Казахские песни Узбекские песни

Нурлан Насип.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн.
Страница 5

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Нурлан Насип

  • Жакшы көрүп жамалыңа жаным байланам Жалгыз сага менин сүйүүм аманат Башка ааламдан түшүп келдиң беле сен Ак сүйүүмдөн дайым башым айланат Майда майда басканыңдан ыргалып Жылмаюдан биздин өмүр нурданып Эч билгизбей жашап келем мен Өзүмдөн өзүм кызганып Кайырма : Мончок-мончок көздөрү кара Сага деген сүйүүм дайра Эзилемин жаным Карай берем сени кайра кайра Мончок-мончок көздөрү кара Сага деген сезимдер дайра Эзилемин жаным Карай берем кайра кайра Бул дүйнөдө бир жаралат мындай махабат Ушул сезим бизге гана жарашат Төрт мезгилдин сулуулугу сендей Көздөрүңө көзүм жаным кадалат Ал ан сайын көзүм албай карадым Канча өмүр баарын сага арнадым Жүрөк ээлеп алган үчүн Дары кыз деп сени атадым
  • Жаным, мөлтүрөгөн көздөрүнө зармын, Сени менен кол кармашып дайым. Жаным, жүрөгүмдө өзүң болчу дайым, Сездим окшойт мен бакыттын даамын Кайырма: Эки жүрөк бирге болсочу, Экөөбүзгө бакыт консочу, Бекем болуп өзүң кооздочу, Менин дүйнөмдү. Эки жүрөк бирге болсочу, Оротобузга сүйүү орносун Кел жашоомду өзүң кооздочу, Менин дүйнөмдү. Жаным, түбөлүкө жаным болчу дайым Сени менен бир болойун жаным, Жаным, бул сыноолор өтөт кетет баары, Сага гана эркелейин дайым
  • Калкым жыйылып, жүрөк сүйүнүп, Кыргыз элим салтанаттуу тоюн баштады. Баары карашып, жоолук жарашып, Босогону жаңы жеңем аста аттады. Жүзү кут жанып, жаштар суктанып, Жүгүнгөндө жалпыга жарыгын чачат. Бир аз уялып, бир аз кубанып, Байкем менен ортодо жанашып басат. Айдай жеңеке, күндөй жеңеке, Ата-энеге таазим кылат ыймандуу элге. Балдай жеңеке, гүлдөй жеңеке, Бакыт тилеп аксакалдар батасын берген. Таң эрте туруп, кызматын кылып, Таза сактап уйти ичине бакыт сунасың. Көтөрүп чака, барсаң суу жакка, Кайнилериң жарыштырып ашык кыласың. Кайын журт баары, жашы да кары, Кызы сымал жактырып көрүшсө экен дейм. Колуңан дайым чай ичкен сайын, Келечекте сендей жар жолукса экен дейм. Айдай жеңеке, күндөй жеңеке, Ата-энеге таазим кылат ыймандуу элге. Балдай жеңеке, гүлдөй жеңеке, Бакыт тилеп аксакалдар батасын берген. Айдай жеңеке, күндөй жеңеке, Ата-энеге таазим кылат ыймандуу элге. Балдай жеңеке, гүлдөй жеңеке, Бакыт тилеп аксакалдар батасын берген. Айдай жеңеке, күндөй жеңеке, Ата-энеге таазим кылат ыймандуу элге. Балдай жеңеке, гүлдөй жеңеке, Бакыт тилеп аксакалдар батасын берген.
