Казахские песни Узбекские песни

Киргизские песни.
Страница 160

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители
  • Жашырбачы, жүрөк, жашырбачы, Жашка карек жамынбачы. Жайсыз калса да сен деп жүргөн күндөр, Жаш өмүрлөр сенсиз калат, түшүн. Кайырма: Жашка карек жамынбас болсочу, Жаш жүрөктөр наз болсочу. Кайра кайткан сезимге нук толсо да, Кайраттуулар бар болсочу. Жамынбачы, жүрөк, жамынбачы, Жансыз күнгө кайрылбачы. Айрылса да сенден жаш көңүлдөр, Ак сезимдер картайбасын, түшүн.
  • Сен экөөбүз издешип жүрүп, табышканбыз, Тандаганыбыз бирдей болуп сезилгендей. Бул тагдыр эмес муну экөөбүз тандаганбыз, Келечектин кантип бүтөөрүн билбей. Жакшы көргөн адамың жаныңда жүрүп, Эмнеликтен өзгөрүп барат? Сен экөөбүз кимибизди алдаганбыз, Мага сенсиз сага менсиз жашоо жоктой? Бул тагдыр эмес муну экөөбүз тандаганбыз, Баш ийбей кыйынчылыктарга, жеңилбей. Жакшы көргөн адамың жаныңда жүрүп, Эмнеликтен өзгөрүп барат?. Кимибиз кимибизге эми өзгөрдүк, Бурулбаган тагдырды неге өзгөрттүк? Кимибиз, ким айтчы тагдыр айтчы, Мен эми кантип толуктайм, сен алып кетип калган жанды? Айтчы тагдыр айтчы, Мен эми кантип, Толуктайм сен алып кеткен жанды?
  • Ак булутту аралап ай баратат, Ак куу болуп көлдөгү жай баратат. Ата албайсың ак кууну оңой менен, Жете албайсың айга да жел ой менен. Жеткичекти жетпестен калган жакшы, Жетип азап жегиче, арман жакшы. Жетем десең сулуу ай жетээр элем, Көк деңизин булуттун кечээр элем. Сүзө бергин алтын ай көгүң менен, Мен карайын өзүңдү теңим менен. Сага жакшы сезилсе булуттуу көк, Мага жакшы көктөм жер жемиши көп.
  • Эстейм да, ыйлай берем, Тамчыларга айланып тыпылдаган. Эстейм да, жашап келем, Наристедей бактылуу кытылдаган. Кайырма: Кучагың тосчу, коноюн, Кубантып ырга ороюн. Сезимим сен деп таптаза, Сүйүүңө кул болоюн. Жүрөгүмдү сага арнадым, Күндөрүм да күтүү менен өтүп барат. Келесиңби, сагындым, Үмүт бирок өчүп-жанат. Кайдасың, айтчы кабарың? Ашыгым, мен сага азыр учуп барам. Талпынып таап барайын, Айтчы, кайдасың? Кыялымда жанымдасың, Ар дайым асылым, жазымдайсың. Эркелеп, эртерээк барсам дейм, Катылган сырымды айтсам дейм. Кайырма: Кусаланып жалгыз калып, Кереметтүү дүйнөм тарып. Суранарым сенден дайым, Кайрып берчи махабатым. Кайырма:
  • Жымыңдаган жылдызым белең менин ай-ааламда? Оюм чексиз кучагыңдамын сенин кыялдана. Колунду кармасам, бактылуумун ар качан, Багыңда каалаган, гүлүң болом сага. Аалам аралай, атың кайталай, Жүрөк жылыткан сезим уялай. Кайырма: Жымыңдаган жылдызым белең менин ай-ааламда? Оюм чексиз кучагыңдамын сенин кыялдана. Кубанычым көргөн сайын сени коюнума батпай, Чырагымбы жарыгын чачкан мага кокту аралай? Сүйүүмдү айтуудан кааласам да тартынам, Байкачы, суранам, жашайм сен деп гана. Аалам аралай, атың кайталай, Жүрөк жылыткан сезим уялай. Кайырма: Жымыңдаган жылдызым белең менин ай-ааламда? Оюм чексиз кучагыңдамын сенин кыялдана. Кубанычым көргөн сайын сени коюнума батпай, Чырагымбы жарыгын чачкан мага кокту аралай?
  • Санаалар уюп, сайылып канжар сезимге, Сагыньп сени, саргайып жүргөн кезимде. Ак толкун болуп, ак шоокум болуп, Көрүнчү мага, периштем. Көңүлүм эңсеп тайызды эмес, тереңди, Түндүктүн суугу турганда каптап денемди. Аскарым болуп, ак жалын болуп, Жылытчы мени, периштем. Жетем деп улам жылт эткен максат соңунан, Бараткан кезде чырмалып кайгы торуна. Карекке конуп, үмүтүм болуп, Жанымда турчу, периштем. Чарчадым эми дайыма тынбай сени издеп, Турамын азыр кабагым бүркөө, сени эңсеп. Ак таңым болуп, ак шамым болуп, Түшүмө кирчи, периштем.
  • Өтөт өмүр токтотууга бир күч жетпейт Түбөлүктүү эч ким жашап калган эмес Ар бир күнүң майрам болуу өтө шаңдуу Соолубаган көңүл болсо ошо жетет Кайырма: Жаңылбас адам болбойт кайрат үзүлөт Соз кылып жаман көрбө аны күнөөлөп Колдон келсе кечирип кой жакшы сүйлөп Анткени сен да бир күн жаңылып калып Ошондо ойлоносуң өткөндүн баарын Сыйлап жашап алыссыңбы жакынсыңбы Кеп кыларда башка адамдын кемтик жерин Өзүңдү ойло кайра сага сөз тийбесин Ойлоп көрсөң сен сөз кылган адам менен Жер тоголок акыр бир күн кезигерсиң
  • Максатыма толук жете албай, Тагдырымдын жолун чече албай. Эми сенден азыр алысмын, Өзүңдү көрө албай. Өкүнүчтөр курчап тунук сезимди Күтүлбөгөн убак бизге кезикти Кайырма: Мен да кыйнап сени Сен да кыйнап мени Неге жүрдүк билбеймин деги Нечен жылдар өтүп жаңырып, Ортобузда сүйүү нурданып. Эми минтип айлам түгөнүп, Калдымго айрылып. Өкүнүчтөр курчап тунук сезимди, Күтүлбөгөн убак бизге кезикти. Кайырма: Мен да кыйнап сени Сен да кыйнап мени Неге жүрдүк билбеймин деги
  • Жамалыңдан жанып турган элесиң, Көз алдымдан кетпей тартылат. Гүл болуп жазда ачылгандай, Чырайыңдан нуруң чачылат. Кайырма: Сезимде, ал сезимде Махабатым сен, сен ак сезимде. Сезимде, ал сезимде Махабатым сен, сен ак сезимде. Кучагымды жайып тосом сагына, Үмүтүмдү үзбөй күтөмүн. Асманда айдай жаркырасаң, Булут болуп жандап өтөмүн. Кайырма: Сезимде махабатым азгырат, Алыстан кол булгалап чакырат Ак жүзүң арбалып, жеткизбей талпынат Жеткизбей ал мага, алыска талпынат
  • Өзүндү көп ичинен издеп жүрөм, Өзүнө көңүлүмдү түздөп жүрөм Түшүмдө апкаарыбай сен деп сүйлөп, Өңүмдө жолукканда сиз деп жүрөм. Сыртыңдан көзүм түшүп суктанамын, Сөз кылса кыздар сени кызганамын. Айылыма келээр бекен бастырып деп, Азаптуу айлуу түндө уктабаймын. Сен менен колтукташып көл бойлосом, Ак чабак балык болуп көлдө ойносом. Асылып чарчасаң да моюнуңа, Кумарым канмайынча жөн койбосом.
