Казахские песни Узбекские песни

Киргизские песни.
Страница 7

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители
  • Тарыхы бар нечен, Ынтымагы дайым бекем. Ала-Тоо — бешигим, Башым ийип, таазим этем. Керемет аймагы, Желбиреп турсун байрагы. Булагың таш жарып, Булбулдай сайрагын. Кайырма: Кыргызстаным, Кыргызстаным! Билем мен, бир өзүңдө ырыс-бакыт, Өзүңсүз атпайт таңым. Кыргызстаным, Кыргызстаным! Керекпи? Бир өзүңө арнайм жаным, Аябай тамчы каным! Мекеним, медерим, Ыйыксың, аны сеземин. Түбөлүк сактайбыз, Түшүрбөй бийик желегиң. Баарыбыз бул тапта, Баркыңды сезбей турсак да. Кемитпей беребиз, Келечек урпакка. Кайырма: Менин алтын уям, Бакытымдай туям. Уча бер оболоп, Бардыгы оңолот!
  • Исфана, Исфана, Араладым, издегеним сен гана, Кара көзүм, жолугамбы мен сага? Жолугуп, жолугуп, Жалгыз эмес, жеңең келди кошулуп, А сен болсо сүйлөбөйсүң созулуп. Кайырма: Не кыласың Лейлекте? Алып кетем Бишкекке! Жүгөрүнү “мака” дейт, Байке дебей “ава” дейт. Сөздөрүңө байланам да, карындашым, вай-ваай. Сиз да мага жагас дейт, Окуйсузбу намаз дейт. Ананайын, ананайын, ананайын, ай-ай-ай. Кой, жеңе! Кой, жеңе, Кудалаштык, жакында сен той дебе, Кайын сиңдиң шаштырбачы, бол дебе. Буулугуп, буулугуп, Коштошо албай колуң турду сунулуп, Көз жашыңды көрсөтпөдүң бурулуп. Кайырма: Ыйманыңа береке, Алып кетем Бишкекке! Жүгөрүнү “мака” дейт, Байке дебей “ава” дейт. Сөздөрүңө байланам да, карындашым, вай-ваай. Сиз да мага жагас дейт, Окуйсузбу намаз дейт. Ананайын, ананайын, ананайын, ай-ай-ай.
  • Кызыгамын сага, кызым, сылык мүнөз, Кызыл гүлүм сен менин. Көчөдөн мен көрсөм кызганамын, Сулуу селким сен менин. Кечээ келсем бийге сен да жүрдүң, Көп кыздарга аралаш. Көп жигитти кызыктырат сенин, Ичке сындуу чып белиң. Кайырма: Делбирим, ай, делбирим, ай, ай, ай, Делбирим, ай, делбирим, ай, ай, ай, ай. Сенсиң менин делбирим, ай, ай, ай, Делбирим, ай, делбирим. Кечээ кирдиң сен түшүмө менин, Жанымда сен жаш келин. Мен ошондо сездим махабаттын, Кудуретин, күч-демин. Бүгүн барам сага гүл көтөрүп, Күтөсүңбү, делбирим? Мен айтамын өз сүйүүмдү сага, Ай перим, ай, ай перим. Кайырма:
  • Мен кыргызмын, мен, мен, алга, кыргыз калкым, Мен кыргызмын, улуу кыргыз бойдон келет калгым. Кыргыз улут кыраан-кыраан жигиттерге бай келген, Ырас, ырас эле кыргыз болуп жаралган экем. Кылым карып, бирок кыргыз кыргыз бойдон калган, Мен миң өлүп, миң тирилген, мен ушундай калкмын. Баатыр Манас атам болгон, ал менин гана атам, Миң талашып, миң кырылгын, Манас кыргыздан чыккан. Алга, кыргыз, алга! Алга, кыргыз, алга! Алга, кыргыз, алга! Алга, кыргыз, алга! Алга, кыргыз, алга! Кыргыз элим илгертен баатырларга бай келген, Кыраан-кыраан жигиттерди элим баалап даңк берген. Кыргыз элим намыскөй, намысына бек турган, Кылым карып, жылдар өтүп, алдын көздөй умтулган. Баатырыбыз Манас чыккан, баатыр болгон баласы, Арасынан кыргызымдын чыккан Тайлак баатыры. Ар кай