  • Билбейм неге ээлеп алдың ойлорумду, Түшкө кирдиң, сен да мени ойлодуңбү? Үмүтүм өчүп-жанып турган кезде, Бир жылмайып койбодуңбу? Кайырма: Таттуу махабатым, сага ыр сунамын, Мени жандап турсаң ар дайым Бакытка кабыламын. Таттуу махабатым, сени издеп таптым, Ширин сүйлөп турсаң ар дайым Сезимге багынайын. Көздөрүңө байланамын эркем менин, Сезип турам келет сенин эркелегиң. Жашоодо кол кармашып бирге болсок, Жаркын болот келечегим. Кайырма:
  • Кудай кошкон досторум бир туугандай ар бириң Кубанып да кайгырып аппак дайым сезилип Эки дүйнө бир болушат достор гана түбөлүк Ыйык сактап ынтымакта достор аман жүрөлүк Кайырма: Кел достор бирге көңүл ачып бул кечте Олтуралы достор көз тийбесин бизге Дайым бир болуп достук күчүн колдонуп Алга умтулалы элге үлгү болуп Жакшылыкта кубанып жандап дайым жүрүшөт Башка түшсө арман күн кайгы муңду бөлүшөт Жөлөгөн да таяган да достук адам канаты Сыймыктанган суктандырган досторум бар карачы Макул болот ар дайым мени менен жүр десең Кызыгы жок өмүрдүн достук баркын билбесең Жакшылыкта жамандыкта сына досту издесең Акыретте куткара алган досуң болот ким десең
  • Гүлдөй буралып, бастың жанымда, Кыт-кыт күлүп карап, өттүң назданып. Арзуум от болуп, жан дүйнөм чок болуп, Калгансыды жүрөк сүйүүгө мас болуп. Кайырма: Эркелетсемби, кара көз, сени, Суктанып мен карап, эзилеминби? Эркелетейин, келчи, шириним, Кучагыма кысып, эркелетейин. Күндөй жаркып сен, чыктың таң ата, Көзгө сүйкүм болуп, күнгө жанаша. Кандай сүйкүмдүү, сенин элесиң?! Көңүлүмдү буруп, эркелетейин. Кайырма:
  • Кыска этек киесиң, Кылыктуу жылмайып жүрөсүң. Кыйналып ичимден, Кызганып жатканым билесиң. Сымбатың менен сыйкырлап мени, Санаага ойду чырмап салдың. Жашоомо бакыт тартуулап анан, Жүрөктү аста уурдап алдың. Кайырма: Саамайыңа күндү илейин, Сен да мага көңүл бурчу! Махабатым билдирейин, Токтой турчу! Сезимимди океандай, Сен да туюп кабыл алчы. Эзе бербей өчүң бардай, Аясаңчы! Көзүңдү боёйсуң, Көңүлдү азгырып коёсуң. Кокустан кез келсек, Көрсөң да, көрмөксөн болосуң. Жамалың менен жадырап карап, Жанымды торго илип алдың. Жомокто сулуу периште сымал, Жүрөккө аста кирип алдың.
  • Тулпар мингем гоо, жаштыктын, Арбытат жолдорун жылдардын. Түшүнүп кайрылбас күндөргө, Муң кошуп бул ырды мен ырдаймын. Тизгинин тартамын жаштыктын, Ал жетпейт албырып барамын. Туулган күн кече эле өткөндөй, Бүгүн кайра тосуп мен турамын. Кайырма: Куйгула досторум шараптан, Ой басып, буулугуп мен баратам. Билемин себепкер мезгил го, Дайрадай шар аккан, Дайрадай шар аккан, Дайрадай күчү зор шар аккан. Себеле, себеле, себеле ак жамгыр Билинбей кошулду го дагы бир жыл Энекем үчүн деп мен бүгүн Ырдаймын жаңы ыр, ырдаймын жаңы ыр. Ырдаймын мен бүгүн жаңы ыр. Анда мен жаш кезде ой менен, Өтүптүр көп күндөр той менен. Туулган күн белгилеп мен бүгүн, Армансыз жаштыкты коё бергем. Кайырма: Куйгула досторум шараптан, Ой басып, буулугуп мен баратам. Билемин себепкер мезгил го, Дайрадай шар аккан, Дайрадай шар аккан, Дайрадай күчү зор шар аккан. Себеле, себеле, себеле ак жамгыр Билинбей кошулду го дагы бир жыл Энекем үчүн деп мен бүгүн Ырдаймын жаңы ыр, ырдаймын жаңы ыр. Ырдаймын мен бүгүн жаңы ыр.
  • Көргөндө сени күлгөнүң жаккан Өзүңсүң бактым мен издеп тапкан Күн өтсө дейли жыл өтсө дейли Жүрөктүн ээси жалгыз өзүң Өзүң бар үчүн көңүл жай үчүн Жашооңду курчайт тунук сезим Убакыт учуп өмүр өзгөрөт Кубаныч тартуулаган далай кез келет Өзүңсүз бирок сезимсиз бирок Баары бир бекер баары бир бекер Бул күндөр өтөр жаңы күн келер Жаным дайым болбосоң сен жанымда эгер Байлыгың деле бийлигиң деле Мен үчүн бекер баары бир бекер Өзүңсүз өмүр күн өтүп жаткан Чыккан күн кайра бат эле баткан Жолуккан күнү алоолоп сүйүүп Бакыттын нурун өзүндөн тапкам Сезимдин гүлү ашыктык үнү Жүрөктө гана жашап алган Убакыт учуп өмүр өзгөрөт Кубаныч тартуулаган далай кез келет Өзүңсүз бирок сезимсиз бирок Баары бир бекер баары бир бекер Бул күндөр өтөр жаңы күн келер Жаным дайым болбосоң сен жанымда эгер Байлыгың деле бийлигиң деле Мен үчүн бекер баары бир бекер
  • Бүгүн бар, эртесинде жоксуң Ар таңды акыркыдай тоскун Беш күндүк жалган бул өмүрдө Коноксуң! Жаш кезде жанып турган отсуң Жалбарып кармай алган жоксуң Жарк этип жашоо бизден өтсө Жомоксуң Өмүр - берип сынайсың Өмүр - алып кыйнайсың Жыгылсам карманам Баштаймын кайрадан Күрөшүңө мен чыдаймын Зымырап качсаң да Азап күн тартсам да Бир сени сүйүп жашаймын Кээде кыш, кээде жаркын жайсың Бир тарып, бир балкыган байсың Тагдырдын татаал тар жолунда Сынайсың Билгенге бакыт толгон ирмем Билбеске кирип, чыккан бир дем Өмүр бул белек жаратканым жиберген! Өмүр - берип сынайсың Өмүр - алып кыйнайсың Жыгылсам карманам Баштаймын кайрадан Күрөшүңө мен чыдаймын Зымырап качсаң да Азап күн тартсам да Бир сени сүйүп жашаймын Өмүр - берип сынайсың Өмүр - алып кыйнайсың Жыгылсам карманам Баштаймын кайрадан Күрөшүңө мен чыдаймын Зымырап качсаң да Азап күн тартсам да Бир сени сүйүп жашаймын Өмүр - берип сынайсың Өмүр - алып кыйнайсың Жыгылсам карманам Баштаймын кайрадан Күрөшүңө мен чыдаймын Зымырап качсаң да Азап күн тартсам да Бир сени сүйүп жашаймын Зымырап качсаң да Азап күн тартсам да Өмүрдү сүйүп жашаймын
  • Күндүн нуру жүзүңөрдө Күндө куулуп турат Балдай ширин сөзүңөрдү Жаным сүйүп угат Эркелеген кылыгына Эстен алып баарат Эхх сулуулар жаныңардан Жаным күйүп жанат Дайым жанасынар Дайым сулуусуңар Сүйөт сүйөт басканың Жигиттердин бүт баары Кыргызымдын кыздары Жүрөктөрү дары Майда майда басканындар Кагышы жүрөктүн Сагындырып аласыңар Суусундай мүрөктүн Көргүм келип өзүңөрдү Алып учат жаным Ээх сулуулар багыбызга Бар болгула дайым
