Казахские песни Узбекские песни

Rap & Hip-Hop на азербайджанском языке.
Страница 7

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Rap & Hip-Hop

Музыка Rap & Hip-Hop достаточно разнообразна. Она может быть проста, но в то же время интересна и мелодична.
  • Кайра эле күйгөн сезим Кайра эле "күнөөлүү сенсиң"! Байланып жүргөн кезиң Эл укпасын, билбесин! Бардыгы бирдей эле таанышкандай Калп эле бирдеме чагылышкандай! "Гүл" десең гүл "Киного жүр" десең жүр! Ал сени менен түн Сен аны менен өмүрүңдү сүр Ал чекит койсо Сеники такыр түгөнбөгөн үтүр Жаңы махабатты кайра баштаганга Эски махабатыңды бүтүр! Баягыдан бери (бери) Таба албай эрин пери! Жаңылган эриндери Дагы бир ирээт эринбеди! Баягыдан бери (бери) Таба албай эрин пери! Жаңылган эриндери Дагы бир ирээт эринбеди! Жайнаган жигиттер менен жолугаарсың жайнаган! Таң атканда соолугаарсың кайрадан Итиркейиң келгидей айланаң Билем издейсиң, кими билбейсиң! Жайнаган жигиттер менен жолугаарсың жайнаган! Таң атканда соолугаарсың кайрадан Итиркейиң келгидей айланаң Билем издейсиң, кимиси билбейсиң! Кайрадан башың айланган Тыгыз байланганың сени пайдаланган! Жылуу айлардан бери майдаланган! Тайгак сезимге тайгаланган! Сүйүүң соолуп калып эле Оонадың муздак музга! От алгың келет Бирок өзүң берилбей! Жолугалы деве Анын бакты башка кызда Ооп барып кээде Тагдыр катканын табат! Сен деле күткөн эмессиң Сезбей бири бириңерди Ал деле күткөн эмесби? Өзү дагы бериле албай! Сен деле күткөн эмессиң Сезбей бири бириңерди Ал деле күткөн эмесби? Өзү дагы бериле албай! Жайнаган жигиттер менен жолугаарсың жайнаган! Таң атканда соолугаарсың кайрадан Итиркейиң келгидей айланаң Билем издейсиң, кимиси билбейсиң! Жайнаган жигиттер менен жолугаарсың жайнаган! Таң атканда соолугаарсың кайрадан Итиркейиң келгидей айланаң Билем издейсиң, кимиси билбейсиң!
  • Эмне дагы эле сени сагынамын! Дагы эле сага зарыгам! Дагы эле дагы эле Өкүнөм кое бергениме жаныман! Эмне дагы эле сени издегенге Аргасыз болдум мен азыркы күнүмдө Эмне дагы эле сага жолукканга Баргым келип турат сенин үйүңө! Мен эгер адашпасам, бул сезим башкача Билбейм кантип жашайм, бул дүйнөдө таппасам Сени бардык жайнаган, бирдей болгон кыздардан Эң өзгөчө жылдызымды миңдеген жылдыздардан Мени дайым эр кылган акылыңан! Салкындаткан сөздөрүңөн от алам! Жүрөк жылыткан жөнөкөй жагыңан Ар бир күнүм башталгандай жаңыдан! Издеп жүрүп сени Өмүрүмдүн теңин Самаганым, каалаганым Тилегеним болдуң! Азгырганда мени Дайым элестетемин Тагдырыма берилген бир периштени! Эмне дагы эле сени сагынамын! Дагы эле сага зарыгам! Дагы эле, дагы эле Өкүнөм кое бергениме жаныман!
