Казахские песни Узбекские песни

Азербайджанские песни в машину.
Страница 60

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

В машину

Азербайджанская музыка в машину
  • Жаным, мөлтүрөгөн көздөрүнө зармын, Сени менен кол кармашып дайым. Жаным, жүрөгүмдө өзүң болчу дайым, Сездим окшойт мен бакыттын даамын Кайырма: Эки жүрөк бирге болсочу, Экөөбүзгө бакыт консочу, Бекем болуп өзүң кооздочу, Менин дүйнөмдү. Эки жүрөк бирге болсочу, Оротобузга сүйүү орносун Кел жашоомду өзүң кооздочу, Менин дүйнөмдү. Жаным, түбөлүкө жаным болчу дайым Сени менен бир болойун жаным, Жаным, бул сыноолор өтөт кетет баары, Сага гана эркелейин дайым Кайырма:
  • Жакшы көрүп жамалыңа жаным байланам Жалгыз сага менин сүйүүм аманат Башка ааламдан түшүп келдиң беле сен Ак сүйүүмдөн дайым башым айланат Майда майда басканыңдан ыргалып Жылмаюдан биздин өмүр нурданып Эч билгизбей жашап келем мен Өзүмдөн өзүм кызганып Кайырма : Мончок-мончок көздөрү кара Сага деген сүйүүм дайра Эзилемин жаным Карай берем сени кайра кайра Мончок-мончок көздөрү кара Сага деген сезимдер дайра Эзилемин жаным Карай берем кайра кайра Бул дүйнөдө бир жаралат мындай махабат Ушул сезим бизге гана жарашат Төрт мезгилдин сулуулугу сендей Көздөрүңө көзүм жаным кадалат Ал ан сайын көзүм албай карадым Канча өмүр баарын сага арнадым Жүрөк ээлеп алган үчүн Дары кыз деп сени атадым
  • Кичинекей менин жүрөгүм, Көксөп күткөн анык тилегим. Жыттап тойбойм, эркем жытыңа, Ак жүзүңдөн күндө сүйөмүн. Жаным бөбөгүм, сени өбөйүн. Бардыгынан билсең, артык көрөмүн. Кайырма: Атасынын данеги, сен кызым, Апасынын кареги, сен кызым. Балбылдаган көздөрүңдөн, Бакыт көрдүм, бүт ааламга тең кызым. Өскөнүңдө гүлдөй ачылып, Көрүү үчүн келем шашылып. «Атакелеп» тоссоң алдыман, Чарчаганым калат жазылып. Асыл бөбөгүм, кызым жөлөгүм, Үйүбүздү чон бакытка бөлөдүң. Кайырма:
  • Көздөр, көздөр жашка толду, Сүйгөн жүрөк жакпай койду сага… Жаным сага. Билсең дагы сүйөрүмдү, ачпай койдуң жүрөгүңдү мага… Оо мага… КАЙЫРМА: Мен сага жакпай койдум, Көңүлүң таппай койдум, махабатым менин. Жаралуу жүрөгүңө, Жалгыз мен батпай койдум, махабатым менин! Ооо…. Маңдайыңдан табылайын, Махабатым дарылайын, жаным кагылайын… Бакытка жол табыш үчүн, Бир өзүңө жагыш үчүн, жаным не кылайын?
  • Сен мени салдың жаным неге кайгыга? Мен сенден калдым минтип айрыла. Бирге жүрүп жок болдуң, ичте күйгөн чок болдуң, Кайда кеттиң капырай, эс учумдан тандыра ай… Кайырма: А күйдүм, а күйдүм ай, Неге эле сени сүйдүм ай? Сүйдүм, сүйдүм, сүйдүм ай, Неге эле сен деп жүрдүм ай? Жүронүң эле элден такыр башкача, Күлгөнүң тунук эле таптаза. Эңсебеске арга жок, эңсегенде пайда жок, Эмне кылам капырай, сыртым жалын ичим чок. Кайырма: Сен мени салдың жаным неге кайгыга? Мен сенден калдым минтип айрыла. Бирге жүрүп жок болдуң, ичте күйгөн чок болдуң, Кайда кеттиң капырай, эс учумдан тандыра ай… Кайырма:
  • Капысынан жолуктум Марбия Марбия Көрүп сени олуктум Марбия Марбия Жамалыңа суктандым Марбия Марбия Уйгур кызы адеми Марбия Марбия Кайырма: Көздөрүңдү көргөндө Марбия Марбия Көздөрүңдү көргөндө Марбия Марбия Тартып мени арбады Марбия Марбия Арбады да кармады Марбия Марбия Карагаттай көздөрүңдөн Марбия Марбия Балдай ширин сөзүңдөн Марбия Марбия Сезимим сага байланды Марбия Марбия Күлүп турган жүзүңдөн Марбия Марбия
  • Жаным жааным жакын көргөн адамым сенсиң Оюумдасың көңүлдүн баарын ээлегенсиң Жалындаган махабатымды ченелбеген Бөлүнүп кете албас кыялымды сен менен Арнадым сага баарын ишенип айталамын Өзүңсүн менин багым Кайырма: Сен менин жан дүйнөмө керексиң Жүзүмдө жылмайууга себепсиң Бактыма сендей адам турганда Жүрөгүм бүтүн менин жалгыз эмесмин Сен менин жан дүйнөмө керексиң Жүзүмдө жылмайууга себепсин Көңүлүң ооруп турса муңайба Мен бармын жаным жалгыз эмессиң Жаным жааным эч кимге окшобогон жансың Көзүңдөгү нуруна мени байлагансың Жалындаган жүрөгүмдү менин арбаган Сен деген сезимдердин тереңине таң калам Сырымды сага ачтым колуңда менин бактым Сүйгөнүм махабатым
  • Баргым келып турат Бий ааламга күнде кешке Сагынып калам Ол күндерим али эсте Ыргагым да диско Кече көркү биз го Жалында дечи элек Бирден кыз бир бала Бий бийлеп ламбада Унутпайм дечү элек Тан суумайтын махабаттын кеши Бийлеттик макро самый вечер Кайтып келмес гажайып жагдарды Сенде миндет сагынбайм демеши Сагыдым ауу Ал кезде тиджей эмес Ойночу эски «мафон» Итс май лайф мария Я махо, я ма соу. Диско ыргагы мен Дилимден бары мен Сагынам али мен Бир кыз бен бир бала Каз катар ыргала Бийлеген ламбада Ошондогу махабаттын кечи Бийге чакырат го самый вечер Сагындырып кайрылбасаң дагы Жаштыгым сен эсимден кетпечи Сен кетпечи.
  • Акырындап баары иргелет, Акыреттик достор бир келет… Арттан жөлөп, күйгөн мен үчүн, Андай досту айтчы ким берет..? Жыгылдым, кыйналдым, толгондум, Сыноосунда тагдыр жолдордун. Кеңеш айтып, тартып колумдан, Ошондо да бирге сен болдуң. Мен сени жакшы көрөм досум, Бул достукту Кудай колдосун! Ортодогу таза мамиле, Кылымдарга чейин орносун ээй! Өмүрдө биз эки кош канат, Биздин достук өчпөй сакталат. Достун досу сендей болот деп, Айткым келет талбай кайталап ээй! Жаш кезден бекемдеп тамырын, Чын достукту курдук акырын. Бир нанды да тең бөлүп жеген, Мага кымбат сенин кадырың. Тиленем, суранам ар таңда, Токсон, жүзгө чыгып барганда. Майрамдарды чогуу белгилеп, Достугубуз өтсүн балдарга.
  • Ак булутту аралап ай баратат. Аккуу болуп көлдөгү жай баратат. Аталбайсын аккууну оңой менен, Жеталбайсын айга да жел ой менен. Жеткинчекти жетпестен калган жакшы, Жетип азап жегиче арман жакшы. Жетем десем сулуу ай, жетер элем, Көк деңизин булуттун ай кечер элем. Сүзө бергин алтын ай, көгүн менен, Мен карайын өзүңдү теңим менен. Сага жакшы сезилсе булуттуу көл, Мага жакшы көктөм жер жемиши көп.
  • Айлыбызда алма гүлдөп турганда Күнүндөгү өрүк жашылданганда Биз турабыз ак мектебтин алдында Кайрылабыз ошол сонун жылдарга Кайырма: Кош эмесе мектебим Кайра келер бекенмин Көздөрүмдөн жаш агып Коштошуп бүгүн кетемин Китеп кармап бизге көптү үйрөткөн Билинбестен окуучулук жыл өткөн Алкыш айтам мугалимге китепке Айла жокко бул мектептен кетпеске Кайырма:
  • Кеткилечи суранам, унутулду убадаң, Керек бизге мекенчил, бейпил турмуш кураган. Элим үчүн тилемчи, болсом дагы мейличи, Мындай оор кырдаалда, болбойлучу бекерчи. Жогорудан кабар жок, ойлободу элдерди, Уга берип суук кабарды жүрөктөр да эзилди. Жеңебиз бирге, аты өчкур илдетти, Күч биримдикте, жети дубан бирикти. Баары жакшы болот, мен ишенем сен да ишен, Эл сен менен журт сен менен. Остановись, знай же грани лжи, Забираешь души ломая мелкому мечты Остановись, ты можешь просто не мешать Когда на свете проливают молодые. Нежданно встретил нас, удручил в темноте. Дал народу шанс объединив мир в слепоте. Против каждого из нас, но мы не одни, Шаг за шагом как, но мы непобедимы. Кайырма: Кеткилечи суранам, унутулду убадан, Керек бизге мекенчил, бейпил турмуш кураган. Кеткилечи суранам, умут багы кураган, Жаны жүздор келишсин кыргыз көчүн улаган.
  • Кеткилечи суранам унутулду убадаң Керек бизге мекенчил бейпил турмуш кураган Элим үчүн тилемчи болсом дагы мейличи Мындай оор кырдалда болбойлучу бекерчи Жогорудан кабар жок ойлободу элдерди Уга берип суук кабарды жүрөктөрда эзилди Жеңебиз бирге аты өчкүр илдетти Күч биримдикте жети дубаң бирикти Баары жакшы мен ишенем сен да ишен Эл сен менен журт сен менен Остановись знай же грани лжи Забираешь души ломая мелкому мечту Остановись ты можешь просто не мешать Когда на свете проливают молодые Нежданно встретил нас удручил в темноте Дал народу шанс обьездив мир в слепоте Против каждого из нас но мы не победимы Шаг за шагом как но мы не победимы
  • Атакемдин бүгүн туулган күнү Гул суналбайм каалайм өмүрдүн гүлүн Жыл айланып айлар өтсө арадан Эх атаке картайбачы суранам Кайырма: Куттуу болсун алтын ата туулган күнүң Куттуктайбыз сени бүгүн уул кызың Кайгы тартпа капаланба суранарым Апам менен бул жашоодо өмүр сүргүн Куттуу болсун алтын ата туулган күнүң Көрдүм бүгүн Атакемдин күлкүсүн Тилейм дайым жакшы ирмемдин түркүмүн Биз кубансак дайым атам кубанып Ата жүрчү төрүбүздө сүйүнүп
  • Жаштыгым кайда шаштың Менден алыс узадың Ак боз атын тизгини Мына бүгүн тартамын Балалыкка баш алып Кетким келет күн сайын Өмүр өтсө бул күндөр Кайра келбейт тууганым Кайырма: Өмүр чиркин бир келет Өкүнбөй жашоо керек Сыйлашалы кел досум Бул жашоо бизге белек Тагдырыңа кейибе Ден- соолук бар шүгүр де Кел досум сырдашалы Жашоодо болот кайгы Амандык болсун дайым Ден- соолук бар байлыгың Адамдык ак сапаты Түбөлүк ары улансын
  • Кайырма: Билем, сөз жок чүрөксүң, Тынчын алба жүрөктүн, Таштап кетчи, тандап жетчи, Махабат мүрөгүн. Билем, сөз жок сулуусуң, Сулуулугуң курусун, Байкап көрчү, балдап өпчү, Менден бир дурусун. Болбой эле кадаламын, Баш айланып ыр жазамын, Магдыраткан махабатка, Өзүң болдуң жан мазагым. Тоңбой эле жазыламын, Тоголонуп ачыламын, Тоо карагат көздөрүңө, Чабак уруп чачыламын. Кайырма: Качпай эле жабышамын, Карек издеп табышамын. Каш, көз, чач, кирпиктериңе, Чаң жугузбайм ханышамдын. Соолбой эле чачырадым, Соо койбодуң, жан чырагым. Жанчып тепсеп, тебелеген, Балким, өзүң менин бактым.
  • Мээрим төгүп жайнаган Бүт өмүрүн арнаган Уул болсом деп тилеймин Эмгегиңди актаган Алтын апа жаным апооу Сизге дайым таазим апооу Ак сүтүңдү эмгенмин Ак бешикке термедиң Сиз бар үчүн апаке Билем дүйнө кеңдигин
  • Жал, жал карап калган чагында Жүрөк күйдү чексиз жалынга Жан адамга ыраа кыйбастан Жүргүм келчү сенин жанында Тиктей албай карек нурларын Эстен кетпейт кирпик жумганың Бир өзүнө арнаар элем мен Махабаттын назик ырларын. Кайырма: Ачык айтсам сен кеткенден карабай Азап тартам ичте бугум тарабай Айыкпаган дартка салдын кантейин Абалымды сураганга жарабай. Мейли, мейли сурабагын абалым Мен алгачкы сүйүүм менен каламын Эсте жүрсүн гүл сунушкан учурлар Эсте жүрсүн гүлүп турган жамалын! Аттин, аттин ошол кездерим Алдаарыңды неге сезбедим Жанга батып жүрөк сыздатты Жал оорутуп таштап кеткениң Жароокерим менин жалжалым Сүйбөс болсон неге алдадың Эстей берип өмүр өткөнчө Көкүрөктөн кетпес арманым Кайырма: Ачык айтсам сен кеткенден карабай Азап тартам ичте бугум тарабай Айыкпаган дартка салдын кантейин Абалымды сураганга жарабай. Мейли, мейли сурабагын абалым Мен алгачкы сүйүүм менен каламын Эсте жүрсүн гүл сунушкан учурлар Эсте жүрсүн күлүп турган жамалың!