбосо көңүлүмдү мажбур кылбай, Айыпсыз жүрөгүмдү жаралаба… Ар сындар көп өйдө-ылдый бул жалганда, Аргасыздан көтөрүүгө не кылсаң да. Табигаттын тартибинен тана албайсың, Жазылбаса буюрары мандайыңа.
  • Сезимим менин сага деген берилген, Көңүлүм муздап турган кезим. Адашып күндө мен эргүү алган махабат, Эзип жүрөгүмдү жаралап. Кайырма: Сагынбайм сени, күтпөймүн эми, Жүрөгүм муздап калса жазылбайт кайра, Керексиз мага, сен мендик болуп сезилгениң. Сезимим менин сага деген берилген, Өзгөрүп дүйнөм турган кези. Жарашсын сен өзүң издеп тапкан махабат, Койдуң жүрөгүмдү тазалап. Кайырма: