Казахские песни Узбекские песни

Песни про любовь на азербайджанском языке.
Страница 7

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Любовь

Любовь — это самое сильное, прекрасное чувство в мире, и прожить его надо наслаждаясь им.
  • Сүйүү бул аманат Сүйгөн учат сабалап Деңиздей терең ой Дем-куч берет сага бат Ашыктык курчаса Аруу сезим жаралат, жаралат. Кайырма: Жарыгы өмүрдүн Жарашыгы көңүлдүн Жашасын махабат. Ансайын тамшанткан Адамзатты жашарткан Жашасын махабат. Ооо-оу, ооо-ооу! Сүйүүң эмне таттуубу Сүйүп калуу жакшыбы Сыйкырлап жүрөктү Сөз айталбай аптыгуу Каректен сырдашып Кандай бакыт жактыруу Кайырма: Жарыгы өмүрдүн Жарашыгы көңүлдүн Жашасын махабат. Ансайын тамшанткан Адамзатты жашарткан Жашасын махабат. Ооо-оу, ооо-ооу! Адамзатты тамшанткан Гүлдөсүн бул махабат Аруу сезим жараткан Жашасын бул махабат Кайырма: Жарыгы өмүрдүн Жарашыгы көңүлдүн Жашасын махабат. Ансайын тамшанткан Адамзатты жашарткан Жашасын махабат. Ооо-оу, ооо-ооу!
  • Кайта, кайта обон ырым сага коштолгон, Ой-сезим толкуп от болгон. Көңүлдү түздөп жүрүп, өмүрдөгү күнүм издеп жүрүп, Жарыгыңа келип токтолгон. Кубанычым куштай сабалап, Кут жылдызды аралап. Жаралган бир аз күндүк өмүрдө Жаныңа жаным аманат. Кайырма: Дүйнө жашарат, Бар үчүн махабат, Карачы бактыма калдым батпай. Ушул тагдырыма, Ырахмат баарына, Ырыскы буйруган жалгыздатпай. Мага, мага алып бербе айды, ардагым, Асылын сөздүн арнагын. Узаба күн алыска, оюңдамын кайгы-кубанычта, Жолуңдамын кайда барбагын. Жүрөктөгү сырлар айтылат, Күбө болуп ай турат, Жакшылыкты тиленип ушунча, Жашоого кумар артылат. Кайырма: Дүйнө жашарат, Бар үчүн махабат, Карачы бактыма калдым батпай. Ушул тагдырыма, Ырахмат баарына, Ырыскы буйруган жалгыздатпай.
  • Жаз убак келип, жымыңдайт күн да, Бүчүрлөр байлап, жашыл төр бакта. Сени сагынып жүрөмүн мен да, Жолго тагылып, саймалап жазда. Кайырма: Сагынычта күндөр узарат, Элесиң турат, күлө бир карап. Кусалык тарайт, Жүрөгүмдү улам сыздатты, Жаным ырбатып, күндөр сагынтып. Суктанып эстеп турчу бир арман, Өткөндү эңсеп ойлонуп калам. Көңүл тазарып, умтулуп барам, Жазым ажайып, ал да бир арман. Кайырма: Биз жүргөн күндөр келет эсиме, Сен берген гүлдөр ар кыл наз эле. Өзүңдөй адам табылбас эч да, Өткөн күн арман кайрылбас кайра. Кайырма:
  • Жаштыкка жандырып сүйүү бизди, Жалынга ороп койду. Майрамдап жолуккан күнүбүздө, Арманды жолотпойлу. Тилегиң билгизип бери кара, Илебиң сезгим келет. Дүйнөдө издеген мени гана Көздөрүң керек. Кайырма: Айды сен арнап бербе, Күндү сен кармап келбе. От сезимге толгон, таберик болгон Таза сүйүү тартуула. Өзүңдөн бир гана суранычым, Көңүлдү оорутпайлы. Көзүңдөн төгүлгөн кубанычым Калбасын болуп кайгы. Жалгыздап берилбей санаага да Жанаша жүргүм келет. Сүйөм деп кагылган мага гана Жүрөгүң керек. Кайырма: Айды сен арнап бербе, Күндү сен кармап келбе. От сезимге толгон, таберик болгон Таза сүйүү тартуула. Ай, күндү батырган асманына Махабат кымбат белек. Адашпай бактымды тапканыма Ишенгим келет. Кайырма: Айды сен арнап бербе, Күндү сен кармап келбе. От сезимге толгон, таберик болгон Таза сүйүү тартуула.
  • Келем дедиң чабалекей келгенде, Келген жоксуң кечиктиң сен эмнеге, Жүрөгүмдө кайгы жаман сыздатты, Келгин куштар кайра кайтып кеткенде Кайырма: Келем дедиң кар түшкөндө талаага, Келген жоксуң кечиктиң не садага. Кар да кетти өзөндө муз ээриди, Салып коюп муздак бир ой санаага. Келем дедиң күзбү, жазбы кайрылып, Келем дедиң ызгаар кышты жай кылып. Келем дедиң чагылгандуу нөшөрдө Чындап же мен калдымбы сенден айрылып. Жылдар келип жылдар акты бир далай, Тостум жолуң күтүүм түнү уктабай, Кетип жатып мага берген бир гүлүң, Тереземде дале турат кургабай. Кайырма: Келем дедиң күзбү, жазбы кайрылып, Келем дедиң ызгаар кышты жай кылып. Келем дедиң чагылгандуу нөшөрдө Чындап же мен калдымбы сенден айрылып.
  • Бараткан ак жолумдан түн ыраактап, Актым мен сен тарапка күнчубактап. Алдымдан чыга калсаң сунайын деп, Актым мен сен тарапка гүл кучактап. Кайырма: Сени эстеп бүгүн түнү ойго баттым, Сени эстеп бүгүн түнү ойгоо жаттым. Сени эстеп бүгүн түнү оргудум да, Кайнаган булак суудай мөлт-мөлт актым. Алмаздай курчуй бердим, бүлөнбөдүм, Тамчыдай тама бердим, түгөнбөдүм. Элесиң жылдыздардай жылт-жулт этип, Мен дагы жылдыздардай түмөндөдүм. Кайырма: Сени эстеп бүгүн түнү ойго баттым, Сени эстеп бүгүн түнү ойгоо жаттым. Сени эстеп бүгүн түнү оргудум да, Кайнаган булак суудай мөлт-мөлт актым. Таң атты. Тереземди кенен ачтым, Жел менен үйгө кирди бир тал бактым. Нур чайып жаздыгымдын бир жак четин, А мен дале ойгоо жаттым, ойгоо жаттым… Кайырма: Сени эстеп бүгүн түнү ойго баттым, Сени эстеп бүгүн түнү ойгоо жаттым. Сени эстеп бүгүн түнү оргудум да, Кайнаган булак суудай мөлт-мөлт актым.
  • Кайырма: Сагыныч сени каптаса — ал сүйүүнүн келгени, Кыялың сезим жактаса — ал сүйүүнүн келгени. Жалгыздык жаныңа жакпаса — ал сүйүүнүн келгени. Караңгы каптайт дүйнөңдү, Сүйгөнүң эгер жок болсо. Бир жолу ачкан гүл өңдүү, Соолуйсуң сүйүүң болбосо. Жайдары болот көңүлүң, Алыста бирөө ойлосо. Көркүнө келет өмүрүң, Ашыгың сени колдосо. Сезимге көңүл ток болсо, Муздаган жүрөк чок болсо. Кайырма: Сагыныч сени каптаса — ал сүйүүнүн келгени, Кыялың сезим жактаса — ал сүйүүнүн келгени. Жалгыздык жаныңа жакпаса — ал сүйүүнүн келгени. Махабат бакыт тартуулайт, Сүйүүңдү баркта кабылсаң. Жалгыздык арман таңуулайт, Сезимден эгер жаңылсаң. Жан шерик босун тумарың, Сезимге сен да багынсаң. Кайырма: Сагыныч сени каптаса — ал сүйүүнүн келгени, Кыялың сезим жактаса — ал сүйүүнүн келгени. Жалгыздык жаныңа жакпаса — ал сүйүүнүн келгени.
  • Мен сага жолугушум керек эле, Тагдырдын буйруп койгон бир жеринде. Калаанын кыйма-чийме көчөсүндө, Болбосо ашуулардын туу белинде. Кайырма: Мен сага жолугушум керек эле, Кыштабы же жаздабы, бир мезгилде. Чыгыштан супа салган ак таңда, Же болбосо, боз мунарык кеч бешимде. Мен сага жолугушум керек эле, Биз түшкөн өмүр деген бул кемеде. Болжолдуу жерибизден жолугушар, Болбосо буйтап өтүп кеттикпи же? Кайырма: Мен сага жолугушум керек эле, Тагдырдын буйруп койгон бир жеринде. Калаанын кыйма-чийме көчөсүндө, Болбосо ашуулардын туу белинде. Кайырма:
  • Жолукпай калсаң эгер, Сендейди табар белем? Жан дүйнөм толот беле? Өзүмө суроо берем. Кезикпей калсаң эгер, Бактымды табар белем? Жомогуң болбойт эле, Дегендей муздайт денем. Эң таттуу күндөр өткөн, Көл жээкте бирге болгон. Сыйкырын сезет белем, Жолукпай калган болсом? Жаркыган айлуу түндө, Таңдардын аппак аткан. Сырын ким мага ачмак, Калсаң сен жолукпастан? Ырларым сага арнаган, Кас туруп басат беле? Сырларым ичке каткан, Мен кимге айтар элем? Тагдырга ыраазымын, Өзүңө жолуктурган. Өмүргө азык болгон, Сезимге толуп турам.
  • Сансыз жылдыз жайнаганда кеч түндө, Кеттиң, издейм сырым айтпай эч кимге. Асман турат бир жылдызы кем болуп, Сенсиз мага толук эмес эч дүйнө. Кайырма: Алыстабыз, өзүм жетпей, ой күлүк, Жайкы жамгыр басылганда тыйылып. Тышка чыгып, балким, терең дем алсам, Сенин демиң калар мага угулуп. Жамгыр төгүп турган кезде көнөктөп, Жаттың экен азыр деги нени эстеп? Чыйрыкканда ойлодуңбу сен мени, Жылуу кийим алып, балким, келет деп? Кайырма: Бүркөлгөндө асман кокус тунарып, Мени ойлоорсуң санаа басып, бууланып. Күн ачылса кабагың да ачылып, Күткөндүрсүң жолукчудай кубанып. Кайырма:
  • Огнём потерянной в жизни, Когда-то догорая. Оставила мне эти сны, Себя не оставляя. У берегов большой реки, Кидая слов монетки. Сожгли последние мосты, В огонь кидая ветки. Кайырма: Знаешь, я скучаю, без тебя скучаю, Криком улетая, небо обнимаю. Даже птицы в мае все про нас не знали, Мы с тобой летали. Что же стало с нами? Под дверью розовый букет, Оставлю как однажды. Простой вопрос, простой ответ, Холодных слов, не важных. У берегов большой реки, Кидая слов монетки. Сожгли последние мосты, В огонь кидая ветки. Кайырма:
  • Күндө күтүп бакыт берген сезимди, Күтүү мага үмүт болуп сезилди. Кыялымда барсың, бирок, өзүң жок, Кусалыктар каптап турат кечимди. Жашоо бизге сынак тура бир келген, Жакшылыгы аз сыяктуу иргелген. Сынай карап, сен дилиңди ачкыча, Өмүр өтөт бир көз караш ирмемден. Кайырма: Бакыт күнүн күтүү менен жылдырба, Биздин сүйүү калат балким миң жылга. Бир болбосок, өмүр жолун карытып, Бир махабат кала берет бул ырда. Махабатка суусагансыйт жүрөгүм, Күн карытып мейли сени күтөйүн. Ачуусу да, таттуусу бар өмүрдүн, Сени менен бир өтөөрүн билемин. Кайырма:
  • Бакытка алып барчу жол алыстай, Баарына кайыл болуп,дүйнө кезели. Сабалап, ак тилекке куштай сызып жетели, Эгер сүйүү деңиз болсо, бирге кечели. Башкалар арзый албас мага сендей, Айтылса айың сөздөр, мейли түтөлү. Жадырап, телегейи теңдей сабыр күтөлү, Эгер сүйүү тозок болсо, бирге түшөлү. Сүйүүнү тараза менен ченебес, Сезим тунук бойдон турсун, төгүлбөй. Жашоонун кыйыны жолдо кеп эмес, Эгер кол кармашып жүрсөк бөлүнбөй. Калбасын дүйнө кемип, көңүл толбой, Сезимдин бийлигине жаным, көнөлү. Ашыктык жүрөгүмө конбой өмүр өнөбү? Эгер сүйүү бейиш болсо, бирге көрөлү.