  • Жаным жааным жакын көргөн адамым сенсиң Оюумдасын көңүлдүн баарын ээлегенсиң Жалындаган махабатымды ченелбеген Бөлүнүп кеталбас кыялымды сен менен Арнадым сага баарын ишенип айталамын Өзүңсүн менин багым Сен менин жан дүйнөмө крексиң Жүзүмдө жылмайууга себепсин Бактыма сендей адам турганда Жүрөгүм бүтүн менин жалгыз емесмиң Сен менин жан дүйнөмө крексиң Жүзүмдө жылмайууга себепсин Көңүлүң ооруп турса муңайба Мен бармын жаным жалгыз эмессиң Жаным жааным эч кимге окшобогон жансын Көзүңдөгү нуруңа мени байлагансын Жалындаган жүрөгүмдү менин арбаган Сен деген сезимдердин тереңине таң калам Сырымды сага ачтым колуңда менин бактым Сүйгөнүм махабатым
  • Карек толуп, ата-энең толкуп кубанат, Келген элең сен жарыкка бүгүн ыңаалап. Көңүл сүйгөн сайран, достор менен майрам, Ар жыл сайын, ай, уланат. Кучак толо гүлдөр, жылмайышкан жүздөр, Туулган күн шаңга бөлөнөт. Бүгүн, бүгүн, бүгүн Сенин туулган күнүң. Амандыкты тилейли, Ден соолукта жүргүн. Ачылсын ар дайым Жаштык өмүр гүлүң, Бактың, сүйүүң. Бүгүн, бүгүн, бүгүн Сенин туулган күнүң. Ата-эне бир тууганга, Алтын башты ийгин. Жашоонун кадырын Узак жашап билгин, Ойноп-күлгүн. Жаркын маанай, дасторкон үстүн саймалап, Жакындарың кымбат белек алып камданат. Коноктор топтолуп, ыр-бийлер коштолуп, Куттук сөздөр, ай, арналат. Эч нерсе жетпеген, эсиңден кетпеген Эх, кандай сонун салтанат, эй. Бүгүн, бүгүн, бүгүн Сенин туулган күнүң. Амандыкты тилейли, Ден соолукта жүргүн. Ачылсын ар дайым Жаштык өмүр гүлүң, Бактың, сүйүүң. Бүгүн, бүгүн, бүгүн Сенин туулган күнүң. Ата-эне бир тууганга, Алтын башты ийгин. Жашоонун кадырын Узак жашап билгин, Ойноп-күлгүн. Бүгүн, бүгүн, бүгүн Сенин туулган күнүң. Амандыкты тилейли, Ден соолукта жүргүн. Ачылсын ар дайым Жаштык өмүр гүлүң, Бактың, сүйүүң. Бүгүн, бүгүн, бүгүн Сенин туулган күнүң. Ата-эне бир тууганга, Алтын башты ийгин. Жашоонун кадырын Узак жашап билгин, Ойноп-күлгүн.
  • Кыска этек киесиң, Кылыктуу жылмайып жүрөсүң. Кыйналып ичимден, Кызганып жатканым билесиң. Сымбатың менен сыйкырлап мени, Санаага ойду чырмап салдың. Жашоомо бакыт тартуулап анан, Жүрөктү аста уурдап алдың. Кайырма: Саамайыңа күндү илейин, Сен да мага көңүл бурчу! Махабатым билдирейин, Токтой турчу! Сезимимди океандай, Сен да туюп кабыл алчы. Эзе бербей өчүң бардай, Аясаңчы! Көзүңдү боёйсуң, Көңүлдү азгырып коёсуң. Кокустан кез келсек, Көрсөң да, көрмөксөн болосуң. Жамалың менен жадырап карап, Жанымды торго илип алдың. Жомокто сулуу периште сымал, Жүрөккө аста кирип алдың.
  • Учурбай жаштык кезди, Убагында пайдалан. Өкүнүп сен калбайсың, Урматтап, ызааттасаң. Өтпөсүн, эй, жаштык кез, Кайгы, муң күндөр менен. Өмүрүң өтөт-кетет, Ойноп-күл чеги менен. Кайырма: Жалындап жаштык деми, Жашоомдун шаңдуу кези. Кайрылып кайра келбейт, Жаштыктын таттуу кези. Жалындап жаштык деми, Жашоомдун шаңдуу кези. Кайрылып кайра келбейт, Жаштык кезим. Жаштык кез сызып учат, Алыстан колун булгап. Артында изи калбай, Булуттай калкып барат. Билинбей кете берет, Таң атып, кеч киргенде. Кетсе да бизден алыс, Калабыз аны эстеп. Кайырма: