Казахские песни Узбекские песни

Популярные азербайджанские песни.
Страница 3

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Pop

Pop (популярная музыка) — область массовой культуры, охватывающая различные формы, жанры и стили развлекательной и прикладной музыки
  • Канча сырлар калды сага айтылбай Канча каттар калды сага жызылбай Карлыгачым айтсаң боло чыныңды Кантип сага жагарымды жашырбай Кайырма: Жарк этчи жаным жарк этчи Жабыкпа кыштын түнүндөй Жамалың ачып кайрадан Жал ооруп турчу гүлүмдөй Эзбечи жаным эзбечи Элжиреп турчу өзүмө Башыңды коюп кайрадан Балкып бир турчу түшүмө Калды биздин ортобузда туңгуюк Кайсыл оюн салды экен суукуйлук Карлыгачым келсең боло өзүмө Кайра баштан айт жүрөктөй кулпуруп Кайра баштан кадыр түндү тозолу Кайра баштан көңүлдөрдү кошолу Карлыгачым бир жарк этип койсоңчу Калбаса дейм кайра жүрөк томсоруп
  • Сулуулук сага гана тагылгандай Сымбатың кымбат сенин каухардай Тартынып сөз айтуудан тайманамын Сүрүң бар түшүп кетчү чагылгандай Сурмаларың көзүңдө сурмаларың Куйкалады жүрөктү куйкалады Кыйнап жүрөт аябай кыйнап жүрөт Сезимимди айттырбай туйбаганың Чырайың жипке тизген маржан экен Чынында сага жетүү арман экен Жүрөгүң ээси болуу мага буйруп Бактыма сен жазылып калсаң экен
  • Мөлтүрөгөн көзүңдөн Балдай ширин сөзүңдөн Байланамын бир сага Арбап алдың өзүңө Ушунчалык ашыгып Көрбөй калсам сагынып Жаным тынбай коркомун Каламынбы деп айрылып Кайырма: Сүйөм сени жалгыз гана Сүйүүм күчтү жалгыз сага Сыр чечишип олтуралы Сүйүү колун берчи мага Эзилемин сүйүп сени Сүйө берем күтөм келчи Жалындаган жүрөгүмө Жаратканым жардам берчи Аткандай таңдай нурданып Жүзүн дайым кубанып Жүрөк чиркин эзилип Сүйгөн сайын эрилип Ак булутту аралап Калкып учуп канат байлап Түбөлү кол кармашып Бактылуу болуп жашайлы
  • Уктабай күнү түнү Өстүргөн алтын апам Биз үчүн мээнет кылган Ал менин жалгыз атам Ак сүтүн актар бекем Жалгызым жаным апа Кайырма: Бар болгула дайыма Ата-энем бактыма Эркелеп мен жүрөйүн Атам апам жанымда Жадырап жаз гүлүндөй Жаркырап турсун апам Кайгыдан алыс болуп Күлүп жүргүнүң атам Силер бар бул дүйнөдө Көңүлдө болбос капа
  • Түн сүйүүмдү сага болгон, Ушунча да эзесиңби? Сага арнап ырдап жатам, Сүйүүмдү сен сезесиңби? Кайырма: Сага арнаган ак сүйүүнүн, Кадырына жетесиңби? Макул болуп мени менен, Токтогулга кетесиңби? Жолугууга чакырайын, Жообун айтып келесиңби? Анчалык көп кыйнабачы, Алда мени сезесиңби? Кайырма: Айтчы гана, жообун айтчы, Алоолонуп күйүп барам. Анчалык көп назданбачы, Ал ансайын сүйүп барам. Келчи, гүлүм көп күтпөстөн, Максатыма жетсем окшойт. Күтө бербей Токтогулга, Алып качып кетсем окшойт.
  • Жаралап жүрөгүмдү Жаркытып күлөмүңдү Эх сүйүү, сүйүү Күүгүмдөп жүрөгүмдү Күмүштөп күлөрүмдү Эх сүйүү, сүйүү Ак таңдай сүрөрүмдү Арманга ширедиңби Ох сүйүү, сүйүү Арзуу деп бир өзүндү Аруулайм тилегимди Ох сүйүү сүйүү Ак башат булактайсын Сүйүү сүйүү Ак жарык чырактайсың Сүйүү сүйүү Асыл кечим чырактайсын Сүйүү сүйүү Күлмүң жаш курактайсын Эңсетип кусаланткан Жеткирбей жазаланткан Ох сүйүү сүйүү Сызылып мууңга баткан Сыр төгүп ырлар аккан Ох сүйүү сүйүү Бактыма башын каткан Багымды жашылданткан Эх сүйүү сүйүү Айтылып ал муздактан Өлбөстөн асыл заттан Ох сүйүү, сүйүү
  • Шибер бойлоп жалгыз келем ыр ырдай Ширин ойлор бүт денемди бек чырмай Көк шиберде сууну көрүп кош тамчы Шүүдүрүм деп күлүп койдуң шыбырай Шүүдүрүмдөр айткылачы не жашынып жүрдүңөр? Акак таштай мөлтүр тунук кош тамчы Ак сүйүүнүн боло көргүн дабасы Сырымды мен силерге айтып турайын Шыбыраган сөзүңөрдү угайын Шүүдүрүмдөр шыбыраган сөзүңөрдү угайын Учасыңар бууга айланып асманга Кайра эртелеп таң эртеге келгиле Өзүңөрдөй мөлтүрөгөн туптунук Акак сүйүү ала келип бергиле Шүүдүрүмдөр аппак сүйүү ала келип бергиле
  • Негедир бардыгын жеңсем да, Эмнеге эңсөөмдү жеңбеймин? Мелтиреп, үн-сөзсүз, муңайым, Мен сенсиз какшыган чөлдөймүн. Өзүңдү эч кимге бербеймин, Өмүрдө болбостур арманым. Эңсетип кабылган бактым сен, Эркетай, асылым, ардагым. Кайырма: Бактыма нур чачкан жарыгым, Башканы мынча не көрбөймүн? Мейли ким, кандай деп айтса да, Мен сени эч кимге бербеймин. Жаралып кайрадан өмүргө, Жашоого экинчи келбеймин. Андыктан дүйнөдө, асылым, Мен сени эч кимге бербеймин. Негедир бардыгын жеңсем да, Сүйүүнү эмнеге жеңбеймин? Сезимим делбиреп, табышмак, Сен деймин, сен деймин, сен деймин. Карындаш, кара көз жалжалым, Капилет карегим арбадың. Көргөндөй болдуңбу сен дагы, Көзүмдө сүйүүнүн жанганын. Кайырма: Негедир бардыгын жеңсем да, Тагдырды мен эмне жеңбеймин? Ал тагдыр сен болдуң жолугуп, Артка эми кайт десең, көнбөймүн. Мага да Теңирим буюрган, Махабат конушун жердеймин. Мээлеген мергенчи турса да, Мен сени эч кимге бербеймин.
  • Жай өтүп, күз мезгил келип, Жай барат мезгилиң желип. Айта албайм ашыктыгымды, Алтыным, койсоңчу сезип. Жамиля, жаным Жамиля деп, Ырчыны айтып бузбайын. Данияр болуп кааласаң, Домбра чертип ырдайын. Бото көз булак болоюн, Утурлап жолуң тороюн. Булбул куш болуп сен үчүн, Багыңа барып коноюн. Аселим, Асел, Асел деп, Түнү бою ырдап сайрайын. Айдоочу Ильяз мен болуп, Долонду ашып барайын. Жүзүңдү тик карай албай, Жүдөдүм сага бара албай. Жүрөгүм ооруп турат го, Жүз аарчы белек ала албай. Мырзагүл, Мырзагүлүм деп, Султаның сенин болоюн. Эрте жазда турналар келсе, Эркем деп обон созоюн. Бетме-бет сага барайын, Берилип сүйүп карайын. Гүл терип сага таң заардан, Гүлсары минип барайын. Кылымды карытар бир күн, Ак жаанда калдым сен үчүн. Махабат дастанын жаздым, Сага деп ырдап күнү-түн. Сен үчүн алма бактан мен, Кыпкызыл алма үзөйүн. Ысык-Көл болуп чалкысаң, Ак кеме болуп сүзөйүн.
  • Элимдин бейпилдигин, Намыска бек сактаймын! Энеке, ак сүтүңдү, Эл коргоп мен актаймын! Кайырма: Эр жигит эл четинде, Азамат жоо бетинде. Алыста кыргыз элим, Ар дайым сезимимде. Эр жигит эл четинде, Азамат жоо бетинде. Артымда кыргыз элим, Ар дайым сезимимде. Сүйүктүү чек арамды, Душманга аралатпайм. Атаке, сөзүм берем, Жүзүңдү жер каратпайм. Кайырма: Эр жигит эл четинде, Азамат жоо бетинде. Алыста кара көзүм, Ар дайым сезимимде. Эр жигит эл четинде, Азамат жоо бетинде. Артымда кара көзүм, Ар дайым сезимимде. Кыргызым, кутман элим, Бейиштен бүткөн жерим. Намысты алдырбайбыз, Ишенгин, менин элим. Кайырма: Эр жигит эл четинде, Азамат жоо бетинде. Алыста кыргыз элим, Ар дайым жүрөгүмдө. Эр жигит эл четинде, Азамат жоо бетинде. Артымда кыргыз элим, Ар дайым жүрөгүмдө.
  • Кейибей бул жашоодо башың көтөр, Кедейлик, бул күндөр да өтөр, кетер. Кемийт дейт хандын тузу, кези келсе, Кедейлик уят эмес, эгер билсең. Байлыгың — колдун кири, жууса кетет, Балага мээрим болсун, урмат менен. Бапырап тынч жашасаң, ошол бакыт, Баарынан бейпил болсун Ата Мекен. Байлыкка кимдер гана умтулбаган, Байлыгы аз адамдар тынч уктаган. Байлыктын азабы көп, түбү түпсүз, Байлыгың адамды жөн куткарбаган. Басынып кереги жок байлык үчүн, Балдарың болсун сени урматтаган. Бардыгы өтөт, кетет изи калбай, Баарынан бала кымбат көч улаган. Күндүн да түнү болот капкараңгы, Күүгүмдүн таңы болот, жарык жаңы. Кундуздай кара чачың кечээ болсо, Кубулуп эртең башка, бубак басты. Жетишпес оокат бүгүн, эртең башка, Жетилет уулуң дагы, кызың дагы. Жемиши болот жаздын, күздү күтсөң, Жер эне бейпил болсо, болот баары. Армансыз бул жашоодо адам болбос, Аягың бир төгүлсө, кайра толбос. Аярлап күтсөң токтойт байлык дагы, Адашып бир жоготсоң кайра конбос. Адамды сынайт экен бакыт дагы, Асырап ары, келген кир жолотпос. Аялуу буюмуңдай аруу күтсөң, А балаң түбөлүктүү болот жолдош. Азамат эмгектенип уйку билбейт, Арсыздар бекер жүрүп күн кечирет. Ак эмгек жерде калбайт, элиң баалайт, Адалдык атак берет, даңкты берет. Адамды адам кылган — асыл эмгек, Байлыкты, бакытты да ал алып келет. Алтын баш аман болсо, акыры бир күн, Алтындан аяк алып суу ичет. Кейибей бул жашоодо башың көтөр, Кедейлик, бул күндөр да өтөр, кетер.
  • Жыл тосуп, жыл узатып, Чыккан күн кайра батып, Убакыт — зымырык куш, Негедир барат шашып. Мынакей Жаңы жыл да, Мээримин төгүп келди. Тазартып көңүлдөрдү, Агартып тоону жетти. Кайырма: Сезимдин жарык таңы, Жыл жаңы, көңүл жаңы. Жүрөктү толкундаткан, Жаңы жыл келди дагы. Бакыттын жылы болуп, Ачылсын элдин багы. Апабыз сүйүү берсин, Сага да, мага дагы. Белекте бейпилчилик, Кубаныч, күлкү менен. Элиме ырыскы бер, Койнуңду ачып кенен. Жарык чачкан Жаңы жыл, Сага арнап ырдайбыз ыр. Жакшы тилек, жакшы үмүт Ала келгин Жаңы жыл.
  • Суранса укпас, сөзүн далайдын, Суулардай аккан, күндү санаймын. Сезимим жыргап, күлүңдөп жүзүм, Сени алып келчү, жолду караймын. Кайырма: Жакшынакайым, жарк деп элесиң, Жан дүйнөм ээлеп, неге жеңесиң. Жашыл жарык нур жааган жол менен, Качан келесиң ай, качан келесиң? Кантейин күткөн, кездердин көбүн, Каалабайм сенден, өзгөнүн демин. Карагым келип, карааның издеп, Карайып барат, көздөрүм менин. Кайырма: Сүрдөнүп бүттүм, тушалып деги, Сүйүүсүз жашап, утабыз нени. Кубаты сыйкыр, үмүтү менен, Кучактап алды, кусалык мени.
  • Ысысан чалкыган мен кол болоюн Ушусон эшилме кол чол болоюн Ойдодо обок болор бел болоюн Самайын кытыгылар жел болоюн Не болсон бир озуно тен болоюн Чалыксан эс алдыраар дем болоюн Тарынтып капалантса кимдир бироо Ыр ырдап конул ачу мен болоюн Ношорлу жамгыр болуп тогулойун Ойлонсон санан болуп чомулойун Тажасан бардыгынан сен чалыксан Бейиште кул зар болуп корунойун Не болсон бир озуно тен болоюн Чалыксан эс алдыраар дем болоюн Тарынтып капалантса кимдир бироо Ыр ырдап конул ачу мен болоюн Шеберди араласам шудурумун Кул терсем сага керек менбурунмун Жаркыным мени карап кулуп койчу Эч жерге таштап кетпес тун суйумду Не болсон бир озуно тен болоюн Чалыксан эс алдыраар дем болоюн Тарынтып капалантса кимдир бироо Ыр ырдап конул ачу мен болоюн Суу ичсен тамчы болуп чачырайын Ай болсом коктон карап ашыгайын Уйкудан эртен менен уктап жатсан Жел болуп ойготуга шашылайын Не болсон бир озуно тен болоюн Чалыксан эс алдыраар дем болоюн Тарынтып капалантса кимдир бироо Ыр ырдап конул ачу мен болоюн Шеберди араласам шудурумун Кул терсем сага керек менбурунмун Жаркыным мени карап кулуп койчу Эч жерге таштап кетпес тун суйумду
  • Жоругум азыр чоочун мага бөтөн Жолуккан күндөрдү эстеп, сага өткөн. Сен иштеп отурганда, шек алдырбай Сеңселген чачтарыңды карап өтөм. Сезимди сага арнаган кирдим чийип Сездирбей басып кеткен, ичтен күйүп. Бурулуп, эки айрылыш жолго салган Бул турмуш аска болчу бизден кийин. Көп мезгил аккан сайын өзөн болуп Көрүнгүң келет мага, бөтөн болуп. Элжиреп күлгөнүңдү көп жашырбай Эстей жүр өткөн жазды эсен болуп. Бир басып далай кечти күүгүмдөнгөн Бир сыйра жолукмайын түн кирбеген. Ал кездин урматы үчүн балбылдаган Аман бол, асыл кечим күлмүңдөгөн. Эсен бол, эркетайым күлмүңдөгөн.
  • Арзуу мени багып, жетелеп Чокуларга эң бийик. Байлап алды улуу махабат Айтканына көндүрүп. Тоодой бакыт тосуп алдыман Турган кезде толкундап. Толукталат эле сезимим Койгонуңда сен күлүп. Кайырма: Сага күлгөн кандай жарашат Аны билээр бекенсиң? Сулуулугуң артып жылмайсаң Ыр баркына жетээрсиң. Көлдүн бетин тегиз көрктөгөн Ак куу болуп татына Коз отумда жашап жылмаю Дастан болуп кетээрсиң. Бала үмүтүм сага суктанып Чертип жатса түркүмүн. Ак жүзүмө салып сумсаю Үн кечирүү мүмкүнбү? Ажарыңды нурга толтуруп Жадырачы периштем. Табият да күтүп тургандай Тамшандырчу күлкүңдү. Кайырма: Сага күлгөн кандай жарашат Аны билээр бекенсиң? Сулуулугуң артып жылмайсаң Ыр баркына жетээрсиң. Көлдүн бетин тегиз көрктөгөн Ак куу болуп татына Коз отумда жашап жылмаю Дастан болуп кетээрсиң. Эгер сүйүү болсо зор дайра Ага өзүң кош колсуң. Көргүштөгөн оттуу сезимим Эми кантип токтолсун. Өзүң үчүн сен да бул тапта Күлүп жүрчү жаркырап. Ашыктыка толгон бул ырым Күлкүң менен коштолсун. Кайырма: Сага күлгөн кандай жарашат Аны билээр бекенсиң? Сулуулугуң артып жылмайсаң Ыр баркына жетээрсиң. Көлдүн бетин тегиз көрктөгөн Ак куу болуп татына Коз отумда жашап жылмаю Дастан болуп кетээрсиң.
  • Кара көзүм кайдан сага жолуктум, Караколдон карегиме толупсуң. Карлыгачтын канатындай каш кагып, Капысынан жүрөгүмдү ооруттуң. Кайырма: Кандай сулуу бүт баары, Караколдун кыздары. Кыйбай артка кеталбай, Кылчактайбыз биз дагы. Жымыңдашып жылдыздай, Жыргап көңүл куштары. Карагыңды келтирет, Караколдун кыздары. Түрдөнөсүң көйнөгүңдөй булактап, Кылыктанып карматпайсың кылактап. Ортобузда кол тийбеген алыстык, Ойлонсом да жетким келет бир аттап. Кайырма: Кандай сулуу бүт баары, Караколдун кыздары. Кыйбай артка кеталбай, Кылчактайбыз биз дагы. Жымыңдашып жылдыздай, Жыргап көңүл куштары. Карагыңды келтирет, Караколдун кыздары. Сагынчым жүрөгүмдү эзгилеп, Сага деген санаа менен кеч кирет. Ырларымды сени көздөй узатам, Ысык-Көлдүн шамалындай өпкүлөп. Кайырма: Кандай сулуу бүт баары, Караколдун кыздары. Кыйбай артка кеталбай, Кылчактайбыз биз дагы. Жымыңдашып жылдыздай, Жыргап көңүл куштары. Карагыңды келтирет, Караколдун кыздары. Сагынчым жүрөгүмдү эзгилеп, Сага деген санаа менен кеч кирет. Ырларымды сени көздөй узатам, Ысык-Көлдүн шамалындай өпкүлөп.
  • Коркубуз конулго ынаган Кылычтай келишкен кындагы Балдарбыз достука шерт берген Токсон биринчи жылдагы Кулупунуп кызгалдак гулундой Шамалга ыргалган кырдагы Кыздар да башкача жан эле Токсон биринчи жылдары Анда биз жаш элек наз элек Ыр болуп жашоонун жыргалы Термелген жаш омур биздики Он сегиз жаш деген ырдагы От койгон студент омурго Токсон биринчи жылдары Жаштарбыз жагымдуу жалындуу Жыйырманчы жаз деген ырдагы
  • Сен менсиз жашай албай журсон азыр Мен сенсиз жашай албай журом дайым Учса да мезгил бизге таасир этпей Унутуп бул дуйнонун жолун барын Кайырма: Мен сага бакыт каалап чын дилимден сен мага бакыт каалап чын дилинден Бир сезим таза сезим экообуздо Сагынам мага кымбат билинбеген Иш менен сен озунду алаксытып Иш менен мен озумду алаксытып Биз уйгон махабаттын жалындары Неге очпой куйуп келет жалын чачып Кайырма: Мен сага бакыт каалап чын дилимден сен мага бакыт каалап чын дилинден Бир сезим таза сезим экообуздо Сагынам мага кымбат билинбеген Болсон да сен алыста азыр менден Болсом да мен алыста азыр сенден Бир каккан журоктордун теренинде Бир сезим жашат келет тынчтык берген Кайырма: Мен сага бакыт каалап чын дилимден сен мага бакыт каалап чын дилинден Бир сезим таза сезим экообуздо Сагынам мага кымбат билинбеген
  • Сурма бар сулуу көзүңдө Суктанам айткан сөзүңө. Сыздаса сен деп жүрөгүм Сырдашкым келет өзүңө. Кайырма: Көңүлүм койбойт эркиме Кол сунам сиздей селкиге. Кыялым койбойт эркиме Кызыгам сиздей селкиге. Акылым койбойт эркиме Ашыкмын сиздей селкиге. Көңүлүм койбойт эркиме Кол сунам сиздей селкиге. Жалындуу жаштык кезимде Жанашкым келет өзүңө. Жарашып турат мүнөзүң Жалжылдап жанган көзүңө. Кайырма: Көңүлүм койбойт эркиме Кол сунам сиздей селкиге. Кыялым койбойт эркиме Кызыгам сиздей селкиге. Акылым койбойт эркиме Ашыкмын сиздей селкиге. Көңүлүм койбойт эркиме Кол сунам сиздей селкиге. Жүрсө бир болду элчиге Жүрөгүм сенин менчиңде. Чыдабай жаштык өртүнө Чын ашык болдум өзүңө. Кайырма: Көңүлүм койбойт эркиме Кол сунам сиздей селкиге. Кыялым койбойт эркиме Кызыгам сиздей селкиге. Акылым койбойт эркиме Ашыкмын сиздей селкиге. Көңүлүм койбойт эркиме Кол сунам сиздей селкиге.
  • Жаз белгиси кызгалдак, Ай, ыргалат. Жазгы желге жылмаят, Ай, нурданат. Махабаттын дастаны, Ай, ырлары, Бүгүн даңктап ырдалат, Ырдалат махабат. Кайырма: Кызгалдактуу талаалар, Кызык сүйүү жаралар. Кол кармашып ал жаштар, Гүлдүү шалбаа аралаар. Аңкыган жаз илеби, Ай, билеби? Ал — өмүрдүн тиреги, Ай, тилеги. Махабаттын ырлары, Ай, сырлары. Жашыл жазбы себеби, Себебин билели. Кайырма: Сүйүү ыры ырдалат, Ай, кызгалдак. Жүзүбүздөн нур тамат, Ай, кызгалдак. Бата берип сүйүүгө, Ай, күнүгө. Бакыт себет кызгалдак, Кызгалдак нурданат.
  • Көөдөнүмдөн муң арылбай жатты, Көкүрөк дарты жарылбай жатты. Убакыт учат зымырык куштай, Уйкусуз далай таңдар да атты. Колдон бир келбес иш экен аттиң, Козголбос жайга сен эми кеттиң. Чымындай жаның чыркырап кетти, Чын кеткениңди мен бүгүн сездим Эмне мынча сен эртелеп кеттиң, Элиңдин бүтүн жүрөгүн эздиң. Укканда сени ишене албай, Ушак бул жалган бир кептир дедим. Арман күн андай болбоду досум, Ыр бутагына конбодуң досум. Аталап ыйлаар туяк калтырып, Анан кийин не соолбодуң досум. Арбыбай сенин кадамың досум, Арылбай жакшы арааның досум. Сыздатып коюп сен учуп кеттиң, Сагындык сенин карааның досум. Артыңдан калган досторуң досум, Армандуу коштойт үнүңдү досум. Черткенде черди таркатчуң аттиң, Гитардын кылы үзүлдү досум. Арман ыр жүрөк толгойт го досум, Өзүңдөй эми болбойт го досум. Эрте алып кеткен арадан бөлүп, Боору таш ажал тойбойт го досум. Булактын көзү соолдубу досум, Буурчак жаш көзгө толдубу досум. Береним бизден бөлүнүп учтуң, Бейишке жаның кондубу досум. Узатып бирге өзүңдү жоктоп, Табигат кошо ыйлады досум. Таарыныч айтып тагдырга наалат, Канча жаш жүрөк сыздады досум. Тууганың менен досторуң досум, Жүргөнбүз сени жан тутуп досум. Келдиң да кайра шашылыш кеттиң, Ата-энең калды кан жутуп досум. Сүйгөнүң калды артыңдан жоктоп, Сүйлөбөй сенин жүрөгүң токтоп. Кантели тагдыр ушу экен арман, Аркаңда калдык буркурап-боздоп. Күлгөнүң күнгө тең эле Таалай, Күйүткө салдың эң эле Таалай. Таалайы тайкы адамдай болуп, Тагдырың неден кем эле Таалай. Кызарып күнүң баттыбы досум, Күкүктөй үнүң каттыбы досум. Жалынсак дагы келбейсиң кайра, Жаннатка жаның жаттыбы досум. Булутка күнүң баттыбы досум, Булбулдай тилиң каттыбы досум. Ыйласак укпай сен кетип калдың, А дүйнө эмне жактыбы досум? Туулган жериң Чаткалың досум, Турпагын жаздап сен жатканың досум. Адамдын баарын өзүндөй көрбөй, Жүрсөң бир болмок сактанып досум. Эзилип жүрөк зырп этти досум, Ээ кылбай ажал шыр кетти досум. Буркурап, боздоп биз калып калдык, Ырдалбай канча ыр кетти досум. Энеңе кыйын иш болду досум, Кандай бир күнгө туш болдуң досум. Бектурган уулу Таалайбек өзүң, Элиңен кеткен бир куш болдуң досум. Ырларың калды аманат досум, Унутулбай ырың ырдалат досум. Таалайбек деген атың жүрөктө, Түк өчпөс болуп сакталат досум. Унутулбай ырың ырдалат досум, Кош, эми Таалай, тынч укта досум…
  • Алыстан келсем сага кусаланып, Айылымдан кетиптирсиң узап алыс. Арнаган гүлдүн сага бариктери, Алдымда турду түшүп ушаланып. Кайырма: Жомоктогу сүйүүнү пайдаланып, Жоругуңду жазчу элем айдан алып. Жол боюнда ыйлаарың билбептирмин, Жоолугуңду кыйшайтып байлап алып. Артыңдан барсам издеп кабар алып, Алдымдан чыктың капыс балаңды алып. Аттиң, ай, ушак ээрчип калбасын деп, Амандык сурашканга жарабадык. Кайырма: Жол жок эми өзүмдү куткарууга, Жакшы болбойт турмушуң бузганымда. Жооткотуп өзүмдү койдум алдап, Жолдошуңду жакшы деп укканымда. Кайырма:
  • Оюмда булкан болуп мен атылып Буралган тульпан болуп сен ачылып Жайдагы жалын чачкан ысык күндө Эс алуу гүл багында келетырык Кайырма: Адашып барат улам курган акыл Ах, жыттуу мойнуңдагы урган атыр Жүздөгөн кыздан өтүп сүрдөбөгөм Жүрөгүм суурулчудай туйлап атыр Тамшантып таңдан кечке саматчудай, Таасириң топ жигитти каратчудай. Баркы эмес баасы кошо көтөрүлгөн, Фасоль деп эркелетсем жарашчудай. Кайырма: Ак куунун түспөлүндөй таластыгым, Акактай келбетиңден тамат нуру, Билинбес бир сыр жатыр карегиңде. Билбеймин дагы нени самап турум Кайырма: Адашып барат улам курган акыл Ах, жыттуу мойнуңдагы урган атыр Эчен бир кыздан өтүп сүрдөбөгөм Жүрөгүм суурулчудай туйлап атыр От жаккан карегиңде бир сыр жатыр.
  • Теңирим теңдеп кошкон, алган жарым, Тереңдеп ойлоп турам ойдун баарын. Жанымдын жарымы болуп, ой бөлүшүп, Жакшы сөз арнаарың чын мага дайым, Алган жарым. Кудайым каалап кошкон, алган жарым, Кубанып ойлоп турат ойдун баарын. Турмушта арка-жөлөк болуп мага, Туу болуп турарың чын мага дайым, Алган жарым. Бак берип, Кыдыр даарып турса дайым, Балдарга өмүр берсин бир Кудайым. Жарым деп тартып турган мага убайым, Жалгыз сен, жалгыз сенсиң, сен жубайым. Жаным деп тартып турган мага убайым, Жалгыз сен, жалгыз сенсиң, сен жубайым.
  • Кызылдан көйнөк секелек сенсиң, Кыраңда өскөн байчечек сезим. Сүйүүмдү айтсам билмексен болгон, Сүйкүмдүү кызым эселек кезиң. Түрлөнтүп айткан баяным сенсиң, Түшүмдө берген аяным сенсиң. Кылымдап айткан жомогум сенсиң, Кыйналып жазган обонум сенсиң. Апталап айткан баяным сенсиң, Ал түндө берген аяным сенсиң, Айлап бир айткан жомогум сенсиң, Араңдан жазган обонум сенсиң. Саамайдан сылаар салкын бир желсиң, Сүйүүмө жөлөк болчу сен белсиң, Жылдызың чачып жылмайып койчу, Сүйүүмө жалгыз сен эле теңсиң. Түрлөнтүп айткан баяным сенсиң, Түшүмдө берген аяным сенсиң. Кылымдап айткан жомогум сенсиң, Кыйналып жазган обонум сенсиң. Апталап айткан жомогум сенсиң, Ал түндө берген обонум сенсиң, Сүрдөнүп айткан жомогум сенсиң, Сүйүүдөн тапкан обонум сенсиң. Нөшөрлөп жааган жамгырым сенсиң, Көөшөрүп жазган жаңы ырым сенсиң. Сүйүүнүн сырлуу сандыгы сенсиң, Сүрдөнүп айтсам, бардыгы сенсиң, Бардыгы сенсиң, бардыгы сенсиң. Сүйүүнүн алтын сандыгы сенсиң. Бардыгы сенсиң, бардыгы сенсиң, Сүйүүмө жалгыз сен эле тенсиң. Бардыгы сенсиң, бардыгы сенсиң, Сүйүүнүн алтын сандыгы сенсиң, Бардыгы сенсиң, бардыгы сенсиң, Сүйүүмө жалгыз сен эле тенсиң.
  • Көп ойлоп дайым өзүңдү, Жалынга таштайм өзүмдү. Жароокер курбум болсоң деп, Айжамал, Айжамал, укчу сөзүмдү. Кыйнаба менин, жаркыным, Жыттайын тосчу алкымың. Ушул күн сага арналат, Айжамал, Айжамал, келчи, алтыным. Көп ойлоп дайым өзүңдү, Жалынга таштайм өзүмдү. Жароокер курбум болсоң деп, Айжамал, Айжамал, укчу сөзүмдү.
  • Тумчугуп жашоом туман Чыйрыгып көзүм жумам Туңгуюк бул жашоодон Түгөндү такыр аргам Тажадым бул чөйрөдөн, тажадым ушул көйгөйдөн Алсырап куурап барам , үн салчы тээ өйдөдөн Мен деле адам болуп, алыска сызгым келет Жубайым эркелетип, боорума кыскым келет Арданам арданамын Неге артта кармалганмын Жаш кездеменин деле Жакшы эле самаганым Тажадым бул чөйрөдөн, тажадым ушул көйгөйдөн Алсырап куурап барам , үн салчы тээ өйдөдөн Мен деле адам болуп, алыска сызгым келет Баламды эркелетип, боорума кыскым келет Кызымды эркелетип боорума кыскым келет Ата-энем күнөөлөбөйм Чалынган тагдырыма Башынан баарын баштайм Буюрса баары алдыда Тажадым бул чөйрөдөн, тажадым ушул көйгөйдөн Алсырап куурап барам, үн салчы тээ өйдөдөн Мен деле адам болуп, закымдап сызгым келет Баламды эркелетип, боорума кыскым келет Кызымды эркелетип боорума кыскым келет Тажадым бул чөйрөдөн адам болгум келет