Казахские песни Узбекские песни

Киргизские песни.
Страница 5

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители
  • Патриот жигиттер келе жатат тик туруп Алар үчүн ыйык ,алар үчүн улук Ата-Мекен, Ата-Журт деген 7 дубан жерден биримдикте бекем Алар элине, жерине жан берет Алар чын жүрөктөн терең ант берет Алар бир бирине туугандай ини-ага Тың, өжөрлүү жана ураандары алга Кандары ысык, күчтүү эр жүрөк келет Намысына бек, эл жерине тирек Алар эр жүрөк, жери үчүн күйөт Алардын ар бири чыныгы патриот Жетөө тең жек көрөт, бөлүп бөлүнгөндү Алардын ар бирөө тутат бүтүндүктү Эзелтеден калган сиңип калган канга Жериң үчүн күрөш элин үчүн алга Кайырма: Жигиттер эр журок — алар ким Патриот Эли, жерин суйот — албетте Патриот Мекенине куйот — чыныгы Патриот Алардын каны ысык журогу от болот Жигиттер эр жүрөк — алар ким Патриот Эли, жерин сүйөт — албетте Патриот Мекенине күйөт — чыныгы Патриот Алардын каны ысык, жүрөгү от болот Бекер эместир, ар бир аккан тери Текке кетпес ал элимдин эроол эри Жүрөгүндө от алолонгон эми Эли үчүн жери мекенинин деми Керегине жара, ажалга тик кара Ата-Мекен, журт үмүтү чоң сага Ар бир айткан сөз, сен үчүн дем болсун Тилегеним болсо, эрдигиң кең болсун Желегин желбирейт, улутун женгин дейт Көкүрөктөн терең жеңишти энчиле Мекенчил эр, эй тикеңен тик тур Милдет үчүн эмес, мекен үчүн бул Эсине бек тут, сени менен эл журт Терең, кенен дем ал, абаны чоң жут Манас атан болгон, эли жериң сүйгөн Эр эми сен болгун, мекениңе күйгөн Кайырма:
  • Илебин өрттөп барам Эрмебей көзүн карайм Жамалың периштедей Жайылып аппак каннат Тазасың ааруу таңдай Тамшанткан таттуу балдай Алтыным алмаштырбайм Жалгызымсын толгон айдай Кайырма Суранамын жалынам Сен кетпечи жанымдан Сезимдерим сага болгон Таттуу экен баарынан Жыйнаган бактым болчу Жылыткан сайын толчу Гүл жыттанган гүлзар болсоң Булбул болуп мага кончу Себепсин жан ырыма Жетээрмин кадырына Ырыс менен сага кошкон Ыраазымын тагдырыма Кайырма
  • Айтамын гана ээй, Атадан гана калган мурасты. Жаңырып заман, эй, Жаңы муун баба салтын улантты. Намысын бийик сактаган эл, Добушун угуп тыңдап жүрөктүн. Кадырын туюп барктанам мен, Эч тарыхтан өчпөй жыл өтсүн. Кайратыңдан жанбаган, Калың элди барктаган. Эгемендикти энчилеп Өмүрүн берген бизге Канча адам э-эй-и-ий? Ташта изи калган кыргызымдын. Бириң кеттиң алыска, Бириң жетти жылдызга. Бириң жарап намыска, Бири-бириңден талашпа. Арнагам гана, эй, Жериме чындап өчпөс эмгекти. Баатырлар гана, эй, Байыртан буруп тынчтык элдешти. Намысын бийик сактаган эл, Добушун угуп тыңдап жүрөктүн. Кадырын туюп барктанам мен, Эч тарыхтан өчпөй жыл өтсүн. Кайратыңдан жанбаган, Калың элди барктаган. Эгемендикти энчилеп Өмүрүн берген бизге Канча адам э-эй-и-ий? Ташта изи калган кыргызымдын. Бириң кетип алыска, Бириң жетти жылдызга. Бириң жарап намыска, Бири-бириңден талашпа.
  • Апрельская сирень взяла за душу мою (взяла за душу мою) Я о тебе думаю (я о тебе думаю) Колыбельную спою (я колыбельную спою) Тебе Апрельская сирень взяла за душу мою (взяла за душу мою) Я о тебе думаю (я о тебе думаю) Колыбельную спою (я колыбельную спою) Тебе себя я подарю Я хочу, чтобы ты улыбалась Не кому-то, а только лишь мне Чтобы ты постоянно боялась Потерять меня даже во сне Уверен я, ты будешь прекрасной мамулей Буду рядом навеки, буду любить тебя, даже когда стану старым дедулей Сегодня напьюсь и расскажу всё, что на душе накопилось Ты моя муза, ганджабаса доля, ты моя а капелла Доверь мне свою душу, и полетели Апрельская сирень Все твои капризы для меня, как Winston (Все твои капризы для меня, как Winston) Хоть и далеко ты слишком, но для меня так близко (Хоть и далеко ты слишком, но для меня так близко) Все твои капризы для меня, как Winston (Все твои капризы, все твои капризы) Хоть и далеко ты слишком, но для меня так близко Апрельская сирень взяла за душу мою (взяла за душу мою) Я о тебе думаю (я о тебе думаю) Колыбельную спою (я колыбельную спою) Тебе Апрельская сирень взяла за душу мою (взяла за душу мою) Я о тебе думаю (я о тебе думаю) Колыбельную спою (я колыбельную спою) Тебе себя я подарю Ты взяла за душу мою Я о тебе думаю Колыбельную спою тебе Апрельская сирень
  • Көлдүн жээгин бойлогон Ар бир мүнөт мени сүйүп Мени ойлогон Сүрөтүң кана Толкун менен ойногон Күлкүң кана шыңгыр булак Мен сүйүп тойбогон Ошентип мен уктап ойгоном Кайырма: Мен сени сүйөм Мен дагеле сени сүйөм Мен азыр жаштыгымдын аска зоосун Айланып жүрөм Мен кеталбай жүрөм Мен сени келет деп жүрөм Ыраа көрбөй сени башкага Кыялбай сени башкага Мен сени сагынып күтүп жүрөм Көздөрүң кана Көктөм жаздай жайнаган Жүрөк туйлап бир караштан Сезим кайнаган Сөздөрүң кана Мени жипсиз байлаган Балыкчынын шамалындай Жүзүм аймаган
  • С вечера, с вечера Я ждал нашей встречи Свечи так, свечи на Ты чё здесь лечишь так? Вредина, вредина Ты чё здесь бредишь так? Бедный я, я дурак Оттого, что вечно так Дура (о-о-о), ты дура Я как дурак, дурак Наверняка (наверняка) Ты думаешь, что я валяю дурака Но если честно Ты смела меня, как ураган У меня есть там крепкий план На тебя! Стопудовый план Оставил все дела Батерфлаем Я батерфляем залечу к тебе Дай мне тайм, (хотя бы тайм) Твоё тело fire Твоё тело жарче, чем в Дубае (Меня плавит) А ты финтишь обходишь Мои правила Опять меня юзаешь Тестостерон Повышен мой тестостерон Возьми телефон Поговорим, не повышая тон Easy go, easy come Я к тебе хоть босиком Без тебя не лезет даже Стейк ти бон В горле ком Из-за тебя, из-за тебя Я себя ни раз ломал Ибо я, ибо я на тебя так запал Либо я, либо я по пятам За тобой хоть по волнам По проводам, как дурак По проводам
  • Тумчугамын, түбү жок санааларга батамын, Бийиктерге жетелейт ак батасы атамдын, Издеп жүргөн бейишим таманында апанын. Азаматты эр кылган бата болот турбайбы, Жашоодогу дөөлөтүң ата болот турбайбы, Жаман жүрсөң ичинен капа болот турбайбы. Түгөнбөгөн берекең апа болот турбайбы, Үйүңдөгү базарың бала болот турбайбы. Көзүңдү ачып-жумганча кеч кирет да, таң атат, Сыйлашалы кел, досум, өмүр өтүп баратат, Тирүүлүктө адамдар бири-бирине аманат. Бешик көркү бөлөнгөн бөбөк болот турбайбы, Агасына иниси жөлөк болот турбайбы. Бир туугандар бир үйдө өзөк болот турбайбы, Бой жеткенде үй-жайың бөлөк болот турбайбы, Карыганда неберең эрмек болот турбайбы. Ташы менен урганды, ашың менен тосуп ал, Турмуш деген татаал жол, жакшы чөйрө күтүп ал. Түбөлүктүү жарыңды алып качпай, сүйүп ал. Жалынсаң да токтобос өмүр болот турбайбы, Назиктердин назиги көңүл болот турбайбы. Тууганыңдан жакыны коңшу болот турбайбы, Акыретте жаныңда досуң болот турбайбы. Балалыгың жомоктой эсте калат турбайбы, Өмүр өтсө бул денең жерде калат турбайбы. Өмүр өтсө бул денең жерде калат турбайбы, Бектер кетип, кайра эле элдер калат турбайбы.
  • Төшкө кагып такылдатып айтар сөзүң барбы? Караңгыда көз көрбөсө карматканым шамбы? Бул жашоодо сени ойлогон бирөө-жарым барбы? Эне-атаңдын көз карашы чырайлуу таңбы? Бул жашоодо өмүр сүрүп, ойлонгонуң чынбы? Керектүүсүн талкуу кылган дареметиң тыңбы? Кыйналгандар көтөрө албай тырс эттирип сынды, Оор көтөргөн бөтөлкөсү адамды тыйды. Ар заманда кыйынчылык өз калыпта болгон, Касиетин жоготкондор саман-саман толгон. Бийлик менен тирешүүлөр ар кылымда болгон, Акча деген балакетиң бай-кедейге бөлгөн. Кайырма: Оор турмушту ханга шылтап көнгөнүбүз баары бир, Таба албастан жерди жыттап жүргөнүбүз баары бир. Жалкоолукту күлкү кылып күлгөнүбүз баары бир, Келечексиз ушул жорук мага деле баары бир. Кимиң барсың, айта албайсың, ушул сөздү баары бир, Жаштын көбү үн чыгарбайт, угушпайт го баары бир. Устукан бизге тартылат, унутпагын баары бир, Сөздөрүмө түшүнбөсөң, чын жүрөктөн баары бир. Сен барсыңбы бул дүйнөдө апаң үчүн таңбы? Кудай деген сөздөрүндө калыс, чындык барбы? Ачык көңүл, ыйман жолго көкүрөгүң тарбы? Ташта ары жаман ойду, таптап өткөн жарды. Чет өлкөдө кызмат өтөп, оор жумушка зарбы? Элдин саны чет өлкөдө бир кичине шаарбы? Кордук көрүп кыйналгандар араңарда барбы? Мен да болгом жаныңарда күрөп жолдон карды! Банк көбөйүп жергебизде, Швейцария аталдык, Акча жуучу кир машине Мексика шайландык. Ысык-Көлдү талаттырып, мончо кыла салдык, Кызын сатып көнгөндөрдөй болгону калдык. Кайырма: Кечиргиле катуу тийсе жүрөктөгү сөздөр, Ылдый карап өтө албастан түз караган көздөр. Азыр сүйлөп кыйналганым болгону бир сөздүр, Мени көрүп сөз таба албай унчукпады көздөр. Бул жашоонун кереметин толук татып көргүн, Дыбыратып өтүп кетет турмуш деген – өткүн! Көз жумулуп ачылганча көркү келет күздүн, Кайсы бактан өмүр бою үзүрүн үздүң? Элин баккан жигиттердин казынасы толсун, Кыргыз наамын көтөргөндү Кудайым колдосун. Эне-атасын сыйлаганга ыйман бекем болсун, Дин жолунда жүргөндөргө Алла ыраазы болсун!
  • Албетте биздин көчөлөрдө тынч эмес Өйдө төмөн сүйлөгөндөр балким билинбес Сенин досуң кылган иши менен кесилбес Кесилбестир билбейм мүмкүн бүгүн чечилбес Эмне болсо даагы ушул сөздү айта турчу кез Бой которбо дос-Сага тиш кайраган мен эмес Андан көрө чындык менен движ кылганга без Ошол эле жетиштүү го, базара без То что суждено не поменять. э Хоть убейся главное не врать себе Судьба даёт уроки братчоооооо Не сомневайся а научись всатвать Не скажу что в моей жизни всё на пять Выживаю тоже день за днём опять Мама научила верить и мечтать Верить и мечтать и веру не терять Көптү билгендер эмес көптү көргөн билет Ниетине жарашаго, биздин жашоо интернет Жөн адам жок баары кыйын Баары балекет Баары супермен Бирок көп аша чаппаш керекко Жүрөктөрдү тазаласак береке келет Жаман көрүп не пайда Келчүлөр келет Кетчүлөр кетет Ырыскын жетет Кудайым берет Эгер көтөрө билсек Албетте биздин көчөлөрдө тынч эмес Өйдө төмөн сүйлөгөндөр балким билинбес Сенин досуң кылган иши менен кесилбес Кесилбестир билбейм мүмкүн бүгүн чечилбес Эмне болсо даагы ушул сөздү айта турчу кез Бой которбо дос-Сага тиш кайраган мен эмес Андан көрө чындык менен движ кылганга без Ошол эле жетиштүү го, базара без Э койчу токтоттчу дозм Сен билбейсин угуп тургун берем сага созуп Мен көргөндү ал билбейт Көз караштар дал келбейт Жаман жолдон арылып Жакшы ойдо бололучу Капкарангы түндө айланабыз көк түтүн Максатыма жетемин деп, жүрөттүр мүмкүн Көчөлөрдө баары барго оюн зоок күлкү Мамилене жарашаго башкысы түз жүр Есть две стороны медали Голодных не поймут сытые богатые Да тут кучо trablo связанные с деньгами Связанно с кентами Связанно с ментами Плюс долги не раскидали длиться годами В поисках money за кардон летали Жизнь бумерангом знаешь часто Знаешь часто судьба меняло, людей местами Бүгүн барбыз, эртен жок Жан дүйнөмдө тынчтык жок Чындыгында жалган бул жашоо Шүгүр айт текебер болбой Бүгүн барбыз, эртен жок Жан дүйнөмдө тынчтык жок Чындыгында жалган бул жашоо Шүгүр айт текебер болбой Албетте биздин көчөлөрдө тынч эмес Өйдө төмөн сүйлөгөндөр балким билинбес Сенин досуң кылган иши менен кесилбес Кесилбестир билбейм мүмкүн бүгүн чечилбес Эмне болсо даагы ушул сөздү айта турчу кез Бой которбо дос-Сага тиш кайраган мен эмес Андан көрө чындык менен движ кылганга без Ошол эле жетиштүү го, базара без Албетте биздин көчөлөрдө тынч эмес Өйдө төмөн сүйлөгөндөр балким билинбес Сенин досуң кылган иши менен кесилбес Кесилбестир билбейм мүмкүн бүгүн чечилбес Эмне болсо даагы ушул сөздү айта турчу кез Бой которбо дос-Сага тиш кайраган мен эмес Андан көрө чындык менен движ кылганга без Ошол эле жетиштүү го, базара без
  • Козгобо жүрөк жарасын Дарысын кайдан табасың Дартыма даба сен болуп Алтыным мага жагасың Жолуксак күндө эле, күндө эле Жүрөгүң муз беле Кыйнадың сен неге, сен неге Кыйнадың сен неге, сен неге Аай, Айзирек Кайырма: Айзирек, Айзирек Кыйнадың алтыным Жолубуз кайчы деп Аа, Айзирек От болуп күйүп жанамын Жообуңду качан аламын Өзүңдү тагдыр буюруса Өмүрлөш кылып алайын Сыр болуп мага да, мага да Кыйнадың садага, садага Кетпечи башкага, башкага Чылаба арманга, аа, Айзирек Кайырма: Жолуксак күндө эле, күндө эле Жүрөгүң муз беле Кыйнадың сен неге, сен неге Кыйнадың сен неге, сен неге Аай, Айзирек Кайырма:
  • Айтчы эмне үчүн, сен жөнүндө түшүм? Тоңуп калдым үшүп, бара жатам түшүп... Күнү-түнү түтүн! Күнү-түнү түтүн! Күнү-түнү түтүн! Күнү-түнү түтүн! Айтчы эмне үчүн, сен жөнүндө түшүм? Тоңуп калдым үшүп, бара жатам түшүп... Күнү-түнү түтүн! Күнү-түнү түтүн! Күнү-түнү түтүн! Күнү-түнү түтүн! Сенин сүйүүң капкан, менин сезимдерим фонтан Бүт ааламдын арасынан издеп жүрүп тапкам Сенин сулуулугуң көтөрө албай траитетти клапан Учуп кеттим, конгондо чаламын кошмо штаттан. (але) Байка! Болду эми байка! Башындагы мээңди кетпесин шайтан чайкап?! Балким апаң мени менен сүйлөшпө деп айтар? А сен байка! Ар бир иште хайр бар! Ант берем! Сен үчүн баарын берем! Калп эле, таарынба калп эле мага! (жок) Ант берем! Сен үчүн баарын берем! Күнү-түнү куса болуп сага баргым келет Жалгыз өзүңө ырларымды арнагым келет Улам-улам сүйөмүн деп кайталагым келет (ооба) Калп эле, таарынба калп эле! Ачуу, татаал жашоо мен үчүн кант эми Сени таппаганымда, тепмек экен блант деле! Сени таппаганымда, тепмек экен блант эле! Жүрбө мени сагынбай Мен кусамын дайым Сени менен дүйнөм бай Сенсиз чолоктоп аксаймын Бул чын жүрөктөн чыккан сөз Калп сага айтпаймын! Сезимиңди каарынымда Май кылып сактаймын! Күчсүң денеме Кубатың бар ченелбес! Ким эмне деп айтса дагы Сага эч ким тең эмес! Сени менен жашоо кызык Кызыл жашыл M
  • Карааныңа зар, мен ар дайым, Карегиң кайгы баспай, күлүп турсаң айдайым. Эркелетип сен кучак жайып, Каражаның канча жашка чыкса дагы-балакайың. Кайырма: Энекем ай, таза аккан суудай, Таң аткан нурдай, Эрте эле кеч киреби? Берекем ай, замзамдан ууртам, Сагынган уулуңдан кейибе эч бир эми. Мээримиңе зар апакебай, Жүрөгүм сага тартып, көзүм артып, жете албай. Ымыркайың ыйлай-ыйлай, Канча күн уктатпадым, уйкуларын мага арнай. Кайырма:
