Казахские песни Узбекские песни

Арсен.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн.
Страница 2

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Арсен

  • Бир аз эшик суук, бирок жүрөктө жылуу, Турамын кар үстүндө мен музыка угуп. Элдерди карасам баары шашылат, Карысы да жашы да жана тайгаланган машина. Бул кыш мезгил Африкада күтпөгөн, Жылмаюну алыстатып кабактарды бүркөгөн. Карапайым калкты кыйнап убараны жүктөгөн, Музга айлантып айлананы көрүнгөнсүйт бүтпөгөн. Аны көзгө алба, бул да кайгыга салбайт, Ишембиге даярданып досторуң менен камдан. Салтка калган көнүгүү, лыжа менен өнүгүү, Аппак болуп жердин бети кыштын сыйкыр бөлүгү. Эгер кар көп жааса, өзүң жалгыз калсаң,токтогонсуйт өмүрүң… Жылытсын музыкам жанды, жүгүртүп тамырдан канды. Чыдап кой сен бир аз калды, жаз да келет көрүнүп. Кайырма: Жаңы жыл келсин, жанып бүтпөгөн, Жарык жүктөгөн элиме, Ар бир үйгө кут толуп, Жаңыласын бүт толук жериме. Көлдүн үстү көк муз жылгаяк, Азыр бештин айы, жыл аяк. Жаңы жыл, элим кайра жылмаят, Ар бир үйдө таттуу мандарин, ыр майрам. Көлдүн үстү көк муз жылгаяк, Азыр бештин айы, жыл аяк. Мени карап кыргыз аяз кызы жылмаят, Сулуулугун көтөрө албай менин буттарым таят. «Жаңы жылдык белектер жылуулукту берет» деп, «Аяз ата баш багып, унутпастан келет» деп. Күтөм мен, күтөт бүт дүйнө, күтөт президент, Күтөт ар бир үй бүлө, кубанычка кезигет. Кыштын бою меникиндей кыска болсун, Бирок кыш да өзгөлөнүп кызык досум. Үшүп калба жылуу кийин көңүлүңдү түшүрбө, Чыдап кой сен, бир аз калды кыш да өтөт сызып досум. Кайырма: Жаңы жыл келсин, жанып бүтпөгөн, Жарык жүктөгөн элиме, Ар бир үйгө кут толуп, Жаңылансын бүт толук жеримде..
  • Көптөр сүйгөн күмүш күлкүңдү жанган, Алтын болуп жаркырайсың сен айдай. Арт жагында жүрүп, айласыздан күлүп, Сенин ак сүйүүңө багынып бердим. Кайырма: Сен жалгыз калбайсың жалганда, Көздөрүң күйүп-жанганда. Себепсиз жанып, жалынба, жалынба, Сен байыр алып, ага байланба. Табасың бактың жазганда, Тагдырың сага жазганда. Адилетсиз сүйүү азабы кыйнады, Айланчыктап кыз да аны кыйбады. Көздөрү мөлтүрөп, Көз жашы төгүлөт, Ызага батты, ыйлады. Кайырма:
  • Аппак кар себелеп, Кыш дагы бир керемет, Жолдор музга айланат, Сен аны басып тайып чалынба. Кышка ачуу кармап таарынба. Чана тебип бийикте, Маанайыңды бийиктет сен, Жылуу тонду кийип теп, Тоңбой муздак кыштын карында, Күтсөң кирип келет жакында, Келсин Жаңы жылым, Аппак сыйкыр кышта. Тынчтык болсун жеримде, Келсин Жаңы жылым. Биз күткөн, кечикпестен, Келсин Жаңы жылым. Эски жылды узатып, Жаңы жылга аттандык биз. Максаттарың ишке ашсын, Кирип келген Жаңы жылында. Жүргүн дайым күлүп, жымыңдап, Туугандарды чогултуп, Достор менен жолугуп биз, Үйгө толуп белектер, Кирип келет биздиң Жаңы жыл. Шаңдуу майрам, сонун себепкер. Келсин Жаңы жылым, Алтын кыргыз жерине. Тынчтык болуп ар дайым, Келсин Жаңы жылым. Биз күткөн, кечикпестен, Келсин Жаңы жылым.
  • Ай-ий, Манас ата калтырган бул белеги, Ой-ий, Мекен үчүн чептей туруп берели. Ай-ий, элине тийген кереги, Ой-ий, урпактар өссүн береги. Ай-ий, жүрөгүң арнап бергин сен элиңе, Ой-ий, гүлдөтүп булак болуп бер жериңе. Ай-ий, күч кошуп элдин демине, Ой-ий, алдыга умтул темине. Ай-ий, кыргыздын элин даңктайлы! Ой-ий, кылымга аны сактайлы!
  • Бар сайын көңүлүм сергитет, Биз экөөбүз таткан сүйүү булагы. Бар сайын көңүлүм эргитет, Биз экөөбүз жаккан сүйүү чырагы. Кайырма: Ошол кумар, ошол тумар биздеги, Опол тоодой махабаттын издери. Ошол бүрдүн, ошол гүлдүн бурагы, Ошол кездин ойдон кеткис убагы. Бар сайын көңүлүм сергитет, Биз экөөбүз жүрчү бактын бүрлөрү. Бар сайын көңүлүм эргитет, Биз экөөбүз сүйчү бактын гүлдөрү. Кайырма:
  • Ай асмандай бийиксиң, Алыстан мен аярлайм. Асылдыктын бирисиң, Айта албаймын, абайлайм. Жаралгансың ким үчүн? Жаздын жарык күнүндөй, Жылмайганың, күлүшүң, Жарык чачат күлүңдөй. Кайырма: Жаным деп, Айткым келет мен тажабай, Жамалыңа зар болуп, Жалооруймун баладай. Жан дүйнөмдү эңсетип, Жаным, менден алыссың. Туң сүйүүмдүн эркеси, Түштө көргөн жарыксың. Кезиккенбиз капыстан, Ошол күнүм арманбы? Жетпей сага ашыккан, Махабатым жалганбы? Кайырма: Кайгырамын таба албай, Кайдан издеп барам, ай? Дүйнө кезип издесем, Кезикпедиң сен мага. Кайырма:
  • Сен, мен дегенде… Себелер сезимим зор бекен. Себепсиз, жан жүрөгүм, Сагынып мени ойлойт бекен? Кайырма: Соолуган гүлдөрүм ачар бекен, Томсоргон таарыныч канча бекем. Сени издеп сенсиз мен сагынып зарыгып, Сансыз го санаалар… Сен, дале кайра сен, Дилимдин кайраты дале сен. Мейли мен жашай берем, Дем албастан берекем.
  • Бирге жүрдүк бир далай, Ал күндөрүм жыргал, ай. Азыр жоксуң жанымда, Эңсеп жүрөк кыйнады, ай. Бирге жүрүп кетип калдың, Айла канча, арман, ай? Кайырма: Кагылайын каралдым, Кайсы күнү жаралдың? Жүрөгүмдү эзип кеттиң, Эми жоксуң, кайдан табам ай? Өмүр гүлү, жан эркем, Жаштык болот турбайбы. Ойноп-күлгөн бул дүйнө, Аздык болот турбайбы. Бирге жүрүп кетип калдың, Айла канча, арман, ай? Кайырма:
  • Адат менен өткөн түн эле, Эсимде жок, түнкү үч беле? Байкамаксан бийлеп, Кирпиктерин ирмейт, тимеле. Токтой турчу, кетпе, каралдым, Билбейм жаным, неге барамын, Балким, сенде мен издеген сүйүү таңы. Кайырма: Оо, жаралуу жүрөк, Оо, жалынып сүйлөйт. Оо, кечирчи мени, Колуңду берчи. Сүйөмүн дечи, Сүйөмүн дечи… Кагылгандай жыла албай калдым, Кабыландай сенин кабагың. Какпайт белең мени, Жүрөк деми эми ээриди. Баарын айтам, сөзгө бек турдум, Баратканмын, бирок шарт бурдум. Алсыздандым, айта албадым сага баарын. Кайырма: Оо, сүйүп барамын, Оо, күйүп жанамын. Оо, куткарчы мени, Колуңду берчи. Сүйөмүн дечи, Сүйөмүн дечи.
  • Я хотел бы прошептать слова любви, Я хотел бы прокричать «Меня прости!» То, что было между нами — все прошло, Все, что было с нами, что произошло? Кайырма: Снова ночь заменит боль, Я играл не эту роль, Потеряв покой, лишь понял я. Сны покинули меня, В этом лишь моя вина, Между нами выросла стена. Говорят, что ты в кого-то влюблена, Говорят, что с ним счастлива, а я… Упустил мечту свою, ты не со мной, Вновь брожу по темным улицам с другой. Кайырма: Потеряв покой, лишь понял я. Сны покинули меня, В этом лишь моя вина, Между нами выросла стена. Эту ночь заменит боль, Я играю эту роль. Сны покинули меня, В этом лишь моя вина. Прости и отпусти меня…
  • Көңүлүм соолубайт, Кыялдар түбөлүк, Кызыл күн батканда. Жылдызым түгөнбөй, Түн кетип жанымдан, Ак таңдар атканда Жараткан жазганы, Буйруган өзүмө. Бактымды тапканда, Жомокко айланып, Бакыттын байрагы, Желбирейт асманда Түгөнбөгөн сүйүү болсо гана сенин жолуңда, Өмүрдүн кызыл гүлү түбөлүккө соолуба Бакытым колуңда Жарыгым жолуңда. Айланып ар бир күнүм Тирүүлүктүн жомогуна Кармадым колума, Бакыттын байрагы Азаптар отунда, жомогунда. Кайгылар баспаган, Көңүлдү муздаткан Карангы түндөрдү Жаштыктын илеби Толтурган бакытка Жалындуу дүйнөмдү Кубанам ар дайым, Бакыттын байрагы Арманым түгөндү, Ар күнү тагдырлар Өзүмө тартуулайт Бактылуу күндөрдү Түгөнбөгөн сүйүү болсо гана сенин жолуңда, Өмүрдүн кызыл гүлү түбөлүккө соолуба Бакытым колуңда Жарыгым жолуңда. Айланып ар бир күнүм Тирүүлүктүн жомогуна Кармадым колума, Бакыттын байрагы Азаптар отунда, жомогунда.
  • Оюмдан кетпедиң, көрсөм деп эңседим Сага карай тартыламын билсең жаным Таптым сени, сүйдүм, тартып жүзүң сүйкүм Жүрөгүмө бекем сактап өткүм келет сени менен Кайырма: А, бирок билбейсиң, Мен үчүн гүлдөйсүң. Жанымда жүрөсүң, Бар сырымды ичке сактап, айтпай, жүдөдүм. Жыпар чачкан гүлүм, арзуум айтам бүгүн, Көркүн ачып, мен эңсеген таңга бөлөп, өмүрүмдү. Маңдайга жазылган, тагдырды билбейсиң Балким мени сүйүп, же бир күнү кош дейсиң…
  • Эгер таштандыны жерге таштап кетип калса Сенин калдыгыңды тазалыктан байке алса Анда сендей кыргыз эмес сен үчүн кыйналса бирөө Анда сендей кыргыз эмес кыргыз деп сокпойт экен жүрөк Машинаңдын айнегиңден тамекини чертсең Тазалыкты сакта деген белгини козгө албай Андай элдер кыргыз эмес Кыргызстандан кетсин Андай элдер кыргыз эмес таштандыка жетсин Өзүн ураттаган адам айланасын таза кармайт Артынан таштанды калбайт Сүйөт жерин көрөт балдай Мен дагы ошол инсанды тандайм Суктанып көңүлүмдү арнайм Ишенемин күчүн албайт Жаштарга жүрөлү арнап Кайырма: Сен таза мен таза таза жашоо Күтөт бизди таза жол Эл таза жер таза таза жашоо Таза аба таза бийик тоо Бизге калган ата-бабалардан Жерди урпактарга өткөрүп беребиз унутпай Эл таза таза жаша Таза таза таза таза таза ойду жасап Тазалыкты сактабастан ден -соолукка азап Таза болсоң арыктарың бакчаңа суу агат Таза жашоо негизинен бүт баарына жагат Таза үйүң таза Чүйүң таза Бишкек таза сүйүү Таза болот эртең эгер таза болсоң бүгүн Таза жүрөк таза ниет таза бермет Ысык -Көлүм Алтын кумум таза болсо жыргап кыргыз көлгө чөмүл Кыргызстаным жылтыраган шаар болсо Бийик көңүл балит жана таштандыдан алыстап көлүм Бүгүн ишенбилике чыгып калышты көбү Эринбе кыргызым тазалангын өнүгөбүз Эли үчүн кызмат кылган Уулдарың жашасын Тазалыкты сактай билсең Бийиктерди ашасың Ден-соолуктун ачкычы Таза жашоо таза жашоо
  • Карегим сага кадап, Көзүмдү албай карап, Кыялым учуп барат. Жүзүңдөн жылдыз жанат, Махабат оту тамат, Жүрөгүм сени самап. Кайырма: Сезимдерим канат байлап, Сага карай учуп барат. Махабатым күйүп жанат, Жүрөгүңдөн орун алат. Жүрөгүм сени тандап, Жүрөмүн дайым жандап, Түгөнбөс сүйүү арнап. Жамалың турса жайнап, Махабат мени арбап, Бакыттын кушун кармап. Кайырма:
  • Көңүлүм соолубайт, Кыялдар түбөлүк, Кызыл күн батканда. Жылдызым түгөнбөй, Түн кетип жанымдан, Ак таңдар атканда Жараткан жазганы, Буйруган өзүмө. Бактымды тапканда, Жомокко айланып, Бакыттын байрагы, Желбирейт асманда Түгөнбөгөн сүйүү болсо гана сенин жолуңда, Өмүрдүн кызыл гүлү түбөлүккө соолуба Бакытым колуңда Жарыгым жолуңда. Айланып ар бир күнүм Тирүүлүктүн жомогуна Кармадым колума, Бакыттын байрагы Азаптар отунда, жомогунда. Кайгылар баспаган, Көңүлдү муздаткан Карангы түндөрдү Жаштыктын илеби Толтурган бакытка Жалындуу дүйнөмдү Кубанам ар дайым, Бакыттын байрагы Арманым түгөндү, Ар күнү тагдырлар Өзүмө тартуулайт Бактылуу күндөрдү Түгөнбөгөн сүйүү болсо гана сенин жолуңда, Өмүрдүн кызыл гүлү түбөлүккө соолуба Бакытым колуңда Жарыгым жолуңда. Айланып ар бир күнүм Тирүүлүктүн жомогуна Кармадым колума, Бакыттын байрагы Азаптар отунда, жомогунда.
  • Только с тобой не замечаю, Несколько слов — все что мне надо. Ты все найдешь, я потеряю, Секунды знакомого взгляда. Только нить между нами, Страсти словно цунами. Где мы? Время покажет, Время покажет. Ты знаешь, Все это время, Я буду лишь вспоминать, Слова, наши моменты. Ты понимаешь, Я перестану мечтать, Зачем мне комплименты? Сен жана мен, экөөбүз жүргөн, Күндөрдү эстеп сагынамын. Сезимдерди сен байкабадың, Түшүнбөй неге таарынасың? Сен арнап убактың кимге, Жүрөсүң жүрөк кыйнай? Сага бир күнү келемин. Сен жарыгымсың, Жашайлы өмүр улай, Сүзүп сүйүү кемесин.
  • Жайлоодо өткүн өтүп, ыбыр-дыбыр, Жүрөгүм эмнегедир ымыр-чымыр. Карачы, нота билип калганда не ай, Угулат музыкалуу бир сонун ыр. Кайырма: Аттиң, аттиң, аттиң, аттиң, Музыкалык сабатым жок, Кушка окшош уча турган канатым жок. Жайлоодо булак үнүн угам жыргап, Теребелде сүйкүм добуш, сүйкүм ыргак. Кагазга нота билсем түшүрсөм не, ай, Бул ырды жүрбөйт беле ар ким ырдап. Кайырма: Аттиң, аттиң, аттиң, аттиң, Музыкалык сабатым жок, Кушка окшош уча турган канатым жок. Таңшыган кыл кыякта назик кылдай Боз чымчык сайрап жатат жаны тынбай. Кагазга нота билип түшүрсөм не, ай, Ордумда тыңшап туруп кадам жылбай. Кайырма: Аттиң, аттиң, аттиң, аттиң, Музыкалык сабатым жок, Кушка окшош уча турган канатым жок.
  • Муздак кадамым, Жолуң издеп, жолукканда кандай пайда табамын? Алыс карааның, Сагынамын, бүтпөй келет арманым. Жолуккан бактым, Айтчы, неге соолуп калды гүлү күткөн таңдардын? Тарттым азабым, Табышкан күндөрүм билбей жалганын. Кайырма: Арманым, Сага жете албай калып зар болдум. Айласыздан таппай келем жолдорум, Жүрөк ыйлап, сенсиз жалгыз калдым, жаным. Кеттиң теңебей, Сүйүүм күчөп таарынамын, тагдыр, себебин билбей. Балким, сен мендей, Жүргөндүрсүң күтүп сүйүүңдү сезбей. Элесиң кетпей, Оюм жетип, бирок, жаным, сага бир өзүм жетпей. Жүрөктөн эңсей, Жашап келем үмүт менен сени эстей… Кайырма: