Казахские песни Узбекские песни

Популярные азербайджанские песни.
Страница 4

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Pop

Pop (популярная музыка) — область массовой культуры, охватывающая различные формы, жанры и стили развлекательной и прикладной музыки
  • Эңсеген карлыгачым, Эсимден тандырасың. Бактымдай махабатым, Багынтып алдабачы. Кайырма: Шурум, шурудайым, Сага ырдайын. Сезим алоолонот, Мендик болчу дайым. Шурум, шурудайым… Күлкүңдүн шыңк эткени, Жүрөгүм зырп эткени. Үлбүрөп карап койсоң, Үмүтүм жылт эткени. Кайырма: Шурум, шурудайым, Сага ырдайын. Сезим алоолонот, Мендик болчу дайым. Шурум, шурудайым… Көзүмдүн карасындай, Көңүлдүн дабасындай. Жүзүңдү көргүм келет, Жүрөктө санаам тынбай. Кайырма: Шуру, шурудайым, Сага ырдайын. Сезим алоолонот, Мендик болчу дайым. Шурум, шурудайым…
  • Көнөктөп жамгыр төксө жеңилдеймин, Көөнөрүп ал оюма жеңилбеймин. Кусадан курган жүрөк жанчылса да, Кумарлуу көздөрүңө тигилбеймин. Кайырма: Аптыгып ак жамгырда сейилдеймин, Артылып карабасаң кейибеймин. Мендеги бул сезимди түшүнбөсөң, Мен сага бул сүйүүмдү билдирбеймин. Жалгыздык жандап баскан жолдошумдай, Жаңыра ойлор уюп коргошундай. Сезилет күндө бир маал көрүнбөсөң, Сергибей, бөксө жерим толбочудай. Кайырма: Сен туруп көңүлүмдүн борборунда, Камалдым махабаттын коргонуна. Тийгенде ал сендик деп кубулгансыйт, Тамчысы ак жамгырдын колдорума. Кайырма:
  • Жүрөктөгү арзуумду кимге арнасам Жүзү сүйкүм сулууга бүгүн барбасам. Жылмайышып сулуулар кашын серпишет Байкамаксан болушат, бирок сезишет. Көк көйнөкчөн көлдүк кыз, көңүл буруңуз Көрмөксөнгө салбастан, колду сунуңуз. Нары баспай, нарындык кыз сөздү угуңуз Наар албай, ырдап берем угуп туруңуз. Кыздар турган жатакана сулуу көрүнөт Кызып алып, сөз айталбай оюм бөлүнөт. Кыйнабастан сулуулар уккулачы Кыйкырсам да, үнүм чыкпай, жүрөк сөгүлөт. Тармал чачтуу таластык кыз, не үндөбөйсүз Таарынгансып, унчукпай көңүлдөнбөйсүз. Чүрөктөйсүң чүйлүк кыз, даай албайсың Жүрөктөсүң, а бирок колуң кармайын. Айта албастан арзуумду кетип каламбы.. Алик албай койдуңарбы, айткан саламды. Ак сүйүүгө жооптор жазып койгулачы Кыздары жок бул дүнүйөң капкараңгы. Бажырайган баткендик кыз, жандай албаймын Айткан сөздү терең деп, аңдай албаймын. Оромолчон оштук кыз ойлонбосоңуз Олтурайын жаныңызда боенбосоңуз. Жылмайышып сулуулар, кашын серпишет Байкамаксан болушат, бирок сезишет. Жалжылдаган жалалабаддык сулуу периштем Жаркылдайсың мүчө-башың төп келишкен. Томсорбогун токтогулдук менин жердешим Тоготпойсуң айтпасам, өзүң сезбейсиң. Кымча белдүү, акылдуу, ай нурлары Кымбатсыңар кыргызымдын сулуу кыздары. Кымча белдүү, акылдуу, ай нурлары Кымбатсыңар кыргызымдын сулуу кыздары. Асылсыңар, кыргызымдын сулуу кыздары! Эээх, сулуу кыздары!
  • Жайнаган кой көздөрүң мөлтүр, мөлтүр, Жамалым, ыр арнасам сага жөндүр. Бак айткан турмуштагы асылымсың, Баш ийип жүрөгүңдү мага көндүр. Кайырма: Секетим турмуштагы ардагымсың, Теңирим мага берген жардамымсың. Балкыдым махабаттын зор күчүнө, Бакытым өбөк болоор дарманымсың. Таштабайм тар турмуштун агымына, Жаныңдын айланамын жарымына. Жараткан өзү берген белегимсиң, От койбо махабаттын тамырына. Кайырма: Секетим турмуштагы ардагымсың, Теңирим мага берген жардамымсың. Балкыдым махабаттын зор күчүнө, Бакытым өбөк болоор дарманымсың. Теңирден сурап алгам мага берчи деп, Секетим чакырамын бери келчи деп. Эч кимге ыраа көрбөс жакынымсың, Эрмегим алганмын мен сени энчилеп. Кайырма: Секетим турмуштагы ардагымсың, Теңирим мага берген жардамымсың. Балкыдым махабаттын зор күчүнө, Бакытым өбөк болоор дарманымсың.