  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Срок бүтүп малолеткадан Дагы келдим дагы бир ходкага Аман болсом дале чыгармын Эх Апаке бул эле решеткадан Бродягалар толо хатада Каалоо айтат апа сага да Көзгө келет сүйкүм элесиң Эх апаке жатсам норада Бүгүн менин туулган күнүм Тос көтөрөм апалар үчүн Малолетка мужиктер үчүн Дагы дагы братвалар үчүн Куйчу малой бродягалар үчүн Күндө эстечү болдум апамды Мени күтүп чачың агарды Баардыгына өзүм себепкер Эх апаке кечир балаңды Кечир апа кечир тентегиң Уйкун бузуп сүтүң эмгенмин Узак узак болор бул сапар Эх апаке качан жетемин Канча азап тартып мен үчүн Көз жашыңды төгүп күнү түн Жолду карап балам келет деп Эх апаке үзбөй үмүтүн Мезгил өтпөй саатты карап Чыгаар убак күндөрдү санап А мен болсо жатам хатада Эх апаке воляны самап Көп ыйладың төгүп жашыңды Кантип жазам таарынычыңды Жеткире албайм айтып сөз менен Эх апаке сагынычымды Бизде жашоо баары керемет Боштондуктан башка не керек Үмүт менен жашап воля деп Эх апаке ал күн да келет Воля турат дубал артында Жетүү кайда күндөр алыста Эх апаке сагындым сени Эстеп эстеп жашым акты да Кел бродяга кошул катарга Бутафорлор толсун шампанга Шаңга шаңга бөлөнүп Таазим кылып кел апаларга Көктө бир куш канатын кагат Эркин учуп кайдадыр барат Апа сага салам узаттым Решеткадан карап Бүтпөй келет алган жазабыз Мен бошочу күндөр да алыс Жакшылыктын баарын каалаймын Эх апаке узак жашаңыз
  • Ойлорумдун баары сен болдуң эй сен болдуң эй Сезимдерди арбап жүрөгүмө чокту салдын эй Жан дүйнөмдү арнап сүйгөн жомоктогу баламын Көздөрүңдө Ысык-көлүм сүзүп сенде кааламын [1-Куплет - Ulukbek] Сенде калам ар дайым өзүң бийик маанайым бол Өзгөлөрдөн катайын өзүң жалгыз айдайым бол Күндөрүмдүн баарын өмүрүмдүн багын Гүлдөй жайнатып гүлдөй жайнатып Жалгыз мага арналчы Ай нурундай жамалын Сезимдерим жомоктой Өчпөйт тарыхын бойлой Жарыгым болуп мени менен түбөлүкө бирге болчу Асылым перим бул жашоомду сүйүнүчкө бөлөп койчу Тунук кыял тереңдеп өзүңө бекем мен байландым Балдай таттуу жандан артык ак сүйүүмдү сага арнадым [Кайырма] Ойлорумдун баары сен болдуң эй сен болдуң эй Сезимдерди арбап жүрөгүмө чокту салдын эй Жан дүйнөмдү арнап сүйгөн жомоктогу баламын Көздөрүңдө Ысык-көлүм сүзүп сенде кааламын See upcoming rap shows Get tickets for your favorite artists You might also like wacced out murals Kendrick Lamar reincarnated Kendrick Lamar tv off Kendrick Lamar [2-Куплет - 7Gen] Бул перини көргөн эмесмин мен жашаган жерлерде Көргөм бир жолу түшкө киргенде Бул перини көргөн эмесмин мүмкүнчүлүк келгенде Жалгыз мага көрүнбөй көрүнөт элдерге Ойлонуп көрсөң балким ал кыз чындап жаныңда Жашап келет кошунаңдын билинбеген тамында Көңүл бурбайт эптеп сөз байлаган дос балдарыңа Жалгыз татыктууну күтөт келет деп өз убагында Эң кыйын нерсе жетиш толук ишеничине Канча кыйын ошончо бекем мамиле Эң оңой нерсе чыгып кетиш ишеничинен Ал сенсиз билбейм сен алсыз алсыз дагы эле Бирок чындап билгим келет атын Бул ой максатым Канчалыка чейин өзүн терең катты Аракет кылып көргөнгө барбы акым Кучагыма бекем кармаганы жакын [Кайырма] Ойлорумдун баары сен болдуң эй сен болдуң эй Сезимдерди арбап жүрөгүмө чокту салдын эй Жан дүйнөмдү арнап сүйгөн жомоктогу баламын Көздөрүңдө Ысык-көлүм сүзүп сенде кааламын
  • Кара көйнөк, кара шым (кара шым) Бир-бирине жарашып (ООО) Илип алдың көзүмдү (көзүмдү) Кадамыңды санатып Көздөрүң көл карасам (карасам) Чөгүп эле баратам (ООО) Кызарып көзгө урунат (иий) Кулпунайдай помадаң Кара-кара-кара чачтуу мадам-мадам Кериле басканыңыз марал-марал Мейли азыр койбосоң да карап-карап Акыры сага бир күн жагам-жагам Кара-кара-кара чачтуу мадам-мадам Кериле басканыңыз марал-марал Мейли азыр койбосоң да карап-карап Акыры сага бир күн жагам-жагам Кыры колду кесчүдөй (кесчүдөй) Көйнөгүңдүн жакасы (ООО) Такылдап ойду бурат (ойду бурат) Туфлиңдин такасы Ашык болду көңүлүм (көңүлүм) Жүргөнүңө кычырап (ООО) Мас болду эх жүрөгүм (иий) Атырыңдын жытына Кара-кара-кара чачтуу мадам-мадам Кериле басканыңыз марал-марал Мейли азыр койбосоң да карап-карап Акыры сага бир күн жагам-жагам Кара-кара-кара чачтуу мадам-мадам Кериле басканыңыз марал-марал Мейли азыр койбосоң да карап-карап Акыры сага бир күн жагам-жагам Кара-кара-кара чачтуу мадам-мадам Кериле басканыңыз марал-марал Мейли азыр койбосоң да карап-карап Акыры сага бир күн жагам-жагам Кара-кара-кара чачтуу мадам-мадам Кериле басканыңыз марал-марал Мейли азыр койбосоң да карап-карап Акыры сага бир күн жагам-жагам
  • Таным атып кунум батса да, Мезгил сызып отуп жатса да. Сени куто беремин, Сени куто беремин. Тагдырыбыз кайчы болсо да, Сагынычка созум толсо да. Сени суйоо беремин, Сени суйоо беремин. Сен жонундо жаман айтса да, Кызганычым толкуп ашса да. Сени суйоо беремин, Сени суйоо беремин. Кылыктарын чектен ашса да, Кылган ишин жанга батса да. Сени суйоо беремин, Сени суйоо беремин. Беш кундук бул жалган омурдо, Умут берип назик конулго. Сени суйоо беремин, Сени суйоо беремин. Жомок эмес мендеги сезим, Кыялымдан кетпейсин менин. Сени куто беремин, Сени куто беремин. Созун ачуу тийип жатса да, Конул ооруп жашым акса да. Сени суйоо беремин, Сени суйоо беремин. Алмаштырбайм сени башкага, Махабатым жаным садага. Сени суйоо беремин, Сени суйоо беремин.
  • Алдырба,алдырба ай, Озунду кусалыкка. Эстей жур бирок мени, Суйгом деп бир убакта. Озунсуз откум келбей, Жалгыздык жанга жетпей. Жашоодо бир келген ай, Суйуумо калдым жетпей. Аттин ай,арман кылам. Кайда созорун суйом деген, Сагындым сагындым ай, Суйуудон зар какшап ай Аттин ай, арман кылам, Суйуумо жетпей калгам. Журогум кусаланып ыйлайт, ыйлайт Сыздатып жан дуйномду кыйнайт, кыйнайт Тагдырдын буйругу ай Курчаган жалгыздык ай, Камалып тунгуюкка. Кусамын мен ар дайым, Ар качан кучагына. Чачырап суйуу нуру, Каптаган бир убакта. Шамаалдар суйуу нурун, Учуруп кайсыл жакка.
  • Между нами расстояние Но я слышу твоё дыхание Во снах вижу твоё сияние За что такое наказание Между нами расстояние Но я слышу твоё дыхание Во снах вижу твоё сияние За что такое наказание Ты сама меня заманила Мою голову вскружила Говорила то что никого Так сильно не любила По телу эндорфины Все было как в фильме Где любовь и мир Но между нами Все было временно Ушли по разным сторонам Связь давно потеряна Это была твоя игра Лишь твоя вина Я и ты уже не будем никогда вместе Ты ведь меня тайно предала Скажи мне как ты могла? Зачем ты это сделала? Дура взяла и всё разрушила! Я был слишком наивен Попал в твою паутину Ты моё время убила Сердце разбило Но я нашёл в себе силы Забыть всё что у нас было Я изменил свою жизнь Теперь смотри каким я стал Свои локти кусай Я говорю тебе давай пока bye-bye Я видел драму под обманом но дама Я больше в твои игры не играю не играю Прощай навсегда Fake love la la love Fake love la la love Детка уже поздно плакать don’t cry Детка уже поздно плакать don’t cry Теперь тебя нету рядом Нету рядом Детка падай водопадом водопадом Прямо на меня я словлю тебя Только теперь тебя нету рядом Нету рядом Детка падай водопадом водопадом Прямо на меня я словлю тебя Между нами расстояние Но я слышу твоё дыхание Во снах вижу твоё сияние За что такое наказание Между нами расстояние Но я слышу твоё дыхание Во снах вижу твоё сияние За что такое наказание
  • Во время большого взрыва все атомы во вселенной Сжались в одну точку и взорвались Наши атомы когда-то были вместе И сталкивались несколько раз За почти четырнадцать миллиардов лет Мои атомы знали твои атомы Они всегда их знали Мои атомы всегда любили твои атомы Бездонными глазами добивай меня сильней Солеными слезами душу ты прошу не лей Прошу не лей, душу прошу не лей Бездонными глазами добивай меня сильней Бездонными глазами добивай меня сильней Солеными слезами душу ты прошу не лей Прошу не лей, душу прошу не лей Бездонными глазами добивай меня сильней Я не помню уже сколько прошло Но я точно помню твой кислый запах Ты как крепкий затяг, даешь мне по чувствам Даешь мне жгучий шапал Забитая хапка, рядом ты и дым, свежая травка На, хапни добавкой и полетим мы с бесплатной доставкой Я научу тебя летать, меня крепко обнимать Никогда не отпускать и покорим мы небеса Только ты и дым, и я и так заблудимся мы там Ты меня раздела не догола, а прямо до глубины души Мои чувства не потушить, в объятьях лжи как заглушить теперь Оружие твое, ема-емае, заглуши ружье Я на мели, на могиле Девочка с косичками, ты помоги мне Воды налей мне Не мучай меня прошу, ты делаешь больней мне Ты где? Ты дела-делаешь больней Ты где? Ты дела-делаешь больней мне Ты где? Ты делаешь больней Бездонными глазами добивай меня сильней Солеными слезами душу ты прошу не лей Прошу не лей, душу прошу не лей Бездонными глазами добивай меня сильней Бездонными глазами добивай меня сильней Солеными слезами душу ты прошу не лей Прошу не лей, душу прошу не лей Бездонными глазами добивай меня сильней
  • Беттин көркү нур менен, Белдин көркү кур менен. Биз сүйгөн сулуу Мөлмөлүм, Белгилүү болсун ыр менен. Эки илебиң кызыл гүл ачылгандай, Мөлмөлүм. Бир карасаң жүрөккө от чачылгандай, Мөлмөлүм. Маңдай чачың Маргалаң жибегиндей, Мөлмөлүм. Сенин ышкың баланын тилегиндей, Мөлмөлүм. Өтүмдүүсүң Өзгөндүн күрүчүндөй, Мөлмөлүм. Созулганың зергердин күмүшүндөй, Мөлмөлүм. Майиндигиң жоргонун жүрүшүндөй, Мөлмөлүм. Гүлзар кылчы жүрөктүн какшып жаткан чөлдөрүн. Күйдүм, Мөлмөл, аппагым, Ааламдан сендей таппадым. Издеп-издеп күн-түнү «Мөлмөлүм!» деп какшадым. Секин баскан бутуңдан, Сейдана мончок жытыңдан. Кадам койгон бутуңдан, Калемпир мончок жытыңдан. Чыныга куйган бал болсоң, Чымындай ага малынсам. Чыга албай жатып ошондо, Чын өзүңө багынсам. Чыгарып койсоң боор ооруп, Чырагың болуп жагылсам. Алты оролуп мойнуңа мен, Ак маржан болуп тагылсам. Берейин десем малым жок, Мал табууга алым жок. Кедейликтин дартынан, Тышым жалын, ичим чок. Бирок да мунун баарына Карабайт экен көңүл шок. Көрүнүп койсоң бир жолу, Булуттан чыккан айга окшоп.