Казахские песни Узбекские песни

Киргизские песни.
Страница 159

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители
  • Эх билбейм неге мынча келесоомун Эч эле колдон түшпөйт телефонум Кудайым эле кылган өмүрүмдү Кой десе болбой сага коротомун Баягыда бузулганда телефонум Табылды го кайра менин жоготконум Ата-эне бала-чака бар экенин Ошондо билбедимби телефонум Мен сенсиз жашай албай калчудаймын Күнү-түнү сени менен кагылайын Өзүң жок кантип жашап жүрдүм экен Өчүп калсаң күйгүчөктү сагынамын Колума тийсе болду телефонум Кокустан акыл-эсти жоготомун Оозума тамак келсе даяр болуп Ооз тийбей отурамын орозомун Уктаганда жаздыгыма катып жатам Ойгонсом интернеттин бетин ачам Инстада отурамын басып лайкты Ордуман туруп кетпей далай жатам Достор менен жолугушкан кандай сонун Бирөө да сүйлөбөйт го баары момун Баары эле телефонун чукулашат Кайра эле сага келем телефонум Сулуулар коюп койсо сүрөттөрүн Жигиттер илип коет жүрөктөрүн Көтөрбөй отурабыз башыбызды Билбей да калчу болдум күн өткөнүн Эх билбейм неге мынча келесоомун Эч эле колдон түшпөйт телефонум Кудайым эле кылган өмүрүмдү Кой десе болбой сага коротомун
  • Алло, бул ким? Кимди издедиң? Тааныдыңбы? Жылдыз белең? Ооба, мен жылдызыңмын жанашпаган, Сырды издедим. Кечириңиз, ким дедиңиз? Бир сулуунун тирегибиз, Азыр бойдок, башыбыз бош. Бош орунга гүл эгиңиз. Ой, ой, карындаш, андай дебеңиз, Сүйлөйбүз ошондой, неге кыз Кырк үйдүн тыюусу болсо, биз Жаныңа кандай келебиз? Кел сырдашалы, кел сырдашалы, Кошулсун биздин күнүбүз. Ой, ой, агатай, андай дебеңиз, Кандай айт, ошондой көнөбүз. Баркымды бил, баалай алсаң сен, Багыңа карай көрөбүз. Кел сырдашалы, кел сырдашалы, Кошулсун биздин күнүбүз. Канчада экен чын жашыңыз? Сулуулардын сырдашыбыз. Кыздын жашын сурабайт го, Кай жылкы эле курдашыңыз? Курдаштарым келсе жүзгө, Менин жашым он сегизде. Азыр эле жолуксам дейм, Мейли ишен, мейли ишенбе. Жок, жок, агатай, андай дебеңиз, Кандай айт, ошондой көнөбүз. Баркымды бил, баалай алсаң сен, Багыңа карай көрөбүз. Кел сырдашалы, кел сырдашалы, Кошулсун биздин күнүбүз. Ой, ой, карындаш, андай дебеңиз, Сүйлөйбүз ошондой, неге кыз Кырк үйдүн тыюусу болсо, биз Жаныңа кандай келебиз? Кел сырдашалы, кел сырдашалы, Кошулсун биздин күнүбүз.
  • Баштайын бүгүн шаң менен Ырдайын эски ыр менен Кошулуп ырда улуу кичүү бирге Бийлесин баары турбай тең Кайырма: Кымыз сунган ай кыргыз кызым ай Айланайын көзүңдөн ачып жумган ай Эски ыр эстен кетпесин Жаңыча үндөн термелсин Маареке жакшылыкта кездешели Кыргыздын тою бүтпөсүң
  • Жан жүрөктөн жаралган, Жаным менин, жан балам. Таянар тоо болсун деп, Теңир мага арнаган. Эркин куштай талпынган, Эрезеге жет, балам. Эмгегиңди бааласаң, Зирек болгун акылман. Укта балам, жан балам, Аппак жүздүү, нур балам. Укта балам, жан балам, Аппак жүздүү, нур балам. Айдай жүзүң нурчалган Адам болгун жөлөгүм. Адал иштеп ар убак, Аткарылсын тилегиң. Күндөн жүзүң нурчалган, Күзөтү бол элиңдин, Элин-жерин коргогон, ай Опол тоодой милдетиң. Жараткандан суранам, Узун болсун өмүрүң. Жакшыларга жанашкын, Эмгек болсун көңүлүң. Кызмат кылып журтуңа, Өсүп-өнгүн көбөйгүн, Кабыл кылсын теңирим, ай Ата-энеңдин тилегин. Укта балам, жан балам, Аппак жүздүү, нур балам. Укта балам, жан балам, Аппак жүздүү, нур балам. Алдей, алдей, алдей, ай, Укта балам, ай балам.
