Казахские песни Узбекские песни

Азербайджанские песни в машину.
Страница 16

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

В машину

Азербайджанская музыка в машину
  • Адашып сен экөөбүз эми Өчкөндөй махабаттын деми Байкалбай урап баратабы Тургузган ак сүйүүнүн чеби Түшүнбөйм мен да билбейм деги Билбеймин анын не себеби Биз менен иши жоктой азыр Жай согот салкын күз илеби Кайырма: А балким кайра табышарбыз Кол кармап бирге жанашарбыз Түшүнбөй сезимдерди тунук Таптакыр мүмкүн адашарбыз А балким дүйнө бир кезербиз Махабат деңизди кечербиз Түшүнүп турмушта өйдө ылдыйга Жүрөктөрдөн туюп сезербиз Ак сүйүүм менден алыстаба Адашып жолдон чалыштаба Аябай бакытты берсе эмне Жараткан ченеп карыштаба Мезгил сен алга арыштаба Күч бергиң сезим багынтышка Табигат койнуна жылытчы Махабат үшүп турат суукта
  • Мажүрүм талдай ийилген, Баладай жайнап сүйүнгөн. Жел менен бирге жарышып, Жибектей жеңил жүгүргөн. Желбирип жеңи жарышып Жел менен ойноп алышып. Жебедей жетсең жеритип, Жүрөгүң турсун сайышып. Кайырма: Ойнотчу комузуңду, Ойготчу добушуңду. Күнөстүү жайга конгон, Гүлдөтчү конушумду. Тепкедей тепилдегем, Элжиреп эпилдегем. Желбиреп желден учкан, Өзүңдү желге теңейм. Карегиң жанган чырактай, Караның тамчы сынаптай Кичкентай бойго гүл менен, Кийдиңби көйнөк кынаптай. Кийгеним гүлдөп жарашса, Кичкентай дешип карашса. Көкөлөп учуп көңүлүң,ий, Көпөлөк болуп жанашпа. Талпынган канаттууларым, Тамшанып ичер булагым. Тагдырга жазган татынам, Табылгыс бермет ынагым. Уясы толгон шамы бар, Учурбай кушту багып ал. Аялуу жанды аздектеп, Акбермет кылып тагып ал.
  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Кетким келбейт, өчкүм келбейт, Жер бетинен калайык. Таңы да бар, багы да бар Жердин бети адам үчүн ылайык. Араңардан санааңардан кетким келбейт досторум, Баары бар, наары бар тирүүлүктүн көтөрүшүп тосторун. Кайырма: Чаңкаганга, суусаганга, Булак болуп мен агайын. Кеч киргенде, жер бетине, Карегимден чыгак жасап жагайын. Кетким келбейт, өчкүм келбейт, Жер бетинен адамдар. Жазы жаңы, жарык таңы, Келечекте бизди күткөн заман бар.
  • Жел жүрсө бийлеп, сайран куруп, Толкундар көлдө ойногон. Ак Куудай канат жайган булут, Кылаалап көлдө бойлогон. Ысык-Көл жаштык жыргалындай, Сүйүүнүн ырларындай. Ысык-Көл жаштык жыргалындай, Сүйүүнүн ырындай. Түнүндө көлдүн көркүн карап, Толгон ай сызып баратат. Ак Куудай көлдүн көркүн карап, Көргөндө көзүң талашат. Ысык-Көл өмүр жыргалындай, Махабат ырларындай Ысык-Көл өмүр жыргалындай, Махабат ырындай Ысык-Көл өмүр жыргалындай, Махабат ырындай Ысык-Көл жаштык жыргалындай, Сүйүүнүн ырындай Чардактар кайкып баспай чуусун, Ысык-Көлүм толкуп жаткан. Учуруп кыздар кардай куусун, Шаңкылдап боорлору каткан. Ысык-Көл өмүр жыргалындай, Сүйүүнүн ырларындай Ысык-Көл жаштык жыргалындай, Махабат ырларындай Ысык-Көл өмүр жыргалындай, Сүйүүнүн ырындай Ысык-Көл жаштык жыргалындай, Махабат ырындай
  • Канча кар жаап жамгыр жууп Өчүптүр издер Канча мезгил канча өмүр көчүптүр бизден Ал ансайын достуктун Алтын чынары Тамыр жайып дүмөлөп өсүптүр бизден Кайырма: Чын жүрөктөн чечилип Сырдашкан досум Кучак жайып кубанып Сыйлашкан досум Үй-бүлөдө жашоодо Тилегибиз бир Жакшы жаман күндөрдө Кыйбас жан досум Каниете дос болуп Жаштык оюнга Курбу болуп эрчишип Достук жолунда Бир келебиз сырдашып Бирге көтөрүп Бул дүйнөнүн Ак — көгү бары жогунда Кайырма: Кыйын кезде кыйгачтап Кетпедиң досум Күйүнсөкта сүйүнсөк Эстедик досум Күйгүзөм деп канчалар Каалаган менен Күмөндүгүн достуктун Сезбедик досум
  • Уйубузго келгенинде жене Кичинекей кезимде жене Ай кичине бала деп жене Тергегенин эсимде жене Чыбык кармап ат минип журсон Чыпалактай нерсене кулгом Чылбырынды тарта албай журсон Чонойгондо ким болот деп кулгом Кайырма: Жене жене жене Жене жене женекем ай Кайни кайни кайнишка Кайни кайни кайнишка Кайни кайни кайникем ай Шоктук кылба Ал эмне журот Бул эмне журот Уйум толо колхозбайлар Кошуналар кулот Мен байкуш журом Итке окшоп уром Уй шыпырам тамак жазайм Кунуго жудойм Менин досторум асыл досторум Дуйнодо табылгыс жакын досторум Чыда женеке азыр кетишет Кетпей койот экен деп Такыр коркпонус Макал бар жене Канча бут кирсе Ошончо кут кирет Билип туруп ушул бу мейман тосконун Ай мейли тосоюн сунуп журокту Бирок бут эле кирет бут эле кирет Куттан кабар жок Беш жыл болду торкунумдо болбодум Куну туну балдарымды койлодум Куйом байкуш башы чыкпайт шараптан Бир корбодум бир гул берип койгонун Жене жене анча кайгы жебегин Ошол гулду мына озум берейин Журогунуз кайни ининизге ачылсын Журунусчу эс алдырып келейин Нан жок Нан жок Нанын болсо май жок Май жок май жок Майын болсо чай жок Эми болсо чонойдум жене Эл катары бойдокмун жене Эсинизден чыкпаса жене Эркелетип койунусчу жене Терегиндей бойун болсун кайни Теменедей оюн болсун кайни Тегеренип калыптырго башын Тезиреек тоюн болсун кайни
  • Таң калтырган бийде көздөрүм күйүп турду, Тамшандырган сөз менен мени сүйүп турдуң. Кечир жаным эми менин сүйүүм башкада, Кыялдарга алып учсун мени башкалар. Кайырма: Мен ойлондум мен ушундай чечтим, Билемин сүйөрүң бирок дүйнөм дале алсыз. Мейли эми мен калайын кайрадан жап жалгыз, Мен сүйгүм келет сүйүүгө зар болуп турам. Сенсиз жаным таза сүйүү сепилин курам, Коё бер мен дагы эркин учайын, Коё бер мени сүйүүмдү эрке тутайын. Кечиргин жаным ишенбей калдым өзүңө, Келечегибиз караңгы мени көзүмө. Кайырма: Мен ойлондум мен ушундай чечтим, Билемин сүйөрүң бирок дүйнөм дале алсыз. Мейли эми мен калайын кайрадан жап жалгыз, Мен сүйгүм келет сүйүүгө зар болуп турам. Сенсиз жаным таза сүйүү сепилин курам,
  • Намысымдын урматына сырымды, Көкүрөктүн түпкүрүнө жашырып. Калдым чекене боло албай бир ырга, Ырдап берем угасызбы, азыр ук. Ырдап берем угасызбы, Обон созом угасызбы, Ырдап берем угасызбы, азыр ук. Жок, жок укпа, сыртка чыкпайт ал обон, Кайрыктарын ичтен кайрыйт жүрөгүм. Билмексенге салбайын деп турсам да, Сизди, көздөрүм айтып коёт сүйөрүн. Көздөрүм айтып коёт, Өзү эле айтып коет, Көздөрүм, ай айтып коёт сүйөрүн. Ырым менин өзүн баркын билбеген, Асыл ташым аттап өтүп өзгөнү. Сизди көргөм көп ичинен миңдеген, Менин, көздөрүм, ай, көздөрүм, ай, көздөрүм Көздөрүм, ай, сизди сүйгөн, Көргүм келип оттой күйгөн, Көздөрүм, ай, көздөрүм, ай, көздөрүм. Көздөрүм айтып коёт, Өзү эле айтып коет, Көздөрүм, ай айтып коёт сүйөрүн.
  • Өмүрүмдүн жалгыз арманы, Өкүнүчтүн жансыз салмагы. Өзүң деген ыйык тилегим, Өргө жетпей өксүп калганым. Чулгап алып мени кусалык, Сени күткөн түндөр узарып. Өмүр токтоп ошол ирмемдер, Отургансыйм жылбай тушалып. Кайырма: Кечирип кой, жаным, эрмегим, Кымбатымсың, кыйбасым менин. Түбөлүктүү сенин энчиңе, Тун сүйүүмдү арнап бергенмин. Салаалаган ысык жаш тамып, Самабадым неге башканы? Жазда кирген албуут дайрадай, Сагынычымдын ашып-ташканы. Кайырма: Кечирип кой, жаным, эрмегим, Кымбатымсың, кыйбасым менин. Түбөлүктүү сенин энчиңе, Тун сүйүүмдү арнап бергенмин.
  • Айыл арты шиберлүү саз, талаа көк, Бой жеткендер бүт чогулуп, бала көп. Атаандашып жылдыздарга ышкыбоз, Айлуу түндө биз ойнодук, биз ойнодук ак чөлмөк. Мен ыргыттым, менден мурда сен жеттиң, Туйганы жок менден башка сени эч ким. Жалгыз менин сезимиме себепкер, Учкандарды көздөрүңө, көздөрүңө чекиттиң. Айыл арты шиберлүү саз, талаа көк, Бой тарткандар бүт чогулуп, бала көп. Атаандашып жылдыздарга ышкыбыз, Айлуу түндө биз ойнодук, биз ойнодук ак чөлмөк.
  • Кетким келбейт, өчкүм келбейт, Жер бетинен калайык. Таңы да бар, багы да бар Жердин бети адам үчүн ылайык. Араңардан санааңардан кетким келбейт досторум, Баары бар, наары бар тирүүлүктүн көтөрүшүп тосторун. Кайырма: Чаңкаганга, суусаганга, Булак болуп мен агайын. Кеч киргенде, жер бетине, Карегимден чыгак жасап жагайын. Кетким келбейт, өчкүм келбейт, Жер бетинен адамдар. Жазы жаңы, жарык таңы, Келечекте бизди күткөн заман бар.
  • Кандай сонун бул жашоодо сүйүү тапсаң, Ак сүйүүдөн сен эч качан айрылбасаң. Тоскоолдуктарга жеңилип ажырашпастан, Түбөлүккө кол кармашып чогуу бассаң. Кайырма: А бирок бул жомок, Андай сүйүү жашоодо жок. А бирок бул жомок, Андай сүйүү жашоодо жок. Ооруганда сени көрүп күйүп турса, Кыйналганда жөлөк болуп, күлүп турса. Барга көппөй, жокко чөкпөй сенин сүйгөнүң, Өмүр бою жалгыз сени сүйүп турса. Кайырма: А бирок бул жомок, Андай сүйүү жашоодо жок. А бирок бул жомок, Андай сүйүү жашоодо жок.