  • Кыргызым эчен-эчен кылым баскан Жыргалдын, кууралдын да даамын таткан. Кууралын жан душманга билдирбестен, Жыргалдын болооруна үмүт арткан. Атабыз эр Манастай шерлери да Алгалап, сүрөп дайым намыс тапкан. Бабалар басып өткөн жолду баспай Аталар ашып өткөн тоону ашпай Кыргызым эмне мынча мүңкүрөдүң? Күндүзү чырак кармап, жолун таппай Шерлериң, баатырларың жоктугунан Түн болуп турат үмүт таң атпай ий. Намыстан куйкаланып көкүрөгүм Бириндеп, бирикпестен сөгүлөмүн Мынча эмне, майдаландың кыргызым деп Дендароо ар кыл ойго чөмүлөмүн Бүгүн мен бир чындыкты ырдап берем Чыйрыкпай, чычалабай угуп тургун, өтүнөөрүм! Кейидим, кесе тиштеп бармагымды Бере албай бүт кыргызга жардамымды. Көргөндө күйүп кетем башка улутка Басынып, башты жерге салганымды Аттиң ай, түркүк болоор камчыга сап Намыска жараар уулуң калбаганбы эээй.. Митинг деп чуу түшүрүп бүт өлкөмдү Менингит кылмай болдук бул чөлкөмдү Бар беле жети атаңда ушундай салт Намыска ойлойсуңбу сен эртеңди? Сый-урмат алым тынат, улуу намыс Же эмне, Манас менен кошо өлгөнбү эээй. Биздеги алым тынат улуу намыс Же эмне, Чынгыз менен кошо өлгөнбү? Сый көрүп, төрдө отураар убагында Кетсин деп, ураан кармап чалдар жүрөт Бул биздин уруубуздун мыктысы деп Кемпирлер чуу түшүрөт, жолду бөгөп Аз күндө бири-бирин жеп бүтөт деп Шылдыңдап, кошуналар бизге күлөт ээй. Шерменде кылдыңар го бүт өлкөмдү Шылдыңдап, башка улуттар бизге күлөт Тынч турган элди алдап, бүлүнттүңөр Акчанын кулу кылып жүгүнттүңөр Кимисине ишенээрин билбей элим Суу сепкендей өчүп барат үмүтүңөр Саясатың сайда калгыр, так талашкан Түңүлтүңөр, силер бизди түңүлтүңөр, ээй Зымырап өмүр алга шашып барат Байлыгың, бийлигиң да баары калат. Бийликтен көзү каткан бурадарлар Акыры жамынарың боз топурак. Жасаган ар бир ишке жооп беребиз Жараткан Кудай өзү карап турат ээй. Кыргызым ушунчаңда токтололу Жараткан кудай бизди карап турат ээй. Кыргызым ушунчаңда токтололу Токтотпосок, Кудай бизди чындап урат ээй.
  • Күн дагы бүркөлдү, Адамдын кабагындай. Турмушуң үзүлөөр, Алманын сабагындай. Кайырма: Кыргызым ыйлаба, Күн тийет сага да. Намыстуу эр чыгат, Буйруса бактыңа. Ыйлаба кыргызым, Бөксөрбөйт ырысың. Азат күнгө алып чыгат, Буйруса уул кызың. Базарда көр турмуш, Кыйналдың сен бир укмуш. Күдөрүң үзбөчү, Болоор чоң бурулуш. Кайырма: Кыргызым ыйлаба, Күн тийет сага да. Намыстуу эр чыгат, Буйруса бактыңа. Ыйлаба кыргызым, Бөксөрбөйт ырысың. Азат күнгө алып чыгат, Буйруса уул кызың. Элимдин ырысын, Кемиткен наадандар. А дүйнөгө барганда, Бир кудай жазалаар. Тийбечи суранам, Элимдин нанына. Убалы кыргыздын, Уктатпайт сени да. Ыйлаба кыргызым, Кемибейт ырысың. Азап күндөн алып чыгат, Буйруса уул кызың. Демиңе дем берем, Мукамдуу ыр менен. Тирүүлүк дөңүндө, Жашаймын эл менен.
  • Асылды ажал сурап көп Аз жашайт деген аырас кеп Жеткен ок менен бир кеттиң Жигиттин гүлү Раатбек. Жүрөккө атың жатталат Жүз жылдар бою даңкталат. Кыргыздын туусун көтөргөн «Кырааным» деген ат калат. Күн бетин тосуп булуттар Күлүңдөп нурдан сыныктар. Күлгүндөй кетти бир баатыр Күйүттүү тагдыр куруп кал. Ай бетин тосуп булуттар Агылып нурдан сыныктар. Азамат кетти күлүстөн Армандуу тагдыр куруп кал. Ак шумкар октон кулатып Ала-Тоо башы мунарык Ак шумкар орду бош калды Ажалдуу өлүм шум алып Тойбодуң октон куланып Тууган жер ыйлап мунарып Айласыз жоктоп калышты Атпай журт сыздап муң агып Кайкып бир учкан каркыра Кайрылбайт эми артына Жетинин бири болсоң да Жете албай койдум баркыңа Ар намыс үчүн күрөшкөн Алгыр куш учту түнөктөн Эскерип калдык эми биз Элесин көрүп сүрөттөн. Эскерип калдык эми биз Элесин көрүп сүрөттөн.
  • Коңур күздө түшөт сары жалбырак, Келчү жолуң күтөм карап жалдырап. Сүйүүңөргө суктандым мен дегенсип, Көк асмандан тамчы, тамчы жаш кулап. Жолугууга ак көйнөгүң кийип кел, Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел. Кабагыңдан капалыгың сездирбей, Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел, Бүгүн мага ак көйнөгүң кийип кел. Сени күтүү — зор бакыттын дал өзү, Сени күтүү — ак сүйүүнүн өзөгү. Ал ансайын сендик сезим артылып, Сага болгон махабатым күчөдү. Жолугууга ак көйнөгүң кийип кел, Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел. Кабагыңдан капалыгың сездирбей, Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел, Мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел. Батыраак кел күзгү жаанга карабай, Басалы бул эски бакты аралай. Сапырылган жалбырактар шуудурап, Кыялымды алып учат сабалай. Жолугууга ак көйнөгүң кийип кел, Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел. Кабагыңдан капалыгың сездирбей, Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел. Мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел, Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел. Кабагыңдан капалыгың сездирбей, Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел. Бүгүн мага ак көйнөгүң кийип кел, Мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел.
  • Сапырылган сары жалбырак, Санааларга мени азгырат. Терезеңе келип тигилсем, Үнсүз дарак тиктейт жалдырап. Кайырма: Жаш жүрөгүм мынча кайгырды, Көңүл кушун кимге алдырды. Күзгү нөшөр тынбай төгүлөт, Көздөрүңдөн жааган жамгырбы? Теребел да мынча көңүлсүз, Теректер да ойдон бөлүнгүс. Тегерете курчап буюмдар, Термелише тиктейт өзүңсүз. Кайырма: Болом деген өзүң түбөлүк, Асман дагы бүркөө түнөрүп. Өзүң тургай атың укканда, Жүрөгүмдөн турчу гүл өнүп.
  • Айтууга келди кезек Атанын уулу дешет Жүгү чоң сөз экенин Жүрөгүм ичтен сезет Татыктуу бекенсиң деп Заманым сөөмөй кезеп Кайырма: Атаке, атакебай Жылт эткен санааңыздан Самоого өзүбүз да Сагынып калабыз да Эшик төр биз чоңойгон Эркелеп барабыз да Бактылуу узак жаша Бар болуп арабызда Табат деп ким сырымды Таштаймын көз нурумду Атымды элге угузуп Арнаймын бар ырымды Өстүрсөм экен сиздей Мен дагы өз уулумду Кайырма: Атаке, атакебай Жылт эткен санааңыздан Самоого өзүбүз да Сагынып калабыз да Эшик төр биз чоңойгон Эркелеп барабыз да Оорубай узак жаша Бар болуп арабызда Ден-соолук берсе экен дейм, Кылымды көрсө экен дейм. Пайгамбар жаш да кутман Тилегим берсе экен дейм Каткырып карылыкты Кайраты жеңсе экен дейм Кайырма: Атаке узак жашап, Аман жүр арабызда
  • Жаздын күнү чиркин жапжаш балдай Жазгы жамгыр себелейт эч басылбай Жамгыр менен кошо чуркап бийлеген Кызды көрдүм аппак көйнөк кийинген Бийле бийкеч бийлей бергин тартынбай Тоскоол кылбай карап турдум жалдырай Мен ал кызга таанышууга умтулдум Тике карап, таң калгандай бурулдум Назик колун мага сунуп жылмая Күлүмсүрөп атын айтты Гүлбайра Ай Гүлбайра жакты мага атыңыз Түк түшүнбөйм кереметпи затыңыз Жибек сымал жамгыр болгон саамайың Саамайыңдан назик гана сылайын Мен өзүңө айткым келди шыбырап Жалгыз сенсиң менин бактым таалайым Ай Гүлбайра, күтөм сени Гүлбайра Эстен кетпейт таанышканың жылмая
  • Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы, Ак көйнөк, жашыл жоолук салынганы. Муңайым көздөрүнөн турду окулуп, Ал аял аруу жазды сагынганы. Керемет, келишимдүү, кээде шаңдуу, Кер аяк кетет тагдыр опурталдуу. Сыртынан сыр бербеген ушул аял, Ичинен муң черткени аянычтуу. Андайда эмне күнөө, эмне жазык, Тааныштык кокусунан, жай сурашып. Эжеке, атыңыз ким, мүмкүн болсо, Каларбыз да бир жерде учурашып?.. Болуптур, жигит, шагың сындырбайын, Анчалык сурап калдың, атым Айым. Түшүнгүң келип турса дагы терең, Түрмөдөн жаңы гана чыккан жайым. Ким менен шайтан басып, тааныштым деп, Жүрөгүм шуу дей түштү, баш кеңгиреп. Канчалык сыр бербейин деген менен, Ал аял билип койду, ушунда кеп. Кете албай же жанынан, же сөз чыкпай, Өңүм да өзгөрүлүп бир кызыктай. Тумчугуп, туталанып турганымда, Баштады аял кебин мына мындай: Жигит, сен менден анча чочубагын, Түшүнгүн түйүнүнө окуянын. Сен мени жеңил ойлуу аял десең, Ага да азырынча кошуламын. Бар эле бир кошуна зөөкүр жигит, Үйүмө чала кызуу келди кирип. Ал менин абийиримди төкмөк болду, Канайым катын бол деп эшикти илип. Бул акмак адамбы же айбанбы деп, Жүрөгүм бир булкунуп, бир титиреп. Алиги зөөкүр болсо жыргалым деп, Мыжыгып мени уйпалап карс-карс күлөт. Тер кетип, денем жалын, көзүм туман, Тургунуң, тургун, зөөкүр деп кыйкырам, Же мага жардам берчү жан адам жок, Мен аны колдон келсе жеген турам. Кутулуп кучагынан эптеп жатып, Кет үйдөн, кеткин дедим, башым катып. Ал акмак арсалаңдап жата берди, Аюудай ичин кашып, төшүн кашып. Ошондо акылымдан танып калдым, Зөөкүрдөн бирок өчүм алып калдым. Бычакты ала коюп ашканадан, Мына деп как жүрөккө сайып калдым. Ушундай бул окуя, билгиң келсе, Анан ал тиштенди да эрдин кесе. Эркектер, эмне мынча зөөкүрсүңөр? Деп мага жалт карады сүрдүү теше. Камыгып мен өзүмчө канадым а, Аялды ушунчалык аядым да. Чөнтөктөн жүз аарчымды ала коюп, Көз жашын сүрткөнгө араң жарадым, ай. Бир карын майды бузган бир кумалак, Бүлдүргөн баарын мүлдө, алиги акмак. Аялга бүт эркекти жек көрсөттү, Өмүрдө ушул кордук, ушул азап. Теребел көк жыттанып, жашыл майсаң, Туулган жер, туулган шаарга бүгүн кайтам. Аял да терең ойдун кучагында, Мен ага эми кантип кайрат айтам? Тунжуроо, туталануу эселеди, Жүрөгүм бир арманды жетеледи. Тээ бая жылт дей түшкөн сезим оту, Көөдөндү түтүнгө ыштап, өчө берди. Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы, Ак көйнөк, жашыл жоолук салынганы. Муңайым көздөрүнөн турду окулуп, Ал аял аруу жазды сагынганы. Ак көйнөк, жашыл жоолук салынганы, Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы…
  • Көк көйнөк кийсең, көңүлүм сага бөлүнөт, Көркөмүң мага күн нуру болуп төгүлөт. Көңүлүм чындап бурулуп калды, көлдүк кыз, Көңүлдө сырым, көксөгөн муңум угуңуз. Көңүлүм чындап бурулуп калды, көлдүк кыз, Көксөгөн муңум, жүрөктө сырым угуңуз. Ак көйнөк кийсең, акылым сага бөлүнөт, Ажарың мага ай нуру болуп төгүлөт. Ашыкмын дагы, ашыктым сизге, көлдүк кыз, Атайын менин арнаган ырым угуңуз. Ашыкмын дагы, ашыкмын чындап, көлдүк кыз, Атайын сизге арнаган ырым угуңуз. Кызылды кийсең, кыялым сага бөлүнөт, Кылыгың мага кызгалдак болуп көрүнөт. Кымбатым менин, көлдүк кыз, ырым угуңуз, Кылымдар бою бүтпөсө экен ырыбыз. Кымбатым менин, көлдүк кыз, ырым угуңуз, Кылымдар бою бүтпөсүн ушул ырыбыз.
  • Аялзаты жан дүйнөнүн жакыны Ансыз жоктур махабаттын татымы. Сулуулугун сактап турган ааламдын Адамзаттын жашоосунун асылы. Кайырма: Бар болгула, бар болгула, айымдар Сүйүү, намыс, ар болгула дайым бар. Күлкүңөрдөн нур төгүлүп жашоого Күндөй жарык жан болгула айымдар. Балдар менен базар кылып үйлөрдү Баарыбызга бар болгула айымдар. Аялзаты — бакыт заты табылбас Ансыз жашоо урпк улап, жаңырбас. Үйдүн куту, турмушуңдун туткасы Өзүң менен өмүрлөшкөн өмүр жаш. Кайырма: Бар болгула, бар болгула, айымдар Сүйүү, намыс, ар болгула дайым бар. Күлкүңөрдөн нур төгүлүп жашоого Күндөй жарык жан болгула айымдар. Балдар менен базар кылып үйлөрдү Баарыбызга бар болгула айымдар. Аялзаты касиети улуулар Мээриминде күн нурундай жылуу бар. Көркүн ачып, биз жашаган турмуштун Көзгө сүйкүм, жанга жагым сулуулар. Кайырма: Бар болгула, бар болгула, айымдар Сүйүү, намыс, ар болгула дайым бар. Күлкүңөрдөн нур төгүлүп жашоого Күндөй жарык жан болгула айымдар. Балдар менен базар кылып үйлөрдү Баарыбызга бар болгула айымдар.