  • Багытын беттеп шамалга, Баратса жалгыз жел кайык. Баладай коштоп сүйүнгөн, Бактылуу жанда эмне айып? Утурлай тосуп алдынан, Уччудай колун кең жайып. Кынала калып теңине, Кылгырган көздө эмне айып? Жазгырып жандын дүйнөсүн, Жыпарын чачса кең жайып. Жаркытып турган демине, Жароокер жанда эмне айып? Эңсетип сүйүү элеси, Эсиңде турса тор жайып. Санаага батып, жол карап, Сагынган жанда эмне айып? Баладай коштоп сүйүнгөн, Бактылуу жанда эмне айып? Сагынган жанда эмне айып?
  • Өзүңдү өмүр бою унута албай, Өткөрдүм өмүрүмдүн жашыл жазын. Жаралып жан дүйнөмдөн жайнап чыккан Сенсиң го менин сүйгөн өмүр жазым. Күйгүзгөн жалынына сенин отуң, Отуңа кактап коюп өзүң жоксуң. Кечигип кемитпечи, асылзатым, Кечигип неге келбей, көңүл болсун? Сенсиң го менин сүйгөн асылзатым, Өзүңө өмүр бою багынайын. Кылымдар кылым санап өтсө дагы, Карыбайт сага деген махабатым. Жаралып жан дүйнөмдөн жайнап чыккан, Сенсиң го менин сүйгөн өмүр жазым.
  • Бакчалар жазда гулгө бөлөнөт Байлыгын төгөт күздө мөмөлөп. Ак сүйүү жайы-кышы гүл ачып Майрам ар бир убак. Кут конуп ашык болгон кезиңде Кубулжуп булбул сайрайт сезимде Өзөгү бул өмүрдүн махабат Адам күлбөсө, арзып сүйбөсө Кайдан көңүл жашарат. Кайырма: Арбалып көркүмө, үнүмө Ашыкпа ыр түнөгү күйүгө Жашагым келет жанды жандырып Жаркын шам келет сүйүүгө. Ак тилек жашообузду оймолоп Айтышат жазда сезим ойгонот А бирок сүйүү күчү ушунда Жайнап гүлдө кышында Ысык жаш карегиңен тамганда Ыры жок жашай албай калганда Дайралар умтулгандай деңизге Талбай агылып, шамдай жагылып Талбай күндө мени изде Кайырма: Арбалып көркүмө, үнүмө Ашыкпа ыр түнөгү күйүгө Жашагым келет жанды жандырып Жаркын шам келет сүйүүгө. Аяздын шаңында, айланып жалынга Мезгилге багынбай көңүл көктөсүн Жаңырып ырымда жаза алам кылымга Сезимдер өчпөсүн.
  • Зымырап артты карабай, Убакыт учат саналбай. Орчундуу сырлар курчашып, Оюмду турам чече албай. Кайырма: Жашоодо жаман нерсе болбосочу, Дүйнөдө жалаң жакшы орносочу. Ай-ий, оорубас адам болсочу, Ай-ий, жаңылбас пенде болсочу. Бирине бирин өч кылган, Болбосо уруш-жалгандан. Адамды жаман ат кылган, Арам жок болсо ааламда. Кайырма: Агына кара ширелген, Сырлардан жашоо тигилген. Жетишип баары турса да, Баары бир дүйнө бири кем. Аи-ий, тараза дүйнө бири кем Кайырма:
  • Жаз убак келип, жымыңдайт күн да, Бүчүрлөр байлап, жашыл төр бакта. Сени сагынып жүрөмүн мен да, Жолго тагылып, саймалап жазда. Кайырма: Сагынычта күндөр узарат, Элесиң турат, күлө бир карап. Кусалык тарайт, Жүрөгүмдү улам сыздатты, Жаным ырбатып, күндөр сагынтып. Суктанып эстеп турчу бир арман, Өткөндү эңсеп ойлонуп калам. Көңүл тазарып, умтулуп барам, Жазым ажайып, ал да бир арман. Кайырма: Биз жүргөн күндөр келет эсиме, Сен берген гүлдөр ар кыл наз эле. Өзүңдөй адам табылбас эч да, Өткөн күн арман кайрылбас кайра. Кайырма: