Казахские песни Узбекские песни

Нурлан Насип.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн.
Страница 4

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Нурлан Насип

  • Жүрөгүмө жарык нур берген, Ак сүйүүмдүн тазасы элең. Махабатым бир сага арнап, Сени сүйүп, сен деп жашап келгем. Кайырма: А бирок сен сезбедиң мени, Сага болгон тунук сезимди. Сага арналган сүйүүмдү сен, Түшүнбөдүң, кантейин эми? Жылдар жылып, убакыт өтөт, А жүрөгүм бир сени күтөт. Таалайыма жазганбы тагдыр? Табышмактай чечилбей келет. Кайырма: Сагынычтан күн өтөт, Сагынып жүрөк күтөт. Сагынычтан сыздайт эт жүрөк. Кайырма:
  • Элесиң көз алдымда, Гитара үнүн уксам. Унутам бир азга мен, Нотасын ырдын жазсам. Унутам бир азга мен, Ал күндү эске тутсам. Ал күнү ошол кечте Гитара үнү коштой. Ак бийге түшкөн элек, Ак көйнөк кийген бийкеч. Ак көйнөк кийген бийкеч, Келемин сени издеп. Келсе деп ошол майрам, Бакыт күн биз жолуккан. Байкабай калыптырмын, Жүрөктү жаралапсыз. Сурабай калыптырмын, Аты жок калыптырсыз. Ак көйнөк бийкеч болуп, Аты жок калыптырсыз. Ал күнү ошол кечте Гитара үнү коштой. Ак бийге түшкөн элек, Ак көйнөк кийген бийкеч. Ак көйнөк кийген бийкеч, Келемин сени издеп. Келсе деп ошол майрам, Бакыт күн биз жолуккан. Ырдаймын ушул кечте, Жетер деп сүйүүм сизге. Көрсөңүз эгер мени, Качпаңыз алыс жерге. Уксаңыз эгер мени, Бололу бир аз бирге. Ал күнү ошол кечте Гитара үнү коштой. Ак бийге түшкөн элек, Ак көйнөк кийген бийкеч. Ак көйнөк кийген бийкеч, Келемин сени издеп. Келсе деп ошол майрам, Бакыт күн биз жолуккан. Келсе деп ошол майрам.
  • Не карайсыз мынча жалдырап Кээде кулуп кээде калтырап Суйууп калган жигит окшойсуз Эс учунуз билбейм магдырап Ооба сизди суйууп калыпмын Коруп алып эстен таныпмын Кээче коруп сизди тушумдо Сиз да мага мен да сизге абдан жагыпмын Ай агатай жашмын али жаш Ой карындаш коркпо карындаш Бирге олтуруп маек куралы Коркпо жаным келчи жаным кана бери бас Суйууп калпсыз абдан жакшы экен Журогунуз али жаш экен Корунгонду суйууп журсонуз Аялыныз жубайыныз байкуш кантти экен Аялым жок азыр бойдокмун Солкулдаган жигит бойдонмун Эгер мени чындап суйсонуз Жакшы куйо жакшы тугой ата болмокмун Билем сизден жолган ондосмун Жигиттик соз кудай колдосун Ак той менен биз баш кошкондо Он балалуу баатыр эне апа болмоксун Кечээ куну коргом бул жерден Жанынызда сулуу кыз экен Колтукташып бара жатыпсыз Аялыныз жубайыныз эми ким экен Айтпадымбы жок деп аялым Ал бараткан менин аяшым Жардам берип койгом жон эле Аяшымдын базарлардан алган товарын
