Казахские песни Узбекские песни

Песни про любовь на азербайджанском языке.
Страница 10

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Любовь

Любовь — это самое сильное, прекрасное чувство в мире, и прожить его надо наслаждаясь им.
  • Мен күткөн ханзадам, Сени көрсөм кубанам. Жашоомо көрк берген, Бакытым — сен. Кайырма: Сен менин — ачык асманым, Сен менен атсын ак таңым. Соолубас бейиш көлүндөй, Сүйүүбүз биздин жашасын. Сагынам зарыга, Алыстасаң жанымдан. Өмүрүм сен менен, Жүрөгүм — сен. Кайырма: Баал тилдүү, шириним, Сөзүң мени жибитет. Жүрөккө сөзү өткөн, Жалгызым – сен. Кайырма:
  • Көңүлдө көптөн бери жашап, Жүрөт жакшына бир жигит. Кетпей койду түшүмдөн, Махабатым ал билип. Негедир баарынан кызганат, А кыздар мага суктанат. Арзуунун ырын ырдап берет, Сезимди кытыгылап. Кайырма: Таптаза сезимиң мөлтүр булактай, Таарынычың таңкы бубактай. Көздөрүң жайнаган, жанган шам чырак, Көңүлүм сага тартылат. Керемет сезим бар мени арбаган, Бир жакшы сөзүм бар сага арнаган. Сырдуу жигит, сендик менин жүрөгүм, Сени гана сүйөмүн. Тымызын мен да жактырамын, Айтпайм, бирок сүйүүмдү жашырам. Тик карабай көзүңө, Көздөрүмдү качырамын. Бир сезим көңүлдү шат кылат, Кыялым сен жакка азгырат. Арбалып көңүл, Сен ырдаган ырларды жактырамын. Кайырма:
  • Кайра эле көзүмө, Тартылат сенин жүзүң. Жалынып, кайталайм, “Сагындым” деген сөздү. Кымбатым, кыйбасым, Өзүңдү мен сагындым. Өзгөрбөс болуп, Мен түбөлүк сүйүп келем, Сени… Кайырма: Дүйнөдөгү кубанычымсың, Жараткан бир суранычымсың. Көрбөй калсам, кусалыгымсың, Асылым, алтыным… Жашырып, сактаган, Арнагам сүйүүм сага, Башкадан таппаган, Махабат тагы сага. Кымбатым, кыйбасым, Өзүңдү мен сагындым. Өзгөрбөс болуп, Мен түбөлүк сүйүп келем, Сени… Кайырма:
  • Үмүтүм үзүлбөй үшкүрөм түңүлбөй Сөз калды айтылбай Сыр бойдон ачылбай Сага айтпадым Сагынып саргайдым Ойлорум чаржайыт Жүрөктө жүргөнүң сезбедиң Сен дайым Сага айтпадым Мен сени издесем Билдирбей тиктесем Мейли сен билбесең Мейли сен күтпөсөң Сага айтпадым Келбейсиң жарк этип Толкундай шарп этип Күтмөкмүн өзүңдү Чоң бакыт бар сезим Сага айтпадым Таң болуп атасың Күн болуп батасың Сен мага бийиксиң Сен мага тазасың Сага айтпадым Арзуумду сыр кылат Тигилсем кылгырат Купуя сезимден куткарчы мени аяп Сага айтпадым
  • Аруу сезим кайрыгы сизге чексиз, Айтпай аны сактоо эрким жетпес. Көңүлдөгү сырымды көзүм айтып, Сүйбөй сизди коюуга мүмкүн эмес. Кайырма: Айта албаймын сүйөөрүмдү, Өзүңүз деп бардыгына түтөөрүмдү. Өмүр бою өзүңүздү күтөөрүмдү. Кызгануудан абалым жакшы эмес, Ырдап айтып салууга үнүм жетпес. Жүрөгүмдө таберик тумарымсың, Сүйбөй сизди коюуга мүмкүн эмес. Кайырма: Айта албаймын сүйөөрүмдү, Өзүңүз деп бардыгына түтөөрүмдү. Өмүр бою өзүңүздү күтөөрүмдү.
  • Күтүүгө жүрөгүм арнасам дейм, Кусалык азабын ар качан жейм. Күлүктөй чуркаган күндөрүмдө, Мен сизди таарынтып албасам дейм. Жарыгын сезимдин кармасам дейм, Жан дүйнө азабын ар качан жейм. Мейли эле өзүмдү аябасам, Мен сизди оорутуп албасам дейм. Өзгөнүн чаңында калбасам дейм, Өрт сүйүү азабын ар качан жейм. Өмүрдө, жашоодо бир болууга, Өзүмдү бир сизге арнасам дейм. Айта албай чын сырды калбасам дейм, Арзуудан азапты ар качан жейм. Мезгилден кечиккен тагдырымда, Мен сизди жоготуп албасам дейм. Мен сизди оорутуп албасам дейм.
