Казахские песни Узбекские песни

Азербайджанские песни в машину.
Страница 20

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

В машину

Азербайджанская музыка в машину
  • Жаныңда турамын сөзүмдү айта албай, Жалгандарды курамын сени мен аяй. Жалгыздык аралында калсам мейли мен, Көзүмдөн аккан жаштын себебин билем. Жараланган куштай, Жалгызмын мен учпай, Жан дүйнөм ыйлап турат кетсең сен узай. Кайырма: Өзүңдү кармабайын мен, Бактыңды байлабайын мен, Өткөнгө кайрылбастан уча бер… Жылмаям, жашыбаймын мен, Жакшынын баары сен элең, Жайнаган жүзүң кетпейт эсимден. Акылдан адашкандай издейм жолумду, Аргасыз сен башкага бердиң колуңду. Ойлорум туңгуюкка камады мени, Алыстап бизден кетти арзуу кемеси. Жараланган куштай, Жалгызмын мен учпай, Жан дүйнөм ыйлап турат кетсең сен узай. Кайырма: Өзүңдү кармабайын мен, Бактыңды байлабайын мен, Өткөнгө кайрылбастан уча бер… Жылмаям, жашыбаймын мен, Жакшынын баары сен элең, Жайнаган жүзүң кетпейт эсимден.
  • Ээлечи, жүрөктү жалгыз өзүң, Экөөбүз, бололу бирге түбөлүк. Жашоонун даамын бирге, татып күндө жаным, Бүт өмүр, бирге болуп, жашайлычы дайым. Кайырма: Тагдырдын татаал жолун, басып өтүп экөөбүз, Түбөлүк кол кармашып болуп бирге жүрөлү Эркеси жүрөктүн болуп өзүң, Жүрөлү күндөрдү бирге өткөрүп. Турмуштун жолу татаал билем аны жаным, Экөөбүз жеңип бирге, жашайлычы дайым.
  • Ээлечи, жүрөктү жалгыз өзүң, Экөөбүз, бололу бирге түбөлүк. Жашоонун даамын бирге, татып күндө жаным, Бүт өмүр, бирге болуп, жашайлычы дайым. Кайырма: Тагдырдын татаал жолун, басып өтүп экөөбүз, Түбөлүк кол кармашып болуп бирге жүрөлү Эркеси жүрөктүн болуп өзүң, Жүрөлү күндөрдү бирге өткөрүп. Турмуштун жолу татаал билем аны жаным, Экөөбүз жеңип бирге жашайлычы дайым.
  • Көрүп калып, сулуу сени капыстан, Күндөн-күнгө ашык болуп баратам. Күлмүңдөгөн, сенин кара көздөрүң, Көп жигитти ашык кылып караткан. Кайырма: Ашыгым сенсин менин жарык айдайым, Назданып неге мени мынча карайсын Суйуумду жалгыз гана сага арнасам, Билмексен болуп, неге турасың. Күндө сага, сүйүү ырын жазамын, Күйүт каптап, азабыңды тартамын. Көрүшсөк деп, жок дегенде бир жолу, Кезүүгүнү күндө жаным самаймын.
  • Акырын шилтеп кадамды, Бакытка бөлөп ааламды. Эркелеп мага чуркашса, Унутам баардык капамды. Балдарым менин байлыгым, Бакытыма тийген жарыгым. Чоңоё берсин, аман соо, Колдосун дайым, Кудайым. Кайырма: Асыл данегим, көңүл эрмегим Секет болоюн, балдарым Өмүр белегим, үмүт, тилегим Силер үчүн, жашаймын. Медерим болчу балдарым, Мекенге тийсин жардамың. Атанын уулу дегизген, Ардактуу атка жарагың. Эр жигит болуп чоңоюп, Керектүү ишке жарагың. Акталса эгер үмүтүм, Болбостур, менин арманым.