  • Айылга эс алууга бардым эле Арбалып бир периге калдым неге? Байкабай жүргөнүңдү билбей мурун Көркүңө көз ирмемге тамдым көрө. Кайырма: Сулууга кимдер гана жалынбасын Сук артып кантип аны сагынбасын. Капыстан да жолуктуң да, ойго салдың Кара көз токтогулдук карындашым. Өрт жалын аптабыңдан үйлөдүңбү? От чачкан карегиңден күйөйүнбү? Айга окшош толуп турган кезиң экен Аппак кыз алда кимди сүйбөдүңбү? Кайырма: Сулууга кимдер гана жалынбасын Сук артып кантип аны сагынбасын. Капыстан да жолуктуң да, ойго салдың Кара көз токтогулдук карындашым. Мезгилдер кайчы кеткен төкчү пейил Мен сени сүйөөр убак өттү дейин. Жөлөнсөң ийиниме жөлөн, бирок Жөн гана карындашым деп жүрөйүн. Кайырма: Сулууга кимдер гана жалынбасын Сук артып кантип аны сагынбасын. Капыстан да жолуктуң да, ойго салдың Кара көз токтогулдук карындашым.
  • Сахна, сахна ыйыксың Өнөр менен улуксуң. Эргип чыксам өзүңдөн Элим жыргап ыр уксун. Сахна дүйнөм аңтарган Эл алдына алпарган. Тушоом кескен өзүңсүң Тууганбайдай залкардан. Тушоом кескен өзүңсүң Тууганбайдай залкардан. Сахна, сахна сен элдин Куттуу төрү өнөрдүн. Миң ырахмат өзүңө Сенден өсүп көгөрдүм. Сахна сенден ачылгам Жылдыз болуп чачылган. Эрте алдым нускасын Эстебестей акындан. Эрте алдым нускасын Эстебестей акындан. Сахна сенден ачылган Элден чыккан асылдар. Тагдыр тапкан өзүңдөн Менин дагы бактым бар. Сахна жолун ачасың Жарыгыңды чачасың. Алган Чынгыз атанын Ак дилинен батасын. Алган Чынгыз атанын Ак дилинен батасын. Сахна жолун ачасың Жарыгыңды чачасың. Алган кыргыз элимдин Ак дилинен батасын. Алган кыргыз элимдин Ак дилинен батасын.
  • Кызыктырган гүлүм, ай Кызыгамын, билгин ай. Жандап баса албаймын Жалтантат го сүрүң ай. Кыйнап мени бүттү го Кызгалдактай түрүң ай. Күлмүң көзүм, татынам Күбүлбөсүн бүрүң ай. Кайырма: Ах, гүлүм ай, гүлүм ай Сага таза дилим ай. Чаңкап суусап, ыр ырдап Чарчады го тилим ай. Ох гүлүм ай, гүлүм ай, Сага таза сүйүүм ай Чаңкап суусап, ыр ырдап Чарчады го тилим ай. Басканың бут маралдай Батынып мен баралбай. Чаң толсо да камбары Чай ичкендей карандай. Кол сунсам да жетпедим Койсоң эмне жаралбай. Ээнсиреп кыйналдым Эл баспаган аралдай. Кайырма: Ах, гүлүм ай, гүлүм ай, Сага таза сүйүүм ай. Чаңкап суусап, ыр ырдап. Чарчады го тилим ай, Эх, эх, гүлүм ай Сага таза сүйүүм ай. Чаңкап суусап, ыр ырдап. Чарчады го тилим ай. Суу аласың булактан Суугун артып караткан. Качан сага сырдашам Калыс болчу жараткан. Сезилбестен өткөнбү же Сени сүйөөр курактан. Таң берейин жүрөккө Тамшандырып сураткан. Кайырма: Ах, ах, гүлүм ай, Сага таза сүйүүм ай. Чаңкап суусап, ыр ырдап. Чарчады го тилим ай, Эх, гүлүм ай, гүлүм ай Сага таза сүйүүм ай. Чаңкап суусап, ыр ырдап. Чарчады го тилим ай.
