Казахские песни Узбекские песни

Киргизские песни.
Страница 162

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители
  • Күз күчүндө кээде жамгыр уланат Күндөп-түндөп жалбырактар куланат Гүлүн ачып бирок дагы жашайм деп Күзгү роза бак ичинде муңайат Гүлдөр гүлдөр жашоодон түк түңүлбөйт Күйүп турган жүрөгүндөй жүнүндөй Кереметин чачып кетээр өлгөнчө Кечки роза менин кечки сүйүүмдөй Корком корком бирок жакын баргандан Кудай сакта сен азапка салгандан Сезимимди шылдыңдашаар уккандар Сен жаз мен күз бариктери саргайган Күндөн күнгө кечки суук карышат Күз боегу бардык жерге жабышат Кызыл чоктой күзгү роза бир гана Кызыл бойдон кар алдында калышат
  • Сөзү : Аалы Токомбаевдики Обону : Асанкалый Керимбаевдики Сүт эмген бала жыттанган, илебиңди сагындым, Мойнумду сылап артылган, билегиңди сагындым. Талпынсам таппайм айласын, Талаада калган өңдөнөм, Таалайым Мунар, кайдасың? Кучактап турсам туйлаган, жүрөгүңдү сагындым, Эңкейсең эрке чайпалган, күбөгүңдү сагындым. Муңаям таппай айласын, Муңканып жалгыз отурам, Муңдашым Мунар, кайдасың? Балбылдап карап оштонуп, күлгөнүңдү сагындым, Керүүдөн чыккан маралдай, жүргөнүңдү сагындым. Талпынам таппайм айласын, Таң атат дагы күн батат, Тагдырым Мунар, кайдасың? Гүл бурак жийде жыттанган, илебиңди сагындым, Мойнума жумшак оролгон, билегиңди сагындым. Көксөймүн таппай айласын, Көңүлгө тете кылайын, Түшкө кир, Мунар, кайдасың?
  • Сөзү : А.Жакыповдуку Обону : Х. Азиреткуловдуку Аттанган туулган жер үчүн, Аттанган кутман эл үчүн. Гүл коюп, эскер, ыйлап ал, Уулуңар, жоокер эл үчүн Кайырма: Эстелик жанына келип, Энелер ыйлабагыла. Уулуңар тирүү биз менен, Сезимди кыйнабагыла. Жан берип кандуу кармаштан, Кайткан жок, кайра батыштан. Эстелик болду эми алар, Түбөлүк отту жагышкан. Кайырма: Эстелик жанына келип, Энелер ыйлабагыла. Уулуңар тирүү биз менен, Сезимди кыйнабагыла. Тосушуп таңды атарда, Узатып күндү батарда. Түбөлүк тирүү турушат, Уулуңар биздин катарда. Кайырма: Эстелик жанына келип, Энелер ыйлабагыла. Уулуңар тирүү биз менен, Сезимди кыйнабагыла. Сизге балким булар жагат?