  • Жети Жолу Азыркы даяр жайнаган мүмкүнчүлүктөрүмдү көрүп Кыла берейин э токтоп калгыча жүрөгүм Күндө кыштын суугун сезбегендей өрттөнүп Жаныман сууруп чыгарып жазган РЭП үчүнчү бөлүк! Жок эле дегенде классташым 30га чыгып Жегениме хип хоптун как башын 12чи жылы! Билесиңби канчалык терең сыйкырчылыгым? Жакын турчу бери көргөзөйүн кыргыз рэптин сырын (ай!) Бакырбай, акырын айтып шашпай Чыда-чыда деген көз караштай Өтө бай болсоң да акчада эч адашпай Сакага кытты куйгандай кулакка сай! Деги эле жок дебе! мыкты адамдарды бизде жок дебе! Ошол эле адамдар болот кээде топ тебет! Бири бийлейт, бири бит кылат, бирине бит бокс жетет! Ичибизден чыккан бир балее экен хип хоп деген! Менин кылганым айтканыма теп-тең (теп-тең) Эң кызыктуу кезегине жеткен (жеткен) Жаңыдан жаңырган кыргыз рэптен (рэптен) Мен ызычууну кылып кеткем! Атым Жетиген Менин кылганым айтканыма теп-тең (теп-тең) Эң кызыктуу кезегине жеткен (жеткен) Жаңыдан жаңырган кыргыз рэптен (рэптен) Мен ызычууну кылып кеткем! Көп ойлонсоң башкалардын ойу жөнүндө Абдан катуу тийчү сөздөр алып коет көңүлдү Кепти үлгүрөмбү бүтүргөнгө же өлөмүнбү?! Токтото туррррр андай ой жүгүрткөнүңдү! Менин балдарым ачка калаарын каалабагын эч Дегенсип күн тийбес болгон балачагым дебечи! Цой сезгениңди кой дейм өзүңдү кечке Эркекче бирөөдөй болуп жүргөндү жактырбастыр эч ким! Псевдорэптин пачагын чыгарып бет ачаарындагы (жанагы) Мыкты аткаруучулардын начар ырларын! Билгендей баарын, өзүн көрүп чебер катары Көпчүлүктө мындайлар кылбай күтөт качан жылаарын! Соо караймын көп нерсеге ишене бербеймин Чегип алган Че Геварадай чеги менен! Такалаган эшегим жок эми! Fuck u Pay me! Шыгым болсо да демек мага бекерден берилбеген! Менин кылганым айтканыма теп-тең (теп-тең) Эң кызыктуу кезегине жеткен (жеткен) Жаңыдан жаңырган кыргыз рэптен (рэптен) Мен ызычууну кылып кеткем! Атым Жетиген Менин кылганым айтканыма теп-тең (теп-тең) Эң кызыктуу кезегине жеткен (жеткен) Жаңыдан жаңырган кыргыз рэптен (рэптен) Мен ызычууну кылып кеткем!
  • Азыркы мезгилде баардыгы бирдей Деп айта албайм жок жок жок Бири бай, бири кедей экөөнүкү тең Жашаган жер - топтоголок топ! Сенин ойуң башка, меники башкада Бираз башкача! Заматта кулап кеткидей тике турган аскада Жол жок жок аркада! Карасаң эркин учуп келет дайым адамдар Кандай болбосун жолобосо жаманга! Жайнаган мүмкүнчүлүктөрүң бар Бир дагы жаман жагы жок азыркы заманда! Бери кел, бери тур, меники чын Деп кайталаган саясатчыларга алданба! Жакын тур дайыма сендей сага дагы Жүгүрүп баргандарга жардамга! Эми мен дегенчи, эми мен дегенчи Болот кээде алданып каламын бирөөнө Эми не кылайын, алардын ылайын Мен тазалагыдай ким элем күнөөңө! Канчалыкка чейин илимпозмун? Билип койсоң, эркекче көп деле эмес! Илимпоз деле эмесмин мен Азыркы мезгилде эл менен бирге Учуп келет бийикте менде демилге! Учуп келип бийикте жетем теңирге! Улам улам улантып келгенимде! Азыркы мезгилде Көрө электериң сыр сандыкта бекитилген Заматта ач албайсың, маа демектен санжыраңды оозеки билсең! Кызарбай туруп чын жүрөктөн таранчыларды кооз экен десең? Жан чыгар, жалган чыгарбай Сүйлөсөң деле жүз он эки тилде Билем баарыңардын кулагыңарда жаңырганым учур чактай! Аралашып араңарда мендей жарандарга эч адашпаган адаттай! Мага бирөө тийишкенде чакпайм Сабыр менен бийиктеп кетем учактай! Кээбирлерге теңелгенде эмне энеңерге мен жаман сөз узатпайм! Кыргызымды алыска узатпайм! Биз БИРДЕЙ! Ар кандай турак жай! Биз БИРДЕЙ! Бириккен урпактай! Биз БИРДЕЙ! Жибиткен булактай! Биз БИРДЕЙ! Эми биздин элибизди Бөлбөй, бириктирип эне тилдей Жылдар өтүп баратса дагы эки миңдей Кыргызымдан жакыныраагын билбейм! Азыркы мезгилде эл менен бирге Учуп келет бийикте менде демилге! Учуп келип бийикте жетем теңирге! Улам улам улантып келгенимде!