  • Бул турмуш дарак тура мөмөлөгөн, Мөмөсүн эсиргендер тебелеген. Мен сени жандап жүргөм жашыл жолдо, «Бөлүнбөй кете берет» деген элем. Бул турмуш деңиз тура кемибеген, Жакшылык-жамандыгын ченебеген. Тымызын кош айтышып жаткан кезде, «Мен сени унутам го» деген элем. Көрсө, сен катар басып койбоптурсуң, Бүтүндөй өмүрүңдү ойноптурсуң. Жүрөктө балалыгым кандай калса, Сен дагы дал ошондой орноптурсуң. Жүрөктө дал ошондой, Сезимде дал ошондой, Жүрөктө дал ошондой орноптурсуң.
  • Жалгызым деп жандай көрүп Жалооруп сүйсөң түгөйүм. Жайнап турган жамалыңан Махабаттын тапсам гүлдөрүн. Гүл жыттанган сүйүү жолдору Күйөт арман менен өтпөсө ооу. Күйүп турган сезим түбөлүк Күндөй болуп такыр өчпөсө ооу. Кайырма: Тагдырлашым таалай бакытым Табышкандар болот ашык жан. Таттуу өмүр сүрүп кош жүрөк Тамшанышса чексиз ашыктан. Ашыгым деп арнап турсам Ар убак жакшы сөздөрүм ооу. Арзышкандар ак канатчан Ак куулардай көрсө өздөрүн ооу. Гүл жыттанган ошол күндөрүм Күйүп, бирок такыр өчпөсө. Күмүш күлкүң күндө жаңырып Гүл өмүрүм такыр бүтпөсө. Кайырма: Тагдырлашым, таалай бакытым Табышкандар болот ашык жан. Таттуу өмүр сүрүп, кош жүрөк Тамшанышса чексиз ашыктан.
  • Атар таңым, кубанычым, үйдө кутум, Асыл жарым, ардагым, бакыт кушум. Өмүр бою жаркырап жанымда жүр, Өзүң барда мен үчүн дүйнө бүтүн. Кайырма: Сапарлашым, түгөйүм, сагынарым, Сүйгөн жарым, эрмегим, жалынарым. Мен карыйын түйшүгүң тартып жүрүп, Сен карыба, жан биргем, кагылайын. Бир өмүргө өзгөрбөс арчадайым, Бийиктеги жылдызым, бак-таалайым. Алдымда жүр жетелеп максаттарга, А мен болсо артыңдан акмалайын. Кайырма: Кудай кошкон жандоочум, сүйдүрөрүм, Угуп турчу, чынымды билдирейин. Сенин барың суранып Жараткандан, Сени менен түбөлүк бир жүрөйүн. Кайырма:
  • Өзүңдү сүйгөн күнөмбү, Өрттөндүм, аргам түгөндү. Ашыктык гүлү ачылсын а, Жүрөккө сепчи үрөндү. Махабат гүлү ачылсын а, Жүрөккө сепчи үрөндү. Адамда ар сыр кыял бар, Айта албайт аны уяңдар. Өчпөгөн менин чолпонум ай, Өзүңө мендей бир кыз зар. Өчпөгөн менин чолпонум ай, Өзүңө мендей бир кыз зар. Дартымды аччу далалат, Арга тап сүйүүм аманат. Суу бүркүп сүйүү отуна да, Жүрөктү кетпе жаралап. Суу бүркүп сүйүү отуна да, Жүрөктү кетпе жаралап.
  • Гүлдү көрдүм, аяп аны үзбөдүм, Бирок калды жаз гүлүндө менин издерим. Эмнегедир көңүл дегдеп ошондо, Көп гүлдөрдөн сени гана издедим. Асылкечим, ошол мага туу болду, Жүрөккө дем, көңүлгө ынак гүл болду. Доорун сүйүп, элин мактап жактырар, Көлдө сүзгөн аппак, чүрөк куу болду. Эгер мени кайгы булут каптаса, Ачык бойдон, ачык асман, таптаза. Үмүт жылт деп, үйдүн куту жарк этип, Өмүр чеги өрдү көздөй акпаса. Гүлдү көрдүм, аяп аны үзбөдүм, Бирок калды жаз гүлүндө менин издерим. Эмнегедир көңүл көксөп өмүрдө, Сан гүлдөрдөн сени гана издедим.
  • Алыстан бир сен үчүн келгенимди, Сыр кылып кызыл гүлдү бергенимди, Сен билген жоксуң. Ичимден сүйөмүн деп айтканымды, Үшкүрүп үйгө амалсыз кайтканымды, Сен билген жоксуң. Атыңды ак баракка жазганымды, Анардай кызыл өңдөн азганымды, Сен билген жоксуң. Үйүңдү жалжал карап күткөнүмдү, Көзүмдөн ысык жашты төккөнүмдү, Сен билген жоксуң. Түшүмдө сени менен жүргөнүмдү, Эзилип эркин ойноп- күлгөнүмдү, Сен билген жоксуң.
  • Ошол күнү кош айтыштык унчукпай, Алыстадың карааныңды көрсөтпөй. Толкуп-ташып кала бердим ага албай, Из калтырып, соолуп калган өзөндөй. Көрбөй калсам сагынам деп жазганың, Жалган беле сүйөм деген каттарың? Бүт өмүрдү ойрон кылып кеттиң го, Көлгө айланды көздөн аккан жаштарым. Өмүрүмдүн сенсиз аккан дайрасы, Элестетет соолуп калган булакты. Ойлобопмун муң-зар менен күтөм деп, Эстен кеткис жаштык-жалын куракты. Жан дүйнөмдү козгоп жүргөн сөздөрүң, Билбептирмин баары жалган экенин. Кайгы-муңду тартуу кылып өзүмө, Билбей калдым кимди ээрчип кеткениң.
  • Кой тырынба, унутпаймын эсимдесиң, Комуз кылдай толгонуу сезимдесиң. Карап көрчү капалуу кабагымды, Кантип андан сагыныч сезилбесин. Ээ, ла,ла,лай. Көрсөмчү деп өзүңдү күйөт көзүм, Көпкө тиктеп турганды сүйөм өзүм. Бар экен да жүрөгүм, сенда барсың, Анткени сен ар дайым жүрөктөсүң. Ээ,ла,ла,лай. Жүрөктөшүм көңүлүмдүн өзүндөсүң,
  • Сынасам көңүлүмө толосуңбу? Сылык сүйлөп, сыпаа күлүп коёсуңбу? Сени айтып курбуларга мен мактансам, Сыймыктанар адамым болосуңбу? Кызыксам көңүлүмө толосуңбу? Кыйгач карап, кытмыр күлүп коёсуңбу? Кыйынчылык башка түшүп турган кезде, Кыр көрсөтчү курдашым болосуңбу? Жактырсам көңүлүмө толосуңбу? Жайкап сүйлөп, жайнап күлүп коёсуңбу? Жамандык башка түшүп турган кезде, Жардам берер адамым болосуңбу? Тандасам көңүлүмө толосуңбу? Так сүйлөп, тамашалап коёсуңбу? Тайгак кечүү, тар жолдон тайгалансам, Тагдырлаш күйөрманым болосуңбу? Ардактасам көңүлүмө толосуңбу? Аяр карап, алдап күлүп коёсуңбу? Акылымдан адашып турган кезде, Акылдашчу адамым болосуңбу? Жолуксам көңүлүмө толосуңбу? Жоодур карап, жообун айтпай коёсуңбу? Жол таппай баш айланып турган кезде, Жол көрсөтчү жолдошум болосуңбу?
  • Неден жаздым, неден жаңылдым, Не себептен мага таарындың? Жылдыз жүзүң көзгө элестеп, Жылаажындай күлкүң сагындым. Куса болуп жездей саргарып, Күйүтүмдөн чексиз багындым. Сага арнап сүйүү ырларын, Сага айтам жүрөк сырларын. Сен жөнүндө бүтпөс ыр жазам, Сага айтам тунук сырларым. Махабаттын кезип сапарын, Махабаттын ачкам кырларын. Табийгат да сенсиз суз тартып, Аянычтуу дайра муңканып. Суу боюнда өскөн камыштар Шуудурашат үнсүз сумсайып. Кайда кеттиң, кайда жүрөсүң, Жүрөк сүйгөн менин түгөйүм? Кайда кеттиң, кайда кеттиң…?
  • Билбедим булбул болуп таңшыдымбы, Бир гана сага арнагам таңкы ырымды. Мен анан күйүт күүсүн чалып калдым, Мээнитпей дил арзыган таңсыгымды. Ойлогом тартууласам жан сырымды, Ойготор махабатын жарчымынбы? Оюнга чалганымда арзуу-зарым, От тамбай, билдим анан алсызымды. Табышмак, турмуш жолу туруктуубу? Табышмак, жетмек беле туруктуулук? Өкүнтүп элесиңди өчпөс кылган, Өтмөкмүн махабатка кулдук уруп.
  • Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде, Асманга бүркүт шаңшып учкан кезде. Cаамайларын cеңселткен ак кайыңдар, Самашып сагынычымды уккан кезде, Барам сага. Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде, Нөшөрлөп электете төккөн кезде. Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз, Көп күндөр арабыздан өткөн кезде, Барам сага. Гүлдөргө аарыларың конгон кезде, Бал чөбүн Ой-Алманын соргон кезде. Мурдагы биз жолуккан кечтегидей, Алтын ай асмандагы толгон кезде, Барам сага.
  • Күтпөчү сагынарым, сагынарым, Саргарып калар бекер ак ыраңың. Жайнаган элик көзүң сумсайбасын, Жароокер мен өзүңдү сагынамын. Келип кал дүйнө-жүзүн жарык кылып, Шоолаңды, нуруңду эч аябастан. Өзүңсүз мен кеттим муздай сынып, Өзүңсүз жылдызы жок, бүркөк асман. Маанилүү сен бар үчүн жарыкчылык, Маанилүү ырдоо жана күтүү жетпей Тагдырым берет жыргал зарыктырып, Жашаймын махабаттан үмүт үзбөй.
  • Айдыңга ак куулар жол алды, Сагындым сени. Жайнады дүйнө да, жаңырды, Сагындым сени. Жаз өттү, жалбырак саргайды, Сагындым сени. Ак кайың ак мамык жамынды, Сагындым сени. Кайырма: Күн батты, таң атты дагы да, Эм таппайм жаралуу жаныма, Бир гана сени эңсеп карайлаймын жолуңдан. Сен элең сүйүүмдүн жанары, Эңсеткен жүрөгүм жамалың, Эзилип ичимен барамын, ай, маралым. Ак кайың арылды ак кардан, Сагындым сени. Булбул куш сайрады бактардан, Сагындым сени. Элесиң жүрөгүм жандантып, Сагындым сени. Келесиң жаным кай жактардан, Сагындым сени. Кайырма:
  • Жолуңду тосуп жүрөм Колумду созуп жүрөм Жалжалым жүрөгүңө Жүрөктү кошуп жүрөм Жароокер жүрөгүңө Жүрөктү кошуп жүрөм Жанымда бир болууга Айламды таппай жүрөгөм Жактырып сүйүп жүрөм Жабыгып күйүп жүрөм Жообу жок калган сөздү Жүрөктө түйүп жүрөм Жан биргем бир өзүңө Жан дүйнөм түздөп жүрөм Арзыган сүйүү сөзү Дагы эле күтүп жүрөм Өмүрдү кесип жүрөм Мөзөктү эзип жүрөм Өзгөчө күнөөлүүдөй Өзүмдү сезип жүрөм Өзүндү сүйгөнүмө Күнөөлүү болуп жүрөм
  • Ошол кеч эсте калды күзүңдөгү, Көргөндөн үмүтүм эч үзүлбөдү. Жүрөктү жүзгө бөлүп кетти окшойт, Жылдыздай уячалар жүзүңдөгү. Кайырма: Сиз мага ушунчалык жагасыз да, Көктөгү жылдыздардай жанасыз да Экөөбүз бир болбойбуз аттиң дүйнө, Жүрөктө арман болуп каласыз да. Жүргөндө жадап турмуш бардыгынан, Таберик болдуң окшойт тагдырымдан. Ээрчишип аалам кезип кетким келди, Аргасыз калдым жердин, аргасыз калдым жердин тардыгынан. Маңдайга ушундайды жазган окшойт, Көздөрүңүз күлүп турса сезим козгойт. Экөөбүз баратабыз эки жолдо, А менин жүрөгүмдө сүйүү боздойт.
  • Күз күчүндө кээде жамгыр уланат Күндөп-түндөп жалбырактар куланат Гүлүн ачып бирок дагы жашайм деп Күзгү роза бак ичинде муңайат Гүлдөр гүлдөр жашоодон түк түңүлбөйт Күйүп турган жүрөгүндөй жүнүндөй Кереметин чачып кетээр өлгөнчө Кечки роза менин кечки сүйүүмдөй Корком корком бирок жакын баргандан Кудай сакта сен азапка салгандан Сезимимди шылдыңдашаар уккандар Сен жаз мен күз бариктери саргайган Күндөн күнгө кечки суук карышат Күз боегу бардык жерге жабышат Кызыл чоктой күзгү роза бир гана Кызыл бойдон кар алдында калышат