  • Билбеймин мени кантип арбадың, Көп кыздардан бир сени тандадым. Бүт өмүрүмдү сага арнадым мен, Жүрөк ээси жалгыз өзүңсүң. Сен менен татамын, Издеген бакыт даамын. Жанымда күлүп турсаң, Сүйө берем ар дайым. Жүрөккө нурун чачкан күнүмсүң, Жашоомдун көркүн ачкан гүлүмсүң. Түбөлүккө бир келчү сүйүүмдүн да, Ээси жалгыз өзүңсүң. Сен менен татамын, Издеген бакыт даамын. Жанымда күлүп турсаң, Сүйө берем ар дайым. Сен менен татамын, Издеген бакыт даамын. Жанымда күлүп турсаң, Сүйө берем ар дайым
  • Көздөрү - көлдүн бермети Кылгырып караганың Кымбатым, самаганым Жымыңдаган көз карашың Кыялдарга терметти Оюмдан кетпеди неге Жомокто ханыша беле? Сыйкыры арбады Сыр болуп калганы Жүрөктө кадалды жебе Сезимди арнап беремин Сездирбей, бирок келемин Айта албайм, айта албайм Айта албайм анын себебин Ийилген белиң, билегиң Имерип алды илебиң Жүрөктү, жүрөктү Жүрөктү неге эзесиң? Эсимден кетпейт элесиң Эңсетип дайым келесиң Күн болуп көрүнүп Нуруна төгүлүп Муздай тоңгон жүрөгүмө Муза болуп бересиң Карабай башканын баарын Карады, жүрөктө жалын Кылыктуу каш кагып Сезимге баш багып Сүйдүрүп алдыңбы, жаным? Сезимди арнап беремин Сездирбей, бирок келемин Айта албайм, айта албайм Айта албайм анын себебин Ийилген белиң, билегиң Имерип алды илебиң Жүрөктү, жүрөктү Жүрөктү неге эзесиң? Сезимди арнап беремин Сездирбей, бирок келемин Айта албайм, айта албайм Айта албайм анын себебин Ийилген белиң, билегиң Имерип алды илебиң Айттырбай, айттырбай Айттырбай качан сезесиң
  • Ыймандан дилиң тазарат, Ырлардан көңүл жашарат. Ыр менен жашап түбөлүк, Ырдалып бүтпөйт махабат. Арзуудан өмүр жашарат, Арзуудан жүрөк наз алат. Армандуу дүйнө кимде жок, Айтылып бүтпөйт махабат. Күндө өтүп турса сапар бат, Күлгүн жаш келбейт катарлап. Гүл азык болуп өмүргө, Гүл бойдон калат махабат.
  • Ты смысл слов симфони грани Ты даришь вновь покой и пламя В тебя влюблен ведь между нами Столько слов это боль и любовь верь мне Припев: Амона подари мне еще один день Попросил Амона Без тебя в этом мире бессилен я Амона я скучал и я верил что буду любим Амона знаю что ты будешь моя Ты словно сон ты как цунами Вспомни то о чем мечтали Ты далеко и сердце ранит Без тебя мне не нужен никто верь мне Припев: Амона подари мне еще один день Попросил Амона Без тебя в этом мире бессилен я Амона я скучал и я верил что буду любим Амона знаю что ты будешь моя
  • Билбейм неге ээлеп алдың ойлорумду, Түшкө кирдиң, сен да мени ойлодуңбү? Үмүтүм өчүп-жанып турган кезде, Бир жылмайып койбодуңбу? Кайырма: Таттуу махабатым, сага ыр сунамын, Мени жандап турсаң ар дайым Бакытка кабыламын. Таттуу махабатым, сени издеп таптым, Ширин сүйлөп турсаң ар дайым Сезимге багынайын. Көздөрүңө байланамын эркем менин, Сезип турам келет сенин эркелегиң. Жашоодо кол кармашып бирге болсок, Жаркын болот келечегим. Кайырма:
  • Түндө түш көрдүм,апам жанымда, Ысык нан сунат и-ий,менин колума. Ойгонсом түшүм,сыздады жүрөк, Бат эле өттү и-ий бактулуу мүнөт. Припев: Жолун тосуп жөнөйүн,Токтогул жериме Ашуу ашып барайын,айылым,элиме Бала болуп көчөмдө,кайрадан чуркайын Узун акма суусунан,тамшанып урттайын Көздөн жаш тамып,жаздыгым нымдап Уктабай жаттым и-ий жүрөктү тындап Биз өскөн чон там,көзүмдөн учуп Сагыныптырмын и-ий айылды чындап
  • Мейли жүрөгүмдү оорутсаӊда сени жеӊдим, Теӊби таптым дедиӊ өз жашооӊдон орун бердиӊ. Сага ак сүйүүнүн эӊ тазасын арнап турам айттырбастан өзүӊ сездиӊ Өзүң бул жашоону сүйүш учун мага келдиң. Кайырма: Жалгыз ээси жүрөгүмдүн сен, Бүт маңызы бул өмүрдүн сен. Жалган болсо биздин бул жашоо Чындык болсун ак сүйүүбүз дейм. Сени бакыт берип буйруптур тагдырын мага Мени ороп турат алоолонгон сүйүү жана. Разы жүрөк разы менден барган махабаттын жарымын Сен мага арна Келет көргүм келет көздөрүңдү ар бир таңда Кайырма:
  • Гүлдөй буралып, бастың жанымда, Кыт-кыт күлүп карап, өттүң назданып. Арзуум от болуп, жан дүйнөм чок болуп, Калгансыды жүрөк сүйүүгө мас болуп. Кайырма: Эркелетсемби, кара көз, сени, Суктанып мен карап, эзилеминби? Эркелетейин, келчи, шириним, Кучагыма кысып, эркелетейин. Күндөй жаркып сен, чыктың таң ата, Көзгө сүйкүм болуп, күнгө жанаша. Кандай сүйкүмдүү, сенин элесиң?! Көңүлүмдү буруп, эркелетейин. Кайырма:
  • Ой болуп карайм жүзүңдөн сымбат, Ойноок көз курбум карашың кымбат. Сагыныч эзет сары оору кылып, Өзгөчөм деймин башкадан ылгап. Кайырма: Ооруду жүрөк ок болуп тийген, Көзүңдөн сенин жалындап күйгөн. Канча жан мага арзыды экен, А бирок сенден башканы сүйбөйм. Сагындым сени үлбүрөп турган, Мажүрүм болуп сүйүүмдү ырдайм. Жол бою өскөн дарактай болуп, Күтүүдөн чарчап жанымды кыйнайм Кайырма: Кыйбасым ойлон кымбатым жандын, Жанымда болуп жалындай жангын Антпесе өмүр боектой өчөт, Өзүңсүз өтсөм арманым арбын.
  • Сен тартынбай мага карачы, Колуң сунуп колум кармачы. Түбөлүктүү болуп мен менен, Көп кыйнабай менин санаамды. Кайырма: Мен суранам, сенден суранам, Сен кайрылсаң абдан кубанам. Колтукташып сен менен басып, Алкымыңдан ай мен жыттасам. Түшүнбөдүм сенин оюңа, Бере албадың каттын жообун да. Жүрсөң керек сен да кыйналып, Ойго батып сарсанаага. Кайырма: Оо, менин сүйгөнүм, Назира, Жүрөгүмдө жалгыз сен гана. Кармашып колубуз дайыма, Калсынчы, садагам Назира.
