Казахские песни Узбекские песни

Киргизские песни.
Страница 161

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители
  • Билет элең жүрөк туйласа, Кымыздыктай болуп куураарым. Байкамаксан болосуң неге? Карап койчу сенден сураарым. Сөзгө сөздү араң уладым, Оо, Жами… Сага арнап төрт сап курадым, Ой, Жами… Угуп койчу махабат ырды, Сен үчүн деп ырдап турамын. Кайырма: Даңгыр жолдо араба айдап, оо, Жами, Жүрөк козгоп ырдап берейин, оо, Жами. Саманчынын жолун көрсөтүп, оо, Жами, Даниярың болоюн сенин, Болоюн сенин… Билемин мен уулуңду дагы, Колуңдагы шакегиң барын. Байкамаксан болосуң неге? Карап койчу мага бир, жаным. Эбептен мен себеп табамын, Бир күнү үйүңө мен кирип барамын. Ой, Жами… Жүрөктөгү болгон сырымды, Көздү жумуп айтып саламын. Кайырма:
  • Аралап шаар ичин басып жүргөн, Андагы ак буурул түн эсиңдеби? Ойгонуп уйкусунан жымыңдашкан, Оттору Фрунзенин кечиндеги. Убакыт суудай акты, унутпадым, Ачылган аппак гүлдөй күлгөнүңдү. Ал түндү айта бердим жетине албай, Калтырбай бул дүйнөгө билгенимди. Үн катпай мени тиктеп бак-дарактар Жүрөктө сагынчыма карашкансып Негедир канаттуулар учуп өтсө Сезилет сени көздөй бараткансып Эстеймин элесиңди көзүмдү талбай, Азыр мен амалым жок алыс жакта… Түшүмдө күндө сени жолуктурам, Ырахмат миң мертебе махабатка.
  • Талкалап баарын бүттүң, Эң назик көңүлдөрдү. Текебер мүнөзүңө, Үмүттөр көмүлгөнбү? Үмүттөр көмүлгөнбү? Кайырма: Жүрөктөр сенсиз кагып. Ыйлады дагы, дагы. Кол шилтеп кете бердим. Кош эми сүйүү багы. Кош эми сүйүү багы. Мурдагы жакшы көрүү. Жашабайт сезимдерде. Кайрылып келбейм сага. Көз жашың төгүлгөндө. Көз жашың төгүлгөндө. Кайырма: Жүрөктөр сенсиз кагып. Ыйлады дагы, дагы. Кол шилтеп кете бердим. Кош эми сүйүү багы. Кош эми сүйүү багы. А азыр башка менин, Жанымдай сүйгөн жарым. Түбөлүк коштошомун, Мени эстеп кайгырбагын. Мени эстеп кайгырбагын. Кайырма: Жүрөктөр сенсиз кагып. Ыйлады дагы, дагы. Кол шилтеп кете бердим. Кош эми сүйүү багы. Кош эми сүйүү багы. Жүрөктөр сенсиз кагып. Ыйлады дагы, дагы. Кол шилтеп кете бердим. Кош эми сүйүү багы. Кош эми сүйүү багы. Кош эми сүйүү багы.
  • Сени ойлосом, канат бүткөн көңүлгө, Бек сакталып жүрөгүмдүн төрүндө. Таалайымдын жаркыраган жылдызы, Махабаттын гүлүн терген өмүргө. Алыс жакта жүргөнүңдө сагынып, Жалынчумун, жаным, сага кагылып. Кирпик какпай таң атырам далай түн, Карааныңды бир көргөнгө зарылып. Сен унутсаң, мен унута албадым, Элесиңди көңүлгө бек кармадым. Менден башка бар турбайбы сүйгөнүң, Анда неге сүйөм дедиң, алдадың?
  • Над осколками льда, ты идешь без следа, Не замечая ярких огней. Вспоминая тебя, закрываю глаза, В поисках вечных радужных дней. Время постой, куда? Ты не спеши, я ведь вся в надежде. Я навсегда твоя, это судьба. Кайырма: Теплые дни нас унесли, Мы с тобою волною накрылись одни, Ты обними.Буду рядом с тобой душою на вечность Скорость быстрого дня, не дает мне понять. Сводят с ума пустые мечты. Я любовью грешна, но поймут облака. Искренность в этой страстной любви. Время постой, куда? Ты не спеши, я ведь вся в надежде. Я навсегда твоя, это судьба.
