Казахские песни Узбекские песни

Старинные азербайджанские песни.
Страница 2

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Старинные

  • Кыргыз элин өз элим деп айтчулар, Кыргыз жерин өз жерим деп басчулар, Бытыранды урууларга бөлүнбөй, Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар. Уруу-уруу, туш тарапка бөлүнбөй, Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар. Узак мезгил сиңип келген сезимге, Уруу, уруу керек чыгар кезинде. Жаңы гана өсүп жаткан өлкөбүз, Өз балаңдай, жаш балаңдай дайым турсун эсиңде. Эмгекчил эл, эл ичинде башчылар, Эл баалаган, эл шайлаган жакшылар, Ыйман менен ынтымакта иш менен Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар. Ынтымакта ыйман-ызаат иш менен Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар.
  • Атка бир (гана) салган, э-эй, дилдейсиң, ий, Ачылган кызыл гүлдөйсүң, ий-ий. Бир күн оору, бир күн соо, э-эй, Алымкан, азабың тартса билбейсиң. Бетегелүү майданым, Пейли эле жакшы жайдарым. Көлөкөлүү майданым, Алымкан көөнү бир жакшы жайдарым. Кашкардын (гана) тоосу, э, кайрылыш, Кайрылып учат улуу куш, ий-ий. Кайрылып мага келе кет, э-эй, Алымкан, карыпка салбай кыйын иш. Букардын тоосу бурулуш, Бурулуп учат улуу куш, Бурулуп мага келе кет, э-эй, Алымкан, муңдууга салбай кыйын иш. Саркечтеп (гана) сайган, э-эй, жоолугуң, Сарсанаа кылат жоругуң, и-ий. Көркөмдөп сайган жоолугуң, э-эй, Алымкан, көп санаа кылат жоругуң. Токтогул черткен “Жаш кыял”, Тыңдасаң (гана) боло, Алымкан. Ак шайы жоолук колго алып, Булгасаң боло, Алымкан. Аз күнчөлүк өмүрдө, Жыргасаң (гана) боло, Алымкан.
  • Алоолонуп күйгөн жалынча, Кучагымды жайдым барынча. Күн сыяктуу күтүп турам өзүңдү, Кетпейм сага жолукмайынча. Колдоруңдан алып сыйкыр жылуулук, Кетпейм, кетпейм сага жолукмайынча. Жыл күткөнүм жыл деп сезбестен, Күтчү жерде турам кетпестен. Сөзүң угуу майрамдардын майрамы, Жаны бирге жаркын жан эркем. Келечекте эртеңкиси табышмак, Бул өмүрдүн бүтпөс керемети сен. Мейли жамгыр суудай төгүлсө, Мейли бороон согуп теминсе. Көздөрүңдөн көрүп көрүп өзүндү Кетпейм, кетпейм көрүшмөйүнчө. Колдоруңдан алып сыйкыр жылуулук, Кетпейм, кетпейм сага жолукмайынча.
  • Ырдасам сөзүмдөсүң, обонумда, Жылытат балалыктын нуру дайым. Жашайсың менин бардык ойлорумда, Тоолорум, тоо түбүндө турган айылым. Көңүлдө уйкаш эмес сезим калсын, Көк асман ачык күндүн нурун чачсын. Өмүрдө эң кымбатым өзүң барсың, Тоолорум, тоо түбүндө турган айылым. Демине бак түшөйүн аскалардын, Шоокуму бир тынбаган капчыгайдын. Өмүрдө силерсиңер мактанарым, Тоолорум, тоо түбүндө турган айылым.
  • Түшүмө сени кирсе дейм, Түр көйнөк кийип келсе дейм. Түзөңдөн терип гүлдесте, Түшүмдө черди жазса дейм. Уйкумда түшкө кирсе дейм, Улуу төр жакка келсе дейм. Улардай мукам үн салып, “Убайым жебе” десе дейм. Санаамда түшкө кирсе дейм, Саймалуу төргө келсе дейм. Сары оору болгон жүрөктүн Сагынчын жазып келсе дейм. Таңга жуук түшкө кирсе дейм, Тамылжып жүзүң турса дейм. Таң калтып мени түшүмдө Таңшытып обон созсо дейм. Түшүмө сени кирсе дейм.
  • Ынтымагы бар элдин таалайы, багы ачылат, Ынтымагы жок элдин тапканы бекер чачылат. Ынтымагы бар элдин эли чогуу жыйылат, Ынтымагы жок элдин эли качып суюлат. Ынтымагы бар элдин кары-жашы туюнат, Ынтымагы жок элдин кара көзү оюлат. Ынтымагы бар элдин калага карды ток болот, Ынтымагы жок элдин бир бирине октолот. Ынтымагы бар элдин дүркүрөп өсөт балдары, Ынтымагы жок элдин сөзүнөн чыгат жалганы. Ынтымагы бар элдин адил болот улугу, Ынтымагы жок элдин ишинен чыгат бузугу. Ынтымагы бар элдин кеңеш берет карысы, Ынтымагы жок элдин тозуп качат баарысы. Ынтымагы бар элдин катар конот айылы, Ынтымагы жок элдин эч билинбейт дайыны. Ынтымагы бар элдин жарып сүйлөйт чечени, Ынтымагы жок элдин жабырап сүйлөйт нечени. Ынтымагы бар элдин келишимдүү баары иши, Ынтымагы жок элдин сөзүнүн кетет мааниси. Ынтымагы бар элдин меймандос болот аягы, Ынтымагы жок элдин адамга тиет залалы. Ынтымактуу эл болсо душманга тийген ок болот, Ынтымаксыз эл болсо дыркырап качып жок болот. Ынтымактуу биригет, ынтымаксыз бүлүнөт. Ынтымак элдин бакты бар, бир-бирине баркы бар. Ынтымактуу биригет, ынтымаксыз бүлүнөт. Ынтымак элдин бакты бар, бир-бирине баркы бар.
  • Ак бара көйнөк Паризат ой, Ары турбай кол узат ой. Паризат ой, Паризат ой, Паризат ой, Паризат ой. Дарычандан кол узат ой. Ачылышың Акмандын ой, Гозосундай Паризат ой. Мас кылышың Чаңгенттин ой Бозосундай Паризат ой. Паризат ой, Паризат ой, Дарычандан кол узат ой. Шириндигиң Ташкендин ой Майисиндей Паризат ой. Жумшактыгың Маскөөнүн ой, Шайысындай Паризат ой, Паризат ой, Паризат ой Дарычандан кол узат ой. Эшигиндин алдынан ой Эртели-кеч өтөмүн ой. Чилби кара жүзүңөн ой, Көзүңөн айна кетейин ой. Паризат ой, Паризат ой Дарычандан кол узат ой. Азирет-Аюб, Арстанбай, Абатымсың, Паризат ой. Оозума салсам эриген ой, Набатымсың, Паризат ой. Паризат ой, Паризат ой, Дарычандан кол узат ой. Мүнүшкөргө кошулуп ой, Куш саласың, Паризат ой, Муктаж болгон жүрөккө, Туз саласың, Паризат ой. Паризат ой, Паризат ой, Дарычандан кол узат ой. Чангектеги чалкыган ой, Чарбагымсын Паризат ой Беш манжама тен келген Бармагымсын, Паризат ой Паризат ой, Паризат ой, Дарычандан кол узат ой.
  • Санаалар уюп, сайылып канжар сезимге, Сагыньп сени, саргайып жүргөн кезимде. Ак толкун болуп, ак шоокум болуп, Көрүнчү мага, периштем. Көңүлүм эңсеп тайызды эмес, тереңди, Түндүктүн суугу турганда каптап денемди. Аскарым болуп, ак жалын болуп, Жылытчы мени, периштем. Чарчадым эми дайыма тынбай сени издеп, Турамын азыр кабагым бүркөө, сени эңсеп. Ак таңым болуп, ак шамым болуп, Жолукчу мага, периштем. Ак толкун болуп, ак шоокум болуп, Көрүнчү мага, периштем. Түшүмө кирчи, периштем.
  • Жылуу кийин, жолуң катаал үшүрсүң, Кыш да катуу… бороон улуп, кар уруп… Суугуңду өз мойнума алайын, Токтой турчу, из карайын, Ата-Журт! Жазда башка… жел тийбесин абайла, Көпкө турбас, мобул турган сур булут. Бүт дартыңды өз мойнума алайын, Сен ооруба, мен ооруюн, Ата-Журт! Түндөр жаман… кырсык салып кетпесин, Наалат келип ат тизгинин шарт буруп… Азабыңды өз мойнума алайын, Токтой турчу, из карайын, Ата-Журт! Жазда башка… жел тийбесин абайла, Көпкө турбас, мобул турган сур булут. Бүт дартыңды өз мойнума алайын, Сен ооруба, мен ооруюн, Ата-Журт!
  • Сүйөм сени, сүйөм күндөй көктөгү, Сен күткөндөй сүйүүм жалп деп өчпөдү. Өрчүп, өрчүп улуу өрткө айланып, Өмүрүмдүн күлгүн кезин өрттөдү. Ак сүйүүнүн шек келтирбей салтына, Ардактасак, жетер болсок баркына. Экөөбүздү сезмек эмес тозоктой, Экөөбүздөн качмак эмес бакты да. Эми билдим, сүйүүлөрдү таптаза, Эзелтеден кайгы-капа баспаса. Азыркыдан адамдар да бактылуу, Азыркыдан дүйнө болмок башкача. Өкүт ыры чын сырымдай сезилсе, Эт жүрөгүң эңшерилип эзилсе. Өтүнөрүм абалыма түшүнүп, Кайрыла көр мен тирүүмдө, кечикпе.
  • Мейли тагдыр мага башың ийбегин, Мейли тагдыр мага жарык тийбегин. Бул жашоомдо жүрсүн жарык күн тийип, ай, Медер туткан ата-энеме тийбегин Мейли, тагдыр өлчө-калча, бийлегин, Мейли, тагдыр, камыр кылып ийлегин. Мен өзүңдөн башка нерсе сурабаймын, Медер туткан балдарыма тийбегин. Мейли, тагдыр, сыйлыгыңды бербегин, Байлыгыңды маңдайыма илбегин. Андан өткөн мага байлык, бакыт жок ай, Суранарым бир боорума тийбегин, Бир тууганым, жакыныма тийбегин. Мейли, тагдыр, айткан тилди албагын, Бошко согуп, ташка согуп алдагын. Жашап дайым өчпөс кылып түбөлүк, ай, Жүрөктөгү сүйүүмө шек салбагын, Түбөлүктүү доторума тийбегин. Мен өзүңдөн башка нерсе сурабаймын, Суранарым ата-энеме тийбегин. Суранарым балдарыма тийбегин. Суранарым эл-журтума тийбегин.
  • Сыртына барып айылдын, Сырдашкан чакты сагындым. Түгөнбөй сырдын түйүнү, Түбүндө аппак кайыңдын. Ал кайың турат, өзүң жок, Андагы айткан сөзүң жок. Арзыган жарга кошпогон, Ах сүйүү, сенин көзүң жок. Жылдызын көктөн каратып, Жылмайып тоодон таң атып. Кадыр түн тоскон кездер, ай, Кай жакта калдың адашып? Кайырма: Ал кайың турат, өзүң жок, Андагы айткан сөзүң жок. Айтылган сөзгө турбаган Эх сүйүү, сенин көзүң жок. Айтылган таттуу ант калып, Жүрөктөн кетпес так калып. Сен кеттиң кайра кайрылбай, Мен турам көзгө жаш алып. Кайырма: Ал кайың турат, өзүң жок, Андагы айткан сөзүң жок. Арзыган жарга кошпогон, Эх сүйүү, сенин көзүң жок. Ах, сүйүү, сенин көзүң жок.
  • Элесиңди карап турсам сүрөттөн, Эске түшөт көлдүн жээги гүл өскөн. Эсиңдеби кечиндеги сырдашуу, Сууруп чыгып таттуу сөздү жүрөктөн. Жүрөгүмдө сүйүү турса чыдатпай, Жүзүң жарык балбылдаган чырактай. Суктандырдың, суусаттырдың кайрадан, Эзелтеден бирге жүргөн ынактай. Сансыз жылдыз бизди гана карашып, Сени менден, мени сенден талашып. Ойноп-күлүп көпкө жүрдүк, жаркыным, Кеткичекти аппак болуп таң атып.
  • Куш көрсөм ай-асманда жалгыз учкан, Ыйлагым келет кээде жалгыздыктан. Жан эзип элесиңди эркелетем, Өзүңдү көрүп алып көз жашымдан. Бактысыз күнүм узарып, Баса албай жүрөм тушалып. Жаздыктын эки жагында, Сагыныч менен кусалык. Ууландым арзуу деген балдай уудан, Мен сенсиз жашаганга жаным курман. Болсун деп бой боздоймун өмүр бою, Шамалдай өзүнө өзү аска курган. Кайырма: Кутул деп ким бирөөнүн кучагынан, Жанымды жанга ургулап улам-улам. Балыктын үнү менен кыйкырамын, Калтылдап кайырмакта туйлап турган. Кайырма:
  • Көрүшкөндө көздөрүңдөн чагылган, Нурларынан курган кайран көпүрөм. Бекемине күмөн санап жаңылган, Өтүмү жок болгонума өкүнөм. Кайырма: Кимге айтып күйүтүмдү? Кимге барып өтүнөм? Кимге барып күнү–түнү? Кимге айтып күйүтүмдү? Кимге барып күнү–түнү? Кимге барып өтүнөм? Таңшыганча табышмактуу таң сыры, Тандап кеттиң таңы салкын өлкөнү. Табалабайм кайрылганда айт чынын, Артык бекен башка жердин көркөмү? Арбалсаң да бир келерсиң, Ала-Тоону көргөнү. Эстегенде сермелерсиң, Арбалсаң да бир келерсиң, Эстегенде сермелерсиң, Ала-Тоону көргөнү. Кала берем мекенимде сени эстеп, Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо. Өкүнгөнүң көңүлүмдө элестейт, Көргөн сайын жалын бүрккөн жанар тоо. Жалын бүрккөн үшкүрүгүң, Жалын бүрккөн үшкүрүгүм, Жаңырыгы жарар зоо.
  • Гүл ачышып бакта өскөн сирендер, Бүгүн, жаным, сени мага эскертти. Сүйүү менен көкүрөктө тирелген, Каяккадыр ирип агып кетсекчи. Кайырма: Келсечи кайрылып ошол бир мезгил, Эрте-кеч эзилип сени самаймын. Сезилет өмүргө шерик дайыма, Сен болуп маңдайга бүткөн таалайым. Белгисиз бир сезимдерим гүлдөдү, Сырым калбай эч бирөөдөн жашырган. Учуп чыккан жылдыз болуп түндөгү, Сага жетүүгө кандай гана ашыгам. Кайырма: Таарынбайлы биз эч качан тагдырга, Бул турмуштун бурулушу ар кандай. Ал кездерди элестете калганда, От чачырап туруп калам жана албай. Кайырма:
  • Калп эле мен өзүмдү алдай албайм, Калп эле жазың болуп жайнай албайм. Кайыр кош, арманымдын айыпкери, Капаста торгой болуп сайрай албайм, Капаста булбул болуп сайрай албайм! Күтө албай күнүбүздү, Күбүдүк гүлүбүздү. Соңку жолу ырдайм сага, Соолуган сүйүүбүздү. Толкунду тоскум келип шарпылдатпай, Тордолгон тар дүйнөңө калдым батпай. Энчилеп жалгыздыкты жолго чыктым, Элим бар күтүп алар жалгыздатпай, Элим бар тосуп алар жалгыздатпай. Эми сен созбо колуң, Эскини козгобогун. Жеңилип турмушумдан, Жетишет коздогонуң, боздогонум. Бир келген жаштыгыма тагдырлашмын, Кирдеген жан дүйнөңө кайрылбасмын. Дүйнөнүн жыргалынан айрылсам да, Мен сүйгөн ырларымдан айрылбасмын. Билгизип маанайымды, Бир тилек каалайынбы? Таарынбай тагдырыңа, Тапкын өз таалайыңды. Көңүлүм кыйылды, Көз жашым тыйылды. Турмуштан өтөмүн мен, Туу кылып ырымды.
  • Бук болгон бул дүйнөмдү канча алдадым, Буулуктум билбеген соң кайтар жагым. Ак куулар учуп өтсө карай берем, А балким, айтабы деп кабарыңды. Ак гүлдөр, аппак гүлдөр, ай- күндөр, Адашкан жамгыр көрдүм, айта албадым. Сагынып санаа дагы, баягы ырды, Сай бойлоп тоскум келди шамалыңды. Күн сайын сен тарапты тиктей берем, Күтүүнүн чөлүндө өттү канча арманым? Көк гүлдөр, көпкөк гүлдөр, көркөм гүлдөр, Көрүүгө зар кылдың го карааныңды. Билбеймин качан кетем, качан келдим? Бир бурчун таба албадым батар жердин. Биз эми бул жалгандан кездешпейбиз, Бир гана сен деп өңдөн азар менмин. Жаш болбойм, жакын болбойм, жар да болбойм, Сен мага азап болдуң, жашай бергин, Сен мага арман болдуң, жашай бергин.