  • Зымырап артты карабай, Убакыт учат саналбай. Орчундуу сырлар курчашып, Оюмду турам чече албай. Кайырма: Жашоодо жаман нерсе болбосочу, Дүйнөдө жалаң жакшы орносочу. Ай-ий, оорубас адам болсочу, Ай-ий, жаңылбас пенде болсочу. Бирине бирин өч кылган, Болбосо уруш-жалгандан. Адамды жаман ат кылган, Арам жок болсо ааламда. Кайырма: Агына кара ширелген, Сырлардан жашоо тигилген. Жетишип баары турса да, Баары бир дүйнө бири кем. Аи-ий, тараза дүйнө бири кем Кайырма:
  • Тилектин баары тунук акак дебе, Тирелип көкүрөктө жатат дебе. Термелткен сенин күчүң болбогондо, Тез эле менин күнүм батат дебе. Кайырма: Күлгүн жаш күлкү менен өтөт дебе, Күлкүдөн күйүттү эзип кетет дебе. Кудурет сени буйруп койбогондо, Кусалык жүрөгүмдү эзет дебе. Күн болбой гүлдөр жайнап өсөт дебе, Жел болбой булут калкып көчөт дебе. Жылуулук сенден келип турбаганда, Жылдызым жыл айланбай өчөт кээде. Кайырма: Жылдызды көктөн түшпөс чырак дебе, Жылжыган арык көрсөң, булак дебе. Доорун сүрүп сени менен өткөнүмчө, Болду, мезгил токтолуп турат дебе. Кайырма:
  • Ал күндөр кайда? Кайрылбас жайда, Жыл айланып жаз да келди кайра. Түнөрөт ай да, Жок эми айла, Сага арнаган аз өмүрүм – дайра. Кайдасың, кайда, жүрөсүң кайда? Жаз өтүп жайга, Күтүүдөн пайда, Үмүтүм узарып айдан-айга. Жалындай жайна, Жолуңдан тайба, Сапар улайт жашыл көктөм айда. Кайдасың, кайда, жүрөсүң кайда? Кайырма: Таң атпай, күнүбүз жарык чачпай, Жай таппай, жүрөмүн сырым ачпай. Сан күндөр өтөбү тыным албай, Кай жерден издеймин сени таппай? Ай-күнүм санап, Өзүңдү самап, Жай таба албай жүрөм туталанып. Ай-жылдыз тарап, Жолуңду карап, Сыр айта албай жүрөк буталанып. Кайдасың, кайда, жүрөсүң кайда? Кайырма:
  • Бирде жыртып, бирде өрттөйм, жазган катымды, Атай албайм, жаза албай сенин атыңды. Билсең мага жагарыңды, Түшүнмөксүң абалымды, Көтөрбөстөн баркыңды. Кайырма: Сумсайтпастан сунган колду, Ак сүйүүмдү билсең болду. Улагада отурамын, Уйкусурап карап жолду. Менден качпа, тетири баспа, салба артыңды, Сүйүп алам, сыйлап алам сендей алтынды. Толуктачы катарымды, Кошчу турмуш сапарыңды, Көкөлөтпөй баркыңды. Кайырма: Сумсайтпастан сунган колду, Ак сүйүүмдү билсең болду. Улагада отурамын, Уйкусурап карап жолду. Сумсайтпастан сунган колду, Сүйөрүмдү билсең болду. Улагадан тосуп алар , Күткөн бар деп Билсең болду. Билип койчу, угуп койчу, берем антымды, Ырлар жазып чыгарамын сенин даңкыңды. Бийик болсоң бийик сүйөм, Жан дүйнөмдү ийип сүйөм, Көтөрө бер баркыңды.
  • Эстесем көлдүн кууларын, Эстеймин сени, Мунарым. Ал күндүн тагы өчпөгөн, Азыр да эстеп турамын. Көңүлүм сүйгөн ынагым, Көл жээги турган турагың. Көрүнүп калып капыстан, Көйгөйгө салдың, Мунарым. Он алты жашта курагым, Ойлоно берип куурадым. Оймоктой бала кезимде, Оймоктой бала чагымда, Ок атып койдуң, Мунарым. Көл дагы турду мелтиреп, Көңүлгө көп ой энчилеп. Жалжалым, өзүң узаттың, «Жайында кайра келчи» деп. Албырып оттой жанамын, Айткандан кантип танамын? Жаңылбайм айткан антымдан, Жайында сага барамын. Сезимдин өрттү тынчытпай, Сезондо сага барамын, Сезондо кайра барамын, Жайында кайра барамын.