  • Заманыбыз бузулгандай туюлат. Жаштар жүрөт көчө тентип аралап. Кыргыз элим намыскөйлүү калк келген, Таштагыла, жакшы жолго алып барбайт. Кыйын кезде кырылбаган кыргызым, Башын ийип чөгөлөбөй көп кылым, Алдырбастан эч бир жанга намысты, Сактап келген Ата Мекен кыргызым. Кайырма: Байлык, бийлик азгырат го жолуңдан, Кыргыз элим, адашпагын жолуңдан. Ынтымактуу болуп элим жашайлы, Заманыма ыйман бергин, Жараткан. Жараткандан жалыналы, сурайлы, Элибизге берсин тынчтык, ыйманды. Бирибизди тонобойлу, кыргызым, Ортобузда ынтымак, күч орносун. Байлык десе адашабыз түз жолдон, Пулун берип чоң жумушка орношкон. Жок болсо дейм ошондойлор арадан, Оңолот го кыргыз элим, оо, качан? Кыргыз деген атыбыз эч өчпөсүн, Кылымдарга жаша, эрип чөкпөгүн. Ата Мекен жалгыз бирөө, экөө эмес, Ырыскыңды, кыргыз элим, төкпөгүн. Кайырма:
  • Бул өмүрдө ак сүйүү бир келет, Ар жүрөккө бирден түгөй берет. Ишене бергин жалган жашоодо, Өзүңдү сүйгөн сезим өзгөрбөйт. Билемин жаным ишениш керек, Мындай сезимди жүрөк сезе элек. Кыялдарымды өзүңө арнайм, Жакшы тилектер кепилдик берет. Кайырма: Сен, мен бакыт издедик, Тандап кимди сүйбөдүк. Бакыт дайыма жанаша, Жүрсө неге сезбедик. Махабатыбыз ынтымак берсин, Бакыттын дамын жүрөктөр сезсин. Сүйүүнүн күчү күн өткөн сайын, Салкындап кетпей, эселеп өссүн. Жан шерик издеп, ак сүйүү таптым, Көп жигиттерден бир өзүң жактың. Түбөлүк сүйөм, сага сөз берем, Жөлөгүм сенсиң, таалайым, бактым. Кайырма:
  • Айтканды укпаган Ашыкча уктаган Болсо да кылыгың Болсо экен жукпаган Жамыңды билбеген Жасалма күлбөгөн Алтындай мүнөзгө Ашыкмын күндө мен Кайырма: Өзгөчөм сүйдүрөсүң күйдүрөсүң Жаным жазала Өзүң билип чөнтөгүмдүн баарын тазала Сенсиз кантип жашамакмын Аны билбеймин Сени сүйөмүн Сенден башка жанды сүйбөймүн Болбосту болтурган Бакытка жол урган Ташкындап сүйүүсү Тамакты кор кылган Азгырып сүйдүргөн Азапка күйдүргөн Кылыгын сүйөм да Ыйлатып күлдүргөң
  • Мен келгенде эстен кетпейт эч эле, Жезде дечүң мени жалгыз сен эле. Бара-бара эркелигиң жоголуп, Бой жетилип, сен чоңойдуң, Бой жетилип, сен чоңойдуң, Тез эле… Кайырма: Балдыз, балдыз, неге жалгыз, Ыйлайсың сен күн алыс? Тандап терген, белестерден, Сага жездең гүл карыз. Эстейм, аттиң, баары күндөй кеч эле, «Сүйүү эмне?» деп сураганың эсимде. Сүйүнчүлөп тыя албастан күлкүңдү, Кадам койдуң сен, секелек, Кадам койдуң сен, секелек, Сезимге… Кайырма: Мен келгенде эстен кетпейт эч эле, «Кел, жезде» деп чай сунганың эсимде. Эми сен да төктүң сүйүү көз жашын, Мезгил, чиркин, өтөт тура, Мезгил, чиркин, өтөт тура, Тез эле… Кайырма:
  • Жигитсиңби, бир сөзүңдөн танбагын, Кызыл гүлдү сабагынан кармагын. Көрүнгөнгө көрүнгөндөй сөз айтпай, Ошол кызга ак сүйүүңдү арна, арнагын. Кайырма: Аралаба топ кыздарды, Кыздын баркы кетпейби. Арасынан бирди сүйсөң, Ошол эле жетпейби. Асманда ай да сулуу, күн да сулуу. Ар бир адам өз-өзүнө айдай сулуу. Асманда жымыңдаган жылдыздардай, Сүйгөнүм ого бетер айдай сулуу. Кайырма: Аралаба топ гүлдөрдү, Гүлдүн баркы кетпейби. Арасынан бирди үзсөң, Ошол эле жетпейби.
  • Өмүрдөгү издеп тапканым, Өзүң менен ачык асманым. Ак жоолук салып, жубай болуп, Астанамды аттадың. Кайырма: Оорусам дарым, жашоомдо баарым, Таттырган бакыт даамын, Менин түбөлүктүү жарым. Апамдын күткөн келини сенсиң, Айдын нуруна теңсиң, Бир сени менен кут келсин. Көпчүлүктү сыйлап жүгүнгөн, Көшөгөнү көрккө бөлөгөн. Үйдүн ичине жарык чачкан, Татынакай затыңдан. Кайырма:
  • Күндүн нуру жүзүңөрдө Күндө куулуп турат Балдай ширин сөзүңөрдү Жаным сүйүп угат Эркелеген кылыгына Эстен алып баарат Эхх сулуулар жаныңардан Жаным күйүп жанат Дайым жанасынар Дайым сулуусуңар Сүйөт сүйөт басканың Жигиттердин бүт баары Кыргызымдын кыздары Жүрөктөрү дары Майда майда басканындар Кагышы жүрөктүн Сагындырып аласыңар Суусундай мүрөктүн Көргүм келип өзүңөрдү Алып учат жаным Ээх сулуулар багыбызга Бар болгула дайым
  • Көк асманда калкып учкан, Ак куу болуп сен келсең. Булбул сымал мен ырдайын, Мени коштоп бийле сен. Чыбыктай ийилген, Басканы керилген, Суктантып сен бийлесең. Кайырма: Ойго батам, мен оттой жанам, Бийлесең сени менен кумарланам. Татынасың, неге тартынасың? Бийчи кыз, өзгөдөн кызганамын. Жандап бассам, бийге тартсам, Чимирилип бийлесең. Акылымдан адаштырып, Жүрөк козгоп жиберген. Бийлесең наздана, Карасаң кадала, Жүрөктө калат жара. Кайырма:
  • Сөзү: Нурлан Насиптики Обону : Нурлан Насиптики Бийик, бийик зоолордо, Ак мөңгүлүү тоолордо, Ата-бабам, элим жашаган. Байыртадан элим, Кылымдарга өчпөй, Ата Мекен көчүн улаган. Көк тиреген тоосу, Мелтиреген суусу, Көп адамдын көзүн арттырган. Кайырма: Берекелүү, ыйык Мекеним, Ата Мекеним, кыргыз жерим. Ак калпактуу кыргыз элим, Алгалай бер, кыргыз элим! Ата Мекеним! Душмандардан сактап, Урпактарга улап, Манас ата бизди коргогон. Үч буроосун бурап, Колго комуз ойноп, Ата-бабам мурас калтырган. Көз арттырган жерим, Көз тийбесин сага, Көкөлөп өсө бер алдыга! Кайырма:
  • Ай сулуу кыз аткан таңдай, Көңүл учту сага карай, Карайм карегимди албай… Тилегиңиз жанга дос бекен? Жүрөгүңүз али бош бекен? Кечиктимби мен ай, билемин кандай? Баатыр жигит болчу Абай, Сендейлерди көргөм далай. Анча, ашыкпаңыз андай… Жүрөк ээси болуу урмат го, Аны ачуу сизге кымбат го, Ачкычын да албай, Ачасыз кандай? Кайырма: Ачып алам, оңой жолу керек, Ашык адам тапкыч болуу керек. Максаттарын бийик коюу керек, Эки жүрөк бирдей согуу керек. Көзүңүздү жатка ыйгарбай, Өзүңүздү бекер кыйнабай. Бөлүнбөй, биз күндө, бололу бирге! Кабагыңа конгон Күн-Ай, Карегиңе толгон чырай, Сени шүгүр берген Кудай. Сезимиңди арнап келсең ай, Эркелеген менин эркем ай. Бакытты далай, көрөлү ары карай. Эркелетип эчен курдай, Кылыгыма жүрсөң чыдай, Бактылуу боломун тынбай. Сен болосуң менин шерим ай, Мен болоюн сенин теңиң ай, Сүйүүмдү арнай, жүрөйүн талбай. Кайырма: Ары жагы биздин багыбыздан, Арылалы жалгыз жагыбыздан. Сагыналы ойлоп таңыбыздан, Табылалы дайым жаныбыздан. Көзүбүздү жатка ыйгарбай, Өзүбүздү бекер кыйнабай, Бөлүнбөй, биз күндө, бололу бирге!
  • Супер гезит бул – “Супер Инфо”, Супер гезит менен алдыда бол. “Супер-Инфодон” гана табасың, «Супер» менен мезгилден калбайсың. Мезгил өтөт, заман өзгөрөт, Убакыт талыкпайт, оку көбүрөөк. Ошондо гана сен алдыда болосуң, Өз колуңда сен туура жолдосуң. Бизди танда биз сени тандайбыз Бирге, чогуу биз артта калбайбыз. Талантың барбы, өргө чабар өнөр, Анда эмне турасың? Биз менен бол. Бер өзүңө жол, кыл элиңе кызмат, Бери көздөй чыгып, элиңе бер кубат. “Супер-Инфо” дайыма бол кабардар, Бизге кошул, мезгилден артта калба! Жымыңдаган жылдыздардай, Көктө жарыктардай. Сезилет го ал жомоктой, Тартылат сыйкыры бардай. “Мезгилден артта калба!” деп Бакыт тилеп, “Мекенди ыйык сакта” деп, Сатпагын деп. Кайырма: “Супер-Инфо” элим менен, Жерим менен, эскирбеген. “Супер-Инфо” кылымдарга, Өчпөс болот эскирбеген. Жолун улай бирге болот, «Супер» артта калбайт. Эмгектенет ал талыкпай, Адашпай жолун ал тандай. “Мезгилден артта калба!” деп, Бакыт тилеп. “Мекенди ыйык сакта” деп, Сатпагын деп.
  • Карек толуп, ата-энең толкуп кубанат, Келген элең сен жарыкка бүгүн ыңаалап. Көңүл сүйгөн сайран, достор менен майрам, Ар жыл сайын, ай, уланат. Кучак толо гүлдөр, жылмайышкан жүздөр, Туулган күн шаңга бөлөнөт. Кайырма: Бүгүн, бүгүн, бүгүн Сенин туулган күнүң. Амандыкты тилейли, Ден соолукта жүргүн. Ачылсын ар дайым Жаштык өмүр гүлүң, Бактың, сүйүүң. Бүгүн, бүгүн, бүгүн Сенин туулган күнүң. Ата-эне бир тууганга, Алтын башты ийгин. Жашоонун кадырын Узак жашап билгин, Ойноп-күлгүн. Жаркын маанай, дасторкон үстүн саймалап, Жакындарың кымбат белек алып камданат. Коноктор топтолуп, ыр-бийлер коштолуп, Куттук сөздөр, ай, арналат. Эч нерсе жетпеген, эсиңден кетпеген Эх, кандай сонун салтанат, эй. Кайырма:
  • Бийик болуп Ала-Тоодон бактыңар, Балдай таттуу сүйүү таптыңар. Көңүл кушу бири-бирин жактырып, Кош ак куудай канат кактыңар. Тагдыр буйруп, ушул күнү баш кошуп, Той өткөрүп турган чактыңар. Келиңиздер деп сыйга чакырып, Конокторго эшик ачтыңар. Кайырма: Жар болгула ата-энени сыйлаган, Жалпы журттан урмат жыйнаган. Жашооңорго ынтымакты каалайбыз, Жан болгула сүйүп, кыйбаган. Жүрөгүңөр махабат деп кагылсын, Жүзүңөрдөн бакыт чагылсын. Куда болуп эки тарап достошуп, Кубанычтар толкуп агылсын. Куттуктайлы эки жашты чын дилден, Коломтоңор өчпөй жагылсын. Ак сакалдардын батасы тийип, Алдей үнү үйдө жаңырсын. Кайырма:
  • Бийик, бийик зоолордо, Ак мөңгүлүү тоолордо, Ата-бабам, элим жашаган. Байыртадан элим, Кылымдарга өчпөй, Ата Мекен көчүн улаган. Көк тиреген тоосу, Мелтиреген суусу, Көп адамдын көзүн арттырган. Кайырма: Берекелүү, ыйык Мекеним, Ата Мекеним, кыргыз жерим. Ак калпактуу кыргыз элим, Алгалай бер, кыргыз элим! Ата Мекеним! Душмандардан сактап, Урпактарга улап, Манас ата бизди коргогон. Үч буроосун бурап, Колго комуз ойноп, Ата-бабам мурас калтырган. Көз арттырган жерим, Көз тийбесин сага, Көкөлөп өсө бер алдыга! Кайырма:
  • Сулуу келбети, Көздөрү — көлдүн бермети. Кылгырып караганың, Кымбатым, самаганым. Жымыңдаган көз карашың, Кыялдарга терметти. Оюмдан кетпеди неге, Жомокто ханыша беле? Сыйкыры арбады, Сыр болуп калганы, Жүрөктө кадалды жебе. Кайырма: Сезимди арнап беремин, Сездирбей, бирок келемин. Айта албайм, айта албайм, Айта албайм анын себебин. Ийилген белиң, билегиң, Имерип алды илебиң. Жүрөктү, жүрөктү, Жүрөктү неге эзесиң? Эсимден кетпейт элесиң, Эңсетип дайым келесиң. Күн болуп көрүнүп, Нуруна төгүлүп. Муздай тоңгон жүрөгүмө, Муза болуп бересиң. Карабай башканын баарын, Карады, жүрөктө жалын. Кылыктуу каш кагып, Сезимге баш багып, Сүйдүрүп алдыңбы, жаным? Кайырма:
  • Жаным, мөлтүрөгөн көздөрүнө зармын, Сени менен кол кармашып дайым. Жаным, жүрөгүмдө өзүң болчу дайым, Сездим окшойт мен бакыттын даамын Кайырма: Эки жүрөк бирге болсочу, Экөөбүзгө бакыт консочу, Бекем болуп өзүң кооздочу, Менин дүйнөмдү. Эки жүрөк бирге болсочу, Оротобузга сүйүү орносун Кел жашоомду өзүң кооздочу, Менин дүйнөмдү. Жаным, түбөлүкө жаным болчу дайым Сени менен бир болойун жаным, Жаным, бул сыноолор өтөт кетет баары, Сага гана эркелейин дайым Кайырма:
  • Жүрөктө сезимди жалгызым жараладың, Канча убак күттүрүп, сен неге кайрылбадың? Канчалык сүйөрүмдү билесиңби, Айла жок мен сага эми кош айтамын. Кайырма: Мен эми кайгырбайм, Сени эстеп көзгө жаш албайм, Жүрөгүм ыйласа да, сен деп, Болду эми сагынбайм Мени издеп кайрылба, Кечиктиң эми садага, Сен кеттиң, эми сен сагынба. Бир кезде ээрчишкен махабатым элең, Түбөлүк жанымда, болом дечү элең. Бал ширин бактылуу күндөрдү унуттуңбу, Оорутуп жүрөктү, кай жакка кеттиң экен.