  • Чачыбыздан өпкүлөгөн, Ак жамгырлар, жамгырлар. Май түнүндө бизди тапкан, Махабаттын таңы бар. Жамгыр жууп кусалыкты, Көңүлдөрдү тазартып. Көптөн күткөн жолугушуу, Самап күткөн жолугушуу, Сагынычтан арылар. Кайырма: Ак жамгырлар тыбыр, тыбыр, Тыбыраган, тыбырап. Арзуу айтып шыбыр, шыбыр. Шыбыраган шыбырап Жаратылыш жаздын жыты, Жыттангандай жагымдуу, Жан жыргатып жүрөктөрдөн, Жүрөктөргө ыр улап. Ажырашуу мүнөттөрү, Коштошуунун мүнөттөрү Булуттардай буюгат, Мөлтүр тунук тамчы, тамчы Мойнубузга куюлат. Ал тамчылар токтоно албай, Мөлт, мөлт этип токтоно албай Кирпиктерден кулаган Коштошууга кыйбай турган, Көз жашымдай туюлат Кайырма: Ак жамгырга жарашкандай, Ак кайындар, кайындар Араладык жыргаткандай, Алыс калып айылдар. Экөөбүздөн башка жоктой Бактылуулар ааламда, Кош деп айткым келбейт такыр Ага кандай шайың бар. Кайырма:
  • Эрте жазда ээрчип сени баргым бар Бекем кармап этегиңе тамгым бар. Эсте калган эски жомок күндөргө Эркелешип кайрадан бир жангым бар. Кайырма: Аттиң, мезгил азабыма айланган Аттиң, багың башка жанга байланган. Алып кайра агын суудай алдындан Арзып сүйөт, кайра өзүңдү арман жан. Гүлү болдуң, аттиң башка бакчанын Сен бөлөксүң, мен да жаным башкамын. Өмүрүңө кайрадан бир кайрылып Өзүң менен атса гана ак таңым. Жашоо бизге эми кымбат сезилип Жашагынын кымбат эркелешип эзилип. Жалыныңа күйгүм келет чок болуп Жарыгыма кайрадан бир кезигип. Билегиме оролсоң ай кайра бир Бийлесекчи баштагыдай жайдары. Куштар ырдап биздин гана бакчага Бизге гана күлүп турса Ай дагы. Кайырма: Аттиң, мезгил азабыма айланган Аттиң, багың башка жанга байланган. Алып кайра агын суудай алдындан Арзып сүйөт, кайра өзүңдү арман жан. Жашоо бизге эми кымбат сезилип Жашагынын кымбат эркелешип эзилип. Жалыныңа күйгүм келет чок болуп Жарыгыма кайрадан бир кезигип. Жалыныңа күйгүм келет чок болуп Жарыгыма кайрадан бир кезигип. Жашоо бизге эми кымбат сезилип
  • Көлөмүң болуп кичине, Көзүмдүн батсаң ичине. Көргөзбөй алып жүрмөкмүн, Көңүлү бузук кишиге. Карааның болуп кичине, Каректин батсаң ичине, Каратпайт элем өзүңдү, Карашы бузук кишиге. Карасаң башка кишиге, Кан толо түшөт ичиме. Эриксе жүрөк булкунуп, Ээ боло албайм күчүнө. Жанаша калсам кичине, Жалдырап карайм жүзүңө, Балакет кылбасаң экен, Башканын кирип түшүнө. Бийлетип ой-санаамды, Биликтей күйүп-жанамбы? Элестеп жүрүп өзүңдү, Эс жинди болуп каламбы? Кыйсыпыр кылдың санаамды, Кыргыздан сендей табамбы? Сыртыңдан жүрүп кызганып, Сыркоолуу болуп каламбы? Көлөмүң болуп кичине, Көзүмдүн батсаң ичине. Көргөзбөй алып жүрмөкмүн. Көңүлү бузук кишиге. Айтканда күйүп айла жок, Ашыктык оту кайда жок. Мени сүй, эгер ишенсең, Мен сүйгөн менен пайда жок.
  • Жамгыр майда-майда болуп, себелеп жатты Жүрөгүмдү аруу сезим тебелеп атты. Автобустун арткы ордунда жанаша олтуруп Кыялыма түркүн-түркүн ой келди таттуу. Кайырма: Узун жолду кыскартыңыз Ким болот атыңыз? Тартынчактык кылып жатам Сөзгө тартыңыз. Деген сөздү айталбастан, уурдана карайм Көзүм менен саамайыңды суктана карайм. Таанышалы ысымың ким, карындашым деп Сезимимде ушул сөздү эчен кайталайм. Кайырма: Узун жолду кыскартыңыз Ким болот атыңыз? Тартынчактык кылып жатам Сөзгө тартыңыз. Жүрөгүңдү ээлеген бекзаадаң барбы? Жүдөп кеттим, сүйлөй албай сөз чыкпай калды. Бул бакытың түбөлүгүң куттуу болсун деп Угулгансыйт ак жамгырдын шыбыраганы. Кайырма: Узун жолду кыскартыңыз Ким болот атыңыз? Тартынчактык кылып жатам Сөзгө тартыңыз.
  • Таарынба, садагам, таарынба, Жалооруп сен мага кайгырба. Жанаша сен басып ал менен, Көңүлдү сен антип калтырба. Башында сен жүрдүң каткырып, Сүйөм деп сен мени жактырып. Эгерде чын сүйсөң сен мени, Эмне үчүн кетесиң калтырып? Себебин билдим мен акыры, Ата-энең бербептир тагдырды. Болтуруп сени башка менен, Кайгыга мени калтырды. Сен тиктеп менин көзүмө, Кечир деп ыйладың өкүнө. Ошондо сенин сөзүңдү угуп, Калтырап кеттим мен буулугуп.
  • Караңгы элге жарык болуп кире алган, Калкындагы ыйыктыкты биле алган. Кыргызымдын кыраандарын жайраган, Кара тарых болуп калды бир арман. Кайырма: Ата-Бейит, Ата-Бейит, Ак жеринен аталар кеткен шейит. Ата-Бейит, Ата-Бейит, Арбагыңар алдында турам кейип. Жакшы ойлорго билим ширеп турушкан, Жаш өлкөнүн пайдубалын курушкан. Улутчул деп уулдарын улуттун, Жексурлары жаздым кылып тынышкан. Кайырма: Ата-Бейит, Ата-Бейит, Ак жеринен аталар кеткен шейит. Ата-Бейит, Ата-Бейит, Арбагыңар алдында турам кейип. Кан какшатып, денеге мык ургандай, Канаттарын бирден сууруп тургандай. Кандай гана кыйналса да ошондо, Кайран эрлер калбаат турган сурданбай. Кайырма: Ата-Бейит, Ата-Бейит, Ак жеринен аталар кеткен шейит. Ата-Бейит, Ата-Бейит, Арбагыңар алдында турам кейип. Эл, жер үчүн жакшы турмуш көздөгөн, Эмгектерин айтуу кыйын сөз менен. Эркиндикти көрбөй кеткен эрлердин, Элестери нурга айланды өчпөгөн. Кайырма: Ата-Бейит, Ата-Бейит, Ак жеринен аталар кеткен шейит. Ата-Бейит, Ата-Бейит, Арбагыңар алдында турам кейип.
  • Тагдыр берген омур кечи, танынан, Таткан барбы эн бир ширин балынан. Сонун, сулуу ошончонун ичинен, ай Боюнда бар аял сулуу баарынан! Кайырма: Урпак улап адамзатка элине Мээрим чачып тирүүлүктүн демине Тагдыр жүргөн аралаган ааламдын ай Боюнда бар аял сулуу деги эле. Эңсөөлөрдү жакшылыкка коштотуп Эртеңкинин үмүтүнө от кошуп Жан бүткөнгө жашоо берген эненин Жер шарына турганына көр окшошуп Кайырма: Урпак улап адамзатка элине Мээрим чачып тирүүлүктүн демине Тагдыр жүргөн аралаган ааламдын ай Боюнда бар аял сулуу деги эле. Менде кабар, жакшы тилек бир үзүм Туюкбайым бактым, нурлуу үмүтүм. Эл намысын коргогон эр чыкса деп, ай Төрөлүшүн күтүп жүрөм күнү-түн. Кайырма: Урпак улап адамзатка элине Мээрим чачып тирүүлүктүн демине Тагдыр жүргөн аралаган ааламдын ай Боюнда бар аял сулуу дүйнөдө! Боюнда бар аял сулуу дүйнөдө!
  • Жүрөгүм алып учат, эмне менин Жүргөндөй ортосунда асман- жердин. Маңкайып Теңир Тоонун маралындай Махабат жетелетип, кайдан келдиң? Кайырма: Жалт карап эстен тандым саламыңа Жайнаган жаздай сүйкүм жамалыңа. Агылып бара жатты, ороп мени Аппак гүл сенин келген тарабыңа. Арзуудан ажыраткыс бир күч барбы Айбаты барат мынча түн кыскарды. Жоготуп албас үчүн жолугууну Жолуңа төшөсөмбү жылдыздарды. Кайырма: Жалт карап эстен тандым саламыңа Жайнаган жаздай сүйкүм жамалыңа. Агылып бара жатты, ороп мени Аппак гүл сенин келген тарабыңа. Бактысын издеп жүргөн жалгыз сенби? Бактысын издеп жүргөн жалгыз менби? Күн санап, өмүр турсак, конокко окшоп Күнөлөш күнөө чыгар сүйгөндөрдүн. Кайырма: Жалт карап эстен тандым саламыңа Жайнаган жаздай сүйкүм жамалыңа. Агылып бара жатты, ороп мени Аппак гүл сенин келген тарабыңа.
  • Кой көздөрүң жалжылдап, Карагаттай күкүк ай. Аясаңчы жүрөгүм, Жаралантпай, күкүк ай. Аруу түндө нур чачкан Ай болоюн, күкүк ай. Көңүл кушун көтөргөн, Жай болоюн күкүк ай. Кайырма: Күкүк ай, күкүк ай, Жүдөп бүттүм күтүп ай. Бакан менен ийиндеп, Суу аласың күкүк ай. Жандап бассам жер тиктеп, Уяласың күкүк ай. Деги сенин купулуңа, Толомунбу, күкүк ай? Суу жетпеген какыр сайдай, Соломунбу, күкүк ай? Кайырма: Уялбастан жаныма, Жакын келчи күкүк ай. Өзүң менен бир болоюн, Макул дечи күкүк ай. Терезеңдин түбүндө Күтүп турам, күкүк ай. Махабаттын ызгаарына, Үшүп турам, күкүк ай.
  • Батасы эл көгөрткөн Бакайдай аталарга Салам, салам. Аскар тоо жөлөк болоор Ак калпак агаларга Салам, салам. Акылга акыл кошкон Ардактуу энелерге Салам, салам. Кылыгы жанга жагым Кымбаттуу жеңелерге Салам, салам. Ата журт жанга кубат Ала-Тоом алтын турат. Салам, салам. Ырыскы ынтымакка Кол берген таалай-бакка Салам, салам. Бар эмгек, бейкуттукка Ак дилдүү жакшылыкка Салам, салам. Ыр майрам салтанатка Баарына, бар тарапка Ырыскы ынтымакка Кол берген таалай-бакка Салам, салам. Бар эмгек, бейкуттукка Ак дилдүү жакшылыкка Салам, салам. Максатташ өскөн жаштар Саламдаш кадырлаштар Салам, салам. Катарлаш карлыгачтай Кара көз карындаштар Салам, салам. Жакшыңды ыр кылаарым Жан дүйнөм сыр кылаарым Салам, салам. Кубанып кол алышкан Курдаштар, курбуларым Салам, салам. Ата журт жанга кубат Ала-Тоом алтын турат. Ырыскы ынтымакка Кол берген таалай-бакка Салам, салам. Бар эмгек, бейкуттукка Ак дилдүү жакшылыкка Салам, салам. Ырыскы ынтымакка Кол берген таалай-бакка Салам, салам. Ак эмгек, бейкуттукка Ак дилдүү жакшылыкка Салам, салам. Ыр майрам салтанатка Баарына бар тарапка Ырыскы ынтымакка Кол берген таалай-бакка Салам, салам. Бар эмгек, бейкуттукка Ак дилдүү жакшылыкка Салам, салам. Ырыскы ынтымакка Кол берген таалай-бакка Салам, салам. Бар эмгек, бейкуттукка Ак дилдүү жакшылыкка Салам, салам. Атына жалынаарым Айланам туулган жерим Ырыскы ынтымакка Кол берген таалай-бакка Салам, салам. Бар эмгек, бейкуттукка Ак дилдүү жакшылыкка Салам, салам. Ыр майрам салтанатка Баарына, бар тарапка Салам, салам. Атына жалынаарым Айланам туулган жерим Салам, салам. Алыста сагынаарым Атпай журт кыргыз элим Салам, салам. Белектей Теңиримен Бейиштей кыргыз жерим Салам, салам. Алакан чаап тоскон Асылым кутман элим Салам, салам. Ата журт жанга кубат Ала-Тоом алтын турат. Салам, салам. Ырыскы ынтымакка Кол берген таалай-бакка Салам, салам. Ак эмгек, бейкуттукка Ак дилдүү жакшылыкка Салам, салам. Ыр майрам салтанатка Баарына бар тарпка Салам, салам. Салам, салам. Салам, салам. Салам, салам.
  • Шибер бойлоп жалгыз келем ыр ырдай Ширин ойлор бүт денемди бек чырмай Көк шиберде сууну көрүп кош тамчы Шүүдүрүм деп күлүп койдуң шыбырай Шүүдүрүмдөр айткылачы не жашынып жүрдүңөр? Акак таштай мөлтүр тунук кош тамчы Ак сүйүүнүн боло көргүн дабасы Сырымды мен силерге айтып турайын Шыбыраган сөзүңөрдү угайын Шүүдүрүмдөр шыбыраган сөзүңөрдү угайын Учасыңар бууга айланып асманга Кайра эртелеп таң эртеге келгиле Өзүңөрдөй мөлтүрөгөн туптунук Акак сүйүү ала келип бергиле Шүүдүрүмдөр аппак сүйүү ала келип бергиле
  • Кыраңдагы гүл сымал, Кылактайсың, Айзат кыз. Тоодон аккан мөпмөлтүр, Булактайсың, Айзат кыз. Каректериң карагат, Балбылдайсың, Айзат кыз. Кызыл калтар кундуздай, Жалжылдайсың, Айзат кыз. Кайырма: Айзат кыз, Айзат кыз, Жалжылдайсың, Айзат кыз. Каректериң мөлтүрөп, Балбылдайсың, Айзат кыз. Ысык-Көлгө ак куулар, качан конот, Айзат кыз? Экөөбүздө жолугуу качан болот, Айзат кыз? Эми качан окууңду аяктайсың, Айзат кыз? Качан сүйүү дептерин барактайсың, Айзат кыз? Айдай сулуу, Айзат кыз, Күндөй сулуу, Айзат кыз. Асылымсың, Айзат кыз, Ашыгымсың, Айзат кыз. Ат арытып алыстан сага келем, Айзат кыз, Ак сүйүүнүн гүлдөрүн терип берем, Айзат кыз. Махабаттын дастанын угасыңбы, Айзат кыз? Ак кебездей колуңду сунасыңбы, Айзат кыз? Айзат кыз, Айзат кыз. Кайырма:
  • Негедир бардыгын жеңсем да, Эмнеге эңсөөмдү жеңбеймин? Мелтиреп, үн-сөзсүз, муңайым, Мен сенсиз какшыган чөлдөймүн. Өзүңдү эч кимге бербеймин, Өмүрдө болбостур арманым. Эңсетип кабылган бактым сен, Эркетай, асылым, ардагым. Кайырма: Бактыма нур чачкан жарыгым, Башканы мынча не көрбөймүн? Мейли ким, кандай деп айтса да, Мен сени эч кимге бербеймин. Жаралып кайрадан өмүргө, Жашоого экинчи келбеймин. Андыктан дүйнөдө, асылым, Мен сени эч кимге бербеймин. Негедир бардыгын жеңсем да, Сүйүүнү эмнеге жеңбеймин? Сезимим делбиреп, табышмак, Сен деймин, сен деймин, сен деймин. Карындаш, кара көз жалжалым, Капилет карегим арбадың. Көргөндөй болдуңбу сен дагы, Көзүмдө сүйүүнүн жанганын. Кайырма: Негедир бардыгын жеңсем да, Тагдырды мен эмне жеңбеймин? Ал тагдыр сен болдуң жолугуп, Артка эми кайт десең, көнбөймүн. Мага да Теңирим буюрган, Махабат конушун жердеймин. Мээлеген мергенчи турса да, Мен сени эч кимге бербеймин. Кайырма: