Казахские песни Узбекские песни

Популярные азербайджанские песни.
Страница 79

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Pop

Pop (популярная музыка) — область массовой культуры, охватывающая различные формы, жанры и стили развлекательной и прикладной музыки
  • Сөзү : Аалы Токомбаевдики Обону : Асанкалый Керимбаевдики Сүт эмген бала жыттанган, илебиңди сагындым, Мойнумду сылап артылган, билегиңди сагындым. Талпынсам таппайм айласын, Талаада калган өңдөнөм, Таалайым Мунар, кайдасың? Кучактап турсам туйлаган, жүрөгүңдү сагындым, Эңкейсең эрке чайпалган, күбөгүңдү сагындым. Муңаям таппай айласын, Муңканып жалгыз отурам, Муңдашым Мунар, кайдасың? Балбылдап карап оштонуп, күлгөнүңдү сагындым, Керүүдөн чыккан маралдай, жүргөнүңдү сагындым. Талпынам таппайм айласын, Таң атат дагы күн батат, Тагдырым Мунар, кайдасың? Гүл бурак жийде жыттанган, илебиңди сагындым, Мойнума жумшак оролгон, билегиңди сагындым. Көксөймүн таппай айласын, Көңүлгө тете кылайын, Түшкө кир, Мунар, кайдасың?
  • Ой, бото көз, бозой сени сагынган, Жылытсам дейм жүрөктөгү жалындан. Башың ийкеп бал сөзүңдөн таттырбай, Бачым басып өтүп кеттиң жанымдан. Калдым жалгыз улутунуп өзүмчө, Кабак чыттың көчөдө элдин көзүнчө. Карабадың арт жагыңа кылчайып, Калп бейм, антың алдамчынын сөзүнчө. Көргөн сайын короосунан үйүмдүн, Күүсүн угам күлкү аралаш үнүңдүн. Улам жанып жылдыз өңдүү жылтылдып, Учкундары сен жакка учат сүйүүмдүн.
  • Жамгыр майда майда болуп себелеп жатты, Жүрөгүмдү аруу сезим тебелеп атты. Автобустун арткы ордунда жанаша олтуруп, Кыялыма түркүн түркүн ой келди татты. Кайырма: Узун жолду кыскартыңыз, Ким болот атыңыз. Тартынчаактык кылып жатам, Сөзгө тартыңыз. Деген сөздү айталбастан уурдана карайм, Көзүм менен саамайыңды суктана тарайм. «Таанышалы ысымың ким карындашым» деп, Сезимимде ушул сөздү эчен кайталайм. Кайырма: Жүрөгүңдү ээлеген бекзадаң барбы? Жүдөп кеттим сүйлөй албай сөз чыкпай калды. Бул бакытың түбөлүгүң куттуу болсун деп, Угулгансыйт ак жамгырдын шыбыраганы.
  • Сөзү : А.Жакыповдуку Обону : Х. Азиреткуловдуку Аттанган туулган жер үчүн, Аттанган кутман эл үчүн. Гүл коюп, эскер, ыйлап ал, Уулуңар, жоокер эл үчүн Кайырма: Эстелик жанына келип, Энелер ыйлабагыла. Уулуңар тирүү биз менен, Сезимди кыйнабагыла. Жан берип кандуу кармаштан, Кайткан жок, кайра батыштан. Эстелик болду эми алар, Түбөлүк отту жагышкан. Кайырма: Эстелик жанына келип, Энелер ыйлабагыла. Уулуңар тирүү биз менен, Сезимди кыйнабагыла. Тосушуп таңды атарда, Узатып күндү батарда. Түбөлүк тирүү турушат, Уулуңар биздин катарда. Кайырма: Эстелик жанына келип, Энелер ыйлабагыла. Уулуңар тирүү биз менен, Сезимди кыйнабагыла. Сизге балким булар жагат?
  • Кадимкидей баары элесте Эмеспелек кечээ наристе Кубалашып ойноп журчу элек Карагаттуу жашыл белесте Шамал менен кошо жарышып Таарынышып кайра табышып Уйду жазап ойноп журчу элек Кыз беришип келин алышып Кайырма: Эх балалык биздин балалык Сени издеп кайдан табалык Макул десен мезгил дагы омур Бир кунунду кайрып алалык Коз алдымдан отот чубалып Кочолордон кочо чуу салып Согуш ойноп тынбай журчу элек Дущмандарды женип туу алып Ооба анын баары эсимде Курчагымды болоп бешике Жоокер кутуп уйдо калчу элек Жетсе экен деп алар женишке