  • Кандай жакшы, кандай жакшы ошол көз ирмем, Бир жалт карап көздөр-көзгө тигилген Канчаларга кар кызындай муздак болсом да Канча курдай сенден сүрдөп ийилгем Кандай жакшы ошол көз ирмем. Кайырма: Жүрөккө эргүү себелеп, Кандайдыр бир нур, сезимдер керемет Көңүлдү көккө алып учат, ырахат себелеп Алгач сүйүү келди мага, Жүрөгүм туйлап согот кайра-кайра Көңүлдү алып учат алда-кайда Суранам сезимге ыр, сүйүү себеле, Жан дүйнөмө гүл көтөрүп күтөм келе кет Сен жазган кат сөздөрүң да, көздөрүң дагы Мага жагат жакшынакай боз улан, Артык көргөн бардык досуман. Кайырма:
  • Турдуң да мага сүйкүм күлүп, Арначы назик махабатың. Мен да арнайын өмүрүмдү, Алтыным менин, сен кымбатым. Кайырма: Сен жөнүндө ойго курчалдым, Жүрө албаймын жаным тынч алып. Тынч уйкумду уурдап кеттиң го, Садагасы, кетем зарыгып. Сен жөнүндө ойго толгонуп, Айлуу түндө кетем ойгонуп. Сени жоготкондон коркомун, Сагынамын дале ойлонуп. Тартынбачы, келчи, келсеңчи, Арзуу деген нурун сепсеңчи. Өмүр бою сүйүү дастаны, Болсун бизге өмүр белеги. Кайырма:
  • Арман арман арман ай Сенсиз күндөр жалган ай Кимдер гана сүйүүгө Жетип жетпей калган ай Сунуп турсаң жаз мага Ыра көрбөйм башкага Бир бололу түбөлүк Өмр билсең аз гана Жаным жаным жаным жаным Жашоомду сага арнадым Башкалар каршы болсо дагы Багымды сага байладым Арман арман арман ай Сенсиз күндөр жалган ай Кимдер гана сүйүүгө Жетип жетпей калган ай Көздөрүңдүн таптаза Бергим келбейт башкага Бир бололлу түбөлүк Өмүр берсе аз гана Жаным жаным жаным жаным Жашоомду сага арнадым Башкалар каршы болсо дагы Багымды сага байладым Арман арман арман ай Сенсиз күндөр жалган ай Кимдер гана сүйүүгө Жетип жетпей калган ай
  • Береги тамыр жибим байланганым, Энемдей жан дилинен айланаарым. Жан эжем сизден өтөөр жакын барбы, Эзилип издеп турган кабардайым. Эзилип сурай турган кабардайым. Жан эжекем кеңешээрим, Балалыгым эстешээрим. Апамдын ак сүтүнө насиптешим, Төрөлгөн бир уядан бешиктешим. Ынагым жароокерим эрке сиңдим, Ырыстуу күн эшигим бекитпесин. Тилегин тилеп турам кечикпечи. Саамайыңдан жыттайынчы, Бактын тилеп алкайынчы. Изимди басып келээр илинчегим, Ынагым сырымды айтаар түйүнчөгүм. Боорубуз бүтүн бойдон жүрсөк экен, Өлчөөсүз өмүр берип жаратканым. Өлчөөсүз жарык берип жаратканым. Эже-сиңди ынтымагы, Ар бир үйдүн ырыс багы. Эже-сиңди ынтымагы, Ар бир үйдүн ырыс шамы.
  • Кезим жок, сени ойлоп эстебеген Болсо да, өз босогом, өз керегем. Туптунук ошол сезиме сиңдиби Сүйүүнүн табышмагын чечмелеген. Кайырма: Бирок, сен жаштыгың өткөргөндө Жашоого кеч киргенде, туюп кой Өксүп мени сагынаарсың. Кадырын ак сүйүүмдүн кеч билгенден Сен кайгыга кабылганда, Тагдырга таарынганда, Барып кайт, биз кездешчү ак кайыңга Жоготкон махабатың сагынганда. Курдуңбу өмүрүңдүн пайдубалын Мен сага сырымды айтып, кайрыламын. Нөшөрдөн кубат алгандар ак сымал Турмушуң мөмө төгүп жайды багын. Кайырма: Бирок, сен жаштыгың өткөргөндө Жашоого кеч киргенде, туюп кой Өксүп мени сагынаарсың. Кадырын ак сүйүүмдүн кеч билгенден Сен кайгыга кабылганда, Тагдырга таарынганда, Барып кайт, биз кездешчү ак кайыңга Жоготкон махабатың сагынганда. Өткөндү эстеп билем кыйналаарың Көрдүңбү чогуу бакыт кыйбаганын. Секелек кыз эмесмин, сезип жүрөм Жүрөгүң жалгыздыктан ыйлаганын. Кайырма: Бирок, сен жаштыгың өткөргөндө Жашоого кеч киргенде, туюп кой Өксүп мени сагынаарсың. Кадырын ак сүйүүмдүн кеч билгенден Сен кайгыга кабылганда, Тагдырга таарынганда, Барып кайт, биз кездешчү ак кайыңга Кайырма: Бирок, сен жаштыгың өткөргөндө Жашоого кеч киргенде, туюп кой Өксүп мени сагынаарсың. Кадырын ак сүйүүмдүн кеч билгенден Сен кайгыга кабылганда, Тагдырга таарынганда, Барып кайт, биз кездешчү ак кайыңга Жоготкон махабатың сагынганда. Кайрылбас ак сүйүүңдү сагынганда.
  • Бул турмуш дарак тура мөмөлөгөн, Мөмөсүн эсиргендер тебелеген. Мен сени жандап жүргөм жашыл жолдо, «Бөлүнбөй кете берет» деген элем. Бул турмуш деңиз тура кемибеген, Жакшылык-жамандыгын ченебеген. Тымызын кош айтышып жаткан кезде, «Мен сени унутам го» деген элем. Көрсө, сен катар басып койбоптурсуң, Бүтүндөй өмүрүңдү ойноптурсуң. Жүрөктө балалыгым кандай калса, Сен дагы дал ошондой орноптурсуң. Жүрөктө дал ошондой, Сезимде дал ошондой, Жүрөктө дал ошондой орноптурсуң.
  • Кыйнала ойлоп мен сени, Кылыгың абдан эңседим. Сенби деп карай беремин, Сеңселе басып келсе ким. Кеттиңби жаным ыраакка, Күткөнүм болду бир апта. Сыр кылып айткан шыбышың, Шыңгырап турат кулакта. Суктана тиктеп суу шаарын, Суусадым, сен деп суусадым. Дартыма даба болгонсуйт, Сага деп чыккан ыр сабым. Кусага жүрөк жанчылды, Жан биргем эми барсыңбы. Бар болсоң бачым келип жет, Сагынган перим күтөт деп. Сагынган жаным күтөт деп.
  • Оо, турмуш мыйзамыңа каныктырдың Жолумду жабык кылдык, жарык кылдың Дардаңдап боз жар күттүм деген менен Дагы эле жалгыз бойдон калыптырмын Багыты жок жарты кайык Баратам турмуш жүгүн артып алып. Жашоону ким бар дейсиң түшүндүргөн Жалгыздык жанга батып үшүп жүрөм Жан дүйнөм жылуулукка муктаж болуп Мээримди мен өзүңдөн күтүп жүрөм. Багыты жок жарты кайык Баратам турмуш жүгүн артып алып. Аттиң ай көңүлдү эзет жан арманым Ар дайым мээрим издеп карайладым Күнүнө күмүш таптым, бирок аттиң, Көксөгөн жылуулуку таба албадым. Багыты жок жарты кайык Баратам турмуш жүгүн артып алып. Карытып пайдасы жок ай-жылдарды, Калдактап кайран өмүр калбырланды. Каалгыйт айланамда бопбоз туман, Көк деңиз, жарты кайык алдымдагы. Багыты жок жарты кайык, Баратам турмуш жүгүн артып алып.
  • Андан бери жылдар алмашты, Кара чачты бубак кар басты. Сүрсө дагы мезгил мезгилди, Эстен кетпейт сүйүүм алгачкы. Күн чартылдап, булут түнөрүп, Үнсүз турдук сөздөр түгөнүп. Терс бурулдум көздөн жаш ыргып, Дегениңде «кош бол, түбөлүк». Жаштык оргуп нурлуу жүзүңдөн, Эрдиң таттуу ширин жүзүмдөн. Аралыктын баарын багынтып, Ар күн сайын көрөм түшүмдөн. Самайм бирге жүргөн күнүмдү, Уксам деймин назик үнүңдү. Сууйт колуң сурайм сунбагын, Эми мага кызыл гүлүңдү.
  • Шамалдуу уйгу-туйгу күз түнүндө Кыйналам уктай албай, чоочун үйдө Шуулдап теректери шоокум салат Көрүнүп терезеден тоо түбүндө. Жабыла жалбырактар үн чыгарып Күйүттүү жаны тынбай, күү чыгарып. Качырып уйку бушун «шуу», «шуу» этет Көңүлдүн шуу, шуу этет тынчын алып. Терегим шуулдаба, теректерим Эсиме шуулдасаң келет менин. Өчүңкү өткөн күндүн элестери Өкүттү өмүрүмдүн белестери. Кайырма: Шуулдаба терегим, теректерим Шуулдасаң, ыйлагым келет менин Шуулдасаң, ыйлагым келет менин Келет менин. Кысылган тоо койнуна кыштагымда Түз өңдүн там-ташы бар, төш жагында. Шуулдап миң түр терек тураар эле Атакем тигип койгон, жаш чагында. Бактылуу оо, ал кезде бир баламын Көпөлөк, оюн-күлкү улагамын. Байкабай уктаганым калаар эле Теректин угуп жатып шуулаганын. Бирге өскөн каргадайдан моюндашып Кадыркеч агам экөөбүз коюндашып. Теректер уктап жатсак,ойготчу эле Жел менен желбирттеген, шыбырлашып. Капыстан аскар -тоодой атам ооруп Дартынан айыкпаган таза болуп. Теректер ошондо да ээй, шуудураган Жаткандай кошо кайтып созолонуп. Теректер ошондо да ээй, шуудураган Жаткандай кошо кайтып созолонуп. Кайырма: Шуулдаба терегим, теректерим Шуулдасаң, ыйлагым келет менин Шуулдасаң, ыйлагым келет менин Келет менин. Бул өмүр өтүп барат зуулдаган Зуулдап өтүп барат, улуу заман. А силер жатасыңар, кайрандарым Туйбастан терек муңун шуулдаган. А силер жатасыңар, кайрандарым Туйбастан терек муңун шуулдаган. Кадексиз болсо дагы ээй бир өлүшүм Кай күнү өмүрүмдүн түгөнүшүн Капарга албай жүрөм, кайрандарым Эшитип терек күүсүн силер үчүн. Жүрөмүн өлбөчүдөй кайрандарым Эшитип терек күүсүн силер үчүн. Кайырма: Шуулдаба терегим, теректерим Шуулдасаң, ыйлагым келет менин Шуулдасаң, ыйлагым келет менин Келет менин.
  • Күндөрү өтпөй кыштын, Сагындым жаздын жытын. Санааркап басып жүрөм, Сайрашын күтүп куштун. Кайырма: Агарган ак булуттар, Жашоого жамгыр сунаар. Сагындым жазым сени, Кабар бер жаштыгымдан. Жаштыгым кайрып берчи, Ак сүйүүм ала келчи, Жазым менин… Эңседим жазым сени, Эңседим назым сени. Көктөмүм көрүнчү эми, Көңүлүм үшүп кетти. Кайырма: Жаңы жаз бактым болчу, Күн күлүп айым толчу. Жанымды келээр жазым, Жан сүйөөр жанга кошчу. Кайырма:
  • Кат жазчы мага, Бир келген биздин өмүрдө. Дил бурак арнап, Токтонуп калган көңүлгө. Мен күлсөм, күлүп, Кайгырсам, кошо кайгырган. Мен өчпөй, өчпөс, Бир жарык жылдыз жөнүндө. Кайырма: Кат жазчы мага, Билдирип аман барыңды, Адамдар курчап, агылган жолдо жалгызмын. Ак желек тагып, Ар күнү сагынч жөнөткөн, Айнектей тунук сүйүүнү кайда калтырдың? Айнектей тунук сүйүүнү кайда калтырдың? Кат жазчы мага, Недендир абдан кусамын. Канча жыл өттү, А сенден дарек укпадым. Канча бир түндөр, Кабарың бербей койду деп Таарынып жатып, Сагынып жатып, уктадым. Кайырма: Кат жазчы мага, Жолукпа, бирок билүүлүк. Кат менен келсе кабарың – ошол сүйүнүч. Катыңды жыттап, “Жарк” этип жайнап алармын, Өзүңсүз жылдар өтүштү мени үшүтүп. Өзүңсүз жылдар өтүштү мени үшүтүп. Кат жазчы мага, Кусадар күндөн ал сурап, Кут болуп катың, жанымда жүрсүн ар убак. Жообумду жазам, Жөнөтчү дагы жаңы кат, Сезимдер үчүн, көңүлдөр үчүн жаркырап. Сезимдер үчүн, көңүлдөр үчүн жаркырап. Кат жазчы мага
  • Кой тырынба, унутпаймын эсимдесиң, Комуз кылдай толгонуу сезимдесиң. Карап көрчү капалуу кабагымды, Кантип андан сагыныч сезилбесин. Ээ, ла,ла,лай. Көрсөмчү деп өзүңдү күйөт көзүм, Көпкө тиктеп турганды сүйөм өзүм. Бар экен да жүрөгүм, сенда барсың, Анткени сен ар дайым жүрөктөсүң. Ээ,ла,ла,лай. Жүрөктөшүм көңүлүмдүн өзүндөсүң,
  • Алыстап жүргөнүңдө менден узап, Арадан өтсө дагы канча убак. Элесиң эстен кетпей туруп алды, Жүрөгүмө салдың эле, Салдың эле кандай тузак? Жазылып маңдайына, таалайына, Табылдың кандай жандын бактысына? Сүйдүрүп жүргөнүңдү сездиң бекен, Элесиңди тумар кылып, Тумар кылып жүрөгүмө. Сезимди сооротомун, унуттум деп, А бирок, чындыгында, андай эмес. Мен сенден үмүтүмдү үзсөм дагы, Жүрөгүмдө жашай берет, Жашай берет сүйкүм элес.
  • Кызган мени, кызган, бирок билдирбе, Сынат чөлмөк миң күн эмес, бир күндө. Көңүл жиби — тыт көпөлөк тарткан жип, Үзүп алып, эки ортодо бүлдүрбө. Кызган мени, кызган, бирок билдирбе, Бирин-бири кызганбасын ким мүлдө. Капкайдагы жаман ойду ойлосоң, Акылыңдан адашасың бир күндө. Кызган мени, кызган, бирок билдирбе, Кур кызгансаң мени менен бир жүрбө. Эмне болуп кетер экен дегендер, Карап турат, мага аларды күлдүрбө.
  • Себелеп жамгыр төксө айланага, Сезимдер калган өңдүү ай-талаада. Алыста жалгыз калган ак куу сымал, Түгөйсүз кыйын тура, Түгөйсүз кыйын тура бул жалганда. Учса да канаттуулар эки-экиден, Учууга канатым жок мен издеген. Сагынып кусаланып жүрсөм дагы, Үмүт бар жолугууга, Үмүт бар жолугууга чын сүйүүдөн. Элесиң калсын менде кылымдарга, Унутпайм жүрөгүмдө сезим барда. Жашоомдо канча жылдар калса дагы, Бир сага арзуу айтам, Өзүңө арзуу айтам бул ырларда. Жашоомдо канча жылдар калса дагы, Сүйгөнүм сен деп жатам, Сагынычым айтып жатам бул ырларда.
  • Эл ичинен озгөчөм ашык болуп Эске түшсөң мөлтүрөйм жашык болуп Бакыт издеп өзүңдү эңсеп келем Бала кезден жолуккан жашыл жоолук Кайырма: Эй жашыл жоолук Бала кезден жолуккан жашыл жоолук Жүрөгүмдү сага деп арнап коюп Жүрөмүн өзүм өзүмдү алдап коюп Жалындаган от болуп күйүп жанып Жүрөгүмдү сезбедиң жашыл жоолук Жазым жайым шуулдайт кайык болуп Жүрөмүн жалгыз бук болуп жашык болуп Жок дегенде жөн гана көңүл улап Жарк деп күлүп койсоңчу жашыл жоолук Кайгы тартам сен жоксуң алсыз болуп Калат дүйнө сезилбей жансыз болуп Карегиңден нур жанган жүрөгүмдү Кантып сага келатам жашыл жоолук
  • Сөзү : Кубанычбек Бакиевдики Обону : Э.Кайымовдуку Из калтыр бул дүйнөдө, ансыз да өмүр кыска, Атыңды айтып урпак, иштериң болсун нуска. Из калтыр бул дүйнөдө, жакшылык ишиң менен, Акындар ыр жазышсын, канаттуу сезим менен. Из калтыр бул дүйнөдө, акыйкат сөзүң менен, Эч качан ушак айтпа, көрбөсөң көзүң менен. Из калтыр бул дүйнөдө, боорукер сезим менен, Көңүлдү калтырбайлы, баары өтөт бул дүйнөдөн. Артыңда из калтыргын, ак эмгек кызмат менен, Унутпай элиң жүрсүн, кетсең да бул дүйнөдөн. Из калтыр бул дүйнөдө, атанын уулу деген, Ашыкча мүлк жыйнаба, ал кетпейт өзүң менен. Из калтыр бул дүйнөдө, боорукер сезим менен, Көңүлдү калтырбайлы, баары өтөт бул дүйнөдөн. Ашыкча мүлк жыйнаба, ал кетпейт өзүң менен.