Казахские песни Узбекские песни

Азербайджанские песни в машину.
Страница 3

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

В машину

Азербайджанская музыка в машину
  • Аялуу көңүл арзыган жандан муздады, Күтүүнүн эми бар деймин кимге кереги? Кеч күүгүм эле, жан кейип турар кысталып, Тыйынга турбай калгансыйт дүйнө кереги. Түн кирет, анан кареги мага кадалат, Өзүмө окшоп көңүлдөн жарык издеген. Жылдызым түшүп, бук болдум ызам тарабай, Туш болдум кайдан сезимге жаным түтпөгөн. Кайырма: Оорубайт денем, онтоосу ичте жүрөктүн, Ден-дароо болуп бир чекти тиктеп отурам. Айлампа турмуш ичтеги букту бийлеткин, Эртеңки күнүм кандайын билбей чочулайм. Ордумдан жылбайм асманда жылдыз толгондо, Көшөрөт сезим эрегиш таштап күчүнө. Булуттай көчөт үмүттүн жиби үзүлбөйт, Бук болгон кезде киресиң менин түшүмө. Кайырма: Ушундай сезим келет да кетет чочуду, Жылчыксыз болуп калгандай дүйнө караңгы.
  • Жаштык кайда, ал бир өткөн элестер, Кайда калды жашыл тулаң, белестер? Арманы бар, адашуу бар, эстесем, Айла канча, буга мезгил себепкер. Өтөт күндөр өмүр-жашты кемитип, Эртеңине бүгүн шашып демитип. Өкүнүчкө тоо чүмкөнгөн мөңгүдөй, Аз жыргалды көлгө айланта эритип. Өмүр ошол, өткөн күндөр чаң чыгарып чак өткөн, Арманы көп, кызыгы көп, буга мезгил себепкер. Арманы бар, адашуу бар, эстесем, Айла канча, буга мезгил себепкер. Өкүнүчкө тоо чүмкөнгөн мөңгүдөй, Аз жыргалды көлгө айланта ээритип.
  • Уйкуман серпилгенде алыс жактан, Айылдын ак таңдары эске келет. Жолунун боз чаңдары көздөн учуп, Көңүлүм өскөн жерге имерилет. Чыгыш жак ак шоокумдан көйнөк кийип, Бетинде жылдыз өчөт бийик көктүн. Апалар таңда туруп уй сааганда, Желге ойноп жыты келет жылуу сүттүн. Туулган жер, кудуретиң сагындырып, Элесиң көз алдыма мелт-калт этет. Айылыма өзүм жетпей, оюм жетип, Yмүтүм закымдарга батып кетет.
  • Кайырма: Менин жаным, жаным, өзүңдү тандадым, Карегиңе чөгүп бакыт балын таптым. Менин жаным, жаным, арнайм сага баарын, Түбөлүккө өзүң деп жашаймын. Эркелеп турсам да жарашат мага да, сага да, Өмүрүм белек деп жалгыз сага, сага. Кайырма: Көзүмдү жумсам да сезимим жалынын жарымын, Таянам тагдырда жалгыз сага, сага.
  • Сен өзүң ыр окшойсуң түгөнбөгөн, Эриниң, каректериң, каштарың да. Асем кыз айтып, жазып бүтө албаган, Ыргагы окшойт ырдын басканың да. Кайырма: Ах, кандай кереметсиң, жакшынасың, Саат санап сагынтасың, жакшырасың. Акылдан адаштырып, айтчы неге? Ар башка азабыңды тарттырасың? Мен сени жазып бүтпөйт көрүнөмүн, Элесиң ээрчийт, ойго чөмүлөмүн. Көлкүлдөп ырга айланып өзүм дагы, Ак кардай кагазыма төгүлөмүн.
  • Таң агарган таза сезимдей, Табиятта таттуу кыялым. Тартыламын эңсеп эркелей, Анын шамын көпкө учамын. Кайырма: Кыялымда айланамын, ааламга өзүм араналамын. Кыялдарга байланамын, кылыгын койбой назданамын. Теребелге термелемин, эркиме койбой термелемин. Кыялымда айланамын, кыяладарга байланамын. Аралаймын дүйнө тегиздей, Жүрөгүмдү ээлеп махабат. Кучагымда эргип эркелей, Бирге дайым таңым агарат.
  • Наристем, ак сүйүүмдүн данегисиң, Нур болуп, бакытыма келээримсиң. Көңүлүм эргий берет сени ойлосом, Көз көрүп, ооз ачып өбөрүмсүң. Ойлонсом эне болоор бакытымды, Жыттагым келе берет ак жытыңды. Ыңаалап көз жараарым күтө берем, Наристем, жанып турган асылымбы?! Наристем, ак батанын үзүрүсүң, Сүйүүмдүн арууланган үзүмүсүң. Дүйнөдө сенден ыйык керемет жок, Шириним кубанычтан жанат жүзүм. Нурумсуң өмүр берген таңымдагы, Бүрүмсүң искегенде жаным жаны. Үнүмсүң ыргагымды оболоткон, Сен менен көктөйт тура сүйүү багым.
  • Жарыгым менин, кумарың жалбыз жытындай, Сезимге шербет, сөзүңдүн оттой ысыгы, ай! Эсиме келбей, элбиреп турам өзүң деп, Тай кулун туйлап жаткансып жүрөк тушумда. Албырып турган жүзүмдөн байка сүйүүмдү, Жактырам, жаным, жалбарган шыбыр үнүңдү. Магдырап барам, керемет келе калгандай, Майрамдай сезип, сен менен өткөн күнүмдү. Кайырма: Сүйөм сени, сүйөм сени сүйүүдөн эч чарчабай, Күтөм сени, күтөм сени күтүүдөн эч тажабай. Отуна күйдүр, бул дүйнө бизге түбөлүк, Белекке келген кемибей турган энчиби? Жалының барда жанарың болсо жанып кал, Жалп этип өчсөк, жыйнаган күнү келчүбү?
  • Унутам сени! Убайга салган күн менен, Оюмдан үзөм, чачамын шуру сыңары. Өзүңдө мындай жеңилдик барын билбегем, Көпөлөк болгон көңүлдөн кеткис, ынагым! Кайырма: Кыйналып турам. Кыйнады мени сезимдер, Табылдың дагы түйшүккө сала баштадың. Бир гана жалын өчпөсө экен көзүңдөн, Күтүүсүз келген сезимдер кайда баштагы. Тажадым күндөн төгүлүп гана келбеген, Суранбайм сенден жарыгын мага тийгиз деп. Жолумдан кеткин, тагдырдын менби эрмеги, Күмөндөр кылып, күйбөгөн отко күйгүзбө. Кайырма: Кыйналып турам. Кыйнады мени сезимдер, Табылдың дагы түйшүккө сала баштадың. Бир гана жалын өчпөсө экен көзүңдөн, Күтүүсүз келген сезимдер кайда баштагы. Жетким да келбейт сөзүңдүн жалган-чынына, Сезилбейт андан сезимдин ысык жалыны. Иренжий түшүп, ачылган сенин сырыңа, Башканын көөнүн оорутуп алдым, жарыгым! Кайырма: Кыйналып турам. Кыйнады мени сезимдер, Табылдың дагы түйшүккө сала баштадың. Бир гана жалын өчпөсө экен көзүңдөн, Күтүүсүз келген сезимдер кайда баштагы.
  • Жаш кылгырат кирпигимди ирмесем, Азап күтөм эгер түшкө кирбесең. Мен шар суумун, кулагыңды тундурган, Кантмек элем какшаганды билбесең? Кайырма: Саламат жүр табигаттан суранам, Жетпесем да жеңиши, Жетпесем да жеңиши, Жеңиши жок убарам… Сүйбө бирок, кол берүүдө эринден, Какшык кошуп күлгөнүңө кубанам. Жүрөт элем карааныңа жалынып, Менде болсоң жүрөктөгү бурама.
  • Балапан ооз наристедей эркерээк, Таарынышып, кээде назик эркелеп. Бак-таалайдын туусу кылып сүйүүнү, Шашылбайбыз, улгайууга эрте деп. Жаштык узап кетип калат кайрылбай, Ак өмүрдүн алакандай айрыгы ай. Ошол кыска алакандай жаштыкты, Келчи биргем, өткөрөлүк кайгырбай. Кайырма: Мейли күндөр өтсүн күнгө алмашып, Өмүр-ажал жакындашып, арбашып. Өчпөсө экен карысак да сүйүүбүз, Жүрөктөрдөн жылуу сезим арнашып. Алыс кетсең жолуң тосуп эртелеп, Караан издеп келсе экен дейм эртерээк. Биркок мейлиң, кайда жүрсөң тилеймин, Дөөтү колдоп, жолу шыдыр болсо деп. Асылым, ашыгым, Жаныма жакыным. Кубанчым, кыйбасым Сагынчым, сырдашым. Асылым, ашыгым, Жан биргем, жакыным. Эч кимге теңебес, Эн таттуум, кымбатым.
  • Сүйүү-бул бирөөгө жалган, Бирөөнү жалынга салган Кандай табышмак? Ойго салат… Сүйүүгө ишенген жан бар, Кезигет адашкан жандар… Күтүп зарыга Үмүткө багына Сүйүү бар сүйсөң ишене! Адашуу жолун издебей Азабын тартат түбөлүк Махабат баркын билбеген Колдору кармашып бирге, Бактылуу күндөрдү кечкен Жандар аз эмес Азап чекпей… А көзүнөн кулаган жаштар, Кусадан өңүнөн азган Бар го далайлар Кантип айыгат? Адам болбойт сүйүү жолдон жаңылбас. Жашоо керек сынбай… Өткөн күнүң кайра артка кайрылбайт Сактоо керек бузбай…
  • Атакем менин Ата, мен үчүн, Өмүр демисиң, Жан дүйнөңдү тосуп ызгаарга, Эркин учамын, Тоодой кучагың, Бактылуумун ата сиз барда. Кайырма: Ай, Күнүм дедиң, Атакем менин, Аскадай бийик дүйнөмсүз атаке. Ааламым дедиң, Атакем менин, Кызым деп дайым сүйгөнсүз атаке. От болуп күйүп, Ордуңуз бийик, Кадырыңды даңктаймын ата, Эч кылбай капа, Кетирбей ката, Үмүтүңдү актаймын ата!
  • Жүрөгүмдү куйкалайсың жалындай, Жүрө албаймын күндө сени сагынбай. Мээ сергитет менде жүргөн элесиң, Мелтиреген Ысык-Көлдүн таңындай. Көзүң укмуш ак чыныда карагат, Көп караба жүрөгүмдү жаралап. Көөнүң болсо бир белгиңди түшүндүр, Киши жалдап сүйө албаймын паралап. Кээде бүркөө, кээде жарк дейт кабагың, Кантип сенин кыялыңды табамын? Мен өзүмдү эр көкүрөк көрсөм да, Ээрчип жүргөн көлөкөңдөй санадың. Кыйнабачы жүрөктөгү жарадай, Кылгырбачы, койчу мени карабай. Же күлүп кой, же кирпигиң ирмечи, Куса болдум, сагынганым тарабай. Үн жок, сөз жок томсоросуң турасың, Ыйлап-ыйлап улутунган баладай.
  • Бул турмуштун тартибине баш ийип, Курдаш кыздар, келин болуп кеттиңер. Өз колунан өз оозуна аш тийип, Курдаш балдар, эр-азамат жеттиңер. Кайырма: Мен отурам бүгүн тиктеп көчөнү, Биз баарыбыз чогуу жүргөн кечээги. Биздин жаштык калды күндө кечээги. Баарыбыз тең болбогон соң, текши улуу, Бир көчөгө чоң эстелик коюлбас. Мен силерди дайым эстейм кечкурун, Карып бара жаткан балдар, моюндаш. Кайырма: Мен отурам бүгүн тиктеп көчөнү, Биз баарыбыз чогуу жүргөн кечээги. Биздин жаштык калды күндө кечээги, Ошол күндөр такыр эстен кетпеди. Биздер эми кайда гана барбайлы, Кайсы жерге түшсөк дагы эчели. Картайганда канча курбу тандайлы, Бирибизге бирибизбиз эстелик. Кайырма: Мен отурам бүгүн тиктеп көчөнү, Биз баарыбыз чогуу жүргөн кечээги. Биздин жаштык калды күндө кечээги, Биздин жаштык калды күндө кечээги.
  • Сен менин учкан көпөлөгүм, Искеп жытын сансыз гүлдөрдүн. Арманымда кайкып учасыӊ, Ким болду экен түгөйүӊ? Сен менин учкан көпөлөгүм, Издеп сени таппай жүрөмүн. Келип кончу гүлдөргө, Ким болду экен сүйгөнүӊ? Сен менин учкан көпөлөгүм, Издеп тапсам арасынан гүлдөрдүн, Кантмек элем, кала берем, Каалап сага өмүрүмдүн сүрүшүн.
  • Ысык-Көл жээгине сейилге чыктым, Ысымын сулуунун ар жерден уктум. Калагым кайыкта толкунду шилейт, Толкундар баары эле, «Жамиля, сен кайда, кайдасыӊ?» дешет. Баратам кайыкта термелип, тездеп, Бакытка термелткен сулууну эӊсеп. Үстүмдөн булуттар буулугуп өчөт, Булуттар баары эле, «Жамиля, сен кайда, кайдасыӊ?» дешет. Ай айтты, күн айтты асылдын атын, Алтынга, каухарга алмашпас затың. Анда да жүрөгүм зырп эте түшөт, Баары эле, «Жамиля, сен кайда, кайдасыӊ?» дешет.
  • Жүрөктө жүргөн сезим каргыл болуп, Күткөнмүн күндө ойлонуп, калбыр болуп. Келбедиӊ ак кайыӊдан, салаалаган Тамчыдай жашым акты, жамгыр болуп. Ал сезим калмак элес, санат болуп, Канымды кайнатыӊ сен шарап болуп. Келбедиӊ жапжаш сүйүүм жабыркады, Добулда жерге ийилген дарак болуп. Жарына жеткендерде кандай арман? Сен кеттиӊ жарым болбой ардакталган. Мен боздоп бопбош калдым өмүр бою, Уядай боз торгою келбей калган. Келбесиӊ калган убак анык болуп, Жүрөсүӊ анда кимге жарык болуп? Секетим, сени ойлонуп муӊданамын, Суу акпай какшып калган арык болуп. Секетиӊ күндө ойлонуп, муӊканамын, Өзүӊсүз өткөргөн күн супсак болуп. Жүрөсүӊ алда кимге жарык болуп?