Казахские песни Узбекские песни

Султан Садыралиев.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн.
Страница 2

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Султан Садыралиев

  • Бул дүйнө жалган, адамзат билгин, Заты жок Алладан, улукман бул диндин. Алла мээримдүү, ырайымдуу, кечиримдүү, Ибадат кыл эй пенде, кулусуң сен кимдин, тобо кыл. Кайырма: Ыйык Мухаммед, саллоллоху аллейхи восалам, Мухаммед элчи кылган Аллам. Эй момундар, баарыңар Алла Таалага, Момундар силер тобо кылгыла, Аллага тобо кылгыла. Пайгамбар Мухаммед, аллей хи восалам, Эй момундар намаз диндин тиреги деп айткан. Амалдар ниетке жараша экен акыйкатта, Адалдуу, амал кыл, эй пенде, адашпа. Парзы болгон жүрөктү н, калканы бул орозо, Туткун пенде жүрөгүңө, ыймандын нуру толбосо. Болсун десең таптаза, жүрөктө гү авазды, Эринбегин мусулман, окуп беш маал намазды. Жан дүйнөмдү азгырат, арзыбаган дүнүйөм, Алаксытып жазгырат, ыйман куту кетип үйүмө н. Оо, жараткан, кечиргин, ырдап турган пендеңди, Таазим этем алдыңда, оозума алып келмемди.
  • Кыймыл менен сүйлөгөн, Кыргыз бийин үйрөнөм. Кызыталы өмүрдү, Кыз-жигиттер, бий менен. Кызыкты бул таппайсыӊ, Кыдырсаӊ да дүйнөдөн. Кайырма: Атпай кыргыз бийлесин, Аруулантып дүйнөсүн. Жеӊил болгун булуттай, Жерге бутуӊ тийбесин. Байкап турган адамдар, Бали, кыргыз бий десин! Куштай канат кагалы, Учпай кантип калалы. Бийге баарын чакырып, Бир кумардан каналы. Жаркын күнгө теӊелсин, Жаштыгыӊдын жамалы. Кайырма: Жүрөгүӊү тыбырат, Жүлүнүӊдү кыбырат. Дем кошулсун демиӊе, Дене боюӊ чымырап. Мелтиребей жарышкын, Мезгил менен зымырап. Кайырма: Эргүү мындай болобу, Эриккеним жоголду. Эриш-аркак бийлесек, Эл көӊүлү толорбу. Тоӊуп калган бир кезде, Толкуталы тоолорду. Жалпы кыргыз ырдасын, Жаратылыш тыӊдасын. Жаркылдаган жылдыз бий, Жашообузду нурдасын. Ырыс болуп кыргыз бий, Ынтымакты чыӊдасын.