Казахские песни Узбекские песни

Азербайджанские песни в машину.
Страница 4

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

В машину

Азербайджанская музыка в машину
  • Эркелей кармап колуӊдан, Эртеӊ мен сага жолугам. Азыр мен турам жете албай, Кантем эми, айламдын жогунан. Айламдын гана жогунан. Каранып улам саатты, Сагынып бүткөн таӊ атты. Жүрөгүм туйлайт тиктесем, Кантем эми, сен келе турган, Сен келе турган тарапты. Ойлосом колуӊ кармаарым, От болуп күйөт жан жагым. Жылдызды жүрөм аралап, Кантем эми, жытыӊды искеп, ардагым. Жытыӊды искеп, ардагым. Үмүтүм кантип үзөйүн, Үзүлүп жаным күтөйүн. Дендароо кылбай, кол булга, Сен үчүн мен деӊизден деңиз, Деӊизден деңиз сүзөйүн.
  • Токоюм бойлоп баратсам, Суктантып көздү караткан. Алыстан келген адамдар, ий, Кеткисиң ай келбейт ай-ий Таластан. Береке нурун сепкен жер, Каныкей жашын төккөн жер. Хан Бакай, Кошой баш болуп, Кабылан ай Манас ай-ий өткөн жер. Ак шумкар сызып учкан жер, Атагын дүйнө уккан жер. Чокусу бийик Таластын, Чолпонбай ай Чыңгыз ай-ий чыккан жер. Ак чөлмөк ойноп тан аткан, Айлуу түн бизге жарашкан. Канчалык ойноп күлсөм да эй, Кумарым ай канбайт ай-ий Таластан
  • Арзыкан, Алайдан чыккан сулуусуң, Арзыкан, агарган таңдын нурусуң. Кызыгып кыздар таккандай, Кызыл бермет шурусуң. Айылыбыз бирге болбогон, Алыскы жериң курусун. Арзыкан, көңүлүң жумшак жаздайсың, Арзыкан, пейилиң келгин каздайсың. Көйкөлүп басып жүргөнүң, Көлдөгү сүзгөн каздайсың. Көңүлдөш курбуң мен турсам, Көңүлсүз кимди наздайсың? Арзыкан, ак булбул конуп сайраган, Аралаш кайың тал болсоң. Аянбай ичип ийгендей, Аякка куйган бал болсоң. Алышып ойноп жүрүүгө, Айылыбыз жакын жар болсоң.
  • Жаныӊда жарыӊ болуп, балдарыӊ да, Үйүӊдө тынчтык толгон жылуулук да, Жан досум, мени көздөй шашылбагын, Жан дүйнөӊ бөлүнбөсүн, кымкууттукка. Эрдей, эр жигиттей олтурганда, Тагдырыӊ кубанычка толтурганда, Жан досум, мени көздөй ашыкпагын, Жан үрөп кабылбагын опурталга. Үзөӊгү буттан тайып турган кезде, Үмүтүм үзүл-кесил калган кезде. Жан досум, жанымда бол, өтүнөрүм, Тагдырым таш боорлугун салган кезде.
  • Беттин көркү нур менен, Белдин көркү кур менен. Биз сүйгөн сулуу Мөлмөлүм, Белгилүү болсун ыр менен. Эки илебиң кызыл гүл ачылгандай, Мөлмөлүм. Бир карасаң жүрөккө от чачылгандай, Мөлмөлүм. Маңдай чачың Маргалаң жибегиндей, Мөлмөлүм. Сенин ышкың баланын тилегиндей, Мөлмөлүм. Өтүмдүүсүң Өзгөндүн күрүчүндөй, Мөлмөлүм. Созулганың зергердин күмүшүндөй, Мөлмөлүм. Майиндигиң жоргонун жүрүшүндөй, Мөлмөлүм. Гүлзар кылчы жүрөктүн какшып жаткан чөлдөрүн. Күйдүм, Мөлмөл, аппагым, Ааламдан сендей таппадым. Издеп-издеп күн-түнү «Мөлмөлүм!» деп какшадым. Секин баскан бутуңдан, Сейдана мончок жытыңдан. Кадам койгон бутуңдан, Калемпир мончок жытыңдан. Чыныга куйган бал болсоң, Чымындай ага малынсам. Чыга албай жатып ошондо, Чын өзүңө багынсам. Чыгарып койсоң боор ооруп, Чырагың болуп жагылсам. Алты оролуп мойнуңа мен, Ак маржан болуп тагылсам. Берейин десем малым жок, Мал табууга алым жок. Кедейликтин дартынан, Тышым жалын, ичим чок. Бирок да мунун баарына Карабайт экен көңүл шок. Көрүнүп койсоң бир жолу, Булуттан чыккан айга окшоп.
  • Көк шибер жашыл көктөм, Көнөктөп жамгыр төккөн. Жадырап май айындай, Жашарып көңүл өскөн. Сезимдин айы ушул, Сен күткөн, мен да күткөн. Кайырма: Май айы-махабатым, Маңдайга жазган бактым. Өзүңдөн таткым келет, Өмүрдүн ыракатын, Май айы-менин бактым. Сулуусу он эки айдын, Сурайлы сырын майдын. Ачылып гүлдөй өмүр, Арылат капа-кайгың. Жашайлы ырга айлантып, Жаштыктын жашыл айын. Кайырма: Май айы-махабатым, Маңдайга жазган бактым. Өзүңдөн өмүр улап, Өзүңдөн сүйүү таптып, Май айы -махабатым. Жаштыкты коштоп турган, Жазга мен окшоп турам. Жамалы-жашың ыраң, Жакшы ойду козгоп турган. Мезгилдин перзентине, Мен сени окшоштурам. Кайырма: Май айы-махабатым, Маңдайга жазган бактым. Сүрөп бар санжылдарга, Сүйүүсүн ар бир жаштын.
  • Достум эсиңде барбы, Ызы-чуу түшкөн мектептин алды . Бас десе баспай, жаз десе жазбай, Тажаткан күндөр эже-агайды. Кайырма: Мен биринчи атаман, сен экинчиде, Бирде сени келтектеп, бирде келтек жеп ээй. Канча жолу мушташтык биз кыз талашып, Аттиң ошол күндөр калды кайда адашып?. Достум бүгүн мен, сен да , Өзгөрдү баары, өзгөрдү эл да. Балалык кезим сенин да менин, Сагынтан бизди туулган жер да. Кайырма: Эх, досум эстей жүр дайым, Биз ойноп,өскөн мектептин багын. Тааныткан тамга сага да, мага, Унутпа дайым эже – агайды.
  • М.Атаналиевдики Илебиң жаздын келип нур жүзүңдөн, Керемет үн угулат күлүшүңдөн. Ак куудай мойнуң созсоң элестетем, Периште — жомоктогу күлүңдөгөн. Кайырма: Эй жаш сулуу, ичте сырың катылуу, Эй жаш сулуу, ак тилектен кааларым, Эй жаш сулуу, болсоң экен, экен бактылуу. Суу алып эшигимден өткөн кезде, Тойбогон көздөр менен карай берем. Өзүмдөй бир жигитке туш болсо деп, Чын дилден жаш сулууга самай берем.
  • Адырлардан аппак гүлдү көрөм, Аппагына кызыгып аны терем. Аппак көйнөк кийинген эй сулуу кыз, Колумдагы аппак гүл сизге берем. Эй сулуу кыз эй, кетпей туруңуз Колумдагы аппак гүл сизге берем. Эй, сулуу кыз эй токтой туруңуз, Колумдагы аппак гүл сизге берем. Кыркырлардан кызыл гүлдү көрөм, Кызылына кызыгып аны терем. Кызыл көйнөк кийинген эй сулуу кыз. Колумдагы кызыл гүл сизге берем. Эй сулуу кыз эй, кетпей туруңуз Колумдагы кызыл гүл сизге берем. Эй, сулуу кыз эй токтой туруңуз, Колумдагы кызыл гүл сизге берем Суу боюнда сырлуу гүлдү көрөм, Сулуусуна кызыгып аны терем. Сулуу көйнөк кийинген эй сулуу кыз, Колумдагы сырлуу гүл сизге берем. Эй сулуу кыз эй, кетпей туруңуз Колумдагы сырлуу гүл сизге берем. Эй, сулуу кыз эй токтой туруңуз, Колумдагы сырлуу гүл сизге берем
  • Бириңдеги сулуулук бириңде бар, Бириңдеги улуулук бириңде бар. Мага деген жылуу сезим айткылачы, Биле албадым кимиңде жок, кимиңде бар. Силердеги сулуулук суудар бүткөн, Силердеги улуулук нурдан бүткөн. Эх, экиге бөлүнүп өзүм дагы, Экөөңдү тең эчкимге бербей сүйсөм. Кайырма: Эгиз кыздар окшошкон Батма-Зуура, Эгиз кызды сүйүп калуу кыйын тура. Катар басаң тааный албай кыйналамын, Айткылачы кимиң Батма кимиң Зуура?
  • Кадимки айыл кечи, үйлөтүп отту күйгүзүп, Билбести билгиздиңер, үйрөтүп атты мингизип. «Кылганың биз үчүн болсо, үйрөнгүн өзүң үчүн» деп, Атакем, алтын апакем, мээримиң чачып сүйгүзүп. Кайырма: Кандайсың, ата-апа, аманбы? Эл-журтум аман жатабы? Кучагың жайып тосуп ал, Сагынып күткөн, сапарда жүргөн, Саргайып күткөн балаңды. Кадимки айыл таңы, күн чыкпай күндө турасың, «Балдарга бак берсин» деп Кудайдан миң жолу сурадың, Ата бир болуп калсам да, «уулум» деп баштан сылайсың, Атакем, алтын апакем, тилегиң берсин Кудайым. Кайырма: Кандайсың, ата-апа, аманбы? Сагынып айтам саламды. Кучагың жайып тосуп ал, Сагынып күткөн, сапарда жүргөн, Алыста жүргөн балаңды. Кадимки айыл чети, ойлонуп мен да турамын, Бирине бириң жөлөк аксакал болгон убагың. Жашымда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү, Атакем, алтын апакем, Кудайдан ошол сурарым.
  • Өмү деген, берилет бизге бир жолу гана, Жараткандын буйругу экен жашоо ааламда. Адашпайлы жашоодо жаманга жанашпайлы, Биз эч качан досторго жамандык санашпайлы. Кайырма: Өмүр, өмүр өтпөсүн бекер Бир келген өмүр. Өмүр, өмүр калбасын Биздин бул өмүр. Өтөт өмүр эсте калып кызык бир баяндай Өмүр барда жакшылык жасайлы биз аянбай. Адашпайлы жашоодо жаманга жанашпайлы, Биз эч качан досторго жамандык санашпайлы.
  • Өзөндү бойлоп, өзүңдү ойлоп, Жаз келсе ме да келээрмин. Өзүңө жаккан, сага арнап жазган, Ырымды ырдар берермин. Кайырма: Жол боюндагы, жол боюндагы, Ыргалып өскөн ак кайың. Сагынтат мени, сагынтат сени, Сагынтат мени, эй жаш чагым. Алыста жүрүп даалай күн күтүп, Сагынсам сага келээримин Жүрөктө жүргөн, өзүң деп күйгөн, Сүйүүмдү сага берермин. Кайырма: Сагыныч эзип, сүйгөнүм сезип, Күз келсе мен да келээрмин. Армандуу жүрөк, жалындап күйөт, Өзүмдү сага берермин.
  • Чынын да эле айтсам күндөрүм, Чыдабаймын сени көрбөсөм. Азаптуу күнгө туш болом, Көңүлүң чындап көлбөсөң. Кайырыма: Эй, кызыл жолукчан, Болдумго сен деп оорукчан. Токтогул менен Алымкан, Жолукчу жерден, эй, жолуксам. Сыланып күндө тарансаң, Суктанбай сага кое албайм. Жароокер селким жайнаган, Кааласаң өзүмдү сага арнайм. Кайырма: Эй, кызыл жолукчан, Болдумго сен деп оорукчан. Данияр менен Жамилия, Жолукчу жерден, эй, жолуксам. Эй, кызыл жолукчан, Болдумго сенден оорукчан. Раймалы менен Бегимай, Жолукчу жерден жолуксам.
  • Кайдан келет махабат, Акылымдан алып азгырган. Оо,Аида, Аида, Аида, сен сулуусуң. Күндөр, бактылуу күндөр, Түндөр, уйкусуз түндөр. Түгөнбөгөн таттуу кыялдар. Оо,Аида, Аида, Аида, сен жайнайсың, Аида сен айдайсың.
  • Кайда жүрсөм өзүңүздү сагынам эне, Жашоодогу мээримиңиз табылгыз беле. Кайырма: Энекебай элесиңден кубат аламын, Энекебай сагынычтан күйүп-жанамын. Көз алдымдан көчүп өтөт узун түндөрдө, Энекебай кол булгалап калган караның. Сиздей мени эчким сүйбөйт эне билемин, Ак батадан чынар болур өсүп тилегим
  • Ак сүйүүсүн арнап себелээр, Агалардын жары жеңелер. Кызгантышкан агаларымды, Жеңелерге кимдер теңелер. Ээ,эй, жеңелер, Оо, ой, жеңелер. Кызгантышкан жагынан, Жеңелерге кимдер теңелер. Жүгүрүшүп кызмат кылышса, Жүгүнүшүп сыйлап турушса. Миң ыраазы болор ата –эне, Улууларга урмат кылышса. Ээ,эй, жеңелер, Оо, ой, жеңелер. Кызмат кылган жеңелерге, Жеңелерге кимдер теңелер. Бакыт болуп күндө себелеп, Байлык болуп барга теңеле. Ак жолугуң күнгө желбирет, Бар болгула биздин жеңелер! Ээ,эй, жеңелер, Оо, ой, жеңелер. Жарык чачкан жагынан, Жеңелерге кимдер теңелер.
  • Бир өзүңсүң көңүлүмдө, Сүйүү болдуң жүрөгүмдө. Мени сендей ардактаган, Ким бар дейсиң бул өмүрдө? Кайырма: Асмандагы айдай жандың, Сен жашоомду саймаладың. Мени сүйгөн жүрөгүңдүн, Кагышынан айланайын. Сага мен да болдум кумар, Жүрөгүмө тактың тумар. Сенин сүйүүң жалындаган, Мага тирек болуп турар. Кайырма: Сенин сүйүүң алга сүрөт, Үмүт болуп менде жүрөт. Сүйкүм жүзүң көргөнүмдө, Бир мен эмес, дүйнө күлөт.
  • Океандай мелмилдеп, Оюмда терең сыр жатат. Сендеги назик жаш кыял, Сүйүүнүн дартын ырбатат. Өзүңдөн күткөн кыялым, Оо, деги качан ишке ашат. Турмуштун терең дайрасын, Толкутуп бирге кечели. Тагдырдын сыры табышмак, Түйүнүн бирге чечели, Таалайлуу адам болду деп, Таңдагы гүлдөй өсөлү. Оюмдан кетпейт ар убак, Сагынып жаздым бул катты. Жашчылык чиркин чыдатпай, Жалындатып, сыздатты, Өмүрлүккө сыйлашып, Оо, деги өткөрсөк кантет кызматты.