  • Сүйүүңөр батпай ичке Тиктешип карашкыла Капаны катпай ичте Урушуп жарашкыла Көрүшпөй көп убакыт Сагынып арзышкыла Билгенге ушул бакыт Кат менен жазышкыла Айтылып обу жок сөз Күлкүнү катыргыла Ой айтып ортоңорго Дүйнөнү батыргыла Чыланып жаан алдында Корголоп чуркагыла Бул сүйүү силердики Башканы укпагыла Каалгасын жүрөктөрдүн Кош колдоп ачышкыла Көңүлгө имерилип Көз жашты арчышкыла Жакшы соз арнашууда Тынымсыз жарышкыла С өз күчүн жоготкондо Кучакка алышкыла Жашырбай бирда сырды бөлүшкүлө Укканда бир-бириңди Аябай көнүшкүлө Ошинтээр бирөө болсо Кубанып сүйүнгүлө Калганы келет кетет Сүйгүлө сүйүлгүлө
  • Жубайыма же койсомбу айтып чынымды, Угуп алгын эртең кеч го азыр ырымды. Акыр бир күн билинер, Канча жүрөм катып сырымды. Кайырма: Бир күн Бишкек, бир күн Ош, Жинди болуп каламбы? Колду шилтеп баарына мен Ошко кетип каламбы? Тентип кетем жетелеп, Али жашсың эркелеп. Эзип бүттүң го, Жубайымды такыр чанамбы. Биротоло Ошто каламбы? Өкүмдарым дейсиң мени, Хюрремим менин. Сен түбүмө жетесиң го, Күйдүрдүң мени, күйдүрбө мени. Атың өчкүр, сүйүү а, Аста-секин алабы кегин. Кайырма: Атың өчкүр, сүйүү а, Мына ушинтип алабы кегин Бир күн Бишкек, бир күн Ош, Жинди болуп каламбы? Колду шилтеп кайра эле мен, Чүйгө кетип каламбы? Тентип кетем жетелеп, Али жашсың эркелеп. Билип бүттүм го, Жубайымды дагы чанамбы? Кайра эле Ошко барамбы?
  • Алдадыңбы, алдандымбы, Билдирбедиң кабарыңды. Таштадыңбы, ташталдымбы, Сагындым го жамалыңды. Кайырма: Сагынам, сагынам, сагынам дагы да, Жүрөмүн, жүрөмүн, жалгыз кайгыда. Элесиң көрүүгө, көрүүгө зар болуп, жаным, Берекем, берекем, жүрчү жанымда. Таарындыңбы, таарынттымбы, Балким, өзүм жаңылдымбы. Бактым менин, кайрыл деймин, Сени сүйөм, жаным менин. Кайырма: Сагынам, сагынам, сагынам дагы да, Жүрөмүн, жүрөмүн, жалгыз кайгыда. Элесиң көрүүгө, көрүүгө зар болуп, жаным, Берекем, берекем, жүрчү жанымда.
  • Бул дүйнөгө тигилген данек экенбиз Мансап бийлик байлыка тойоор бекенбиз Айлананы карачы элдер көп жүрөт Миллиондун ичинде жалгыз экенбиз Кимдер жашайт дүйнөдө баары өзү үчүн Жашайт өзү үчүн Ата-эне карыйбы жашап бала үчүн Аябай күчүн бактысы үчүн Айткылачы балдарың жашайт ким үчүн Ал да бала үчүн Байлык бийлик баардыгы ден соолугуң да Мезгил кайда сапырды досторумду да Бүгүн күнү жашайлы эртең табышмак Жашоо турмуш агызаар бар жогуңду да Кимдер жашайт дүйнөдө баары өзү үчүн Жашайт өзү үчүн Баатыр гана жашайбы мекен эл үчүн Эл жери үчүң мекени үчүн Айткылачы калганы жашайт ким үчүн Баары өзү үчүн Айкөл гана жашайбы чындык дос үчүн Достору үчүн акырет үчүң Айткылачы досторуң жашайт ким үчүн Анык дос үчүн
  • Ассалому алейкум, Аксы жерим, аманбы? Кабыл ал саламын балаңдын. Издеп бир келдим колукту, Аксыдан сулуу жолукту, Карашы жүрөктү оорутту. Кайырма: Каштары кара, көздөрү кара, Көргөн жан суктанат. Чырайын кара, басканын кара, Буралат, буралат. Айдын кызыбы, Чолпон жылдызбы, Же бизден алыспы? Сүйүүм жетеби, колум жетеби? Саруубу, багышпы? Өңүмбү билбейм, түшүмбү, Көрбөгөм мындай сулууну. Чын эле, чын эле сүйдүмбү? Кандай бир айла кылайын, Колуңду эми сурайын, Түбөлүк болсоңчу жубайым. Кайырма:
  • Жай да өттү салкын тарткан күз эле, Биз жолуктук тагдыр насип туз беле. Купулума толуп турдуң сукайып, Издегеним мына ушул кыз эле. Ии-ий, карагаттай көздөрү , Тамшандырат создөрү. Ашык болдум сага аппагым. Сен айтпадың мага, Мен да айтпадым сага, Болбосунчу сүйүү арманы. Күнү түнү ойлойм Сен жөнүндө ойлойм Унута албай койдум ардагым. Жашың өттү эми турмуш кеч дебе, Буюрганын көрөбүз да бешене Жолукканча куса болуп баратам. Ойлогонум ошол болуп кечке эле. Ии-ий, карагаттай көздөрү , Тамшандырат создөрү. Ашык болдум сага аппагым. Сен айтпадың мага, Мен да айтпадым сага, Болбосунчу сүйүү арманы. Күнү түнү ойлой Сен жөнүндө ойлой Унута албай койдум ардагым.
  • Оо менин Чолпонум Күтөм сени дайыма Түбөлүктүү ыр болуп Жүрөктө эле калдың да Кайырма: Оо менин Чолпонум Бир өзүңдү сүйгөнмүн Сүйүп жүрүп жете албай Не кылайын сүйгөнүм Кечиндеси келчи элем Терезеңди чертчи элем Жаным мени көргөндө Күлүп жайнап чыкчу элең Таанышкан күн эсиңдеби Алма бакта бир жүрүп Көргөндө эле арбалыпмын Көздөрүңдү мен сүйүп
  • Бак тиктик, дарактар да куурап калды, Тамыры сууга жетпей кургап калды. Үйрүлүп мээримиңди төксөң дагы, Көңүлүм жакшы сөзгө суусап калды. Кайырма: Мен сенден кетейинчи, кетейинчи, Жаныңда өзүмдү-өзүм жебейинчи. Бактымды бир өзүңө байлаганча, Кыдырып дербиш болуп кетейинчи. Мен сенден кетким келди, кетейинчи, Баарын ал, каалаганың берейинчи. Бүт өмүр бир өзүңө байланганча, Кыдырып дүйнө кезип кетейинчи. Көңүлгө бир муздактык уюп алды, Сезимдер өз-өзүнчө тунуп алды. Койнуңа чакырбачы, эркелетпе, Жан дүйнөм сенден качып туруп алды. Кайырма: Сөздөрүң мурдагыдай жакпай калды, Бүркөлүп ар бир күнүм муңга айланды. Тумчугам кучагыңда түндөр узун, Өчөшүп таңдар дагы атпай калды. Кайырма:
  • Исфана, Исфана, Араладым, издегеним сен гана, Кара көзүм, жолугамбы мен сага? Жолугуп, жолугуп, Жалгыз эмес, жеңең келди кошулуп, А сен болсо сүйлөбөйсүң созулуп. Кайырма: Не кыласың Лейлекте? Алып кетем Бишкекке! Жүгөрүнү “мака” дейт, Байке дебей “ава” дейт. Сөздөрүңө байланам да, карындашым, вай-ваай. Сиз да мага жагас дейт, Окуйсузбу намаз дейт. Ананайын, ананайын, ананайын, ай-ай-ай. Кой, жеңе! Кой, жеңе, Кудалаштык, жакында сен той дебе, Кайын сиңдиң шаштырбачы, бол дебе. Буулугуп, буулугуп, Коштошо албай колуң турду сунулуп, Көз жашыңды көрсөтпөдүң бурулуп. Кайырма: Ыйманыңа береке, Алып кетем Бишкекке! Жүгөрүнү “мака” дейт, Байке дебей “ава” дейт. Сөздөрүңө байланам да, карындашым, вай-ваай. Сиз да мага жагас дейт, Окуйсузбу намаз дейт. Ананайын, ананайын, ананайын, ай-ай-ай.
  • Билем жаным, таарынасың мага дайым, Айтпасаң да, көздөрүңдөн туям баарын. Билген жоксуң жүрөгүмдүн эзилгенин, Жалгыз сага жан дүйнөмдүн ийилгенин. Мейли кеттиң, коштошбодуң, кош дебедиң, Түшүнбөймүн, тарынычың не себебин. Сезген жоксуң жүрөгүмдүн оорууганын, Сезимдердин тоо гүлүндөй соолуганын. Төгөт жамгыр, коштошуунун көз жашыдыр, Кеч болсо да, калыстыгын кылар тагдыр. Билген жоксуң жүрөгүмдүн эзилгенин, Аста басып, кете бердиң, кете бердиң.
  • Бүгүн кечке барам жолугалы Жок жок жок жок кереги жок Сыр чечишип түнү олтуралык Ийгиликтин эртеңи жок Неге бардың ага жолукпачы Жок жок жок жок барганым жок Жүрөгүмдү эзип оорутпачы Ишен жаным башка ардагым жок Кайырма: Кызганасың кызганамын Таарынасың таарынамын Эми сага эми мага Не кыламын не кыламын Барайынбы гүлүмдү колума алып Жок жок жок жок кереги жок Сагындым го жаным жолугалы Кыздарың көп эсеби жок Мен ишенип сага сүйүп жүрөм Жок жок жок жок алдабачы Узатып сени күтүп жүрөм Менден башка жигит карабачы
  • Жүрөктө мууң Көөдөн толо кусалык Арылбай койдук санаадан Сага жол калган өңдүү тушалып Канткенде калам сагынбай Арман жок эле го Дидарыңа бир тойсом Кайдан келдиң дүйнөмө Чыкпас болуп катылып Сенсиз жашайм күндөрдө Сагынып сагынып сагынып Терезеде гүлүң соолуду Сагынып сагынып Жашоо бизге окутпайт тура А жөн гана көрсөтөт тура Ар бир мүнөт аманат тура Акысы суралат тура Сенсиз күндөр кылымга тете Сагынып сагынып Мен чарчадым а үмүт койбойт Сагынып сагынып
  • Күтүү менин күдөрүмдү эзилткен Күнүң чыгат күлкүң чыкса эшиктен Түгөй болбой түбүндөмүн санаанын Жан дүйнөмдүн күкүмүнөн кечиксем Кайырма: Жаным эркем сага багынам О жаным Эрте келчи сагынам Сагынам о жаным Салба мени санаага Мен ошого таарынам Мен ошентип сагынам О махабат канатыңда алып уч Кандай сонун кубатыңа багыныч Ашыгымды кечке дейре көрбөсөм Ашып кетет жүрөгүмдөн сагыныч
  • Билет элең жүрөк туйласа, Кымыздыктай болуп куураарым. Байкамаксан болосуң неге? Карап койчу сенден сураарым. Сөзгө сөздү араң уладым, Оо, Жами… Сага арнап төрт сап курадым, Ой, Жами… Угуп койчу махабат ырды, Сен үчүн деп ырдап турамын. Кайырма: Даңгыр жолдо араба айдап, оо, Жами, Жүрөк козгоп ырдап берейин, оо, Жами. Саманчынын жолун көрсөтүп, оо, Жами, Даниярың болоюн сенин, Болоюн сенин… Билемин мен уулуңду дагы, Колуңдагы шакегиң барын. Байкамаксан болосуң неге? Карап койчу мага бир, жаным. Эбептен мен себеп табамын, Бир күнү үйүңө мен кирип барамын. Ой, Жами… Жүрөктөгү болгон сырымды, Көздү жумуп айтып саламын.
  • Көп элес өчпөстөн эсте баары, Көңүлдүн калса да бөксө жагы. Мен сени сагынган бойдон жүрөм, Мезгилдер карматпай өтсө дагы. Жүрөктүн буйругу башкачабы, Жүрсө да тагдырдын канча тагы. Мен сени сагынган бойдон жүрөм, Жашынып жаштыгым калса дагы. Өлчөмдүү бул өмүр тура кыска, Өткөнгө өкүнүч кылабыз да. Мен сени сагынган бойдон жүрөм, Баладай багынбай убакытка. Жыргатпай бул турмуш сонунуна, Жылдарды койсо да орунуна. Мен сени сагынган бойдон жүрөм, Тумардай тагынып моюнума.