Казахские песни Узбекские песни

Санжар Бердибеков.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Санжар Бердибеков

  • Көңулгө батпай, көдөнгө батпай, Сызылып келди сармерден. Жашырып катпай, бул жерден айтпай Айтамын анан кай жерден? Артыңдан жетпес, кайрылып келбес Аскалуу бийиик жай белең Мен түткөн сүйүү, Мен күткөн сүйүү Кожожаш менен кайберен. Кайырма: Кашыңды керчи, кашыңды серпчи Кыйналып жүрөм Гүлайым Суранам келчи, жобуңду берчи Арманым ашат күн сайын Жайдары күлсөң, жалгыздап жүрсөң Кызгана берем Гүлайым Өзүмдөн качсаң, бурула бассаң Жүрөгүм оруйт Гүлайым Сүйүүдө сенин, айтсаңчы деги Тосоюн кайсыл таңдардан, Сырыңды сенин, ырыңды сенин Сураймын кайсыл шамдардан Сага арналган, өзүңө арналган Сөздөрүм менин тандалган. Кыйнаган өңдүү, сыздаган өңдүү Күүлөрдүн башы Камбаркан
  • Кетериңде акырын, мени ороду чачтарың, Калды менин жүзүмдө тамчы-тамчы жаштарым. Аралап биз бир далай, тебелеппиз карабай, Бүлдүркөндүн бүрлөрүн. Эсте-эсте, Гүлкайыр, Эстей жүргүн күн сайын, Балалыктын күндөрүн. Сени өзүм узаттым, тааныбаган башкага, Кечир мени, Гүлкайыр, бул балалык куракты. Аралап биз бир далай, тебелеппиз карабай, Бүлдүркөндүн бүрлөрүн. Эсте-эсте, Гүлкайыр, Эстей жүргүн күн сайын. Балалыктын күндөрүн.
  • Ардагым менин апакем Аздектеп сыйлайм берекем Таманы асты бейиши Аруузат сенсиң энекем Өзүңдү далай кейиттим Акылга эми кезиктим Кайырма: Кечиргин апа кечиргин Ак сүтүңдү актаар бекенмин Кечиргин апа кечиргин Ак батаңды алып жетилдим Балам деп соккон жүрөгүң Үзүлбөй ар күн мүдөрү Кечиргин Төрүмдүн көркү апакем Мээримиң чексиз кең экен Уул-кыздан көрүп сый-урмат Эрчише жүрсө неберең Умра мекке ажылык Барганга сообу тең экен Сагындым сени апакем Көз жашты аарчыйм каректен Жүрсө деп дайым дени сак Кудайдан тилейм берекем Кечиргин апа тентегин Эркелеп сага келемин
  • Сенсиз жаным, Менин өмүрлүк жарым, Жашоонун кызыгы жок бул дүйнөдө. Сүйүү шооласын мага чачып турган, Күн болуп бир өзүңсүң, сен гана. Сенсиз жаным, Менин өмүрлүк жарым, Мынчалык бакыт болбос үй-бүлөдө, Жашайсың чоң күч-кубат берип мага. Кайырма: Тилегеним экөөбүздүн ак сүйүүбүз, Жашай берсе деп кылымдарга. Сүйүү гүлүн, бүт өмүрүм, Арнаймын мен бир сага. Кайсы жерде жүрсөм да оюм сенде, Жүрөгүм кумарланат сага тартып. Көргөнчө шашыламын көз алдыма, Элестеп жүзүң аппак, татына. Кайсы жерде жүрсөм да оюм сенде, Өзүңө күндөн-күнгө сүйүүм артып, Айтарлык ыраазымын мен бактыма.
  • Алтын балык кармадым Тилек айтпадым Аздыр көптүр өкүнүч Башым чайкадым Алты саның аманда Жыргап жашагын Келе берет ооматың Койчу башкасын Жалган жашоо жомок да Айтсам болот да Билип байлык дүнүйөң да Жалтыр боекта Жакшылыкта ардайым Бар бол айтарым Алтын балык кармадым Арзуу айтпадым Ар күн сайын сыноолор Артка кайтпадым Көрсөм дагы баарысын Ичке сактадым Келе берет ооматтың Койчу башкасын Алтын балык кармадым Калоо айтпадым Баарына мен жагам деп Арга таппадым Өзүмдү мен жоготтум да Артка кайтпадым Келе берет ооматтың Койчу башкасын
  • Ош шаарымдын так ортосу Ширин шорпосу Он Адырлык кыз жасайт Лагман созмосун Ош шаарымдын четине Барамын кечинде Он Адырдан боломун дегениң эсимде Кайырма: Он Адырлык кыз Оттой жанасыз Ойноп күлүп жүрөктөн Көңүлдү аласыз Ак бууранын боюндан Кетпей оюмдан Наржан тагып койсом Жарашат моюнуңа Чырагым жаркылдап Күлкүң сонун да Качпа гүзаль асаль кыз Түшөсүң торума Аке деген сөздөрүңдөн Он Адырлык кыз Калемкаша көздөрүңдөн Он Адырлык кыз Дадаң чыкса сөка тилдейт Он Адырлык кыз Эң яма качасыз дейт Он Адырлык кыз