  • Бири келсе, бири кетсе, Өзгөрөбү көп көп нерсе?! Бири келсе, бири кетсе, Өзгөрөбү көп көп нерсе?! Кез кезде, кез кезде, Мамилени тез тез кеспе! Баары мени жек көрөт жеке, Девечи жөнчү, жөнчү антпе! Же эмне? Жер сен үчүн тегеренгендей каадаланбай эле койчу(койчу). Азырынча жок небереңшдердей, эркелебей турчу, чонойчу! Мен жакшы - сен жаман! Сен жакшы - мен жаман! Эгерде мага мендей адам кезиксе мен ага сөзсүз жагам! Ойлобо анан, кереги жок мага садагаң, Азыр түшүнбөйсүң, түшүнбөсөң жанатан! акты издеймин карадан, Жол-жол-жол мына мына баратам! Мына музыкага жеңилгеним Угарманымдай элим менен Аткарып беремин аккандай терим! Мына музыкага жеңилгеним Угарманымдай элим менен Аткарып беремин менин аккандай терим! Бири келсе, бири кетсе, Өзгөрөбү көп көп нерсе?! Бири келсе, бири кетсе, Өзгөрөбү көп көп нерсе?! Карасаң баары оппоңой, Турдуң, жуундуң уйку топтобой. Мүмкүнчүлүгүңдү жоктобой , Жылуу жылуу кийе кой-кой бортонойду Ар бирибиздин тагдырыбызда, Убакытыбыздын баардыгы кыска. Себеби жок тырышпа. Тыгылышпа, бери кара жылышка! Өнүккөндөргө туруп кол чабам. Өнүкпөгөндөр как минимум ошончо адам. Биринен бирине үмүттөнүп жол табам. Биринен бирине кичи көпүрөдөй 10 кадам!! Адамга такалба, такалган таштандыдай водоканалда. Акыл сөз макалда, сакалдуу гана эмес илимпоздордой аксакалда! Бири келсе, бири кетсе, Өзгөрөбү көп көп нерсе?! Бири келсе, бири кетсе, Өзгөрөбү көп көп нерсе?!
  • Калбады Өкүнгөн күндөрдүн бири да калбады Мени токтотуп терең ойго бири да салбады! Боло берет жалган жашообуздун оор сынагандары! Кудайга шүгүр калганы! Сенде эмне бар? Менде эмне жок! Мбаппе, Неймар Дегендей жооп! Фифа элестеткендей го Фифа бойдон калган Джей Лоу! Бирөөңдө там, бирөөңдө сарай Бирөөңөр танк, бирөөңөр калай Бирөөңөр хан, бирөөңөр малай! Бирөөңөр тосот, бирөөңөр жалайт! Канчалык артты караба Түздөйм деген кездерге Мүмкүнчүлүгүң жок барганга! Үзбөйм үмүтүмдү десең деле! Андан көрө бас-бас-бас Кыймылдачы тарс-тарс-тарс Көз коркок деп кас-кас-кас Бүтүргөнүң парз-парз-парз! Калбады Өкүнгөн күндөрдүн бири да калбады! Мени токтотуп терең ойго бири да салбады! Боло берет жалган жашообуздун оор сынагандары! Кудайга шүгүр калганы! Калбады Өкүнгөн күндөрдүн бири да калбады! Мени токтотуп терең ойго бири да салбады! Боло берет жалган жашообуздун оор сынагандары! Кудайга шүгүр калганы! Качан кирет (башыңа) Бир ирет! Кыялың кайра Тирилет! Айланаң кайра Биригет! Айдаган жайда Чимирет! Муну кылмакмын, тигини кылмак эмесмин Ушул жыл жакты, тигиниси анча эмес экен! Бирок мен таптым темселебестен Эмнеде бактым кайгыны кескен! Кыйынчылык артынан жеңилдигиң келет! Баары оңолооруна кепилдигин берет! Сыноонун артынан жеңиштериң келет! Берекелүү натыйжада жемиштерин терет! Ыраазычылыгыңан соң Бакубат табасың чоң! Адам кылыгынан оң Соо бойдон калып ойлонгон! Калбады Өкүнгөн күндөрдүн бири да калбады Мени токтотуп терең ойго бири да салбады! Боло берет жалган жашообуздун оор сынагандары! Кудайга шүгүр калганы! Калбады Өкүнгөн күндөрдүн бири да калбады! Мени токтотуп терең ойго бири да салбады! Боло берет жалган жашообуздун оор сынагандары! Кудайга шүгүр калганы!