жеринен, жеримдин ар ким жети жагынан, Чыккан Байтик баатырыбыз, Курманбегибиз, Шабдан. Чыккан экен баатырыбыз Атаке, Эр Табылды, Кыраан, күчтүү болгон экен Балбай деген баатыры. Кожомкулдай күчтүү балбаныбыз чыккан кыргызда, Баатыр энелерим болгон Курманжан даткабыздай. Эне баатыр Жаңыл Мырза менен чыккан Кыз Сайкал, Айта берсек, эч түгөнгүс, азыр деле көп алар. Ошондуктан улуу элиме эч бириң теңелгис, Ташка тамга баскан кыргыз тарых беттен чийилгис. Алга, кыргыз, алга! Алга, кыргыз, алга! Алга, кыргыз, алга! Алга, кыргыз, алга! Алга, кыргыз, алга! Жагабы, жакпайбы, сага улутум болсо кыргыз, Мен кыргызмын, жакшы көргөн бешбармак менен кымыз. Күндөп-түндөп «Манас» айткан, укмуш черткен комузду, Күлүк атты мендей чапкын, көрдүңбү жер кооздугун. Мен кыргызмын ала-тоолук, ак калпак баса кийген, Бийик койгон өз тилимди, өз элиме ийилген. Кыргыз деген улутум менин, кырылгыс эч качан, Мага каршы чыкпа, сендей миң душманды кыргам. Кыраан-кыраан жигиттерим, менин эр жүрөк келген, Мен кыргызмын намыскөй, намысыма бек келген. Болом өтө конок пейил, мейман тоском илгертен, Кылам дегенимди кылган улут болом билбесең. Кыргызымдан өнөр чыккан, миң тарапка тараган, Өнөрлөрүн өргө чапкан жазуучу, акындардан. Токтогулдай төкмө чыккан, суудай төккөн ордунан, Улуу Чыңгыз жазуучубуз чыккан, дүйнө тааныган. Акын чыккан Алыкулдай, Аалы, Жоомарт, Мидиндей, Саякбайдай манасчыбыз чыккан экен элимде, эй! Төкмө акын Жеңижоктойлордон канчасы чыккан, Сүрөт тарткан Сүймөнкул Чокморовдой болгон адам. Сүйүп-күйүп эл жерине кылып кеткен кызматын. Бекем эске тутуп алгын, ал Исхак Раззаковду. Ошондуктан улуу элиме эч бириң теңелгис, Ташка тамга баскан кыргыз тарых беттен чийилгис. Алга, кыргыз, алга! Алга, кыргыз, алга! Алга, кыргыз, алга! Алга, кыргыз, алга! Алга, кыргыз, алга! Ала-Тоолук улуу элиме эч бириң теңелгис Ташка тамга баскан кыргыз тарых беттен чийилгис.
  • В моём горде смоууук И всем как-то всем пофигу Каждый мутит свою игру Смоук, смоук, смоук Это не cinema Мы мутим как animals Точно не криминал Музыка наминал Всегда ты помни Кто тебя пеленал И Никого не бойся И всегда гляди в оба Не думай что за пеленой смога Не видно Бога И Не смоуук, А наглые рожи Наш город портит Держи намордник Тише смирней Нам нужен мир здесь Кто прав тот сильней А дальше видней В моём горде смоууук И всем как-то всем пофигу Каждый мутит свою игру Смоук, смоук, смоук Капкара тулпар Карнгы түндө ичи түтүндө Жардык бүтүндү Ышталып борборум келе жатат Угулбайт үндөр угулбайт үндөр
  • Көздөр, көздөр жашка толду, Сүйгөн жүрөк жакпай койду сага… Жаным сага. Билсең дагы сүйөрүмдү, ачпай койдуң жүрөгүңдү мага… Оо мага… КАЙЫРМА: Мен сага жакпай койдум, Көңүлүң таппай койдум, махабатым менин. Жаралуу жүрөгүңө, Жалгыз мен батпай койдум, махабатым менин! Ооо…. Маңдайыңдан табылайын, Махабатым дарылайын, жаным кагылайын… Бакытка жол табыш үчүн, Бир өзүңө жагыш үчүн, жаным не кылайын?
  • Баратабыз, багытыбыз Ош тарап, Жаным секет, күттүң бекен жол карап. Сапарымда неге сага шашылдым, Куса болуп, жолугууну мен самап. Кайырма: Күтчү жаным, Бишкек жолу узак да, Мына-мына баратамын Сузакта. Сагынычтар көкүрөккө толдубу, Жаным секет, тосуп алчы Фуркатта. Узун жолдо зымыраса мерседес, Кыялымда тилеп келем жетсе тез. Телефондун шыңгыр үнүн тындырбай, Улам-улам жөнөтөсүң СМС. Кайырма: Күтчү жаным, Бишкек жолу узак да, Мына-мына келип калдым Куршабка. Сагынычтар көкүрөккө толдубу, Жаным секет, тосуп алчы Фуркатта. Сапарыбыз эч бир койду арбыбай, Айдоочу да өчөштүбү шашылбай. Келатабыз Отуз-Адыр аралап, Артта калып Жны-Аргы, Садырбай. Кайырма: Кантем анан, Бишкек жолу узак да, Мына-мына келип калдым Фуркатка. Кусалыктар көкүрөккө толдубу, Сүйүү кушу сени издей учат да. Сени дегдеп, самап келдим узактан, Мына-мына жолугуштук Фуркаттан. Тараганча бизде болгон кусалык, Жаным, эми чыгарбаймын кучактан.
  • Өзгөрүлүп аалам күндөн-күн, Баалуулугу түшүп дүйнөнүн. Азгырык да сенин айланаң, А, сен кызысың таза дүйнөнүн. Ар ким айтса сүйгөнүн, А, сенин китеп сүйгөнүң. Мээримге толгон жүрөгүң, Сен деп жүрөмүн. Кайырма: Кандай кыз сага теңелет, Уялганың керемет Периштедей сезилет Тазалыгың жактырам, Адебиңе суктанамын, Ашыгам, тартылам. Апакеңдин аппак сүтүндөй, Аруулугуң калса эч ким түшүнбөй. Сен аларга көңүл бурбагын, Бийиктигиң, баркың түшүрбөй Ар ким айтса сүйгөнүн, А, сенин билим сүйгөнүң. Ыйманга толгон жүрөгүң, Сен деп жүрөмүн.
  • Издей берем тааныш уйдон Издей берем кочодон Караанынды мен жоготтумбу Тушумдогу тошогон -- Припев (2 раза): -- Эмне мынча суйом сени Эмне мынча сагынам Кучагында денем ысып Чачтарындан сылагам II Ойум сенде билсен деги Ырым сенде сайраган Сендеби дейм муроктору Кышта суусу кайнаган -- Припев (2 раза) -- III Кайдасын сен табаламбы Билесинби сен тилекти Адаштырдын бараламбы Уйкум келбей тун отту -- Припев (2 раза): -- IV Тушумдосун жузумдосун Багымдасын сен жайнаган Озумдосун козумдосун Канымдасын сен жанбаган
  • Грустно… Грустно дождю, по ночам он плачет И твоё «Love you» теперь ничего не значит Опять дежавю, меня снова банчет И твой силуэт, по глазам моим скачет Грустно дождю, по ночам он плачет И твоё «Love you» теперь ничего не значит Опять дежавю меня снова банчет И твой силуэт… Я помню всё, помню нашу встречу Помню первый день Я помню всё, помню твои глазки помню твою тень Хочу добиваться, до потери пульса, но уже мне лень Хочу высказаться тебе но боюсь, вот олень я Ал менин эсимде, биз экөөбүз кечинде Ак сүйүгө берилип, термелип тебип селкинчек Менин эсимде, түнкү саат экиде Биз экөөбүз кучакташып, Бишкектин бир четинде Бунун баары кайда? Кайталабы кайра? Же актыбы сайдан? Кайра… Сайрап… Бунун баары кайда? Кайталабы кайра? Балким ал акты сайдан, кайра, сайрап Грустно дождю, по ночам он плачет, И твоё «Love you» теперь ничего не значит Опять дежавю меня снова банчет И твой силуэт по глазам моим скачет Грустно дождю, по ночам он плачет, И твоё «Love you» теперь ничего не значит Опять дежавю меня снова банчет И твой силуэт… Твоя красота, меня ослепила жаман И твои глаза, заразили меня до манна Твоя доброта, одарила меня до талого Снова темнота, а внутри меня баклан Ал менин эсимде, биз экөөбүз кечинде Ак суйугө берилип, термелип тебип селкинчек Менин эсимде түнкү саат экиде Биз экөөбүз кучакташып Бишкектин бир четинде Бунун баары кайда? Кайталабы кайра? Же актыбы сайдан? Кайра… Сайрап… Бунун баары кайда? Кайталабы кайра? Балким ал акты сайдан, кайра Грустно… Грустно дождю, по ночам он плачет, И твоё «Love you» теперь ничего не значит Опять дежавю, меня снова банчет И твой силуэт, по глазам моим скачет Грустно дождю, по ночам он плачет, И твоё «Love you» теперь ничего не значит Опять дежавю, меня снова банчет И твой силуэт… Биз экөөбүз кечинде, Термелип тебип селкинчек, Термелип тебип селкинчек Андай теппей мындай теп.
  • Айла жоктон неттим ай, Акылымдан кеттим ай. Сүйүп калып сени, Эркинай. Жолдоп айтып болгонун, Жолболдудай Чолпонум, Сен деп ырдайм Мен да, Эркинай. Кайырма: Аттиң, неге жолуктуң? Сени алам деп оолуктум, Улуу кызым окуп калганда. Үчүнчүсү төрөлүп, Ак бешикке бөлөнүп, Ортончусу басып калганда. Тоодой ойлуу торгоюм, Токтогулдай боздоюн, Сүйгөнүм чын сени, Эркинай. Ырга салып торгоюм, Ырыспайдай боздоюн, Сүйгөнүм чын сени, Эркинай. Кайырма: Бирге турсам жанашпай, Бирге бассам жарашпай, Каламынбы сага, Эркинай? Албырып күйгөн чырактай, Арманым деп Чубактай, Каламынбы же мен, Эркинай?
  • Мен сүйсөм да, сен сүйбөйсүң, тумарым, Түнкү шамдай өчүп барат ыраңың. Таш боор белең жүрөгүңдө мээрим жок, Аясаңчы, аясаңчы, аясаңчы, тумарым. Тумарым, ай-ай, тумарым, Аясаңчы, менин сүйгөн тумарым. Жүрөгүмдөн кайнап чыккан махабат, Күндөн-күнгө кайгы-капа жаратат. Сенин атың, сенин сүйкүм элесиң, Жүрөгүмдө тумар болуп сакталат. Тумарым, ай-ай, тумарым, Аясаңчы, менин сүйгөн тумарым.
  • Я, я, я [Припев] Движ заколотил, движ заколотил Кто бы что не говорил, иду наверх Пришёл, увидел, победил, увидел, победил Потому что I'm a real man, I'm a, I'm a real man Движ заколотил, движ заколотил Кто бы что не говорил, иду наверх (Окей) Пришёл, увидел, победил, увидел, победил Потому что I'm a real man, I'm a, I'm a real man [Куплет 1] В моей голове куча планов, как бы поднять больше money, miny, moe Будто инопланетянин, приземлился с НЛО Хейтер по-любому знает этот легендарный флоу И я буду делать до конца завистникам назло На кнопочных героев забиваю жирный болт Терпилы базарят за спиной, базару ноль, но они для меня — полный ноль Я им молча причиняю боль, всё ещё свежий, молодой Всем этим ДШБ никогда не сбить мой настрой See upcoming rap shows Get tickets for your favorite artists You might also like Supersonic Big Baby Tape
  • Кең дүйнөдөн кезиктим сага Тагдыр буйруп жолуктуң мага. Асманымда ак жылдыз жанып, Сен бар үчүн күндөрүм жарык. Кайырма: Карегимде жашап алдың менин. Карааныңды күндө көрсөм деймин Арзыдым сага Көңүлүмдү ээлеп алдың менин Көздөрүңдү күндө көрсөм деймин Ашыкмын сага Өзүң барда жүрөгүм күлөт. Көздөрүңдү, көздөрүм сүйөт. Эркелейин бул күндөр белек Бактым сага башымды жөлөп.
  • Жашап сезимимде Жайнап карегимде Эргүү болуп дайыма Көңүлүмдө жүрөсүң Эркелейин сага улам Деңиздей мен толкуп турам Жүрөгүмдөн сага ишенем Сен менен бакытты курам Кайрыма: Өмүрдөн белек мага Жолуктум жаным сага Арзыган ар бир таңга Ак сүйүү азык жанга Кайырма Жаным , жаным менин Жашыл жазым сенсиң Бакыт болуп чексиз мага Ойлорумда жүрөсүң Сагынам неге неге, неге Жанында сени турсам деле Көңүлүмдү байлап алган ай Көздөрүңдө нур бар беле
  • Бабалардан калган турмуш ыргагы, Бул жашоонун көркү көңүл ачууда. Өмүр шаңы экөөбүзгө тең орток, ай, Сен туш болдуң, жаным, көңүл назына. Сенсиз көрккө келбейт, Жазгы тентек желдей, Жансыз күндөр өттү баасы ирмемдей. Билчи, жаным, билчи, Жан дүйнөмө кирчи, Сени күткөн бакыт эшигин ачып киргендей. Бир берилген шаттуу өмүрдө, Кир кетпесин аруу көңүлгө. Бул жашоодо өкүнүүлөр аз болор, ай, Ак куу мисал сүзсөк жаштык көлүндө. Бул өмүрлөр өткөн, өтө да берет, Конок сымал коомай карап турсаң да. Максаттардын сересине умтулуп, ай, Ай жылдызга сермеп колду сунсаң да. Назик көркү гүлдөй, Керемети күндөй, Чоң сүйүүгө жолугууну тилеймин. Өмүр наркы бизден, көңүл наркы бизден, Майда адам майда сүйгөндөй майда сүйбөйлү.
  • Бир карасаң бир дүйнө, бир карасаң түр дүйнө. Ыр түбүнө жетпеген, баарыбызга бир дүйнө Багы жокко кур дүйнө, базарчыга пул дүйнө Сабаты жок калганың, самсаалаган кул дүйнө Кийизчиге кыл дүйнө, кыз-жигитке сыр дүйнө Алыкулду пир туткан, акындарга ыр дүйнө Ич күйдүгө туз дүйнө, үйү жокко сыз дүйнө Күн-түн көчө таптаган, бойдокторго кыз дүйнө Молдокеге дин дүйнө, жеңилдерге чын дүйнө Көр оокатка көмүлгөн, баарыбирге түн дүйнө Көпөстөргө той дүйнө, малы жокко кой дүйнө Бийиктикти эңсеген, кыскаларга бой дүйнө Карыларга жаш дүйнө, сулууларга каш дүйнө Кессе каны чыкпаган, битирлерге таш дүйнө Дудуктарга сөз дүйнө, азиздерге көз дүйнө Эл кадырын унуткан, өзүмчүлгө өз дүйнө Мергенчиге өр дүйнө, бийликчиге төр дүйнө Куран сообу окулган, маркумдарга көр дүйнө Соодагерге кел дүйнө, кетменчиге бел дүйнө Намыс үчүн бек турган, эр жигитке эл дүйнө Баласызга зар дүйнө, ак көңүлгө бар дүйнө Күйүп-күлүп сүйлөгөн, көрө албаска тар дүйнө Сыйлабаска сен дүйнө, көпкөндөргө мен дүйнө Кыргыз элин тааныткан, Чынгыз эрге кең дүйнө Жаш балага кант дүйнө, досчулукка ант дүйнө Сүйүп-күтүп жүргөнгө, жазындагы март дүйнө Аксакалга ак дүйнө, аялдарга бак дүйнө Адам баркын түшүнгөн, акылманга жат дүйнө Ушшакчыга тил дүйнө, окуучуга бил дүйнө Кусур жутуп албаган, шылуундарга ил дүйнө Кемпирлерге сүт дүйнө, өрмөчүгө күт дүйнө Күн-түн дебей иштеген, милицияга түт дүйнө Илимдүүгө ой дүйнө, касапчыга сой дүйнө Күндө эртең кел деген, кызматчыга жой дүйнө Оройлукка суз дүйнө, сүрөтчүгө түс дүйнө Жөжө санаар кез келет, саясатка күз дүйнө Чабактарга көл дүйнө, чабандарга төл дүйнө Эрте башын жазбаган, алкаштарга ал дүйнө Куудулдарга тың дүйнө, ит кыялга үр дүйнө Ала жипти аттаган, келиндерге жүр дүйнө Жөө күлүккө тер дүйнө, жесирлерге эр дүйнө Кечке сыздап отурган, кайырчыга бер дүйнө Сүйүшкөнгө гүл дүйнө, багбанчыга түр дүйнө Өз оюна ээ эмес, коркокторго сүр дүйнө Уйкучуга түш дүйнө, студентке түш дүйнө Бар атасын тааныбас, зөөкүрлөргө күч дүйнө Дыйкандарга суу дүйнө, алдамчыга пул дүйнө Колго курал кармаган, жоокерлерге туу дүйнө Дүкөнчүгө сат дүйнө, бекерчиге сак дүйнө Кырса эми кургабас, шайлообекке сак дүйнө Усталарга так дүйнө, сагынганга кат дүйнө Ыры менен бийлеген, Айчүрөккө шат дүйнө, Кош бойлууга ай дүйнө, шоопурларга май дүйнө Ак куу сүзүп ойногон, Ысык-Көлгө жай дүйнө Уурулукка түн дүйнө, ырчыларга үн дүйнө Салтты бийик сактаган, кыргыздарга күн дүйнө Намыс, уят, ар болсун, жок дебейли бар болсун Жаныбызда биз сүйгөн, бизди сүйгөн жар болсун Тынчы жок жер жер эмес, ырчы жок эл эл эмес Ыйман толсун пейилге, ырлар болсун кем эмес
  • Мен ойлоймун адашпадым, таптым деп, Махабаттын дайрасына түшүп сага актым деп. Эч ким билбес жүрөгүмдө бир жан бар, Ошол сезим балдай ширин, таза бактым деп. Айрыбагын, тагдыр, ушул бактыман, Жалганы жок жанып бүткөн бактыдан, Мендеги сезимдеги самап бүткөн бактыман. Кубанамын кыялымда жүрсөң да, Көзүң ирмеп жылмайып мага күлсөң да Мага күлсөң да… Айрыбагын, тагдыр, ушул бактыман, Жалганы жок жанып бүткөн бактыдан, Мендеги сезимдеги самап бүткөн бактыман. Эч ким билбейт, жүрөгүмдө муңум бар, Бир сырым бар… Жан адам сезбеген, ардагым, сага, Махабатым бар, махабатым бар. Айрыбагын, тагдыр, ушул бактыман, Жалганы жок жанып бүткөн бактыдан, Мендеги сезимдеги самап бүткөн бактыман.
  • Ооруган дүйнөмө таппай даба, Отурам сезимдин отун жага. Сен кайла жүрөсүң мерез жаным, Сүйүүмдү арнасам сага гана. Кайырма: Гүл терип чачыма тагынганда, Күнүгө Кудайга жалынганда. Келсе деп сен жактан кабар күтүп, Мен сени ошентип сагынганда. Мен сага ошентип таарынганда, Кусалык жоолугун салынганда Сүртө албай куюлган көз жашымды. Сүйүүмө бүгүлүп багынганда. Кайырма: Гүл терип чачыма тагынганда, Күнүгө Кудайга жалынганда. Келсе деп сен жактан кабар күтүп, Мен сени ошентип сагынганда. Сага гана, сага гана
  • Уурдатып жатам кимге жаштыгымды? Улгайды сени көпкө көрбөй көзүм. Көөдөндү жарып чыккан үшкүрүккө, Окшото берчү болдум өзүмдү-өзүм. Кайырма: Мен үчүн сени сүйбөй коюу күнөө, “Бакыт” деп сени мага берген дүйнө. Сенсиз өткөн өмүр жалаң арман, Сенсиз өткөн күндөр баары жалган. Ордуңду толтура албай сыздайт күкүк, Муңканган күкүккө да убал керек. Мендеги сүйүү менен бул тагдырда, Бактысыз болууга мүмкүн эмес. Кайырма: Түгөнгүм келет менин күтүп жүрүп, Күтүүдөн кетти айлам күйүп-күйүп. Кагазды өрттөсөң да күл калат, Жүрөгүм күл калтырбай күйүп-жанат.