  • Апамдын жумшак ак колу, Алдейлеп уктаткан көп жолу. Кайрылбас күндөргө жетелеген, Апапак жоолугу. Мээримдүүм, берекем апакем, Каталык кетирсем кечирген. Дүйнөмдүн тынчтыгы үчүн, Эч качан ооруба сен. Кайырма: Апакем, алтыным, картайба, Кабатыр болуп сен кайгырба. Жашоомо жылуулук берерим, Бар болгун сен бактыма. Дайыма төрүмдө сый көрүп, Балаңа туура жол көрсөтүп. Небере-чебере жетелеп сен, Далайга жаша күлүп. Эркелеп дагы эле мен турам, Жүрөктөн чыккан ыр сунам. Алыстасам мени сагынарым, Жолумду карап улам.
  • Кусалыктан улам, Көргүм келип турам. Жан сүйгөнүм мага келчи? Сага көңүл бөлүп, Самайыңдан мен сүйүп, Ак сүйүүмдүсага арнайм. Кайырма: Ай-ааламдан сендей жанды издеп жүрүп, Жомоктон мен сени таптым. Бул жашоодо жалгыз, өзүңдү эңсеп жаным, Ак сүйүүнүн балын таттым. Аруу таңдай, тунуксуң ай, Ардагым ай. Сага атайын, барам жандап, Сүйүүм арнай. Жалгыздыктан улам, Кыйналгансып турам. Жан шеригим мага, келчи? Мага көңүл бөлүп, Ак сүйүүмдү сезип. Койсоң болду эркем менин
  • Сенин көзүң өзгөчө, окшобогон өзгөгө, Топ элдердин ичинен тартат дайым өзүнө. Тиктей калса карегиң сезимдерим серпилет, Токтоп саамга дүнүйө калуучудай сезилет. Кайырма: Жүрөктүн кылын чертип жай гана, Жүрөсүң кылыктанып наздана. Көзүнө окшобогон башканын, Көздөрүң сенин башкача. Сенин көзүң башкача, окшобогон башкага, Керемети байкалат ак сүйүүнүн тап-таза. Карагаттай көзүңдү карагандан аянам, Дүйнөдөгү сулуулук көздөрүңдөн тараган.
  • Жараткан эгем, суранам сенден, Жашасын менин досторум эсен. Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк, Досторум мага, түбөлүк керек. Кайырма: Тагдырга кейип, кайгырба досум, Кудайга шүгүр, келтиргин досум. Ата-энеңдин, батасын алып, Бактылуу болуп, жашагын досум Кайырма: Кудайым сени, колдосо экен, Жолуңду дайым, оңдосо экен. Кааларым сага, айтарым сага, Жашооңдо кайгы, болбосо экен. Кайырма: Кыйналган кезде, жардамын бергин, Достордун дайым, кадырын билгин. Жакшылык кундо, жадырап жайнап, Сыйлашып дайым жургуло деймин.
  • Өзүмчө күтөмүн күн санап, Башкага жар болом десең да. Бактылуу бологой, адашпа, Сендейди барктай алса… Кайырма: Жарыктык көрүнбөй көзүмө, Суранам үмүтүмдү үзбө Өчүрбө, жалынды өчүрбө Сүйүүмдө эмне күнөө? Эсимде, ээрчигем артыңдан, Жүзүңдү көрөм деп жылмайган. Тиктешсе башкалар суктанып, Ал көздөрдөн кызгангам. Кайырма: Жарыктык көрүнбөй көзүмө, Суранам үмүтүмдү үзбө Өчүрбө, жалынды өчүрбө Сүйүүмдө эмне күнөө? Сыртыңдан сүйдүм мен канча жыл, Айтуудан коркконмун катып сыр Билгенмин башкага кетериң, Катылган арзуум менин.
  • Садагам менин сагындырган эркем, Сендей жашабайт, жок ааламда. Күндө мага жүрөсүң эркелеп Калтырбаймын бил, сени арманга. Күндөрүм өтөт сүйүүм күчөйт, Бакыт берген кереметим. Жылдар да өтөт жашоом гүлдөйт, Буйруганым менин. Кайырма: Асылзатым, сен махабатым Алоолонгон сүйүүмдүн ээси жаным. Аруузатым, тапкан менин бактым, Жүрөгүмдө өзүң жашайсың ашыгым. Таңдагы нур өзгөчө керемет, Өзүң болсоң жандап жанымда. Кыялдарга жетели эртелеп Сүйүүбүздү айтып ааламга. Күндөрүм өтөт, сүйүүм күчөйт, Бакыт берген кереметим. Жылдар да өтөт, жашоом гүлдөйт, Буйруганым менин.