Казахские песни Узбекские песни

Популярные азербайджанские песни.
Страница 78

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Pop

Pop (популярная музыка) — область массовой культуры, охватывающая различные формы, жанры и стили развлекательной и прикладной музыки
  • Менденби же сенденби, кимибизден? Сезимдер өчүп барат дилибизден. Адашып, атаганат, баратабыз, Арзышып араң тапкан сүйүүбүздөн. Кайран кез, кандай сонун убак эле, Сезимде эңсөө туруп турар эле. Сагынып, самап келсем сапарымдан, Саамайың саамал кымыз сыңар эле. Башатын махабаттын чандың беле? Байкабай капа кылып алдың беле? Болбосо жаш селкиге менден артык, Бой салып, ашык болуп калдың беле? Көңүлдүн муз төрүнө бара электе, Көздөн жаш көл-шал болуп ага электе. Жаркыным, суу куя көр сезимдерге Тамыры такыр кургап кала электе.
  • Себелеп жамгыр төксө айланага, Сезимдер калган өңдүү ай-талаада. Алыста жалгыз калган ак куу сымал, Түгөйсүз кыйын тура, Түгөйсүз кыйын тура бул жалганда. Учса да канаттуулар эки-экиден, Учууга канатым жок мен издеген. Сагынып кусаланып жүрсөм дагы, Үмүт бар жолугууга, Үмүт бар жолугууга чын сүйүүдөн. Элесиң калсын менде кылымдарга, Унутпайм жүрөгүмдө сезим барда. Жашоомдо канча жылдар калса дагы, Бир сага арзуу айтам, Өзүңө арзуу айтам бул ырларда. Жашоомдо канча жылдар калса дагы, Сүйгөнүм сен деп жатам, Сагынычым айтып жатам бул ырларда.
  • Айдыңга ак куулар жол алды, Сагындым сени. Жайнады дүйнө да, жаңырды, Сагындым сени. Жаз өттү, жалбырак саргайды, Сагындым сени. Ак кайың ак мамык жамынды, Сагындым сени. Кайырма: Күн батты, таң атты дагы да, Эм таппайм жаралуу жаныма, Бир гана сени эңсеп карайлаймын жолуңдан. Сен элең сүйүүмдүн жанары, Эңсеткен жүрөгүм жамалың, Эзилип ичимен барамын, ай, маралым. Ак кайың арылды ак кардан, Сагындым сени. Булбул куш сайрады бактардан, Сагындым сени. Элесиң жүрөгүм жандантып, Сагындым сени. Келесиң жаным кай жактардан, Сагындым сени. Кайырма:
  • Жолуңду тосуп жүрөм Колумду созуп жүрөм Жалжалым жүрөгүңө Жүрөктү кошуп жүрөм Жароокер жүрөгүңө Жүрөктү кошуп жүрөм Жанымда бир болууга Айламды таппай жүрөгөм Жактырып сүйүп жүрөм Жабыгып күйүп жүрөм Жообу жок калган сөздү Жүрөктө түйүп жүрөм Жан биргем бир өзүңө Жан дүйнөм түздөп жүрөм Арзыган сүйүү сөзү Дагы эле күтүп жүрөм Өмүрдү кесип жүрөм Мөзөктү эзип жүрөм Өзгөчө күнөөлүүдөй Өзүмдү сезип жүрөм Өзүндү сүйгөнүмө Күнөөлүү болуп жүрөм
  • Эл ичинен озгөчөм ашык болуп Эске түшсөң мөлтүрөйм жашык болуп Бакыт издеп өзүңдү эңсеп келем Бала кезден жолуккан жашыл жоолук Кайырма: Эй жашыл жоолук Бала кезден жолуккан жашыл жоолук Жүрөгүмдү сага деп арнап коюп Жүрөмүн өзүм өзүмдү алдап коюп Жалындаган от болуп күйүп жанып Жүрөгүмдү сезбедиң жашыл жоолук Жазым жайым шуулдайт кайык болуп Жүрөмүн жалгыз бук болуп жашык болуп Жок дегенде жөн гана көңүл улап Жарк деп күлүп койсоңчу жашыл жоолук Кайгы тартам сен жоксуң алсыз болуп Калат дүйнө сезилбей жансыз болуп Карегиңден нур жанган жүрөгүмдү Кантып сага келатам жашыл жоолук
  • Ким келип сурайт чарчаган ушул конулду Ким кепип уулайт жалгыздап откон омурду Бугун бир суусуз арыктан аттай берерде Кун тийип туруп козумдон жамгыр тогулду Кайырма: Ылайды кечип дайрадан барып суу алдым Ыйлагым келди дайрадан коруп озумду Тугойум издеп туболук очпос чырактуу Туркундон жанда агызып ийдим омурду Дарманым алып далыман соккон шамалдар Дайынын бербей созулуп кетти кусалык Коп ирем жолдор которуп суусун бараткан Жолдошу жакшы аялды коруп мунайдын. Кайырма: Ылайды кечип дайрадан барып суу алдым Ыйлагым келди дайрадан коруп озумду Тугойум издеп туболук очпос чырактуу Туркундон жанда агызып ийдим омурду. Кундорду кечип нурлары суйкум тогулгон Кутконум дедин кааранды жолдо корунгон Ай жанып отор айнегим тонуп чилдеде Жотолуп турам жолонуп озум озумө. Кайырма: Ылайды кечип дайрадан барып суу алдым Ыйлагым келди дайрадан коруп озумду Тугойум издеп туболук очпос чырактуу Туркундон жанда агызып ийдим омурду.
  • Ошол кеч эсте калды күзүңдөгү, Көргөндөн үмүтүм эч үзүлбөдү. Жүрөктү жүзгө бөлүп кетти окшойт, Жылдыздай уячалар жүзүңдөгү. Кайырма: Сиз мага ушунчалык жагасыз да, Көктөгү жылдыздардай жанасыз да Экөөбүз бир болбойбуз аттиң дүйнө, Жүрөктө арман болуп каласыз да. Жүргөндө жадап турмуш бардыгынан, Таберик болдуң окшойт тагдырымдан. Ээрчишип аалам кезип кетким келди, Аргасыз калдым жердин, аргасыз калдым жердин тардыгынан. Маңдайга ушундайды жазган окшойт, Көздөрүңүз күлүп турса сезим козгойт. Экөөбүз баратабыз эки жолдо, А менин жүрөгүмдө сүйүү боздойт.
  • Менин балам болуп караан Бакытымды толуктаган Эзилемин чебеленем Кадам коюп басам десең Жаным балам тилеп алгам Сурап алгам жараткандан Баскан жолуң ак болсун деп Алкап сурайм жараткандан Таң аткандан Карегимсиң көзүмдөгү Данегимсиң өмүрдөгү Медеримсиң эрмегимсиң Мээрим толгон көңүлдөгү Жакшылардын сабында бол Чарпым жазаар жайдарым бол Ата-энем элим деген Дилгир зирээк тирегим бол
  • Сөзү : Кубанычбек Бакиевдики Обону : Э.Кайымовдуку Из калтыр бул дүйнөдө, ансыз да өмүр кыска, Атыңды айтып урпак, иштериң болсун нуска. Из калтыр бул дүйнөдө, жакшылык ишиң менен, Акындар ыр жазышсын, канаттуу сезим менен. Из калтыр бул дүйнөдө, акыйкат сөзүң менен, Эч качан ушак айтпа, көрбөсөң көзүң менен. Из калтыр бул дүйнөдө, боорукер сезим менен, Көңүлдү калтырбайлы, баары өтөт бул дүйнөдөн. Артыңда из калтыргын, ак эмгек кызмат менен, Унутпай элиң жүрсүн, кетсең да бул дүйнөдөн. Из калтыр бул дүйнөдө, атанын уулу деген, Ашыкча мүлк жыйнаба, ал кетпейт өзүң менен. Из калтыр бул дүйнөдө, боорукер сезим менен, Көңүлдү калтырбайлы, баары өтөт бул дүйнөдөн. Ашыкча мүлк жыйнаба, ал кетпейт өзүң менен.
  • Жанашып жакшы тилге Жарашып калдым сизге. Жолукпа деген кезде Жолду таап жетем сизге. Жеңилем сен дегнде Жан биргем билбейм дебе. Катылган ал түйүндө Каласың сезимдерде. Кайырма: Гүлүм ай, гүлүм, гүлүм Тун сүйүүм тартуулайын. Сиз деген сезимимди Жашырып үн катайын. Сүйүүм ай, сүйүүм, сүйүүм Жүрөгүм сага арнайын. Сен деген сезимимди Ачпастан бек сактайын. Күттүрбөй күз да келди Кантейин жетпейм эми. Өкүнбөйм жашайм деген Бактыңды тилейм эми. Сезимдин сересине Күз келет билесиңби. Антип сиз эзбеңизчи Жаз бизден кетпесинчи. Кайырма:
  • Мен балалуу, сен бирөөгө бүлөсүң, Дале таза сага мээрим, мүнөзүм. Көрөмбү деп көп келемин шаарга, Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң? Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?! Оштон тапкам мага жагып мүнөзүң, Эстен кетпейт мажүрүм тал, бир өзүң. Тагдыр сени бир көргөзөр деп келем, Дайының жок, сен сагынбай жүрөсүң. Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң? Сезим жанып, бактылуусуң сен өзүң, Сени издеген өзгөрүлбөйт мүнөзүм. Бизге күбө Сулайман Тоо, Ак-Буура… Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?! Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?!
  • Күз күчүндө кээде жамгыр уланат Күндөп-түндөп жалбырактар куланат Гүлүн ачып бирок дагы жашайм деп Күзгү роза бак ичинде муңайат Гүлдөр гүлдөр жашоодон түк түңүлбөйт Күйүп турган жүрөгүндөй жүнүндөй Кереметин чачып кетээр өлгөнчө Кечки роза менин кечки сүйүүмдөй Корком корком бирок жакын баргандан Кудай сакта сен азапка салгандан Сезимимди шылдыңдашаар уккандар Сен жаз мен күз бариктери саргайган Күндөн күнгө кечки суук карышат Күз боегу бардык жерге жабышат Кызыл чоктой күзгү роза бир гана Кызыл бойдон кар алдында калышат
  • Суу жаңыртып Ала-Тоонун жылгасын, Талаа тыңшап торгойлордун ырдашын. Жаз жадырап мен турамын сумсайып, Жазда неге келбей койдуң кымбатым. Жазда неге келбей койдуң кымбатым Жаркын гүлдө жасалгалап кыр башын, Жай чыгарып табигаттын сымбатын. Жер жапжашыл менин өңүм керсары, Жайда неге келбей койдуң кымбатым. Жайда неге келбей койдуң кымбатым Дарак тагып түркүм мөмө сыргасын, Суктандырды адамдардын кыйласың. Күтүп жүрсөм жүзүм камдап өзүңө, Күздө неге келбей койдуң кымбатым. Күздө неге келбей койдуң кымбатым Эки жүрөк бирин бири тындасын, Эзилишип элжирешип жыргасын. Керемет бар сенде кышты жай кылар, Келчи келчи кыш чилдеде кымбатым, Келчи келчи кыш чилдеде кымбатым Керемет бар сенде кышты жай кылар, Келчи келчи кыш чилдеде кымбатым, Келчи келчи кыш чилдеде кымбатым Келчи келчи кыш чилдеде кымбатым
  • Закымдап кеткен элестер, Түшпөсө эске ким эстер. Түшүрөп жүрсөм аралап, Кызгалдак терген белестер. Жалындап өткөн мезгилди, Жаш алам көзгө эми эстеп. Бүлдүркөн терсек сыдырым, Сылаган жүзүң кыдырып. Эркелеп тостун ошондо, Тентисе тентек сыдырым. Сыдырым болбой эмне деп, Ичимден тынгам сызылып. Балдыркан терсек караган, Балтырың чийип канаган. Карабай ага кечкенсин, Суктантантып сууга жалаган. Суу болуп калбай эмне деп, Ойлорго чөккөм ааламат. Эзелки ойлор аламан, Булуттай ээрип тараган. Жаштыктын жашыл ээлеси, Эмгиче кетпейт санаадан. Азыр да журөк зырп этет, Кызгалдак көрсөм талаадан.