Казахские песни Узбекские песни

Азербайджанские песни в машину.
Страница 17

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

В машину

Азербайджанская музыка в машину
  • Мажүрүрм талдай ийилген, Баладай жайнап сүйүнгөн. Жел менен бирге жарышып, Жибектей жеңил жүгүргөн. Желбирип жеңи жарышып Жел менен ойноп алышып. Жебедей жетсең жеритип, Жүрөгүң турсун сайышып. Кайырма: Ойнотчу комузуңду, Ойготчу добушуңду. Күнөстүү жайга конгон, Гүлдөтчү конушумду. Тепкедей тепилдегем, Элжиреп эпилдегем. Желбиреп желден учкан, Өзүңдү желге теңейм. Карегиң жанган чырактай, Караның тамчы сынаптай Кичкентай бойго гүл менен, Кийдиңби көйнөк кынаптай. Кийгеним гүлдөп жарашса, Кичкентай дешип карашса. Көкөлөп учуп көңүлүң,ий, Көпөлөк болуп жанашпа. Талпынган канаттууларым, Тамшанып ичер булагым. Тагдырга жазган татынам, Табылгыс бермет ынагым. Уясы толгон шамы бар, Учурбай кушту багып ал. Аялуу жанды аздектеп, Акбермет кылып тагып ал.
  • Бар экен эсте баягы, Бак чети айыл аягы. Күн чыга ишке бараттык, Күч алып шаттык баяны, баяны. Жылдызы жанса маңдайда. Жыргабай турган жан кайда. Демейде бир топ узун жол, Дегеле кыска мындайда. Айталбай сырдын түгөлүн, Ачышып кеетти жүрөгүм. Кыйылып турдуң мени аяп, Кылчактап аппак чүрөгүм. Ишиңе калдың айрылып, Кызмматка кеттим мен дагы, Кыскарган жолго кайгырып. Андан соң көрдүм күзүндө, Албырып шаык жүзүңдө. Шаа жетпей турган кез экен Шак ийип бышкан жүзүмгө Байкалбай көп эл жайнаган, Башталды сырлар кайрадан, Гүлдөткөн сүйүү бутагын, Гүл турмуш сенден айланам.
  • Жайлоонун салкын таныңдай, Жашоонун мөмө шагындай. Жүзүңдөн шаттык ойносо, Жүрөгүм толкуйт Нарындай. Нарындай гүлдүү жагышын, Нарындай өчпөс жарыгын. Саамайын сылап тоо жели, Сагынтат сүйүү жалыны. Билесиң, кызыгын, Анарым, Нарындын кайда агарын. Сен десем жүрөк жалындап, Сергиткен күүнү табамын
  • Над вечерним городом моим, Проплывают тени вечеров. Как прекрасен ты в такие дни, На вечерний город посмотри. Посмотри, увидишь ту красу, Чем объять любимый город наш? Как прекрасны творения твои, Мать природа, еще раз сотвори. Кайырма: Фрунзе – красивый город наш, Фрунзе, цвети и радуй нас. Фрунзе, я тебя люблю, живи… Фрунзе — сулуу шаарым менин, Фрунзе — гүлдөгүн, жашагын, Фрунзе — мен сени сүйөм, жаша… Как прекрасны творения твои, Где родились братья и отцы. Где всю жизнь проживешь и ты, Проживут и правнуки твои. Как прекрасна жизнь ты моя, Много света, счастья и добра. Принесешь не только одному, Наш вечерный, любимый город наш!
  • Кайткан куштун канатынын издерин, Ак булуттун арасынан издедим. Тапкан жокмун, тапкан жокмун, эридиби дегенсип, Мен элейип суу тереңин тиктедим. Кайырма: Көрүнбөгөн, табылбаган немени, Тажабастан издей берем мен эми. Адамдарга ааламда жок күч берет, Акыр бир күн аны табам дегеним. Келген куштун, кереметтүү абанын, Желпип соккон жер бетинен карадым. Көрүнбөдү, көрүнбөдү көксөп учкан көңүлүм, Куйкаланды кучагына санаанын. Кайырма: Көрүнбөгөн, табылбаган немени, Тажабастан издей берем мен эми. Адамдарга ааламда жок күч берет, Акыр бир күн аны табам дегеним.
  • Жаз жамгыры жаайт экилеп, Тахти-тахти-тах-тах. Тереземди улам черткилеп, Тахти-тахти-тах-тах. Теребел да жашыл түстүү, Бүгүн сулуу өзгөчө. Толкунданат жаш жүрөгүм, Сени гана көздөгөн. Кайырма: Жашын төккөн жазгы жамгыр булуттардай, Ыйлай бердим бул жашоону унуткандай. Кээде карап күлмүңдөгөн сүрөтүңө, Ыйлай бердим ушул жазды унуткандай. Жамгыр мага күүсүн энчилеп, Тахти-тахти-тах-тах. Бул заманда сүйүүм кечигет Тахти-тахти-тах-тах. Сагынычка батынамын, Дале-дале сыздаймын. Кайда жүрсөң, угаттыр деп, Жамгыр ырын ырдаймын. Кайырма: Жашын төккөн жазгы жамгыр булуттардай, Ыйлай бердим бул жашоону унуткандай. Кээде карап күлмүңдөгөн сүрөтүңө, Ыйлай бердим ушул жазды унуткандай.
  • Гүлү, гүлү, гүлүм, ай, Сени, сени сүйдүм, ай. Гүлү, гүлү, күлмүңдөгөн, Гүлүм, ай. Келчи, гүлүм, мага, Келчи жөн гана. Келчи, сүйүүм, мага, Келчи жөн гана. Кадимкидей бар элесте, Эмес белек кечээ наристе. Кубалашып ойноп жүрчү элек, Карагаттуу жашыл белесте. Ооба, анын баары эсимде, Куурчагымды бөлөп бешикке. Жоокер күтүп үйдө калчу элем, Жетсе экен деп алар жеңишке. Эх, балалык, биздин балалык, Сени издеп кайра табалык. Макул десе мезгил да, өмүр, Бир күнүңдү кайрып алалык. Бүгүн майрам, бүгүн той, Замандаштар, бизде той. Көңүл ачкын, көп ойлонбой, Күлгүн жашты кордобой.
  • Атыңдан кагылайын, алтын апа, Алыста жүргөнүмө санаа тартпа. Максаты ар бир жаштын билим алуу, Азыркы гүлдөп турган ушул чакта. Кайырма: Алтын апа, болбочу капа, Кызың үчүн санаа тартпа. Алтын апа, кат жазам сага, Сен мен үчүн санаа тартпа, Алтын апа. Күнүгө үйдөн чыгып жолду карап, Келсечи деп жүргөндүрсүң күндү карап. Максатым адам болуу дал өзүңдөй, Элимдин керегине турган жарап. Кайырма: Күндө эстейм сенин туурук колдоруңду, Ал колдор көрсөткөнсүйт жолдоруңду. Оболоп жылдыз болуу — улуу максат, Жетелеп иликтирет ойлорумду.
  • Сахна, сахна, жүрөк ыр деп согорун, Ырсыз жашоо кандай кыйын болорун. Ырдаганда, ыйлаганда билсин деп, Ырдан бүткөн кучагыңа ородуң. Кайырма: Сахна, сахна, асыл ырдын жомогу, Алгач менин сен деп чыккан обонум. Ал кездеги кичинекей кара кыз, Асел, Асел деген аймончогуң боломун. Сахна, сахна, сага бердим кечимди, Сактап жүргөн сагынычтуу сезимди. Сага деген саламымды, санаамды, Сага деген саргая элек кезимди. Кайырма: Жакшы ырлар көтөрөт дейт көңүлдү, Жакшылыктар ээлей берсин төрүңдү. Силер келип коштоп, колдоп турсаңар, Мен ыр менен узартайын өмүрдү.
  • Эй, достум, айтайын жашыруун сыр, Жашоомду жаңыртты бир жакшы ыр. Кезиктим сүйүүмө кайрыктардан, Белегин сунду бейм мага тагдыр. Кайырма: Бир обон, бир жакшы музыка, Жүрөктү салган го тузакка. Кубулжуп бүтпөсүн жаңы ырым, Экөөбүз таанышкан, Бизди табыштырган мызыка. Көңүлгө бакыт куш келип конуп, Көөдөнүм бал сөзгө турат толуп. Ыр болуп түбөлүк жаңырсын деп, Сүйүүбүз жазылды нота болуп. Бир обон, бир жакшы музыка, Бирде ал сагыныч-кусада. Бирде ал кубаныч, сүйүнөт, Бирде таарыныч, сагыныч ызада.
  • Кызганамын өзүнчө, Сүйүп калган өңдүү негедир эле. Карашса үмүттүү, Жылмайышып баары жалгыз сизге эле. Курбу кыздар кызыгышып, Кебетиңизге, келбетиңизге… Кайырма Ах, байке, эгер сизден, Уялбастан барсам алдыңызга ийиле. Кол сунуп, чакырсам, келесизби бийге? Келесизби бийге? Келиңизчи, байке! Жолдошуңуз жанаша, Ачуу сырын салып, карайт го бизди. Көзүмдөн сезсе деп, Карап, күтө берем келишиңизди. Жаным берип сүйбөсөм да, Жактырдым сизди, жактырдым сизди.
  • Алгачкы ирет жолукканда, Арбап турган каректериң. Сен коштошуп кетериңде, Өзүмдү алдап мен келет дедим. Кайырма: Ошондогу сен экөөбүз, Таанышкан күн эсиңдеби? Дале менин көз алдымда, Кубанычтар сезимдеги. Узаатаарда жүрөгүңө, Башым жөлөй сен сүйөм дедиң. Ак жүзүңдөн мен аймалай, Кыналышкан эрдиңе эрдим. Кайырма: Биз таанышкан ошол күндү, Эстей жүрсө экен деймин дайым. Жашоомдогу бир жаралган, Менин күнүм сен, менин айым.
  • Көп ичинен сага окшош көрүнсө, Мен да караймын. Эсептеймин сенсиз жыл, ай, күн өтсө, Мен да самаймын. Сезбептирбиз ал күндөрдүн кадырын, Билбей кадырын. Азыр дагы куса болуп сагынам, Мен да самаймын, Эңсеп самаймын. Кайырма: Биздин сүйүү жашап калган ырларда, Барктабадык, бөлөбөдүк жыргалга. Кечир эми, сүйүү гүлү буралган, Кейитпечи, термелбечи, ыргалба. Кечиктик биз, эми башка арга жок, Кезигебиз муңдуу кайрык, ырларда. Сен да мендей өткөндү эстээр бекенсиң? Издеп жүрөмүн. Мен атамын, сен да балким, энесиң? Башка бүлөнүн. Тагдыр бизди жолуктурса капилет, Эгер капилет. Жашыбагын, мен жашыбайм күлөмүн, Мен да күлөмүн, Мен да күлөмүн…
  • Ар түрдүү жашоонун катуу сынагына, Сына көрбө, досум, сен сабыр карма. Жеңилдик ар азаптын аркасында. Жалгыздык кыйнап сени жемеледи, Караңгы түн жол көргөзүп бербеди, Ишенгин сен жалгыз эмессиң. Кайырма: Кудай буйруса, Кудай буйруса, Бактылуу күндүн нуру дагы жылытат. Кудай буйруса, издеп жолуңду тап. Кудай буйруса, Кудай буйруса, Жазылган сага дагы чексиз ырыс, бак. Кудай буйруса, иштеп жолуңду тап. Болот адамдар бул жашоодо жаңылышат, Андан соң көп ойлонуп кайгырышат. Тобо кылууну сен эч унутпа Айды, Асманды, Күндү тең бөлүшкөндөй Сүйүүнү баарыбыз тең бөлүшсөк не? Жашообуз ойдогудай узун эмес. Кайырма: Кудай буйруса, Кудай буйруса, Бактылуу күндүн нуру дагы жылытат. Кудай буйруса, издеп жолуңду тап. Кудай буйруса, Кудай буйруса, Жазылган сага дагы чексиз ырыс, бак. Кудай буйруса, Кудай угуучу зат.
  • Жанымда сен, багымда сен сүйгөнүм менин Жүрөгүмдүн тереңинен жаралган сезим Сага мен сага, гүл арнадым, ырым арнадым Мага сен мага болчу жубайым, бол жубайым Мен жаныңда бир багытка жетели дедиң Жүрөгүңдү, мүнөзүңдү ой, сүйөмүн бир өзүндү мен Кайырма: Ой-ой-ой, жаным ой 3 жолу Тандадым бир өзүңдү ооой Ой-ой-ой ой-ой-ой ой-ой-ой! Көңүлүмдү, өмүрүмдү сага арнадым Эки өмүрдү бирге өткөрсөк, болбос арманым Бактымды таптым, керемет сонун сүйүү жомогун Жанымсың жаным, кыялдын баарын сенден табамын Күлүп турчу сүйүп турчу жашоо тартуула Жүрөгүңдү, мүнөзүңдү ой, сүйөмүн бир өзүндү мен